п»ї
 Таанышуу жарыясы


Чолпонбек Абыкеев:
Кароол чокуда улуу табылга бар деген чын
Курманбек Бакиев Президент болуп турганда Президенттин кеңешчиси, "Бриллиант жылан" китебинин автору, учурда Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев менен Бакиевдин доорунда чыккан Кароол чокунун чыры боюнча маек курдук.

- Чолпонбек агай, азыр кандай чыгарманын үстүндө иштеп атасыз?
- Мен өзүмлдүн 40 жылдык жазган чыгармаларымдын 3 томдугун чыгардым. Тандалмалар жыйнагы болду. Бир нече аңгемелерим, роман, повесттерим, публицистика жана маектерим чыкты. Азыр эки чоң чыгарманын үстүнөн иштеп жатам. Чыгарма жазганда кыялымда жазып алып анан кагазга түшүрөм. Кыялымда жазып бүткөндөй эле болгом. "Мансап кагандын казынасын" бүтөйүн деп калдым. Андан сырткары мистикалык "Кара китеп" деген чыгарма жазып атам.
- Чыгармаларыңызда мистиканы көп чагылдырасыз. Өзүңүздүн жашооңуз мистика менен байланыштабы?
- Мен кыргыз адабиятын дээрлик толук окуп чыккандардын катарына кирем. Мистика жазган жазуучулар аз. Кыргыз адабиятында мистика жанры такыр эле жок. Курч окуялуу романдар да жокко эсе. Бизде фантастикалык чыгармалар да жок. Бизде кыргызчылык деген бар. А орустарда орусчулук же ангилстерде англисчилик дегенди уктуңуз беле? Аларда андай жок. Кыргыздарда гана "кыргызчылык" деген бар. Биз кайып дүйнө менен аралашпыз. Биз бийик тоолордо жашайбыз, табият мене жуурулушуп табияттын канында жүргөн элбиз. Ошондуктан кайыпчылык күчтүү. Семетей атабыз, Каныкей энебиз, Бакай атабыз, Айчүрөк энебиз кайып болуп кеткен. Алар өлгөн жок, тирүү жүрөт деген сөз. Ошол кайып дүйнөнү көтөрүп, чыгармачылыкка салуу руханий байлыгыбызга алып кирүү бизде жок. Ошондуктан мистиканы баштадым. Азыр мен чыныгы кыргыздын мистикасын али жаза элекмин. Чыныгы кыргыздыкындай болгон мистика жаза албай атам. Анткени, мен аны толук өздөштүрө албай атам. Кызыл көйнөкчөн келин болсо баланын оюнчугундай эле. Азыркы жазып аткан "Кара китебим" жана "Мансап кагандын казынасы" кыргыз мистикасына кайсы бир деңгээлде өз салымын кошот деп ойлойм. "Кыргыздын бир бөксөсүн толтурайын" деген максат менен мистика жазам.
- Сөзүбүздү саясат жакка ыктасак. Кароол чоку боюнча эмнелерди айта аласыз? Ошол кезде Президенттин кеңешчиси болуп турганда, сизди кызмат абалынан пайдаланып, Кароол чокуну каздырган деп жүрүшөт.
- "Кеңешчи" дегендин маанисин түшүндүрүш керек. Кеңешчи деген сөз маселе чечүү деген сөз эмес. Менден ошол учурдагы президент жөн гана кеңеш сурачу. Мейли деп койгон күндө да жазаса да жазабаса да өзү чечим чыгарчу. Ал кезде менин административдик укугум да жок болчу. "Муну казгыла, тигини казбагыла!" деп айта алчу эмесмин. Мен эл менен жолугуш үчүн гана кызмат боюнча барып катышып калдым. Ал жерде археологиялык казуу болду. Андай жерге мистиканы аралаштырбаш керек. Андай илимий казуу Мекеде да, Ватиканда да болот. Илимий иште бул жер ыйык экен казууга болбойт деген жок. Дүйнөдө илим үчүн баарын жасашат. Ошо сыяктуу илимий иш оорчулук менен жетет. Ага дайыма эле Эл макул боло бербейт. Ал жерде алтын барбы же жокпу деп жөн эле карап койсо дүйнө каңтарылып кетеби?
- Рони Гогисванидзе археолог грузиндин көзү ачыктык жайы бар экен. "Ал жерде алтындын аябагандай ири кенчи бар, ошого кызыгышты" деп да кеп кылып аткандарын угуп калган элем.
- Ал жерде археологиялык улуу табылга бар деген чын. Бирок маселе "чоң табылга барбы же жокпу?" дегенде эмес, маселе ошол илимий жагын ачып карап көрүштө. Ал табылга бар болсо дүйнөлүк ачылыш, а жок болсо , "жок экен" дешет, анын эмнеси бар экен кайра жаап коёт. Анан аны чоң чырга айлантыштын кереги жок. "Бул жерди казып койсо кыргыз элинин ыйыктыгы кетип куурап калат экенбиз", - деген болбойт. Андай болсо бирөөлөр келип биздин дөбөбүздү түртүп кетсе же бомба ыргытып ийсе кыргыз эли жок болуп кетебизби?
