п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-195-01 Табышмактын жообу: Атасы. 0773743ххх
ОП-195-02. Сүйдүм сени сүйгөнүмдү билбедиң, Азап тартып сени ойлоп кыйналганымды сезбедиң. Бирок, мага табышмаксың, жаным, Кимди ойлоп, кимди сүйгөнүңдү билбедим! Бакжанат, Токтогул
ОП-195-03. Өзүңсүз көңүл жок, ашказан ачка, ток. Жүрөгүм жалын, от, Оюмда сага деген сезим көп! Бакжанат
ОП-195-04. Мага Иран жылдызы Араш тууралуу маалымат берип койуңуздарчы?! Айсулуу
"Обондон" жооп: Толук аты-жөнү-Араш Лабаф. Туулган жылы-1977-жылы. Туулган күнү-23-апрель. Туулган жери- Иран. Кесиби-ырчы, актёр
ОП-195-05. Нурлан, мен сени сүйөм! Бирок, сен мени теңсинбейсиң! Бекжанат
ОП-195-06. Мамат байке, капалаңбаңызчы! Сизсиз кандай жашайм? Жашоомдун мазмуну сиз элеңиз… 0770155ххх
ОП-195-07. Менин сүйүктүү адамым Нурсултанга салам жолдойм. Ишенсең, сага чындап ашык болуп калдым. Мен сенсиз жашай албашымды түшүндүм. Сырдуу кыз
ОП-195-08. Назик гүлдөй болсун сиздин өмүрүңүз, Жаркыраган жылдыз болсун жүзүңүз. Бул жашоодо жашаңыз эч карыбай, Көңүлүңүз ачык болсун күлүп-жайнап. Бишкек шаарында жашап жаткан апам Саламатка арналат. Сизди ар дайым сыйлаган кыздарыңыз. Мунара жана Динара
ОП-195-09. Сүйүктүү жаным Боки, кызым Жамийла, мен силерди түбөлүк сүйөм! Менин жанымда дайым бар болгула! Силер бар бактылуумун! 0773002ххх
ОП-195-10. Нурлан Насипке: Кол жеткис менин сүйгөнүм, Сени мен көрсөм сүрдөймүн. Жаныңа мен бара албай, Үшкүрүп гана жүрөмүн. Айнура, Ош
ОП-195-11. Адамга өзү жакшылык жок. Бар болсо да жоктон башканы айтпайбыз. Негизи ынтамак биримдик керек! 0779941565
ОП-195-12. Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жашап жаткан эжем Элгизага, жездем Эсенбекке жана ошондой эле сиңдим Фатимага салам жолдойм! Бар болуңуздар, бай болуңуздар! Эллада 95
ОП-195-13. Алыс жакка узап кеттиң бара албаймын, Бир өзүңдү сүйсөм дагы сенсиз калдым! Армандуу махабатым неге мынча, Бир өзүмдү ыйлатып сыздатасың! Элдияр 92
ОП-195-14. Салам! Гүлнур Сатылганова сизди сүйөм! Сиз менен качан бирге болобуз. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен! Жусупбек, "Ата-Журт" партия. Бишкек жана Шымкент
ОП-195-15. Нурлан Насипке: Айтылбаган ниет арзууларын издейт, Күнү-түнү ойлоп кыялдарда жүрөт. Билинбестен күндө кусалыгым байкалып жүрөт. Ал менин гана жүрөгүм, сени гана сүйөмүн! Айнура, Ош
ОП-195-16. Нурлан Насипке: Көз алдымда тартылып элесиң, Кыялымда сени издеп келемин. Сагынамын сени дайым өзүмчө, Башкалардан кызганамын дагы да. Айнура, Ош
ОП-195-17. Нурлан Насипке: Дарегиңди айтып жаным калбадың, Үмүтүмдү соолдуруп же айтпадың. Болду токтот, махабатты унут деп! Мени кагып урушуп сен салбадың! Айнура, Ош
ОП-195-18. Салам, Анжелика! Сенин ырларың мага абдан жагат. Сени менен басканда серпилемин асманга. Анжелика, сагындым! Жаным, дагы жолугалы! Жусупбек, "Ата-Журт" партия. Бишкек жана Шымкент
ОП-195-19. Нурлан Насипке: Үзүлбөгөн үмүт менен сагынам, Кыялдардай сени күтүп сагынам. Үмүтүмдү сондуруп же айтпайсың, Сен сүйгөн жүрөгүмдү кыйнабай. Айнура, Ош
