Иним экөөбүзгө бир катын.. .
:Жанызак@басма
(Башы өткөн санда)
- Эмне кылайын, жумуш жок, - деди Муса жер карап.
- Сен баланы бак, мен өзүм иштеп келейин.
- Сага эле иш жолдо туруптурбу?
- Издейм да.
- Башты оорутпачы, кыз-пызың менен ишим жок!
- Никесиз кызыбыз турат, эптеп молдого нике кыйдырсак болот эле.
- Нике кыйдырганда эле эмне өзгөрүп кетмек эле, төрө дедим беле, тийериң менен боюңа болтуруп алган өзүң, мага баланын кереги жок, каалаганыңды кыл! - деп Муса кетип калды.
- Акмак, убалым жетсин, баланын кусуру урсун! - деген Жайлоокан буркурап ыйлап жатканда, Аида менен Алида эки жагынан чыгып:
- Апа, ыйлабачы, бөбөгүбүздү өзүбүз багабыз, сен иштеп келесиң ээ, анан акча табасыз.
- Ооба, биз Аминаны карайбыз, - деп апасын сооротуп жатышты.
Жайлоокан кыздарын кучактап, алмак-салмак өөп, үнсүз көз жашын көлдөтүп турду. Жүрөгү сыздап, оопасыз тагдырына кейип, али ак-караны тааный элек секелектеринин бактылуу балалыкты сезбей, эмитен ойлогону акча табуу, кардын тойгузуу болгондуктан, ичи сыйрылып турду. Акыры айласы куруганда, эки кызын бир жерге отургузуп, өзү алардан өйдөрөөк отуруп алып кайыр сурамак болду. Ошентип, батирине дагы, ичкен жегенине дагы таап оңуп калды. Ал балдары үчүн уятты да унутту, адегенде тааныгандардан корунуп, уялып жүргөн, акыры турмуш аны баарына көндүрдү: "Күйөрүм, калкалап аларым болбосо кантем, пешенем ушул болсо көрбөскө аргам барбы?" - деп ойлонуп алды. Бир күнү базардан өтүп бараткан Муса аларды көрүп кечинде батирине келди.
- Эмнеге келдиң? - Жайлоокан аны босогодон киргизбей көкүрөккө түрттү.- Жогол, болбосо элди жардамга чакырам.
- Эмне, кызым үчүн келсем болбойбу?
- Сенин кызыңбы, мага кыздын кереги жок дебедиң беле?
- Ачуу келгенде айткамын да, же жумуш жок өзүм кыйналып жатсам акча тап, акча тап дейсиң, кечир эми Жайлоокан, эптеп оокат кылып, кыздарым менен жашайлы, - деп Муса таптакыр болбой жалдырап туруп алды, - Эч кимим жок, кызым экөөңөрдөн башка менин күйөрүм жок, Жайлоо.
- Ошону билет экенсиң, байкап сүйлөбөйт белең? - Жайлоокан жумшара сүйлөдү, - Никесиз төрөгөнүм аз келгенсип, кайра кызым эмес деп күйгүзгөнүңчү.
- Кечир, эки бакыр, бир тукур болуп жашайлы, - деп башын жерге салып турган Мусаны Жайлоокан аргасыз ичке киргизди. Мурдагыдан жеген-ичкендери оңоло баштаган, дасторконунда баары бар, бир гана үйү жоктугу. Таң заардан эки кызын ээрчитип, Аминасын көтөрүп кызматка барчудай жөнөшөт. Мусага ишенип калган, өзү ээрчитип барып нике кыйдырып жашап жатышты. Муса алардын акчасына гана карап жашап жүргөнүн ал билбеди, эки жылдан кийин эми үй алганы турганда кокусунан түндөсү Муса каткан акчасын алып жолуна түшкөнүн эртеси билип сыздап жатты.
- Кудай гана бардыр акмак, атайын акча үчүн эле жүргөн тура, кудайдан жеткир!
