п»ї

  Обон почта

ОП-196-01. Ильяздын табышмагына жооп: 64 миң бычак бар! 0555663277
ОП-196-02. Апам Чынаранын 7-декабрь туулган күнү менен куттуктайм! Сиздин мага деген энелик мээримиңиз чексиз! Бул дүйнөдө эч качан жамандык көрбөй, дайыма биздин маңдайыбызда азыркыдай жылмайып жүрө бериңиз. Билесизби, мен сизди ушунчалык жакшы көрөмүн. Керек болсо, сиз үчүн өз жүрөгүмдү өзүм сууруп берүүгө да даярмын! Апакебай, ар дайым аман болуп, ден соолугуңуз чың болуп, узак өмүр сүрүп жашаңыз! Жиза
ОП-196-03. Бексултан үкөмө: Бүгүн сенин туулган күнүң куттуу болсун! Башыңа ар дайым бакыт консун! Ар убакта ата-энеңди сыйлай турган, Үлгү сымал акылдуу адам болгун! Туулган күнүң менен куттуктаймын! Ар дайым бар бол! Элдияр 92
ОП-196-04. Талас областынын Бакай Ата районунда жашап жаткан Нарыбеков Султанды аябай жакшы көрөмүн! 0555087ххх
ОП-196-05. "Обон!" Валерий Меладзе жөнүндө жазгылачы! 0555025ххх
"Обондон" жооп: Толук аты-жөнү-Валерий Меладзе. Ал 1965-жылы 23-июнда инженерлердин үй бүлөсүндө туулган. Мектепте жаман окуса да, өзүнүн кызыкчылыгын көздөчү. Ал чыгармачылыкка баш-оту менен киришип, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 1989-жылы үйлөнүп, бирок кандайдыр бир себептерден улам, аялы менен ажырашып кеткен.
ОП-196-06. Салам! ЭсТ1-10 группасына салам! Группалашыңар Элдияр 92
ОП-196-07. Сен менин баламсың. Бирок, мен сенин апаң эмесмин деп "мышык" айткан! 0778245ххх
ОП-196-08. Айткылачы, кыргыз калкым! Канткенде биригебиз? Канткенде бирдиктүү мамлекет болобуз? Золушка
ОП-196-09. Кенже Дүйшеева, сиз эң бактылуу энесиз! Мен сизди асмандагы айга теңейм! Сиз эң таланттуу ырчысыз! Чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм! 0773056ххх
ОП-196-10. Табышмактын жообу: атасы айтат! Бекжан
ОП-196-11. Жактырдым мөлтүр булак сезим менен! Сүйүүмдү айталбадым сөзүм менен! Жашоодо ашык болдум бир өзүңө, Өкүнөм сени көрбөй жүргөнүмө! Айганыш
ОП-196-12. "Обон!" Силер-суперсиңер! Ишиңиздерге ийгилик! Ар дайым бар болуңуздар! 0707774ххх
ОП-196-13. "Обон!" Айгерим тууралуу жазгылачы! Күйөрманы Айнура 98
"Обондон" жооп: Айгерим Расул кызы 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Жылдыз белгиси-тараза. Хоббиси-ыр, бий, кийим тигүү. Эңсегени-кыргыздын керегине жараган инсан болуу. Жакшы сапаты-боорукер. Адамдагы баалаган сапаты-чынчылдык. Эсте калган жакшылыгы-жеке концертинде элден алган ак батасы. Баалаган саясатчысы-Чолпон Баекова. Жалган сүйлөбөйт, ошол себептен ушак айткан адамдарды жек көрөт.
