п»ї
 Таанышуу жарыясы


Азамат Арыков:
"Балам апасынын колунда тарбияланат"
Айзирек: - "Аят" киносунда спортко басым жасайсыз. Спорт менен машыгасызбы?
- Ооба. Спорттун күрөш, бокс түрлөрү менен машыгып келем. Мурун спорттун самбо жагына катышчумун.
- "Шайтан араба" кинотасмасында аябай толук жигит болчусуз? Сиз спортко кызыгасызбы же кинодо роль жаратуу үчүн гана спорт менен машыгып келесизби?
- Кичинемде эле спорт менен машыгып келчүмүн. Кийин "Шайтан арабага" тартыларда көбүрөөк машыгып коюп, сокур ичеги болуп ооруп калгам. Ошондо ортодо эки жыл чамасында спортко тыныгуулар жаралган. Башында катуу машыгып жүрүп, кийин дароо токтотууга туура келгенден уламбы, айтор, толуп кеттим. "Шайтан арабага" тартылып жаткан кезимде 110 кг салмакка чейин баргам.
Алмагүл: - Биринчи турмушуңуздан жолуңуз болбой калыптыр.Келинчегиңиз жалкоо болгондуктан, турмуштун эки башка жолуна түшкөнсүздөрбү?
- Бул нерсе карьерама байланыштуу болуп калды. Азыр балам алты жашка чыгып калды. Жубайымдын колунда тарбияланат. Менин колумдан чоңойгуча, келинчегимдин энелик мээримин көрүп тарбияланса жакшы болот деп ойлойм. Каалаган убактымда барып жолугуп турам. Келинчегим Таластын кызы болчу. Ал чыгармачылык жактан такыр алыс адам. Үй-бүлөсү да чыгармачыл жакка маани беришпейт. Балам келинчегим экөөбүзгө тең окшош.
- Чыгармачыл чөйрөдөн алыс болгондугуна байланыштуу келинчегиңиз менен ажырашкансызбы?
- Ортодо түшүнбөстүктөр болду деп айта албайм. Жашоодо өйдө-ылдый нерсе болот экен. Мисалы, кээ бирөөлөр соттошуп ажырашышат. Бизде андай нерсе болгон жок. Мурунтан эле адамдык мамилебиз жакшы болчу. Азыр дагы ошондой. Болгону мен көп учурларда ар кайсы жактарга кетип калам. Болбосо кыздар менен кинодо роль жаратып же сүрөткө түшүш керек болуп калат. Ошонун баарына чын-чынына келгенде ал чыдай албайт.
- Эгер келинчегиңиз актриса болуп, сиз үйдө олтурсаңыз чыдайт белеңиз?
- Мен да чыдабайт болчумун.
Сайкал: - "Аят- 2" киносундагы сиздин жубайыңыз болуп роль жараткан кыз "Фатима менен Азамат жакын мамиледе экен" деген күбүр-шыбыр айтылып келет?
- Фатима экөөбүздүн башынан эле мамилебиз байке, карындаш катарында. Кээ бирөөлөр "аялы го" деп ойлойт экен. Бул нерсени Фатима актрисалык чеберчилиги менен күчтүү көргөзгөн. Ошондон улам элдер "Азаматтын аялы болот турбайбы" деп ойлоп калышса керек. Болгону бул жерде Фатима өзүнө тиешелүү ролду ишендире жана жеткиликтүү кылып жаратты.
- Жан дүйнөңүздү кейиткен ушактарды уктуңуз беле?
- Жок. Ыйлатып жан дүйнөмдү кейите турган ушактар болгон жок. Болбойт деп ойлойм. Майда-чүйдөлөр айтыла берет. Тескерисинче, сүйүнөм. Демек, мен иш кылып, бир нерсе көргөзүп жаткан турбаймынбы. Ошол үчүн эске алып, оозго алынып жатам да. Анча-мынча тамашалар КВНчилерден чыгып калат."Аят -2ни", "Аял-2" деп тамашалашып. Бул нерсе кара пиар болгон күндө дагы баары бир пиар.
- Кара пиар деп айтып калдыңыз. Крим чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен иштешесизби?
- Жок, андайлар менен иштешпейм. Алар мени чакырышкан дагы эмес. Байланышым жок.
- "Аят" киносунда кафеге кирип, кайра чыгып балдар менен урушуп жатканыңыздагы ролду анча аткара албай койгонсуз. Башкача айтканда, жасалмалуулук болгон. Чыныгы эркектин ролун жарата алган эмессиз?
- Мен ал жерде режиссёрлордун айтканын гана кылдым. Ал жакта режиссёр болгон жокмун. Мага талап коюшту, мен болгону роль жараттым.
Ардак: - Актёрлук билимиңиз барбы?
- Атайын окуу жайлардан актёрлук билим алган эмесмин. Болгону таланттуу байкелерге жолугуп калып, ошолордон сурап же кандайдыр бир ролду бирөө жеткиликтүү кылып аткарып жатса, акырын ошондон үлгү алганга аракет кылчумун. Э. Абдыжапаровдун колунда көптөн бери иштеп келе жатам. Алгач анын жардамчысы болдум. Кийин жылда өткөрүлүүчү "Мастер класс" долбооруна катыштым. "Кантип эле бир жумада үйрөнүп кетсин" деп кээ бирөөлөр ойлошот. Негизи, чын дили менен кабыл алып жаткан адам бир жума эмес, бир саатта да үйрөнүп кете алат. Бүтпөй калган жогорку билимим бар. Бул жактан мага мүмкүнчүлүк болуп, ал окуумду таштоого туура келди.
- Мирлан Абдулдаев экөөңүздөр бир тасмада душман, биринде дос болуп каласыздар?
- Экөөбүз эң жакын достордонбуз. Мирлан орус чалыш, мен кыргыз чалыш.
- Азамат сулуу кыздарды көргөндө?..
- Биринчи кайсыл жеринде су- луулук бар экенин карайм. Балким, кыздын сөйкөсү, чачы, же болбосо дагы башка нерсеси сулуу болот болуш керек. Мүмкүн, туфлиси кызыл калемпирдин өңүндөй болот. Ошондой артыкчылык нерсесин карап, "мунуң сонун экен" деп, тааныша баштамакмын.
- Үйлөнөйүн деген пландарыңыз барбы?
- Сөзсүз түрдө. Жашоонун эң маңыздуусу ошол нерседе. Өзүмдүн артыма туяк калтырып, очор-бачар болуп үй-бүлө кургум келет.
- Кино чөйрөсүндө кыйгач көзү менен сүзө караган атаандаштарыңыз болсо керек?
- Албетте. Менин атаандаштарым көп: Дайыр Абдыкеримов, Жумабеков Камчы, Санжар Абдыжапаров. "Мастер классты" мени менен бирге бүткөндөр-атаандаштарым. Эң негизгиси- Дайыр Абдыкеримов. Ал кино тартты, мен да ага атаандашып, "тартам" деп чыктым. Ал ачылышын кызыл килемдин үстүндө "Манаста" уюштурду. Мен да кызыл килем кылып, Спорт сарайына уюштурдум. Ал үч-төрткө жакын машина, мен отузга жакын машина колдондум. Бул жерде атаандаштык болуш керек.

Жылдыз
Абдыкерим кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??