- Рони Гогисванидзе Бакиевге өзү келип мындай сунушун киргизгенби?
- Мамлекеттик кызматкердин өзүнүн этикасы бар. Ал этиканы мен сакташым керек. Ал жерде археологиялык казуу жүргүзүп көрөлү деген мамлекеттик чечим кабыл алынган. Ошонун негизинде казуулар болгон. Бул Акаевдин учурунан бери эле, "казабыз, казбайбыз" болуп келаткан иш. Анан акыры жүрүп ошол аймакта казуулар башталды. Бардык чыгымын ошол жерди казып аткан археологдор өздөрү көтөрүшкөн. Анан эле ушундай туура эмес казып атыптыр деген пикирлер болгондо элге туура түшүндүрүш үчүн мен баргам. Ошентип аралашып калдым. Элге жолугуп түшүндүрүп айттым. "Ушул жерде алтын бар деп айтып атасыңар. Бар болсо казып көрөлү, эгер чын эле бар болсо мамлекеттин байлыгы. Жок болсо эмнеси бар экен жок деп коёбуз да", - десем эл да түшүндү. Анан аны саясатка айландырып ийишти. Ошон үчүн ушунча чуу болуп жүрөт. Чындыгында аны саясатка аралаштыруунун кереги жок болчу. "Каздыралыбы же жөн коёлубу?" деп жетекчилик сураганда, " чуу кылбай эле каздырбай эле коёлучу!" дедим. Ошону менен казылбай токтоп калды.
- Ага байланыштуу мистикалар, ар кандай легендалар да чыкты эле?
- Эми элдин фантастикасы аябай күчтүү. Мен ошол учурда көлдө эс алып жүргөм. Мага телефон чалышып Таласка бар деп калды. Ал жерден "жүнү бар жылан чыгыптыр дейт, жумурткадай болгон мөндүр жааптыр" деп бир балакеттердин баарын айтышты. "Койгулачы" деп Таласка барсам, жүнү бар жылан эмес, жүнү жок жылан да чыкпаптыр, жумуртка мөндүр эмес, жамгыр да жаай элек экен. "Грузиндер уугуп өлгөнү калыптыр" дешти эле, алар да күрсүйүп таптынакай эле жүрүптүр.
- Ал археологиялык казууну Амина мунди деген академия жүргүзбөдү беле. Тбилисидеги грузиндердин археологиялык борборунун профессору Михо Абрамишвилли: " Рони Гогисванидзе деген жок" деп чыкпадыбы. Ошондон улам сиз жалган грузиндин атын пайдаланып алтынды өзүңүз алган аткансызбы? - деген суроо туулуп атат.
- Бул жерде кыргыздардын археологиялык түшүнүктөрүнүн жоктугунан ушундай суроо пайда болуп атат. Күрөк менен казсаң эле алтын чыгып калат, - деп ойлойт экен. Анан "Чолпонбек эки чөнтөгүн толтуруп кайра баштык алып келип салат дагы, күрөк менен көөмп коюп эч нерсе чыккан жок деп басып кетип калат", - деп ойлошуптур. Ал грузиндер дүйнөлүк археологдор да. Ал жерде алтындан башка пирамида бар дешти. Менин кызыкканым ошол пирамида болду. Бөлмөнүн ичине кириш үчүн дубалды тешип же эшиги менен кириш керек. Бирок ал жерге жөн кирип келбейсиң. Анткени алар жаап атканда ууландырып салышкан. Торпокту оорутуп тирүүлөй көөмп коюшкан. Анан торпок тирүү басып жүрүп өлүп, вирусу чаң болуп калган. Ал жерге жөн эле кирип барса өлүп калат. Жанагы "кыргызбайлар" ойлогондой баарыбыз кирип барып алтын талашсак өлүп калабыз. Пирамиданын ичинен ширеңкенин башындай да буюм алып чыкканга болбойт. Мен ошол жерде жүрсөм бир аял "Айланып кетейин Чолпон, мен кыйналып жашайм, мага бир этек эле алтын берип койчу?" - деп барыптыр. Көрдүңбү, кыргыздын деңгээли кандай? Бир учурда машине келатса, "машинени үркүтөм" деп тонун тескери кийип алып, астынан чыгып машинеге тебеленип өлгөндөй деңгээлден кичине эле алыс чыкты. Кароол чоку да ошондой эле болуп атат. "Казба!" деп жүргөндөр машина келатса, чапанын тескери кийип алып үркүткөндөй эле.
- Эгер табылга табылып калса Таластагы эки алтын кен иштебей калат деп, алтын кендердин жетекчилери Т.Үмөталиевага эки миң доллардан бериптир деген да кептер чыкты эле. Мүмкүн ошол үчүн эле Үмөталиева ачтырбай койгондур?
- Т.Үмөталиевага же башкаларга анча акча бергенин билбейм. Бирок, алтын чыккан Андаш кени менен Жер үйдүн кениндегилер Кароол чокудан бир нерсе ачылып кетсе, биздин кен иштебей калат деп коркушкан. Мен "дейт-дейт" деген сөздөргө көп көңүл бурбаган адаммын.
(Уландысы кийинки санда)
Төлөбүбү
Касымалиева










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??