п»ї

Д.Үсөновдун уулунун үйлөнүү үлпөтүнө Авраам
Руссо менен "БандЭрос" катышат
"Пулуң болсо кулуңмун" - дегендей, азыр акчаң болсо асмандагы айды да алып келип алууга мүмкүн. Биздин качкын премьерибиз Данияр Үсөновдун байлыгы түгөнө элек окшойт. Себеби, башкалар Кыргызстандан эле кыргыз ырчыларын тойго чакырып ырдатып жатышса, Д. Үсөновдун уулунун үйлөнүү тоюна Россиядан ырчылар чакырылды.
Тактап айтканда орус ырчысы Авраам Руссо жана "БандЭрос" тобу келишти. Орустун ырчылары "Манас" аэропортуна 25-ноябрь күнү саат таңкы 5те келип конушкан. Белгилүү меймандарды Бишкектин кадыр-барктуу мейманканаларынын бирине жайгаштырышкан. Орус жылдыздарынын келиши экс-премьер министр Данияр Үсөновдун уулдарынын биринин үйлөнүү үлпөтүнө байланыштуу экендигин Tengrinews жазып чыкты. Антсе да, бул жаштарга ата-энесинин кимисинин: Динара Исаеванынбы же Данчиктинби белеги экендиги белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, учурда министрлер кабинетинин качкын башчысы Улуу Британияда. Эске салсак, Данияр Үсөновго карата башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ага жарандарды массалык түрдө атууну уюштургандыгы үчүн айып тагылган.

Бабанов берген убадасын аткарды
Саясатчылар Кыргызстандын жети бурчуна барып ар нерсени убада кылып, сүт эмизип кетмей жайлары бар эмеспи. Ошондуктан элдер бир да саясатчыга ишенбей турган учуру. Бирок, алардын ичинен убадасын аткаргандар да бар экен.
Айтайын дегеним, Өмүрбек Бабанов жайында Нарын жергесине барып, ал жакта өткөрүлгөн айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган жыйында Бабановго Нарын облусунун "Ардактуу атуулу" наамы төш белгиси тапшырылды. Ал мындай наамды биринчи жолу алып жаткандыгын айтып, бул ал үчүн чоң сыймык экендигин билдирип, эл үчүн кызмат кыла бере тургандыгын айтты.
Мындан сырткары Өмүрбек Бабанов Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл округуна кытайдан алынып келинген тракторду тапшырды. Бабанов жайында Миң-Булак айылына барып, айылда трактор жетишпегендигин көрүп, трактор берүүнү убада кылган эле. Мына минтип аз убакыт өтпөй эле башка саясатчылардай болуп айтканын аткарбай кетпей, сөзүнө турду дагы бир тракторду айыл тургундарына белек кылды.

Инаугурацияга даярдыктар жүрүп жатат
1-декабрда жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи өтөт. Ага карата 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында инаугурациянын "репетициясы" болду. Азем президент Роза Отунбаеванын коштошуу сөзү менен башталат.
Бул ирет Улуттук гвардиянын жоокерлери желекти алып кирет жана Улуттук гвардиянын жоокерлеринен куралган оркестрдин коштоосунда гимн ойнолот. Инаугурация - өлкөнүн жети дубанынан жыйналган аксакалдар жаңы президентке ак батасын берүүсү менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле, ырчы-чоорчулардын коштоосунда келген конокторго майрамдык өтө жогору деле маанай тартууланбайт. Даярдык иштери 29-ноябрга чейин уланып, негизги репетиция 30-ноябрда өтөт. Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 1-декабрь күнү эртең менен саат 10:45те башталат.


Депутат Д.Бекешевдин агасы баңги заты менен кармалды
Депутат Дастан Бекешевдин бир тууган агасы Руслан Бекешев баңги затын сатууга аракеттенүү убагында кармалды, деп билдирди Ички иштер министрлиги.
ИИМдин маалыматына ылайык, 25-ноябрда Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектин Жукеев-Пудовкин-Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Сказка" кафесинин жанынан 1980-жылы туулган, 7-кичи райондо жашаган Руслан Далабаевич Бекешевди тинтигенде жанынан гашиш салынган 8 ширеңке кутусу табылган. Р.Бекешев кылганын мойнуна алган көрсөтмөлөрдү берди, дейт ИИМ. Ал эми анын иниси депутат Д.Бекешов бул маалыматты жөн жерден таркатышкан жок, ички иштер министри З.Рысалиевдин мага болгон өзгөчө мамилеси деп билдирди. Агасы буга чейин сот жообуна тартылбаганын да кошумчалады.


А.Келдибеков саясатчылардын куйтулугун эми билди
ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков бийликтеги адамды ким бузаарын эми билди көрүнөт. Себеби, КТРКга ишемби күнү берген маегинде "Мен эми билдим, бийликтеги адамды кошоматчылар жана ортодогу ары-бери сөз ташыган, бузуку куйту саясатчылар бузат" - деди.
Анын айтымында учурда бир айылды бириктирбеген, куйтуланган саясатчылар эки адамды уруштуруп, чабыштыруу менен алек. Бирок мындай көрүнүш кыргыз эллине өтө деле өөн учурабай калганына көп жылдын жүзү болду. Саясатчылар Ахматбек Келдибеков айткандан кийин деле бири-бирин шыбай берээри турган иш да.


Назира Айтбекова лифтте 35 мүнөт камалып турду
Тили буудай кууруган теле алып баруучу Назира Айтбекова өзү жашаган үйдүн лифтине камалып калып, 35 мүнөт турду. "Лифтте камалып калуудан укмуш коркчу элем. Дүйшөмбүдө 35 мүнөт бою лифтте отурдум. Күйөөм байкуш эле куурады, ары чуркап,бери чуркап! Ичимен -Ии,сүйөт экен,- деп компоюп калдым! Өзүмдү алаксытуу үчүн "фейсбукту" тыттым!" - дейт Назира Айтбекова.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??