ОП-195-20. Нурлан Насипке: Караңгы түн, кайгылуу күн кайра-кайра ырдаган, Ырдаганда кайра мени азаптарга тушаган. Айнура, Ош
ОП-195-21. Нурлан Насипке: Ай күнүм болуп жашадың бүгүн, Арзуудан издеп чарчаймын түнүм, Жылдызсың жанып жашаган дайым, Арнаймын сага бүт ырды бүгүн. Айнура, Ош
ОП-195-22. Токтогулдун кулуну Нурлан Насипке: Сага мурас, ата конуш көктөм жер! Токтогулдун өмүрү өткөн, өктөм жер! Мурас болуп сага калды, ырдагын, Түбөлүккө унутпагын, аны дагы сыйлагын! Айнура, Ош
ОП-195-23. Салам, "Обон"! Мага белгилүү атасынын кызы Айпери Кубик кызы тууралуу маалымат бергилечи! Перизат
"Обондон" жооп: Аты-жөнү- Кубик кызы Айпери. Жашоодогу урааны- "Таш атканга аш ат". Жакшы көрүп жеген тамагы- куурдак. Ыйык туткан адамы- ата-энеси. Жылдыз белгиси- арстан. Сүйүнгөнү-элибиздин тынчтыгы. Ишенгени-кудай. Тилегени-ден-соолук
ОП-195-24. Салам, "Обонушка"! Мага Бек Исраилов жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы! Бек, мен сени аябай жакшы көрөмүн. Алдын ала рахмат! 0555087ххх
"Обондон" жооп: Жашоодогу чыныгы аты-Жолдошбек уулу Бек. Бирок, Украинага кетээрдин астында Бек Исраилов кылып өзгөртүүгө туура келген. Кереметтүү Ысык-Көл жеринде жарык дүйнөгө келген. М. Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайында 3-курсунда билим алат. Азырынчы кыздар менен сүйлөшкөнгө убактысы жок.
ОП-195-25. Салам, "Обонушка"! Базар-Коргон районуна караштуу Үч-Булак айылына чоң салам! Досторум Динара, Нурпери, Алтынай мен силерди түбөлүк жакшы көрөм, достор! Апам Динавар, атам Советбек, инилерим Мунарбек, Курманбек, эжем Айпериге чоң салам! 0773640ххх
ОП-195-26. М. Базаркулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучуларына ийгилик! Баарыңарга ден-соолук жана ынтымак каалайм! Гүлбарчын
ОП-195-27. Салам, "Обон"! Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалаймын! Бар болуңуздар! Дагы да алга! Сиздерди сүйүп окуган. Бакиана
ОП-195-28. Менин сүйүктүү досум Бермет, эч качан ооруба! Ден-соолукта бол! Ата-энең, бир туугандарыңдын маңдайында күлүп, жайнап жүрө бер! Гүлбарчын
ОП-195-29. Телефондун дартына даба сиздерден болсун! Ыраазычылык менден болсун! Нуричка
ОП-195-30. Салам, "Обонтай"! Мен сиздерге жаңыдан кошулдум! Сиздерге ийгилик! Нуричка
ОП-195-31. Абдыжапаров Эрматов атындагы мектептин жалпы мугалимдеринин иштерине ийгиликтерди каалайм! Математика сабагынан берген Кабылбеков Токторбай агай, ишиңизге ийгилик! Ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Адина 97. 8-"Г" класс
ОП-195-32. Кенжетаев Кымбатбек Касымбековичтин наамындагы айдоочулук күбөлүк жоголду. Сүйүнчүсү бар! 0778788ххх
ОП-195-33. Ойлосом ойлорумду бөлүп жарган, Сиз белеңиз көңүлүмө жагып калган? Уктабай түнү бою ойго жатам, Сиз белеңиз уйкумду ала качкан? Бастырып кирип барып капысынан, Сиз белеңиз жүрөгүмдү ээлеп алган? Сездирбей найза сайып жүрөгүмө, Сиз белеңиз жаш жүрөктү жаралаган? Гүлбарчын
