Пайдалуу кеңештер

Жүзгө чыгуунун жети жолу же
узак жашоонун сырларынан
Американын белгилүү кардиологу Клайд Янси ар бир адам узак жашоого 90 пайыз мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Анын айтымында төмөндөгү жети принципти кармаанса эле жаш узарат.


1. Күн сайын дене тарбиянын көнүгүүлөрүн жасап, спортко кичине да болсо аралашыш керек. Кыймыл-аракеттин жоктугу адамдын 4-5 жыл өмүрүн кыскартат экен. Кыймылдабаган адамдардын көбү жүрөгү оорулуу болот да, аларда инсульт көп катталат.

2. Организмдеги холестериндин деңгээлин билип туруш керек. Эгер холестерин көбөйүп кетсе, артерияда майлар чогулуп, жүрөктүн иштешин, кан айланууну начарлатат. Дем кыстыгат дагы жүрөк оору күчөйт.

3. Жашоону узартууда тамак-аш да алдыңкы орунда турат. Тамакты маал-маалы менен жеп, көбүнчө жашылча-жемиштерге басым жасасаңыз, узак жашайсыз. Анткени, жашылча-жемиштерде зыяндуу эч нерсе жок. Ал эми этти көп колдонгондор тез картайып, беттерге тез бырыш түшөөрүн да баса белгилеген.

4. Кан басымды бат-баттан текшерип турушуңуз керек. Америкалык доктор Клайд Янсинин айтуусунда кан басым жогорулап кетсе, адам бир күнү болбосо бир күнү мерт кетиши мүмкүн.

5. Бешинчиси салмактан болот. Ашепке салмак басканда жумуш кылганда гана жүдөтпөстөн, жашоону узартууда да чоң кедергисин тийгизет. Семирүү жашоону 4 жылга кыскартат. Ошондуктан, иштөөгө ыңгайлуу гана салмакта жүрүңүз.

6. Кант диабети да узак жашоого тоскоол болот. Анткени диабет кан басымдын көтөрүлүшүнө себеп болуп, жүрөк, кан тамыр ооруларын чакырат.

7. Тамекини ташташ керек. Тамекинин айынан жыл сайын миңден ашык адам бул дүйнө менен кош айтышат. Адам тамекини таштаары менен жүрөк оорулардын курчушу азаят.
Клайд Янси жашоону узартууда өлкөнүн экономикасы да көтөрүлөт дейт. Себеби, жүрөк кан тамыр ооруларын операция кылууда дүйнө жүзү боюнча канчалаган миллиард долларлар кетип жатат. Ал эми мындай жөнөкөй кеңешти алып, ушул кеңеш боюнча ден соолукту каранышса өлкөгө да, адамдардын өзүнө да жакшы, - дейт Клайд Янси.