п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Эненин көөнү балада

Бактыгүл Өмүрзакова:
Үчүнчү бийи жакшы даяр эмес болчу
"Өнөрүң болсо өргө чап" демекчи дагы бир жолу өзүнүн өнөрүн, талантын көрсөтүп, жакшы ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын желегин желбиретип келе жаткан жаш таланттуу жигитибиз, Чехословакияда өткөн сынактын жеңүүчүсү Атай Өмүрзаковдун апасы Бактыгүл Өмүрзакова эже кубанычын биз менен бөлүштү.


- Бактыгүл эже, Атайдын таланты кимден өткөн?
- Негизи Атай өзү эле бийлеп, өз алдынча чыкты десем болот. Үйдөн эле бийлеп жүрдү, аны атайын эч ким үйрөткөн деле киши болгон жок. Уулумдун өзүнүн эмгеги.
- Канча жашынан баштап бийлеп баштады эле?
- 9-10 класстан баштап эле бийлеп баштаган. Ага чейин такыр эле бийге шыгы жок болчу. Бир жолу үйдөн "вальс" бийин бийлегенди үйрөтсөм, бийлей албай койгон.
- Ар кандай сынактарга чет жакка чыгып жатат, ал жактарга баруу чыгымын ким көтөрдү?
- Жардам берип жатышат, демөөрчү бар. Анан биз дагы үйдөн колубуздан келишинче колдоп жатабыз. Бир гана Чехияга биринчи турга катышканы барганда өзүнүн каражаты менен барды. Кичине кыйналып калдык карыз болуп.
- Балаңыздын бийден башка дагы эмнеге шыгы бар?
- Атай скульптура жасачу. Скульптура, сүрөт боюнча олимпиадаларга барып катышып турчу. Азыр деле үйдө жасаган скульптуралары бар. Скульптураны жасаганда көпкө чейин ойлонуп шашпай жасачу. Анда такыр бийлечү эмес, анан эле бийге кызыгып бийдин аркасынан түшкөндөн кийин скульптураны таштап койду.
- Кичинекей кезиндеги кыялдары кандай эле?
- Кичинекей кезинде, " сизди мен бактылуу эне кылам, сиз эң бактылуу эне болосуз!" деп кыялданчу. Балам ошол максатына жетти деп ойлойм.
- Атай Чехословакияда болгон сынакта Кыргызстандын желегин дагы бир жолу желбиретти, кандай сезимде болуп жатасыз?
- Албетте мен азыр сөз менен айталбайм, аябай кубанып жатам. Эртең менен ушундай бир башкача сезим болду сөз менен жеткире алгыс. Атай телефон чалып, биринчи мага сүйүнчүлөдү. Аябай кубандым, толкундандым, ыйладым. Жарым финалда утканда эле кубангам. Атай эмнегедир жарым финалдан утканда эле аябай өзүнө ишенип, "мен утам, болгон күчүмдү жумшашым керек!" деп аябай аракет кылды. Себеби кетип жатканда үчүнчү бийи жакшы даяр эмес болчу.
- Сынакта уткан 100 миң еврону эмнеге жумшайын деп жатасыздар?
- Атайдын балдар үчүн бий боюнча мектеп ачам деген бир максаты бар. Ошол жакка жумшайт болуш керек.
- Демөөрчү издеген сиздерге оордук туудурбайбы?
- Атай демөөрчү издеп өзү чуркайт. Анан оордук эле болот, жалдырап тиги жакка барат, бул жакка барат. Кээде болуп калат, болбой калат. Көп убакытты талап кылат, негизи кыйын эле болду.
- Чехиялыктар Атайга кызыгып атат, мындан кийинки АКШда боло турган сынакка Чехиянын атынан чыгат экен го. Ошол жакка жашаганга чакырса барасызбы?
- Атайда андай деген жок. Ал өзүн Кыргызстандын патриотумун деп эсептейт. Анан "чет жакка эч убакта жашаганы барбайм, барсам дагы кандайдыр бир сынакка катышып кайра келе берем" деди. Мындай жашаганы "эч убакта барбайм" деген сөзү бар. Азыр билбейм, пландары өзгөрүп кетеби?..
- Атай сынакка катышканы кетип жатканда кандай ырым жырымдарды колдоносуз?
- Ырым-жырым деле колдонбойм. Атай Бишкекте, мен Караколдо, кээде узатпай деле калам. Телефон менен сүйлөшүп, акылнасаатымды айтам. "Жакшы барып кел балам, ишиңе ийгилик, жолуң шыдыр болсун!" деп кала берем. Анан албетте май токоч жасап, "балама жардам болсун!" деп кудайдан суранам.
- Бийине сиздин да кошкон идеяңыз барбы?
- Эч кандай. Атай өзү эле тандайт кандай бийлешти, музыканы. Байкеси кичине айтып турат, " бул жерин мындай кыл, жаңы бир нерсе!" кош деп.
- Сизди башында Атайдын бийлегенине каршы деп жүрдү эле, азыр көз карашыңыз кандай?
- Жок каршы деле болгон жокмун, болгону окуусуна тоскоол болбосун дегем. "Бийлей бер, болгону окууңду таштаба!" деп айтчумун.
- Балаңыз сиздин фамиляңыздабы?
- Ооба менин фамилияма жазылган. Ал Атайдын өзүнүн чечими, өзүнүкү Аблаев болчу, кийин эле, " алмаштырам" деп такыр болбой, алмаштырып алган.
- "Алдыга чыксаң көз тиет, артта калсаң сөз тиет" деп коет эмеспи. Балаңызга көз тийип кетет деп коркпойсузбу?
- Башында чынын айтканда аябай эле коркчумун. Азыр көнүп калдым окшойт, көп деле этибар албайм.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??