п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Премьерлик Түлеевге буюрабы?
Парламентте коалиция түзүлүп, премьер-министрди шайлоо боюнча бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Талапкердин ичинен акыркы кездерде Бабановдун кандидатурасы коюлуп аткан. Бирок Бабановго Мегаком чатагынан кийин Россия тескери карап, ага түштүктөгү бензинди Тажикстанга контрабандалык жол менен өткөрүлүп аткан деген чуу кошулуп, айтор, депутаттар Бабановду алып келсек, Максим менен Айдардын жолуна түшүп, алты айдын ичинде үчүнчү революцияга алып келет деп кужулдашып аткан чактары. Ошол маалда депутаттар компромисттик фигура катары Нариман Түлеевдин кандидатурасын ылайык көрө башташты. Кантсе да, Түлеевдин Бишкекти, темир жолду көтөргөнүнөн улам, экономиканы жана чарбаны мыкты билген кандидат деп, көпчүлүк Түлеевге токтоп аткан маалы.


Мэрдин уулунун күнөөсүнөн улам жол кырсыгынан каза болгон кыздын атасы майлуу кызматка отурду
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азаматтын быйыл жайында жол кырсыгынан улам каза тапкан кыздын атасы Мырзабек Исмаилов ИИМдин Баңги затын мыйзамсыз айлантуу боюнча башкы башкармалыгынын орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин М.Исмаилов Баңги затын контролдоо агенттигинде иштеп, 2010-жылы ИИМдин Кылмыш иликтөө боюнча башкы башкармалыгында орун басар болуп эмгектенген. Июнь окуясынан кийин ал кызматынан бошотулуп, Өзгөнгө которулган.
М.Исмаиловдун 23 жаштагы Алтынай аттуу кызы 15-августта жол кырсыгынан улам каза тапкан. Алтынай менен кошо Т.Турдукеев жана Мурат уулу Жайнак аттуу жигиттер каза болушкан. Экспертизанын берген маалыматында мэрдин уулу күнөөлүү болуп чыккан. Бирок эмнегедир жабырлануучулардын бардыгы Иса Өмүркуловдун уулуна эч кандай нааразы эмес экенин айтышууда. Бул жерден белгилей кетчү нерсе, Ички иштер министри З.Рысалиев менен Иса Өмүркулов -партиялаштар. (КСДПдан)


Абдил Сегизбаев президенттин жардамчысы болду
Акаев бийлиги Аксыдан ок атып, бейкүнөө элди кырганын унутуп койдуңарбы? Мына ошол бийликтин жасоолдору Абдил Сегизбаев менен Осмонакун Ибраимов 2005-жылдын март төңкөрүшүнүн астында КТРге чыгып алышып, элге жалган маалымат таратып, чыккынчылык иш жасаганын кантип унутабыз? Ошол Акаев режими кулаар алдында А.Сегизбаев өзгөчө "дүжүргө" айланып, Түштүктөгү көтөрүлгөн элге каршы маалымат согушун жарыялап, КТР аркылуу бүтүндөй Кыргызстанга тескери сөз айтып, коомчулукту ирээнжиткени менен эсте калган! Акаевдин түбүнө жеткендердин бири да! Анан ушунакай адамды президент Атамбаев жардамчы кылып алды. Биз эмне, өткөн күндөргө баа бербейбизби? Аксы окуясы улуттун кайгысы эмес беле? 2005-жылы адилеттик издеп, көтөрүлгөн элди унуттукпу? Мына ошондо осмонакундар, сегизбаевдер элге кыянаттык кылганы белгилүү да.


"Бригада" бириге баштады
Эски дос баары бир эстен кетпеси Ахматбек Келдибековго эми жетти окшойт. Мурун ыркы ыдырай баштаган "Бригаданы" кайрадан бириктирүүгө аракет кылып, достору К.Ташиев, М.Султанов, С.Жапаровдорго окшогон бир топ саясатчылар менен биригип, кызматын сактап калуу аракетин кылууда. Саясат дегениң сасык деп бекеринен айтылбаса керек. Башына иш түшкөндө бириге калып, капчыгына пул түшкөндө көктү караган саясатчыларыңдын көнүмүш иши да.


Атамбаев Бабановду "кидать" этеби?
Буга чейин эриш-аркак болуп иштеп келгендердин жүздөрү теңирден тескери жакка бурулууда. Өткөн жумада президент А тамбаев " Бабановду премьер шайласак, бизге орустар менен казактардын мамилеси бузулат" деп айтып, өкмөт башчылыгына жаңы фигураны издеп атканы тууралуу угуп атабыз. Муну уккан Өмүрбек Бабанов жинденип: "Эшеги суудан өткөндөн кийин, Атамбаев ушундай кылат беле? "Республика" партиясы президенттик шайлоодо Атамбаевге иштебесе, бул президент болмок эмес!" - деп ачууланып атыптыр дейт. Экөөнүн тиреши тымызын башталды. Эгерде Бабанов мырза оппозицияга өтсө, анда эле президенттин креслосун кыйшайтып жиберүүсү ажеп эмес.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??