п»ї

  Ачык маек

Ю.Бобковдун концертине
Россиядагы жубайы келеби?
- Юрий байке, 55 жылдык мааракеңиз менен куттуктайбыз! Мааракеңизге арналган концертиңиз тууралуу сөз учугун баштасак
- Рахмат! Бул өзүмдүн жеке майрамым. Мен сахнада чыгармачылыкта онго чукул багытым бар. Чыгармачылыгыма кырк жыл болду. Өзүмдүн элүү беш жаш кутман курагым болсо, уулум беш жашка толуп отурат. Үч "беш" мен үчүн көптөн-көп күткөн майрам. Концерт башынан аягына чейин жандуу болот. Урма аспаптар, клавишалар, гитаралар ойнолот. Менин майрамым болгондон кийин эл билбеген ырды алып чыгып, эл менен сүйлөшүп өзүмдүн айтчу сөздөрүмдү айтам деп кыялданып атам.
- Чет жактан да сахналаш досторуңуз келип катышабы?
- Келип куттуктап ырдайбыз дешсе эшик ачык. Келсе Роза Рымбаева келет болуш керек. Менин фестивалымда чыккандар, менин кол алдымда тарбиялангандар, шакирттеримдин баарын алсак программага батпай калат. Анткени, ырчылардын көбү "Досум Үсөн" тобу менен көп иштешкен. Ошондуктан, бизден алгачкы кадамын шилтегендер катышышат. Мисалы, Динара Акулова жаш кезде "Жылдыз" деген кыздар тобунда соло гитарада ойночу. Динара искусство институтунда окуп жүргөндө биз гастролго чыгаарда Динара да биз менен чогуу гастролдоду. Мен өткөргөн "Кадыр түн" долбоорунан Гүлнурдун карьерасы жакшы өстү деп ойлойм. "Кадыр түндөн" кийин Гүлнур жакшы тааныла баштады. "Нооруз 1992" фестивалында Назаренко, Тойгонбаева, Калыков, Момунбаевалар чыгышты. Ошондой эле менин кесиптешим Эрнест Абдыжапаров Сайра Момунбаева менен ырдашат. Эрнест да чыгармачылык жолун урма аспапта баштаган. Экөөбүз эки барабанды сахнага алып чыгып ургулап көрөбүз. Кудаларым Аскар Карыбаев, Чолпон Алсеитовалар ырдап беришет. Шакирттерим Денис, Жанета да ырдашат. Жаш муундардан Кыз Бурак, "Соленые орешки" джаз тобу, Мирбек Атабеков, Кубаныч Сатаев, Султан Садыралиевдер катышат. Албетте менин досторум, кесиптештерим, куудулдар келет.
- Досум Үсөн тобунун үнү чыкпай эле калды. Денистин ырдаганын көп көрбөй калдык. Жанета болсо өзүнчө бөлүнүп кеткендей...
- Жанетанын элге көбүрөөк көрүнгөн себеби, ырдайт да. А Денис ырдан алыстап кетти. Аранжировкага берилип, өзүнүн студиясын да ачып алды. Азыр уулумду мыкты аранжировкалоочу болду деп айта алам. Досум Үсөндүн өзгөчөлүгү жандуу концертти коюп атам. Мындай концерттер 500 сомдон болуп атса, жандуу концерт миң сомдон болуш керек. Сахнага койгон аппаратурага, оркестрге көп акча кетет дегендей. Мен 300 сом эле кылып атам.
- Филармонияга концерт коём деп атып иннагурацияга карата концертиңизди Спорт ордосуна жылдырыпсыз. Буга чейинки кеткен акча каражаттарын Филармония сизге төлөп бердиби?
- Алар төлөп берген жок. Концерт 28-29-ноябрда Филармонияда болмок. Аябай даярдангам. Эсеп-кысап чыгармачылык, продюсерлик жагын ошого эсептеген элем. Тойго бери дегенде эле 500 киши келсе жарым зал бекер отуруп атат. Союз кезде мамлекеттик иш чара болуп калганда артисттерди чакырып: "Кечирип коюңуз, бизде иштерибиз чыгып атат. Алдыда кайсы күндү тандайсыз, алып алыңыз. Чыгым жагынан жардам берип коёлу", - деп макулдашып ынтымакта иштечүбүз. Азыр андай болгон жок. Мени чакырып, "Концертиңди ал", - деди. Алдыдагы күндөрдү сурасам да бербей койду. Ошондуктан Спорт ордосуна бардым. А бул маселени президент билбейт да. Сен козгоп атпайсыңбы, эми айтайын. Бизде кыргызда "Тумакты алып койчу десе, не бар не жок, башын кошо алып коёюн", - дейт. Бул туура эмес. Маданият ушундан башталат.
- Концертиңизде сизди куттуктап Россиядагы орус жубайыңыз да келет экен деп кулагыбыз чалып калды...
