п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Түгөйүңүздү Голливуд жылдыздарынын кимисине окшош болуусун каалайсыз?
Ар саныбызда жылдыздарга ар кандай суроо менен кайрылып келебиз. Бул жолу да жылдыздарыбыздын кыялдарын, канчалык деңгээлде берешендигин билүүгө суроо узатып көрдүк.


Кундуз Качкынбаева+ Чоу Юн Фат
Келбет жагынан алып караганда эми ал негизи Голливуд жылдызы эмес, Чоу Юн Фат деген актер бар эмеспи ошого окшош болушун каалайм. Ошол актердун аткарган ролдорунан жана көз карашынан ички дүйнөсүн сезгендей боло берем.

Азамат исмаилов+ Кристина милиан
Сулуулук жагынан ырчы кыз барго, шоколад өңдүү Кристина Милиан деген, ошого окшош болушун каалайт элем. Өзүм шоколад өңдүү болгондон кийин мага ошондой шоколад өңдүүлөр жагат. Себеби курама шоколад даамдуу болот дешет. Албетте мунун баары тамаша, чынын айтканда чет мамлекеттин жылдыздарынын бирөөсүнө да окшош болуусун каалабайм, мага биздин кыргыздын эле татынакай кыздары жагат.

Данияр Эрматов+ Женифер Лопес
Билбейм Женифер Лопес го, дейм. Мындай сырткы келбети, мүчөсү мага жагат. Өзгөчө анын мүчөсүн, көздөрүн баса белгилеп кетет элем. Эми голливуддун кыздарынын баарын албетте колдойм, бирок ошолордун ичинен Женифер Лопестей болушун каалайм. Бирок баары бир кыргыздын кыздарына жетпейт. Мен өзүм дагы аябай улутчулмун, кийин башка улуттун кызын сүйүп калсам дагы эч убакта ал кызга үйлөнбөйм. Өзүмө ошондой сөз бергем. Кыргыздын жакшынакай, жөнөкөй кыздарынын бирине эле үйлөнөм.

Ома Андарбеков+ Таттыбүбү Турсунбаева
Келинчегимди Голливуд жылдыздарынан Таттыбүбү Турсунбаевага окшош болушун каалайт элем. Тамаша, эми чынын айтсам Голливуд жылдыздарынын бирине да окшош болуусун каалабайм, аларды өзүмдүн аялымдай көргүм келбейт. Мага сырт келбети сулуу болбой эле койсун. Мага сулуулук негизги роль ойнобойт, сулуулукка көп кызыкпайм, мен үчүн адамдын ички дүйнөсү сулуу болушу керек.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??