ОП-196-14. Эрлан берген табышмактын жообу: Атасы болот! 0772711ххх
ОП-196-15. Алоолоп жүрөгүм оттой күйөт, Эгер мен сени көрбөй калсам. Сенден башка кимге айтам арманымды, Марипа, жүрөккө сен от салганыңды. Үйүңө барганда махабатка малынып, Билбедиңби сени сүйүп калганымды. 0778735ххх
ОП-196-16. Бул сөздү атасы айтып жатат. 0779556ххх
ОП-196-17. Салам, ою бийик "Обон" гезити! Мен, апам Гүлима, келинчегим Элвирага салам жолдойм! Силер менин ыйык адамымсыңар! Таш-Көмүрдөн Мелис
ОП-196-18. Жасалгалары менен боз үйлөр сатылат! 0779734ххх
ОП-196-19. Салам, "Обон"! Супер сулуу-2011дин катышуучусу Жайнагүл жөнүндө жазгылачы! Муса
ОП-196-20. Арман, арман, сүйгөнүмө сүйүүмдү айталбадым. Кантип айтсам болот! Кеңеш бергилечи? Айганыш
ОП-196-21. Жазел эже, Элдияр, Бабник 94, өнөрүңөр өркүндөй берсин! Айжылдыз 94
ОП-196-22. Нурайка, туулган күнүң кут болсун! Кош ак куудай көлдөгү, Кызгалдактай белдеги. Жаш жубайлар экенсиң.Колуң жайгын канакей, Бата берем мынакей. Дөөлөттүү, малдуу болгула! Кыл өтпөс таттуу болгула! Ата-эне, бир тууганды сыйлаган, Эл-журт үлгү тутарлык, жаштардын асты болгула! 0558088ххх
ОП-196-23. Мезгил өтүп, кыш келди! Кар жаады. Үшүтүп адамзатты, бак-даракты! Эх, чиркин! Бирок кандай таза абасы. Кыш мезгили керемет билсең карачы! Айлана ак тон кийген жарашкан. Балдар ойнойт киши жасап кардан. Сагынамын ошол бала кезимди, Киши жасап ойногон кардан. Эркин
ОП-196-24. Менин өмүрлүк жубайым Нурайымга арналат: Торолдуң ата-энеңдин сүйүүсүнөн, Жыты синген кызыл гүлдүн бүрүнөн. Жаратканым берсин сага ден соолук, Ооруба, саксаламатта жүргүн дайыма! Жетинин айынын жыйырма үчү туулган күнүң менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Нурайка, келди жашың он алтыга, Бактылуу болуп жүрө берчи жанымда. Жаратканым тартуу кылган кызым Гүлазымга, Энелик мээримиңди төгүп дайыма! Эркин
ОП-196-25. Ассалому алейкум кыргыз журтум! Сагынычтан салам айтам элиме, Алыстабай кайра келдим сиздерге. Жүрөгүмө толуп кетти сүйүү деми,Арнап жазам ырларымды силерге. Мезгил келди ыр жазайын кайрадан, Жазылбай канча ырлар айрылган. Кантейин талантым бар, таанышым жок! Чымыным бар, канаты жок! Айла канча жазамын ырларымды "Обонтайга". Терең урматым менен Эркин
ОП-196-26. Сиңдим Шайырбек кызы Айгеримди 2-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Таята-таенелери, эжелери жана тайкелери. Бема
ОП-196-27. Нурлан Насипке арналат: Сагынып санаада жашап келемин, Санааркап жолуңду карай беремин! Карааның азаптан алганда мени, Жүрөгүм сени сагынуу менен!
Айнура, Ош
ОП-196-28. Нурлан Насипке: Күн санап өмүр сызып барат, Арзуулар өзүнүн ээсин табат. Кыялдар издеп сага шашат. Күндөрүм өмүрүмдөн өзгөчө качат! Айнура, Ош
ОП-196-29. Нурлан Насипке: Садагам, ай-күнүм, ардагым, Арнадым мен сага баарысын. Арзуум, асманым, ардагым, Кыялым жан дүйнөм сага баарысын. Өмүрүм, кубатым жана дагы, ак сүйүүм, махабатым да сага. Айнура, Ош
ОП-196-30. Анжелика эже, менин чыгарган ырларымды ырдап чыгууга жардам бере аласызбы? 0773626ххх
ОП-196-31. Асманда булут, жерде кар, Учайын десем жерим тар. Алыста жүргөн өзүңдү, Бир көргөнгө көзүм зар! Нуричка
ОП-196-32 . Сүйүүмсүң бул жашоодо сен менин, сүйөм сени өмүрлүккө сүйөмүн! Марипа, ачыгын айтсам сүйгөнүм! Жүрөгүм эзилип бир гана сени сүйөт! 0778735ххх
ОП-196-33. Арман ойго салып мени кыйнадың, Сен деп соккон жүрөгүмө ыйбадың. Отко салып күйгүзгөндө сен мени, Марипа кечирип кой сени сүйгөн күнөөмдү! 0778735ххх
ОП-196-34. Дайыр Исмадияров, сиз менин кумиримсиз! Кандайсыз, ден-соолуктарыңыз! Клара 96
ОП-196-35. Медляк жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы! 0777199ххх
ОП-196-36. Аксы районуна караштуу Кара-Төбө айылында жашаган Тайырбекова Элнура, сени сүйөм! Унутпа, жаным! Азият
ОП-196-37. Бактыгүл Бадыева эжебиз жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы! Эмнеге көрүнбөй калды? 0779413ххх
ОП-196-38. Салам! Мен Арзыбай Өмүрзаков атындагы 8-"А" класска салам жолдойм! Акылбек кызы Бегимай
ОП-196-39. Салам, "Обон!"Мага Ким Чан Жи жөнүндө маалымат бергилечи сураныч! 0773254ххх
ОП-196-40 Марипа: Неге мынча сыр бербейсин, Жүрөк сырын же билесиң же билбейсин! Сезип туруп сүйөрүмдү өмүрлүккө, Көзүң салып, көңүл буруп не келбейсиң? 0778735ххх
ОП-196-41. Өчкөн үмүт, өчкөн өндүү жаңыдан. Элесиңди күндө эстеп, тумар кылып тагынам. Айзат 95
ОП-196-42. Салам, "Обон!"
