п»ї

КРнын Эл артисти Тынара Абдразаева:
"Сабатсыз режиссёрлор чыныгы актрисалардан чочулашат"
Театрда таланттын сулуулугу, жумшак мүнөзү адамды өзүнө тартып турат. Бул инсандын аткарган бардык ролдору жугумдуу болуп, өзгөлөрдөн өзгөчө. Ал эми "Аталар керээзи" киносундагы Айдардын апасы эсиңиздедир, окурман. Ошол ролду таасын чагылдырып берген Тынара айымды кепке тарттык.

- Алгач, маданият күнүндө КРнын Эл артисти наамын алышыңыз менен куттуктаймын. Роль жаратууда баарынан эмне кыйын?
- 1979-жылдан бери театрда иштеп келе жатам. Бардык иштин түйшүгү бар. Мен аткара турган каарман дүйнөлүк тарыхый чыгармадан алынса, аны ийне-жибине чейин изилдеп чыгам. Ошол доордо жашап өткөн адамдардын кулк-мүнөзүн, кийген кийими жана чач жасалгасына чейин окшоштурууга негиз коюш керек. Совет доорунда 1 жылда беш спектаклге акча бөлүнчү.
- Спектаклдердин кечээки менен бүгүнкүсүнүн айырмачылыгы?
- Ал убакта, чындыгында, күчтүү режиссёрлор болгон. "Манастын уулу Семетейге" 9 ай даярдык көрүлгөн. Ошол спектакль бышып жетилгичекти сахнага коюлчу эмес. "Олжобай менен Кишимжан" спектаклинде биринчи составда Жамал эже ойносо, экинчи составда мен ойнодум. Ар бир артист өзү ойлонуш керек. Ошол ролду кандай болгон күндө да, бүт күчүн үрөп мыкты ачып бериши зарыл. Ал эми азыр бардык нерсе үстүртөн болуп жатат. Каражат дегенибиз менен улутту сактаган маданият болгондуктан, барктай билишибиз керек. Эгемендүүлүктү алган жылдан баштап актёрлорубуз режиссёр болуп, спектаклдерди коё башташты.
- Азыркы театр сынчыларына, журналисттерге койчу дооматыңыз барбы?
- Биз театрга келген жылдары өзүбүз аткарган спектаклди премьерадан көрчүбүз. Абдразаева мындай ойноптур, бул жерде сөзү жетпей калыптыр деген сын гезит беттерине чыгып кетпесе экен деп коркуп, бүт күчүбүздү жумшап иштечүбүз. Азыркы журналисттердин жазгандары спектакль боюнча көз караш эмес эле, актрисанын жеке турмушун, ойношу барбы же жокпу, төшөгүнө чейин аңтарышат. Себеби, эл ушундай макалага кызыкдар деп ойлошкону менен, тескерисинче, мындай макалалар элдин кыжырын кайнатары түк ойлорунда жок. Ал убакта атайын кино сынчы, театр сынчылар болчу эле. Азыр цензура жокко эсе. Гезиттерге эмес мындай эле сен бул ролду анчейин жеткире албапсың деген сөзгө эле теригишип сын көтөрө алышпайт. "Сууну сиңген жерге төк, сынды уккан адамга айт" деп бекеринен айтылбаган да.
- "Аталар керээзи" киносун тарткан режиссёр Нурбек Эгенди кыргыз маданиятынын душманы катары санашкандар бар. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Ар кимдин көз-карашын сыйлаш керек, ошол эле учурда тереңирээк ой жүгүртүү да керек деп ойлойм. Бул түшүнүк чоң масштабдуу нерсе. Эмне үчүн тойдо дасторконду тебелеп өтүп жатышат. Биз ынтымактуу элбиз деп айтканыбыз менен кайсы бир деңгээлде өзүбүздү өзүбүз сазга батырып жатабыз. Бул жерде кичинекей маселе эмес, философиялык түшүнүк бар. Өзүбүздө болуп жаткан нерсеге уялбашыбыз керек. Жаап жашыргандын ордуна аларды жакшы жакка үгүттөшүбүз абзел. Тебелендиде калган кичинекей дасторкондун ары жагында чоң маселе жатат. Кыргыз элинин дасторкону бул маданият да.