- Апа, ал жаман киши экен, эми үй албай калабызбы? - деди Аида томсоро.
- Биз дагы иштеп табабыз, апа, ыйлабачы апа! - деп Алидасы бир жагында.
- Садагаларым десе, кантейин эми, ушу силерди дагы окута албай калдым, мына бул жалаңкычтын атасына кайдан да жолуктум экен, - деп Аминаны жаман көзү менен карап, ыйлаганына карабай отургузуп койду, негедир мурдатан эле ушул кызын ичинен жакшы көрчү эмес, куду атасына окшоштугун айтпа: "Ушуну төрөбөсөм да эки кызды оңой багып алат элем, атасынан жакшылык көрбөгөн ушундан көрмөк белем", - деп жаман көрө баштады. Өзүнүн жетим өскөнүн эстегенде жүрөгү сыздап алат да, жарым жашар кызын алдына алып керээлден-кечке ары өткөн бери өткөндүн аягын санап отурат, суукта отура албай кээде чыкпай калат. Эки кызын аяйт, жаштайынан ысык-суукту көрүп калган Аида менен Алида тыкылдап тың болду. Эч нерседен тартынышпайт. Адамдарга карап экөө жалооруй акча сураганга абдан көнгөн, акчаны да жакшы санап калышкан.
- Апа, - деди Алида бир күнү, - Мен акчаны көп таптым бүгүн, мына, бул акчаны бир байке берди, - деп беш жүз сом карматты.
- Кудай жалгасын, бизге боору ооруса ага кудай берсин, - деди Жайлоокан ойлуу. - Биз дагы адам болорбуз, силерди чоңойтуп алсам баары унутулар, - Оор улутунуп алды.
- Апа, капаланбачы ээ, биз Алида экөөбүз сени эч качан капа кылбайбыз, - деп Аида апасын эки бетинен чоп-чоп эттире өөп койду.
- Садагаларым десе, менин кубаттарым, - деп экөөнү эки жагына алып өөп уктап жаткан Аминаны карап койду, - Амина чоңойсо эптеп акча жыйнап үй алып алсак, силерди жок дегенде тамга таанытып койсом…
- Апа, мен билем да, Алиданы мен үйрөтөм.
- Садагам десе, макул сиңдиңе үйрөт, - деп кечки тамакка камынып калды, Амина басып чала-була сүйлөп калган. Ал өтө тентек, эмитен өзүмчүл, кыялы чатак. Бала болсо да өз буюмун тааныгандан баштап эчтемесин карматпай чырылдап ыйлап калат. Эжелери көтөрүп сооротмок болсо, чачынан жулуп, бетин тытып чырылдап ыйлай берет. Убакыт өткөн сайын кыздары чоңоюп, кийим-кечеси менен батирине жетип эптеп жашап жатты, же соода жасаганга ылайыктуу акча чогулта албады. Аида он-он үч жашка чыкканда кайыр сурагандан тартынып чыкпай калышты. Амина такылдап чоңоюп калган, керээли-кечке базардан жүгүрүп акча табат, Алида отуруп сурайт. Жайлоокан өзүнө ылайык жумуш издеп жүрүп, пирожки бышырганга орношту. Ошол жерден бир адамга жолукту, ал дагы үй-бүлөсүнөн ажырашкан Айбек деген неме, базардагыларга товар жеткирип берип турчу.
- Жайлоокан, экөөбүз үйлөнүп алалы, - деди ал бир күнү, - Жалгыздык жаман экен, көптөн бери күнүмдүк жашоонун аракети менен өзүмдүн ким экенимди дагы унутуп бараткансыйм.
- Болбойт го, менин үч кызым бар, алардын кем-карчын толуктоом керек, жалгыз эмесмин да, сиз үчүн деле ушунча бүлөнүн жүгүн алыш өтө кыйын болор дейм.
- Экөөбүздүн көз карашыбыз түз болсо башкасы эч кеп эмес.