п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Пайдалуу кеңештер

Күнүмдүк керектөөлөрдө адам көптү билсе да, дайыма жөнөкөй эле бир нерсеге муктаж болот. Ар кандай учурлардагы муктаждыктарга кээ бир кеңештерди жазууну туура көрдүк.
Денедеги Көктү кетиребиз
Жашоо, турмуш ар кандай болот эмеспи, бир күнү күлсөң, экинчи күнү ыйлайсың дегендей. Кээ бирде жашоодо биз күтпөгөн окуялар болуп кетип, жаракат алган учурлар кездешип калат. Майрамдагандын эртеси жигиттер биринин көзүн бири согуп атып, эртеси көпкөк болуп эле чыга келет. Илимде мындай жаракатты гематома деп атайт. Ал көк акырындык менен өзүнүн өңүн өзгөртүп, сарыгып ага баштайт. Кийим кийгенде билинбей кала турган дене көгөрсө го жакшы. А кокус көз же бет көгөргөн болсо, тирүүлүктүн тозогу ошо. Көчөдөн жолуккан адам башкача көзү менен карап, ыңгайсыз абалга калтырат.


Дененин көгөргөнүн кантип эрте кетирсе болот?
Биринчиден, көзгө же башка жакка сокку урулары менен эле музду же башка абдан муздак бир нерсени жарым саатча кармап туруу керек. Мындай учурда муздаткычта турган эт, клеёнка баштыкчадагы жашылча же муздак компресс жакшы жардам берет. Көгөргөн жерге коюлган муздак нерсе канды жок кылып, беттин көгөрүшүн да жок кылып коюуга жакшы. Бирок терини кату тоңдуруп алуудан абайлашыңыз керек. Эгер көгөрүп калган болсо, сормо компресстер менен же массаж менен жок кылууга болот.


Элдик медицинада көгөргөн жерди кетирүү
Жаңы эле жабыр тарткан болсоңуз, йоддон сетка кылып тарта койсоңуз жакшы.
- Алоэнин жалбырагын так ортосунан кесип, аны пластырга жабыштырып чаптаса да көктү кетирет.
- Кадимки биз тамакка колдонгон петрушка чөбү да көгөргөн жерге жакшы. Муздаткычтын эң күчтүү жеринде турган тоңгон петрушканы кубик түрүндө кесип алып көгөргөн жерге бассаңыз, сыя көк өңгө чейин барбайт.
- Жаңы эле көгөргөн жерге жаңы капустанын жалбырагын бир аз жанчып туруп басса да жакшы.


Укроптун медицинада колдонулушу
Укроп чайы
Укроптун бир чай кашык уругуна кайнак сууну куясыз дагы (1 чай кашык укроптун уругуна 1 стакан суу), 5-10 мүнөткө тыныктырасыз. Чай даамына жакшы чыгыш үчүн укроптун уругун жанчып алсаңыз болот.
Көздү жууганда
колдонсо болот
2 стакан сууга 1 чай кашык укроптун уругун салып, 10 мүнөт кайнатасыз. Анан жылымык кылып алып көзүңүздү жууйсуз. Бул көздүн көрүүсүнө пайдалуу.
Жашаруу үчүн колдонуу
Малинанын, карагаттын жалбырагын алып, бир чай кашык укроптун уругуна алманын кагын жанчып алып, бир литр сууга кайнатып, он мүнөт тыныктырасыз. Муздаган соң бир стакандан ач карын ичип туруңуз. Мындай кайнатма болочок энелер үчүн өтө пайдалуу.




Көздүн линзалары
Уялган кыздар, линза тагынгыла
Буга чейин көзү начар көргөндөргө бир топ кыйынчылыктар болчу. Көз айнек тагынганы тагынып, уялганы үрүл-бүрүл көрсө да тагынбай кете беришчү. Айрыкча, кыздардын көпчүлүгү көз айнек тагынгандан уялышат. Чынында, кээ бир учурларда көз айнек менен жүргөн да ыңгайсыздыктарды туудурат. Көз айнекти унутуп бир жерге таштап койсо, бирөө тебелеп, сындырып салышы ыктымал. Азыр мындай чоң маселени унутуп, жөнөкөй жол менен чечүүгө болот.


Линзанын жакшы жактары
Көрүү үчүн линза тагынып алсаңыз, сиздин көзүңүз начар көрөрүн эч ким байкабайт. Кыздар макияжын даана көрсөтө алышат. Көз айнектен айлана-чөйрөдөгү нерселерди башкача көрсөңүз, линзадан кандай болсо, ошондой көрөсүз. Андан сырткары, муздактан жылуу жерге киргенде көз айнек буулана турган болсо, линза бууланбайт.
Линзаны сатып алардан мурун, офтальмологго кайрылышыңыз керек. Офтальмолог сиздин көзүңүздүн көрүүсүн текшерип, линза тандап берет.
Ал абдан эле жука жана көзгө аба киргизип турат. Күн сайын алмаштырып туруучу да линзалар болот. Мындан тышкары, 3 жумалык жана 3-4 айга чыдай турган линзалар бар. Булар сапаты жагынан мыкты болуп, көздү көп оорутпайт.
Линзаны чечкенден кийин, аны столдун үстүнө ыргытып жибербей, акырын өзүнүн атайын жууй турган суусуна салып коюңуз. Буларды атайын контейнерге сакташыңыз абзел. Антпесе, ар кандай чаңдар кирип кетип, көзүңүздү өйкөйт.

Көзгө линзаны саларда колуңузду таза жууп алышыңыз керек.
Түстүү линзалардын жардамы менен көзүңүздүн өңүн өзгөртүп алсаңыз болот.
Кыздар көбүнчө көйнөгүнүн өңүнө жараша тандап, кеченин ханышасы болуп жүрүшөт.


Линзанын жаман жактары:
Өспүрүм балдар линза тагынганга болбойт. Себеби, алар чаң колдору менен линзаны тырмап жибериши мүмкүн.
Кээ бир линзалар көздөн түшүп кетиши ыктымал. Ошондуктан, абайлап жүрүш керек.
Линзаны абайлабаса, көздүн артына өтүп кетиши ыктымал;
Көзгө да жабышып чыкпай калышы мүмкүн.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??