- Азыркы режиссёрлордун көбүнесеси эмне үчүн актёр, актрисаларга роль сунуштабайт деп ойлойсуз?
- Ар бир чыгармачыл адамдын өзүнүн көз карашы бар. Ар бир кинонун өз максаты кичинекейби, чоңбу же глобалдуу проблемабы ошону чагылдырат да. Кыраан кинорежиссёрубуз Т. Океев 29 жашында эле глобалдуу теманы козгоп, "Бакайдын жайыты" киносун тарткан экен да. Бүгүнкүгө чейин жашаган чыгармалар классикага айланганы талашсыз. Азыркы режиссёрлордун каармандарына жаңы жүз керек болуп жаткандыр. Ошолорду карапайым калктын арасынан сууруп чыгып, ал таланттарды тааныткысы келгендир.
- Ошол режиссёрлор чыныгы актрисаларды тарткандан чочулашат экен. Себеби, алар кайсы актриса болбосун бир рамкадан чыгышы кыйынга турат деп эсептешет экен. Буга сиздин оюңузду билсек?
- Мындай тыянакка караманча каршымын. Эмне үчүн актриса театрда ачып бере алат да, анан кинодо ойной албайт. Себеби, ошол сабатсыз режиссёр актёр болобу же актрисабы, аларга тапшырма бере албайт. Иштин көзүн билбей тажрыйбасы жок болгондуктан, талант ээлери менен иштештен коркот. Ал эми Г. Базаров 21 жашында дипломдук ишин тарткан "Саманчынын жолунда" улуу актриса Бакен Кыдыкеева менен мыкты иштешкенине киносу далил болуп турбайбы. Демек, актёр, актрисалар менен иштеше албаган режиссёр өзү эмнени каалайт, аны такыр түшүндүрө албай кыйнала берет. Чыныгы режиссёрдун көрөгөчтүгү-тарта турган киносун көз алдына элестетет. Цирктеги жолборско деле оттон секиргенди үйрөтсө секирет да.
- Ар кимде бар бир арман дешет?
- Мен арман дегенди түшүнбөйм. Кудайга шүгүрчүлүк келтиргенди эле билем. Бүгүнкү жашоо менен күрөшсөң, эртеңки күндүн жемиши ошол.
- Студенттик күндөрдөгү жагымдуу элестерди эстей кетсеңиз?
- Мен Ташкенттеги театралдык окуу жайды бүтүргөм. Менин курсташтарым: З. Сооронбаев, Ж. Кулманбетов, К.Сейдалиева, С. Мырзалиева. Кыргыз группасы өзгөчө таланттуу, күчтүү эле. Башка улуттагылар биздин студенттерден сестенип, сыйлап турчу. Ноябрдын аягында Мырза-Чөлгө пахта талаасына бардык. Баарыбызга кара тумак, кара өтүк берсе кийип алып, кара каргаларга окшоп тизилип турабыз. Өмүрүмдө пахта көрбөгөн жаным үлбүрөп кармасам колдорум тытылып кетчү.Бизден пахтаны Сайра кыйын терчү. Көрсө, ал тамекини шакылдата терип көнүп калыптыр да. Эсепчибиз Замирге "планга жетпей калса кошуп койчу" дечүбүз. Жакшы тамактандырчу, окуу башталганда таразага түшсөм 62 кг салмакта экем. Бий ийрими бар эле, өнөгүм Жаныш Кулманбетов менен немец бийин бийлечүмүн. Ал ийнеликтей болуп арык, анын тизесине отурайын десем, мени көтөрө албай кулап түшкөн.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??