п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Курдан ылдыйраак…
Путиндин "төшөк" сырлары ачылды
Германиянын федералдык BND кызматы Россиянын экс-президенти Владимир
Путиндин Дрезденде кызмат кылып жүргөн 1985-1990-жылдардагы сексуалдык жашоосу тууралуу укмуш маалыматтар журналисттердин колуна түшүп калган.
Германиянын гезиттеринде Россиянын мурдагы президенти ар кайсы кыздар менен сексуалдык жашоодо жашап, өзүнүн жубайы Людмилага абдан катуу болгон деп жазылат. Мындай документтер Эрих Шмидт-Энбоом тарабынан прессага берилген. Аталган маалыматта Людмила Путина өзүнүн котормочусу Ленхенге Путиндин ага көрсөткөн зордук-зомбулугун кошо айткан. Прибалтикалык котормочу айым Людмиланын жакын курбусу болгон. Ошондуктан, алардын Раденбергер-Штрассдагы батирине байма-бай каттап турчу. Төшүнүн чоңдугунан "Балкон" атка конгон Ленхен Людмиланын коргоочусу болумуш болуп, анын ичиндеги сырларын билип алган дагы гезитке чыгартып койгон. Учурда Ленхен Германиянын түштүгүндө жашайт. Путин өзү бир нече жолу жоро-жолдоштору менен отурганда:"Людмила менен үч жума жашаган адамга эстелик орнотуп коюш керек", - деп айткан экен.


Өнөрлүү өлбөйт
Атайга Голливуддуктар "куда түшүп" атышат
Братиславадагы өткөн сынактын жеңүүчүсү, биздин бийчи Атай Өмүрзаковду голливуддуктар жактырып, аны ишке чакырышты. Бул тууралуу бийчи өзүнүн интернет сайтка берген маегинде айтып кетти: "Голливуддун таланттарды элге таанытып, жүзүн ачкан компаниясы бирге иштешүүнү сунуштады. Компания мага продюсерлик кылгысы келип атат. Мындай сунуштар көп болуп жаткандыгына байланыштуу, азыр ойлонуп атам", - дейт бийчи. Атайдын айтымына караганда, биринчи жолку сунушту чехиялыктардан алган. Калыстардын бири Атайдын Чехияда калуусун сунуштаган. Бирок, 2-3 ай ал жакта иштээрин айтты.


Акчаны декабрда санайбыз
Каримов менен Назарбаевдин кыздары эң бай адамдардын катарына киришти
Швейцариянын "Билан" журналы салттагыдай декабрдагы санын Швейцариядагы байларга арнады. "Былтыркы жылдын эсебинен эң бай 300 адамдын арасында Өзбекстандын жана Казакстандын президенттеринин кыздары да бар эле. Быйылкы жылы да алар бай адамдардын катарын толукташууда",- дейт "Билан" журналы. Гүлнара Каримова быйыл өзүнүн сиңдиси менен үчүнчү орунда турат. Алар былтыркы жылдын эсебинен 200 миллион долларын жоготсо да, 1 миллиард доллары менен алдыңкы орунда турат. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева да Швейцариядагы эң бай адамдардын алдында турат. Динара күйөөсүнүн фамилиясына өтүп алган. Динара жолдошу менен Казакстандын улуттук банкынын негизги акционерлери. Өз кезегинде Кулибаев нефть бизнеси аркылуу капчыгын калыңдатып алып, 2011-жылдын апрель айынан тарта 80 миллиард долларлык Самрук-Казына холдингин башында турат. Баарын чогултканда, Кулибаевдердин үй-бүлөсүндө 4-5 миллиард доллар бар деп атышат.


Оп, баракелде-е, кимдин уулу болду экен?!
Нурлан Алишеров тиши
менен 2 самолётту сүйрөдү
Нурлан Алишеров тиши менен эки самолёт сүйрөдү. Кызматташуу жана өнүктүрүү фондунун директору Максат Чакиевдин маалыматында, "Манас" аэропортунда Ташчайнар атка конгон Нурлан Алишеров 24 тонналык Ан-24 самолётун 4 метрге сүйрөдү. Ошол эле учурда 34 тонналык Ту-134 самолётун 4 сантиметрге сүйрөгөнүн белгилеп кетти. Аталган учактар "Кыргызстан" авиакомпаниясы тарабынан алынып келинген. Нурлан Алишеров өзүнүн кылган ишин КРнын президентинин инаугурациясына багыштаарын айтты. Белгилей кетсек, Ташчайнар буга чейин "Ала-Тоо" аянтында 12 тонналык автобусту 33 метрге сүйрөгөн. Андан сырткары, 60 секунддун ичинде тактайга урулган 20 мыкты тиши менен сууруган. 93 секундда 50 грек жаңгагын тиши менен чаккан. Столдо отурган адамды 120 метрге чейин тиши менен көтөрүп барган.


Сайра Сопушева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??