п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Таланттар талаасында

Ак Кеме командасы:
"Жигиттер" менен "Kg77"ден коркобуз
Ар кандай тамашалары менен элдин оозуна илинип, көзүнө көрнүп келе жаткан тамашоучулардын арасында "Ак кеме" деген команда бар экени баарыбызга маалым. Бул саныбызда команданын шайыр, таланттуу балдарын кепке тартып көрдүк.


АК КЕМЕнин өмүр баяны
Туулган күнү: Ак кеме командасы 2008-жылы 1-ноябрда Кыргыз-Түрк Манас Университетинин анча-мынча кыздардын ушагынан пайда болгон.
Лакап аты: Бийчилер жана шүмшүктөр
Бою: Эквалайзер (ар кандай)
Салмагы: 19 катамаран
Жактырган тамагы: Репетицияларда эң ыңгайлуусу: лепешка-майонез
Кумирлери: KG77 жана AB81
Хоббиси: Сахнага чыгуу
Фобиясы: Калыстар
Жетишкен ийгиликтери: 2-сезон - Мыкты оюнчу, 3-4сезон - Мыкты команда, 1-сезон - Мыкты ыргып кеткен команда

ЖАНЫШ Майрамбек уулу
Аты жөнү: Ак Кеме уулу Жаныш
Туулган күнү: 1 990-жылдын 27-мартта таң атпай саат 05:58де жарык дүйнөгө келген.
Эскертүү, бул жерде телефонунун номуру жашырылган
Лакап аты: Тармалшоу
Улуту: Кыпкыргыз
Бою: Турникке жакшы эле тартынат
Салмагы: таразага түшсө 3 сом дептир
Жактырган тамагы: Сууга бышырылган жумурткадан чыккан шорпо
Джессика Альба менен тууган болуп кетеби: Жок
Кумирлери: Майкл Джексон, Роб Шнайдер, Эштон Катчер, Атасы
Хоббиси: Тамак жасоо жана ошону жеген
Фобиясы: У юлдук телефонунун батареясы түгөнгөнүн билдирүүчү үн (Кылүк!!!)

Наргиза Токтосунова
Аты жөнү: Наргиза Токтосунова
Туулган күнү: Айтпай койду
Лакап аты: Айгүл
Улуту: КГ
Салмагы: 45 КГ
Бою: Шиш такасыз 172 см
Жактырган машинасы: 172 - маршуртка
Жактырган тамагы: Йогурт
Кумирлери: F4, F5 жана Ctrl+F12
Хоббиси: "Love is …"тин фантиктерин чогултуу
Фобиясы: Залкар


- Эмне үчүн командаңарды "Ак кеме" деп атагансыңар?
- Ак кеме деп атаганыбыздын себебтери көп. Биринчиден биз окуп жаткан имарат Чыңгыз Айтматовдун наамынан, экинчиден Манастын кайсы гана имаратында отурба, мегакомду колдонгондордун баардыгынын уюлдук телефондорунда "ак кеме" деп жазылып калат. Себеби жаныбызда "Ак кеме" деген мейманкана бар, ошол үчүн. Ал эми, үчүнчүдөн, жакшы угулат, дайыма алдыга оболоп, сууда сүзүп эле дайыма алдыда жүрүп, негизи "ак" дегендин жакшы ниети бар деген ой менен атаганбыз.
- Башка оюнчуларга салыштырмалуу бийге көбүрөөк басым жасайсыңар, атайын бий ийримдерине катышасыңарбы?
- Негизи бий деген жакшы да. Бий бизге мисал үчүн сахнага чыгып алып тамашаларды бат баттан аткарганга жардамы чоң. Ал эми экинчиден өзүбүз бийлгенди жакшы көрөбүз. Жаныш бизде бий ийримдерине катышчу. Кээ бир командалар ырдаганды жакшы көрүшөт, биз болсо ырга анча эмеспиз, бирок аракет жасап жатабыз жакшы ырдап чыккангада. Ошол себептен улам бийге шыктуу болуп жаткан үчүн ар бир оюнубузда жаңы бий кошконго аракет кылабыз.
- Тамашаларды кайдан аласыңар?
- Тамашаларды өзүбүз чыгарабыз албетте, отуруп алып турмуш тиричиликте болгон нерселерден алабыз. Көбүнчөсү азыр эмне актуалдуу болсо ошолорду алып чыкканга аракет жасайбыз. Кээде жөн эле сүйлөшүп отурганда күлкүлүү бир окуя болуп кетет ошону алып эле апыртып, сөздөрдү кошуп тамаша жаратып коёбуз. Бүт эле турмуштан алынат, анан "марста болгон окуя" десең эч ким түшүнбөй калат да.
- Тамашаларыңарда көбүнчөсү ырчыларга, калыстарга тийишип кетесиңер, алар тараптан нааразычылыктар болбойбу?
- Жок болбойт, эми алар деле түшүнүшөт да тамаша экенин. Кээ бир учурларда президенттерге деле тийишип жатпайлыбы бул тамаша экенин баары эле билет. Бирок айтып коюшат эмеспи, тамаша чындыгына жараша деп. Ошондо болгон нерсесине тийишебиз жөн эле асмандан албайбыз. Жөн эле бир ырчыны коркок деп салсак дагы болбойт. Мисал үчүн чындап эле эки жылдыз кокус мушташа кетип, аны биз билип калсак, же көрүп калсак ошону тамашага салабыз.
- Кайсы командалардан сестенип турасыңар?
- "Жигиттер" жана "Kg 77" командаларынан кичине коркуп турабыз. Анан кийин жарым финалдан кимдер өтөт көрөбүз, бирок азырынча ушул командалар күчтүүлүк кылып турат.
- Калыстар туура эмес баалап койду- деп нааразы болгон учурлар болду беле?
- Калыстарга нааразычылыктар болгон ошол убакта. Кийинчирээк карап, эмнеге ошол маалда төмөн баа бергенинин себебин билип, анан туура түшүнүп калганбыз. Калыстар калыстык кылып жатат деп ойлойбуз. Бирок кээде болуп кетет. Мисал үчүн калыстар тобунун бир мүчөсү бар, ага кичине эле уяттуу тамаша менен чыксаң, ал дароо эле эки коюп салат, себеби ал адамга жакпайт, "кыргыздын менталитетине жатпаган тамаша койдуңар" дейт. Бул менен кийинки оюнда ушундай тамаша койбосун деген түшүнүктү берет. Быйыл айрыкча аябай сонун болуп калды, былтыр дагы кичине бар болчу. Мисалы ар аймактан келген оюнчулар бар болсо,ал эми калыс ошол аймакка жакын болуп калган болсо, кичине тартып коюшчу. Азыр болсо жок, баары эле калыс болуп калды деп ойлойбуз.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??