п»ї
 Таанышуу жарыясы


Миргүл Исмаилова:
"Классташ балдарымды сабап, "чоң муштум" аталгам"
Өнөрүң болсо өргө чап демекчи, анча-мынча мырзаларыбыздан кем калышпай,спорт чөйрөсүндө эркин күрөш боюнча өзүнүн өнөрүн көрсөтүп келе жаткан татынакай Миргүл аттуу эжебиз биз менен маек курду.
- Миргүл,спортко аралашканыңызга канча убакыт болду?
- Мен кичинемен эле 5-класска чейин классташ кыздарды, ал гана эмес балдарды да сабап, чоң муштум болчумун. Жогорку окуу жайга тапшырганда, жеке эле окуу менен чектелбестен, ар кандай ийримдерге катышсам деп жүрүп, эркин күрөшкө келип калгам.
- Кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?
- 2007-жылы Кыргыз Республикасынын айымдар арасындагы эркин күрөшү боюнча жеңүүчүсүмүн. Өлкөбүздө болгон бардык мелдештердин байгелүү орундарынан түшпөй келем.
- Спортто жүрүп канча жаракат алдыңыз?
- Эми жаракаттарымды айтсам көп. Буту-колумдун манжалары чыгып кеткен күндөр көп эле болгон. Эң акыркы жаракатым бутумдун тизеси чыгып, көпкө жүрдүм. Дагы бир жаракатым мелдешүүгө 3 күн калганда колумдун манжасы чыгып, машыктыруучум катуу таңып берип, анан чыккам .
- Катылган эркектердин катыгын катуу эле берсеңиз керек?
- Бир жолу машыгуу учурунда машыктыруучудан эптеп суранып жолугушууга шашып бара жатсам, жолдон бир аз кызуу, жашы өтүп калган киши: "Сиз менен таанышып алсам болобу?" - деп тийишип, жол бербейт. Мен болсо эмдигиде деп эле кетип бара жатсам колдон кармады. Мен аны өзүмө тартып туруп, көтөрүп чапсам, эки буту көтөрүлүп туруп, түшүп калды. Өзүм тийишпейм, бирок тийишкен кызы болобу, эркеги болобу, катыгын өздөрүнө жараша берем.
- Үйүңүздө спортчулар барбы?
- Үй-бүлөмдө спортчулар деле жок.
- Өзүңүздүн кесибиңиз эмне?
- Кесибим финансист.
- Мелдешке чыгарда кандай ырымдарды колдоносуз?
- Мен ар дайым өзүмдү токтоо кармап, "мен утушум керек, алар деле мендей, бирок мен күчтүүмүн" деп анан чыгам.
- Канча жолу утулдуңуз эле?
- 2 жолу утулгам. Салмагымды түшүрөм деп 7 килограммды 3 күндө түшүргөм. Алым кетип калса керек, ошондо 3-орун болгон эле. Ал эми андан кийинкиси дзю-до күрөшүндө болгон.
- Утулган спортчулар мелдеш бүткөндөн кийин жабык рингде мушташат экен го. Сизде мындай учурлар болду беле?
- Жок, эч качан мындай утулмак эмесмин деп өкүнгөнүм болгон эмес. Атаандаштар менен ар дайым саламыбыз түз.
- Кыздар фигурасын бир калыпта кармаш үчүн диетага отурат эмеспи, сиз диета кармайсызбы?
- Эми диета боюнча айтсам, өзүм арык эле кызмын, диетага отуруп жүргөндө, 68 килограмм болуп дайыма эле семирип кеттим деп тамак аз ичип, 2 маал машыгып турчумун. Эртең менен кечинде чуркап турчумун. Азыр болсо, тескерисинче, бир аз толсом деп жүрөм.
- Бир күндүк убактыңыздын канча бөлүгүн спортко жумшайсыз?
- 2-3 саатын. Спорттук жашоону мен такыр башкача көрөм, анткени, ошол жактан азыркы досторду, ошол жактан сыйлап, колдоп турчу кишилер менен жолугуштум десем болот.
- Азыркы учурда эмне менен алексиз?
- Азыр жеке фирманын "финансисти" болуп иштейм.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??