ОП-195-34. Жигиттер көп кыздарды сүйө берет, Бирин таштап экинчиге өтө берет. Бирөө менен турганыңды көрүп калса, Капаланбай, "запас" кызга кете берет. Адина 97
ОП-195-35. Менин саламым эң жакын курбум Жылдызга жолдонот. Сен аябай кыйын жана таланттуу кызсың. Дайыма бийиктиктерди багынтып жүрө бер! Айкөкүл
ОП-195-36. Жараланды жалгыз менин жүрөгүм, Бул жашоодо сенсиз күндөр өтөбү? Канат байлап учуп чыгып асманга, Сагынганда баргым келет жаныңа. Адина 97
ОП-195-37. Алтыным кимге айтам арманымды, Жүрөктү сен жаралап алганыңды, Жөн гана мамиледе болуп жүрүп, Билбептирмин сени сүйүп калганымды. Адина 97
ОП-195-38. Көргүм келет бир өзүңдү сагынам, Көрүнбөгөн элесиңе зарыгам. Түнү бою уктабаймын сени ойлоп, Айтчы жаным, качан сага жолугам. Адина 97
ОП-195-39. Салам, "Обоняя"! Мага Бегуш деген ырчы жөнүндө толук маалымат берип коюңуздарчы! 0773754ххх
ОП-195-40. Жакты мага сүйлөгөнүң күлгөнүң, Жакты мага бир калыпта жүргөнүң. Сүйүп калдым аз убакыт ичинде, Кечирип кой, катуу тийсе бул сөзүм! Адина 97
ОП-195-41. Аксы районунун Кош-Дөбө айылында жашап жаткан таятам Авас, тайенем Сакенге чоң салам! Адина 97
ОП-195-42. Аксыдагы Жерге-Тал айылындагы Эрматов мектебинин 8-"Г" классына жана мектептин жалпы эле окуучуларынын окууларына ийгилик каалайм! 0773754ххх
ОП-195-43. Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылына салам! Айлазат 95
ОП-195-44. Жаралыпсың сүйүүгө сараң болуп, Дарылачы жүрөктү дабам болуп. Сени сүйүп катуу ооруп калган кезим, Карап турчу жанымда караан болуп! Адина 97
ОП-195-45. Салам, Айко! Окуулар сонунбу? Менде баары сонун! Мен сени сүйөм! Р…т
ОП-195-46. Табышмактын жообу: Атасы айткан болот. Айпери
ОП-195-47. Жалал-Абаддын мед. колледжин 2010-жылы аяктаган 46АД группалаштарымды издейм. Байланышалы кыздар, келгиле! 0773616ххх
ОП-195-48. Кусадан ыйлап күндө, Күн өтөт бул өмүрдө. Кечигип калган бактым, Келбедиң бир өзүмө! Бема
ОП-195-49. Менин сүйүктүү гезитим "Обонтай"! Мага Корей тобу "Dream Hicgh" жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы! Өтүнүч! Айдана
ОП-195-50. Марипа, унута албайм өзүңдү, сүйүүнүн унутулгус күндөрүн. Сүйөөрүмдү сага мен айта албадым. Жалынып күйүп жаткан сүйүү отун. 0778735ххх
ОП-195-51. Баткендин Кара-Булак айылындагы апама, авама, сиңдим Нургизага, жездем Жеңиш, эжем Нуржамалга чоң салам! Айкөкүл
ОП-195-52. Эмнегедир башка жердин шамалына окшобойт, Сенин сырдуу шамалың! Башканын кооздугу жамалына окшобойт, Сенин сулуу жамалың. Айкөкүл
ОП-195-53. Атасы айтып жатат. 0555932ххх
ОП-195-54. Сени сагынамын сыздаймын, Айлам куруп калды беле, арманым. Арманым түгөнбөйт канча жазсам, Жүрөк боорум эзилди бул азаптан! Башкаларды сүйө албадым дилим менен, Унутпайм өмүр өтсө да, Марипа, сени дейм! 0778735ххх
ОП-195-55. Нурлан Насип, сизге чексиз бакыт каалайм! Ишиңизге ийгиилк! 0773840ххх
ОП-195-56. Алыстык арабызды бөлүп турат, Жүрөгүм сен деп гана согуп турат. Түндөсү айды карайм, жылдыз санайм. Анткени алар сени көрүп турат! Гүлшат
ОП-195-57. Ниет кыл жаман болбосун, Арзуу кыл арман болбосун! Ар бир күндү максат менен өткөргүн, Аллахым сени колдосун! 0773840ххх