- Аялым эмес уулум келмек. Мен он жети жылдан бери байланышым үзүлүп тун уулумду таппай жүргөм. Анан ушу концерттин алдында интернетти жакшы билген шакиртим уулумду таап берди. Табышып сүйлөшүп калдык. Уулумдун келиши мен үчүн тоюма абдан чоң белек болмок. Иши да өтө татаал экен да. Россиядагы аялым "Жди меня" телекөрсөтүүсүнө чейин жазган. Бул аялым Асел тиги аялым менен сүйлөшүп чакырышып анан, "мен жайында эле барайын, уулуң неберең менен барсын" деген. Уулум билет алып, самолёт менен сүйлөшүп коюп, келем деп аткан эле. Анан концерт жылып калганда, "Ата, мен дагы бир жолу жумуштан сурана албайм, жайында эле барайын, капа болбоңуз", - деп калды.
- Сизди "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорун ачып алып, акчага маарып эле калды деп жүрүшөт. Ырдап чыккандардан бери дегенде 200 доллар, ары жагы 20 миң сомго чейин алат экен, - деген маалымат чындыкка жатабы?
- Анда мен жыргабайт белем. Ошондо да аранжировканы башка жерде 300-400 долларга жазса, менде ыр аранжировкасы менен 100 долларга жазылат. Аранжировкалоочунун эле маянасын эптеп чыгарып берем. Актабайт. А эгер миң доллар алсам абдан эле жыргамакмын. Керек болсо бул долбоор үчүн маяна да албайм. Өзүм үчүн эмес, долбоорду сакташ үчүн суранып, ак үйгө да, көк үйгө да арыз жаздым. Бирок, жообу алигиче жок. 12 жылдан бери бул долбоор келе жатат. Ар улуттун ынтымагын бириктирип, кыргыз тилдин баркын мындан да жогорулатып атат. Цыгандардын кыргызча ырдап атканына арданып "киргиздер" кыргызча сүйлөй баштады. Мен иштей берем. Бирок бул долбоор мындан ары да өсүш керек. Алдыда "Ырдайлы кыргыз ырларын" дүйнө жүзүнө пропагандаласак деген жакшы тилектер бар. Түркияда, Кытайда, Англияда эмнеге кыргызча ырдаса болбосун? Профессионалдык деңгээлде кош фестиваль ачыш керек. Мисалы Россияга барып макулдашып, "ушундай долбоор, Дима Билан келип катышсын", - десек неге болбосун. Эмне үчүн Англияга барып англисче ырдашат дагы, Кыргызстанга келип кыргызча ырдай алышпайт.
- Рынок шартында көп нерсени акча чечип калбадыбы. Ал долбоордон эч пайда көрбөсөңүз, эмнеге иштетип жүрөсүз? Долбоор менен сизди эмне байланыштырат?
- Буга чейин "Кадыр түн" долбоорумду алдырып ийгем. "Кадыр түнгө" болгон байлыгымды салгам. Мен үчүн өтө чоң өкүнүчтүү окуя болгон. Аны Майрам Акаевага таянып алып алышкан. А бирок, муну мен жеке долбоор кылып кызыл китебин кошо алгам. Ошондо Роза Рымбаева "Юранын эмгегин мындай кылганыңар туура эмес", - деп теледен да айтты. Ар бир эмгегиң өзүңдүн эле балаңдай болуп калат. Анан "Кадыр түндү" тарттырып жибергенден кийин эч нерсеге көңүлүм чаппай калды. Казат Акматов ушуга идеолог болду. "Юра, мен сенсиз баштабайм, кел иштейли" деп иштей баштадык. Баарын өзүм жасай баштадым. Биринчи фестивалда америкалыктар, япон, кытай, түрк, корейлер бар болчу. Он-он беш күндөн кийин бир нерсени байкадым. Ар күнү даярдоого келишет. Анан эле бир туугандай болуп кучакташып, күлүп сүйлөшүп калышты. Ошондо жүрөгүм жылып калды дагы, "ушул нерсе керек экен", - деп белимди бекем бууп катуу иштей баштадым. Биринчи концерт Опера жана балет театрында болду. Өтө жогорку деңгээлде болот деп күткөн эмесмин. Ар бир номер баракелдеге өттү. Концерт бүткөндөн кийин менин шакирттерим бийлеп, секирип кучакташканда ачуумду таштайын деп белсенген элем.
- Кино тарттым деп калбадыңызбы. Буга чейин "Талак" тасмасынан сизди көрдүм эле. Залдагылар "Ушул Юра курсагын салаңдатып, жылаңач катышпай эле койсо болмок экен", - деген сыяктуу сөздөр айтылды эле.
- Албетте жакшы көрүнүү деген болот. Мен Эл артисти болуп туруп, режиссёр айткан талапты аткарбай койсом туура эмес болот. "Учкашпа, учкашкан соң түшө качпа", - деген жакшы сөз бар. Анын үстүнө мен каарманды ойнодум. Ал каарман ошондой экен. Анан баарын эле Шварцнеггер кылыш керекпи? (күлүп) Бир топ Шварцнеггердей болуп жүргөндөр мага жетпейт. Образ жаратууда режиссёр талап кылганды аткарыш керек.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??