п»ї

Тактыдан "тарс" ыргыткан 61 саны
Кыргыз эли мистикага жакын эл болот эмеспизби. Азыр элдин көбү саясатка кулак түрүп турган маалда саясий мистика боюнча бир шиңгил жазалы дедик. Кыргыз Республикасынын тарыхындагы президенттердин 61 жашында бийликтен кетишкенин, Роза Исаковна да 61 жашында тапшырып, эгер жакшы иштесе Алмазбек Атамбаев да 61 жашында президенттик тактыны тапшырат экен.

61 жашында качып кеткен тунгуч президент Аскар Акаев
Табышмактуу 61 саны менен биз Кыргыз Республикасындагы бийликтеги окуяны айткыбыз келип атат. Быссымылда дегенде эле Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев жөнүндө сөз кылалы. Техникалык илимдердин доктору 1944-жылы Кемин районунун Воронцовка айылында бул жарык дүйнөгө келген. Коомдук иштерге катышып жүрүп, 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз Республикасы СССРдин курамынан бөлүнүп чыкканда тунгуч президент болуп шайланат. 1995-жылы экинчи президенттик шайлоодо да атаандаштарын артта калтырып, жеңишке ээ болгон. 2005- жылы 24-мартта, тактап айтканда 61 жашында Аскар Акаевич үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Себеби өзүнүн уулу Айдар, кызы Бермет жана "Алга Кыргызстан", "Адилет" үй-бүлөлүк партиясынан 20 адам депутат болгонуна элдин кыжыры кайнап революция кылышкан. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары менен дүйнөнү дүңгүрөткөн болсо, Аскар Акаевич өз өлкөсүнөн качып кеткен президент катары дүйнөнүн төрт тарабына Кыргызстанды белгилүү кылды. Анысына да рахмат. Аскар Акаев качты, бирок кан төккөн жок. 24-мартты элдик революция күнү деп майрамдап калдык. Ошентип пайгамбар жашында Аскар Акаев өлкөсүн таштап качып кетип, эми Кыргызстанга кайтып келиштин айласын таппай ар кимге жармашып отурган кези.


Курманбек Бакиев 61 жашында Кыргызстандан куулду
Экинчи каарманыбыз албетте Курманбек Бакиев экени талашсыз. 1949-жылы 1-августта Жалал-Абад облусунда жарык дүйнөгө келген. Курманбек Бакиев карьерасын Куйбышевдеги Масленников заводунан баштаган. Кийин балык комбинатта жүк ташыгыч да болуп эмгектенген. 1978-жылы Куйбышев атындагы Политехникалык институтун аяктайт. Аскар Акаевдин качып кетиши менен (ал кезде премьер министр болуп турган кези болчу) анын ордун басып калды. Аскар Акаев он төрт жыл иштесе дагы кан төгүүлөр дээрлик жокко эсе болгон. Курманбек Бакиев бийликке келээри менен эле мыкты депутаттар, спортсмендер табышмактуу өлүмгө дуушар болду. 2009-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев шайлоочулардын 90 пайыз добушу менен экинчи жолу президент болуп шайланды. Нысапсызга кашык сунсаң беш ууртайт болуп, бийликке манчыркаган "бакиевчилер" өлкөнү туш тарабынан тоноп жатышканын көргөн эл дагы чыдабай 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишин талап кылып революцияга чыкты. 90дон ашуун жигиттер курман болуп, кан төгүлдү. 15-апрелде Убактылуу Өкмөт менен Бакиевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, ошол эле күнү Бакиев Кыргызстандан чыгып кетти. Ошентип Бакиев да 61 жашында президенттик тактыдан ыргыды.


Роза Отунбаева 61 жашында бийликти тапшырып атат
Үчүнчү президент албетте Роза Исаковна Отунбаева болду. Роза Исаковна 1950-жылы 23-августта Бишкек шаарында туулган. Эмгек жолун 1975-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин диалектикалык материализм кафедрасында окутуучулук кызматынан баштаган. Андан кийин аталган кафедранын улук окутуучусу, бир аз убакыттан кийин анын башчысы болгон. Философия илимдеринин кандидаты, доцент.
1989-жылдын январынан баштап Р.И.Отунбаева СССР ТИМинде: адегенде жооптуу катчы, андан кийин СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Комиссиясынын төрайымы болуп иштеген. 2010-жылдын 7-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн башкарып, эркек көтөрө алгыс жүктү көтөрдү. 2010-жылдын июлунан тартып - Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Исаковна Кыргызстандын алгачкы президенттери сымал качып кетпесе да, аларга окшоп 61 жашында президенттик тактыны тапшырып атат.


Алмазбек Атамбаев
1-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда Кыргыз Республикасынын Президентинин иннаугурациясы болот. Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында өткөн президенттик шайлоодо атаандаштарын жеңди. Алмаз Шаршеновичтин туулган жылына кайрыла турган болсок, 1956-жылдын 17-сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айлыныда төрөлгөн. Эгер жакшы кызмат кылып, алты жылдык мөөнөтүн ийгиликтүү өтөп кетсе, Алмазбек Шаршенович да Кыргыз Республикасынын тарыхындагы 61ге чыкканда бийликти тапшырган президенти болот.


Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??