Папанов Ариетти тааныгандар болсо... 0778644ххх
ОП-196-43. Ат-Башы районунун Бирлик айылынын тургуну Бекбонун 30-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Окууларыңа ийгилик, ден-соолукта бол! Ата-энеңди жана бир туугандарыңды сыйлаган ыймандуу жигиттерден бол! Ата-энең жана бир туугандарың!
ОП-196-44. 1600 бычак бар. 0707111ххх
ОП-196-45. Бар болгула менин сүйүктүү туугандарым! Салам айтам бардыгына мен ар дайым! Чын ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, дүйнөдөгү жакшылыкты силерге арнайм! Элдияр 92
ОП-196-46. 64000. 0553200ххх
ОП-196-47. Айрылыштык жалбырактар саргайганда, Сен кеттиң узак-узак сапарларга. Буулугуп унчукпастан тура бердим, А сен болсо кете бердиң алыстарга. 0779650ххх
ОП-196-48. Жүрөгүм толкуп-ташып ойлор учат, Ошол ойлор учат улам сага карап. Оюмдан кетпей койдуң менин, жаным, Сагындыңбы, ойлодуңбу мени самап! 0779934ххх
ОП-196-49. Сагынам сенин сулуу жамалыңды, Мен деп соккон жүрөгүңдү, карааныңды. Ашыктык деңизине малынып, Сени чындап сүйөмүнбү же арбалдымбы? Саку
ОП-196-50. Ичтеги арманымды ката албайм, Бирөөгө айтам десем айта албайм. Ошондуктан урматтуу "Обонушка", Арманымды сиздерге жаза баштайм! Саку
ОП-196-51. 64000 бычак. 0778777ххх
ОП-196-52. Апама: Атам менен биргелешип өмүр сүрүп, Карылыктын кадырын көрөсүз дейм! Жашоомо күндөй жарык берип турган, Кудайымдан бакытты тилеймин мен! 0779346ххх
ОП-196-53. Табышмактын жообу: 64миң бычак. Айтбаев
ОП-196-54. "Обончик!" Мага "Жумонг" сериалындагы Жумонг жөнүндө маалымат берип койгулачы? Айгүл 96
ОП-196-55. Сүйүү деген адамга дем-күч берген, Мен дагы бир сулууну сүйгөн элем. А бирок ал мени сүйбөй кетип калды, Арман болуп жүрөгүмдө кала берген! Элдияр 92
ОП-196-56. Баткен шаарынын Ленин мектебинде окуп жаткан 9-"Д" классына салам! Мен силерди жакшы көрөм! 0773965ххх
ОП-196-57. Сүйүү деген асмандагы абадай, Ыйлайм, сыздайм энеси жок баладай. Эгерде сенин сүйүүң мага арналса, Мен сүймөкмүн эч нерсеге карбай. Гүзел 91
ОП-196-58. Кел, жаным, сүйүү бойлой басалычы, Бук болгон көңүлдөрдү жазалычы. Сүйүүбүз суудай тунук болуш үчүн, Тез-тезден жолугушуп туралычы. Гүзел 91
ОП-196-59. Жазел 90. Көздөрүң жаккан шамдай балбылдаган, Канча адам ашык болуп суктанбаган. Сендей жанды алып келген бул өмүргө, Суктанткан сени тапкан кандай адам? Гүзел 91
ОП-196-60. 64000 бычак. 0771412ххх
ОП-196-61. Анекдот: Күйөөсү сапардан келе жатып бир немец ымыркай ала келет. Аялы: - Сага жин тийгенби? Өзүбүздүн эки баланы бага албай жатып, бир немецтин баласын эмне алып келдиң?