ОП-195-58. Булбул конот бутакка, Ишенбе жаным ушакка Экөөбүздү ушак кылгандар, Сайылып өлсүн бычакка. Сиңдим Булбулга арналат
ОП-195-59. 2 эшек, 2 уй, 2 төө. 0773775ххх
ОП-195-60. Салам, "Обон"! Алтынай биз сени сагындык! Эмне бизди унутуп койдуңбу? Классташың Тунук
ОП-195-61. Салам, "Обон"! Менин саламымды апама, эжеме, иниме жана сиңдиме арнаймын. Бардыгы бактылуу болушсун жана жалпы Кыргызстанга чоң салам! Кара-Кулдан Мека
ОП-195-62. Салам, "Обон"! Менин саламым Токмокто иштеп жаткан атам Өмүралы жана апам Чолпонго жолдонмокчу. Сиздерге чын ден-соолук, бакубат жашоо каалайбыз! Биз сиздерди жакшы көрөбүз! Ат-Башыдан кыздары Сезим, Нургүл, Азима
ОП-195-63. Нурлан Насипке: Сүрөтүңүздү көргөн сайын, Жүрөгүм сыздап согот дайым. Сиз кыздардын сулуулугуна карап жактырат экенсиз. Бирок мен сулуу эмесмин! Сулуулук бетте эмес, жүрөктө болуш керек! Туурабы? 0773820ххх
ОП-195-64. Демек, сиз аларды саткан эмессиз? 0777531ххх
ОП-195-65. Салам, "Обонушка"! Алга айылындагы Максим Горький орто мектебинин 11-"Б" классынын окуучуларына чоң салам! 95тер барсыңарбы?! Досуңар Настинка
ОП-195-66. Таланттуу ырчы Арсендин туулган жылы тууралуу так маалымат берип койгулачы, сиздерден чоң сураныч! Гүлмира
"Обондон" жооп: Аты-жөнү-Арсен. Туулган жылы-1988-жыл, 3-сентябрь. Туулган жери- Талас. Урааны-баардыгы убактылуу. Жактырган сөзү-албетте. Сүйүнгөнү-жакын адамдарынын амандыгы. Күйүнгөнү-өлкөбүздүн азыркы абалы.
ОП-195-67. 2 төө, 2 жылкы, 2 эшек, 2 уй саткан болосуң. 0778005ххх
ОП-195-68. Салам, "Обонушка"! Ош облусунун кыргыз чектеги 9500 компаниясына чоң салам! Ар дайым алдыга чыккыла! Бообек
ОП-195-69. Айдайка, жан, эч көңүлүңдү түшүрбөчү. Баары жакшы болот. Нурия
ОП-195-70. Салам, "Обон"! Мен Шымкент шаарындагы ата-энеме жана бир туугандарыма салам жолдойм! Ар дайым күлүп-жайнап жүрө бергиле! +77751047ххх
ОП-195-71. Кызыл гүл ачылбасын, Ачылса жабылбасын. Бул дүйнөдө сүйүшкөндөр, Сүйгөнүнөн айрылбасын! Жаштардын келечегин ойлоп, Чын жүрөктөн чыкты ушул сөздөр! Кыргызстандын келечеги сен болосуң! Кара-Кулдан Мека
ОП-195-72. Марипа, сүйөм сени! Кыйналган жүрөгүмдү сезесиңби? Өлсөм да унутпаймын! 0778735ххх
ОП-195-73. Ата,апа өмүрүңүздөр узун болсун! Көп жашаңыздар! Уулуңар Чика
ОП-195-74. Нарын областынын Ак-Талаа районунун Чолп-Кайык айылынын, 8-классынын балдарына салам! Балдар, силер суперсиңер! Алла колдосун! 0777264ххх
ОП-195-75. Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну 94-жылкы Касымов Эрболот, сени өмүрүмдүн акырына чейин сүйөм! Айзат 95
ОП-195-76. Атасы. Асылбек
ОП-195-77. Атасы. 0772923ххх
ОП-195-78. Баткен районуна караштуу Рават айылындагы 95терге жана Кундуз эжекейге менден чоң салам! 0779517ххх
ОП-195-79. Нурсейит, Нургиза бешик бооңор бек болсун! Аделия кызыңар, ден-соолукта чоңоё берсин! Бегимай
ОП-195-80. Шерхан, мен сени сүйөм! Эмнеге ырларың чыкпай калды? Асел 98
ОП-195-81. Атасы айтып жатат. Чолпон
ОП-195-82. Табышмактын жообу: Мен сенин атаңмын. 0557606ххх
ОП-195-83. Сен менин баламсың, бирок мен сенин апаң эмесмин. Бул сөздү атасы айтат. 0553160ххх
ОП-195-84. Салам, "Обон"! Мен Канттык Акбалаев Бакытты издейм. Ленин заводдо иштеп кеткен Жумагүл. Кабарыңды күтөм! 0554460ххх
ОП-195-85. Атасы. 0557438ххх
ОП-195-86. Атасы. 0779442ххх
ОП-195-87. Сагынычтуу саламым Жанышов Омар байкеге жолдонот. Омар байке, сиздин жөнөкөй мүнөзүңүз аябай жагат. Сиз менен сүйлөшкөндөн кийин эки-үч күн бактылуу болуп жүрөм. Анан сагынганда кайра сизге чалам. Мээрим
ОП-195-88. Табышмаактын жообу: Кудай. 0771123ххх
ОП-195-89. Атасы айтып жатат. 0700940ххх
ОП-195-90. Буси, күнүмүсүң, бактым үчүн жайнаган, Гүлүмсүң, жүрөгүмдө ачылган. Күлкүмсүң, кубат берип өзүмө, Эстегенде элестүү ырлар жазылган. Ули 96
ОП-195-91. 11.11.11-жылы болгон тоюңар кут болсун! Фархат байке, Айзат жеңе бактылуу болгула! Иниңер Чика
ОП-195-92. Бак аралап басчу элек, эсиңдеби? Көптөр суктанып карашчу эле сени, мени. Сүйбөдү деп, кайгырып өкүнбөгүн! Сүйгөнүм чын, алтыным, бир ишенчи! Жетелеше басаар элек, билесиңби? Эми кайра бир кылчайып келесиңби? Бабник 94
ОП-195-93. Салам, "Обон"! Апам Айнагүл, атам Зарылбек, сиңдим Зуби,Гүкү, Буку, Айсымал, күйөө балам Жыргал, иним Ынтымак, кызым Аруушага салам! Ден-соолукта болгула! Айнура
ОП-195-94. Бутагынан сынып калган чырпык сымал, Сени эстеп сагындым уктай албай. Түн ичинде жаркыраган ай болсоң, Бараар элем талпынып сени карай. Сенсиз жаным суусуз калган дарактаймын, Баргым келет, бирок жаным бара албаймын. Азыр келип кучагыңды жайчудай, Жүрөк дүк этип сени издейт. 0773813ххх
ОП-195-95. Дос кызым Мунараны нике шакегин салынышы менен куттуктайм! Бүгүнкү күн бир сен үчүн арналган, Куттуу болсун ушул күнүң, садагам. Бар болгунуң күлүп, жайнап жалганда. Бакыт берсин сага жараткан! Арман эмес, күлкү гана болуп турсун, Жаратканым жакшылыкты сага сунсун! Бактың менен өмүр бою бирге болгун, Үйүңө кубаныч, шаттык консун! Чын жүрөктөн ушул ырды сага жаздым, Куттуктоо ыры бир гана сага, асылзатым! 0773813ххх
ОП-195-96. Карааныңды издеп жол караймын, Күнүм жылга айлангандай абалдамын. Эркелеткен ширин сөзүң сагынамын, Башка менен түбөлүккө болооруңду. Ойлосом өрт болуп жалындаймын. Бактылуу көз ирмемдер болоор бекен, Болгум келет түбөлүккө сени менен! Бабник 94
ОП-195-97. Салам, "Обонушка"! Мага "KG 77" командасындагы Кубаныч тууралуу маалымат берип койгулачы! Алдын ала рахмат! Рамо
ОП-195-98. Омар, сиз "Жылдын супер ырчы мырзысы" болбосоңуз деле мейли. Себеби, сиз мен үчүн ар дайым "Жылдын супер ырчы мырзасысыз", "Жылдын патриоту", "Жылдын мыкты адамы", "Жылдын красавчик ырчысы" болосуз. Сизге ийгилк! Рамо
ОП-195-99. "Обон". Убакыт учкан куштай зымырайт. Жаштыгым артта калып кол булгалайт. Айла канча токтотууга алым жок, Жаштык күндөр алыс калып сагындырат. Эркин
ОП-195-100. Табышмактын жообу: Атасы. 0700223ххх
ОП-195-101. Салам, "Обон"! Биринчи саламым сиздерге. Ишиңиздерге ийгилик каалайм! 0777485ххх







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??