Анда күйөөсү: -Койчу эми, ушинте бересиңби? Чоңойсо балдарга немец тилин үйрөтөт. Гүзел 91
ОП-196-62. Оо, достор! Мен бирөөнү чындап сүйүп калдым! Жалал-Абаддан Айзат 95
ОП-196-63. Апа, 5-декабрь туулган күнүңүз менен! Ар дайым бар болуңуз! Кызыңыз Чолпон
ОП-196-64. Салам, "Обон!" Баткендеги сүйүктүү ата-энеме сагынычтуу ысык салам! 0777815ххх
ОП-196-65. Саламатсыздарбы, "Обон!" Мага Сайкал Садыбакасова жөнүндө жазгылачы. Айпери
"Обондон" жооп: Толук аты-жөнү-Садыбакосова Сайкал Эргешовна
Туулган жылы-1992-жыл. Кичи мекени-Ноокат району. Хоббиси-машина айдоо. Бош убактысында-обон чыгарат. Баалаган инсаны-Чыңгыз Айтматов
ОП-196-66. Салам, "Обон!" Канат Кадыржан жөнүндө маалымат берип койгулачы, суранам силерден! 0779186ххх
ОП-196-67. Алтындай болгон сүйүктүү сиңдим Айгеримдин 12-декабрь туулган күнү менен куттуктайм! Ар дайым бактылуу бол! Окууларыңа ийгилик каалайм! Ата-энеңдин сүйүктүү эрке, акылдуу кызы болуп чоңоё бер! Кыргыз элиңдин керегине жараган кыздардан бол! Бир тууган эжең Арууке
ОП-196-68. Омар байке, мен сизди өмүр бою сүйүп өтүүгө даярмын! 0552278ххх
ОП-196-69. Билем, жаным, сен менден алыстасың, Кыялымда сен менин жанымдасың. Сакталып жүрөгүмдө өмүр бою, Марипа, сен жашайсың! 0778735ххх
ОП-196-70. А. Табылдиев мектебинде окуп жаткан 11-класстын окуучуларына чоң салам! Өмүргазиева Айпери
ОП-196-71. Жүрөктүн ачкычын сен алгансыңбы? Билдирбей сүйүү отун салгансыңбы? Сагынам минут сайын Марипа! Байкатпай жипсиз байлап алгансыңбы? 0778735ххх
ОП-196-72. Ойлонуп олтурсам ой да терең, Жүрөк козгоп телефон шыңгыр эткен! Сен экен деп чуркап барсам! Аттиң ай, ал адашкан адам экен! Айганыш
ОП-196-73. Кыз сүйсө айтылбаган арман болот, Айтылбастан жүрөгүңө жара толот. Ал жара кийин жүрөгүңдө муздай тоңот. Айганыш
ОП-196-74. Достор, айткылачы кандай адамдар туруктуу болот? Айзат 96
ОП-196-75. Эгерде мен деп соксо жүрөгүң, Ишенип кой мен да сени сүйөмүн. Азырынча капа болбой жүрө бер. Келечекте болом сенин түгөйүң! Гүзел 91
ОП-196-76. Марипа, армансыз жалыныңа күйдүм го, Сен деп жашап келем безеленип. Жүрөгүм да сени сүйсөм дейт, Түбөлүккө сүйөмүн бир сени. 0778735ххх
ОП-196-77. "Обон!" Пэрис Уитни Хилтондун туулган күнү жана жылы тууралуу маалымат берип коюңуздарчы, суранам! Мээрим
"Обондон" жооп: Аты-жөнү-Пэрис Уитни Хилтон. 1981-жылы 17-февралда жарык дүйнөгө келген. Туулган жери-Нью-Йорк. Кесиби боюнча актриса, ырчы жана дизайнер
ОП-196-78. Ильяздын табышмагы: 64 миң бычак болот! 0779740ххх
ОП-196-79. Менин досум Айзада, сени аябай сагындым. Эгер ушул СМСти окусаң, мага чалып кой. Баткенден досуң Гүлипа 0773676ххх
ОП-196-80. Өткөн мезгил артына кайтпаганын карачы, Бүгүн көргөнүң эртең жок, кубулганын карачы, Аллах берген өмүрдү, кадырлайлы-барктайлы. 0773677ххх
ОП-196-81. Оо, жаным! Мен сени аябай сагындым. Сени көргүм келди! Уктасам түшүмдөн, ойгонсом көзүмдөн элесиң кетпейт. Ширинимсиң, таттуумсуң, сен менин ар дайым эңсеген арзуумсуң,-деп, коён сабизди жеп коюптур. Нази, Кызыл-Кыя
ОП-196-82. Салам, "Обон!"Талас областына караштуу Көпүрө-Базар айылында жашап жаткан жездеме, эжеме жана алардын кичинекей баласы Нурелге салам! Биз силерди сагындык. 0778606ххх
ОП-196-83. 40 бычак. 0770681ххх
ОП-196-84. 82-жылкы ийри-суулук Анарбек, мага байланыш. Динара
ОП-196-85. Раваттык 96-жылкылар, алга! Силерге супер салам! Жаңылай
ОП-196-86. Урматтуу окурман! Мен карышкырдын тарамышын алам! 05581708ххх
ОП-196-87. Сүйүү дүйнөдө бар болсо, мен эмнеге жалгыз жүрөмүн. Бул жашоодо мен дагы бирөөнү сүйгүм келет! А бирок кимди? Зари
ОП-196-88. Ак булутту аралап ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат. Аттиң арман, ошол көлдө мен сүзө албай, Жалгыз калдым мен сага жете албай. Зари
ОП-196-89. Турмуш өтө татаал кубулуш экен. Мен турмушумдун эң бактылуу көз ирмемдерин өткөрүп жатамын. Мен чексиз бактылуумун! Айпери
ОП-196-90. Эжем Анаранын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм! Жездем менен бактылуу болуп, кармашкан колуңуздар эч качан үзүлбөсүн! Кыздарыңыз менен балдарыңыздын таттуу күлкүлөрүнө ортоктош болуп жүрө бериңиз! Гүлназ
ОП-196-91. Салам! Жуманазар, сизди аябай сагындым! Айнура
ОП-196-92. Табышмактын жообу: 64000 бычак. 0556085ххх
ОП-196-93. "Обонтай!" Мага Сергей Лазеров жөнүндө маалымат бериңиздерчи. Жамал
"Обондон" жооп: Сергей Лазеров 1983-жылы 1-апрелде Москва шаарында туулган. 6 жашынын баштап спорт менен машыгып, кийин ал спорт жашоосуна керек экенин түшүнгөн соң, спортко жан дүйнөсү менен бериле баштаган. Ал 9 жашка чыкканда, ырчы болууну самап, бир ансамблде ырдай баштаган. Сергей ошондон баштап көптөгөн конкурстарды багынтып, жеңиштерге жетишкен. Кийин Сергейди ар кандай жарнамалардын бетине түшүп берүүсүн да өтүнүшкөн.
ОП-196-94. Алыс жакка узап кеттиң баралбаймын, Бир өзүңдү сүйсөм дагы жалгыз калдым! Армандуу махабатым неге мынча, Бир өзүмдү ыйлатып сыздатасың! Элдияр 92
ОП-196-95. Салам, "Обон!" Нурлан Насипке чоң салам! Чыгармачылык ийгилик каалайм! Салам, Кыргызстан! Мекку
ОП-196-97. Айнура, мен сени сүйүп калдым. Сага бактылуу жашоо каалаймын! Мен эсиңден чыгарба, суранам! Марат
ОП-196-98. Ат-Башынын Кара-Суу айылынын К. Карпеков атындагы орто мектебинин 11-"Б" классына жана ошондой эле бардык мени тааныгандарга салам! Жаркынай 94
ОП-196-99. Элиза, сени менен өткөргөн айлуу түндөрүмдү эч качан да эстен кетирбейм. Кийинки жолдошуң менен бактылуу бол! Камчы
ОП-196-100. Нурмат Садыров сиздин клибиңиз чынында мыкты тартылыптыр. Сиздин сүрөтүңүздү "Обондун" эң башкы бетинен көрүп алып аябай сүйүндүм! Жазгүл







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??