п»ї

Чолпонбек Абыкеев:
"Бакиевдер бизди кошуп алууга аргасыз болгон"
(Башы өткөн санда)
- Сизди грузин ошол жерге ээрчитип барып, лом менен сайып алтынды көрсөтүп, кайра ал жерди бүтөп коюптур. "Бул жерге ач көздүк түштү, казбай эле коёлу" дегени чынбы?
- Он алты метр казыш керек болчу. Он үч метр казып, үч метр калган. Бул жерден чындыкты айтып кетейин. Бир метр оңго кыйгачыраак казып баратыптырбыз. Кайра 1 метр сол жагына жылдык. Ошондон кийин биз болжогон жер туура болду. Анан грузин бир жарым метр калганда: "Чолпон, ачылбайт окшойт",- деди. Анын чын эле көзү ачык болчу. "Ачылбай турган болуп, ач көздүк түшүп калды", - деди. Ал 3-4 грузин менен жүрөт да. "Тиги грузиндерге эмне деп айтабыз, бул тууралуу аларга да айтпасак болбойт го?"- десем, "айтпа" деди. "Грузиндер түшүнбөйт. Эмне үчүн бизди бул жерге алып келип, канча деген акчабызды коротуп алып, анан токтотуп атасың дешет, андан көрө унчукпай турганың жакшы", - деди. Мен кантип токтотом? - деп чебелектесем, "Көрөсүң 3 күндүн ар жак бери жагында бир нерсе болот, өзү эле токтоп калат",- деди. Үч күн болуп болбой эле Токтайым Үмөталиева барып калды. Бирок ач көздүккө Т. Үмөталиеванын эч тиешеси жок. Ал кейпи башка ач көздүк болуш керек. Мен аны толук түшүнгөн жокмун."Токтайым келди, чоң чуу чыкты, эми сен көп каршылык кылба",- деди баягы грузин. Бирок, "казышыбыз керек эле дей бер, болбосо берки грузиндер сен аракет кылбай койдуң, биздин эмгегибиз каякта?" деп айтышат деп калды.. Анан мен казышыбыз керек эле дегеним менен аябай деле катуу аракет кылган жокмун. Грузиндин сөзүнө ишенип калдым. Аңгыча эле мени бул жакка жетекчилик чакыртты. "Эмне болуп атасыңар, чуу болуп атат деп уктук?" - деп кабатырланып алышыптыр. Ал жакта эл бүт чыккан эмес, болгону Токтайым Үмөталиева баш болгон 20-30 киши чуркап жүрдү. "Каздырбасаңыз, жөн эле койбойсузбу, ал жер саясатташып кетти",- дедим. "Мейли, анда баштабай эле коёлу"- деп, өкмөттүн чечимин чыгарышты. Мени таң калтырганы баягы грузиндин билгичтиги болду. Бир жарым метр эле жер калган. Биз жарым метр калганда токтотмокпуз. Ачмак эмеспиз. Аппаратты салып алып ичин текшермек. Ал дезинфекция жүргүзүп ичиндеги инфекцияларды жоготкондон кийин гана ачылмак. А биз Кароол-Чокуну ачып жиберсек эмне болмок? Ошондуктан, ал жерге атайын окумуштуулар келип инфекциясын жок кылмайынча, ал жерди мен да ачтырмак эмесмин. Анткени, мен ага чейин эле окуп түшүнгөм. Бул да өтө чоң маселе. Грузиндердин кетирген чыгымдарын эч ким төлөп берген жок. Ушундай болуп, эл ачтырбай атат деп койдук. Келишимде саясий киришүүлөр болуп калса кеткен чыгымдарды төлөп беребиз деген пункту жок болчу. Андай пирамидалар Кыргызстанда өтө эле көп. Манас ордодо эле эмес башка жерлерде деле бар. Мен өзүм билгенден эле 7-8 жер бар. Аларды ачыш үчүн дезинфекциялык иштерди жүргүзүш керек, ал бүткөндөн кийин окумуштууларды чакырыш керек. Анан барып эле уучтап-уучтап алып чөнтөгүнө салып алып кете берчү нерсе эмес. Элдер примитивдүү түшүнүп атышат. Ал таптакыр башкача.
- Сиз "Аалам" гезитинде иштеп турганда, Семетей Талас уулу гезитке крим- аталыктар боюнча көп жазчу эле. Криматалыктарды өзүңүз таап берчү белеңиз?
- Башында жол ачып, криматалыктар менен кантип байланышты үйрөтүп, эшигин ачып бердим. Анан жөндөмдүү бала экен, андан ары өзү жөндөп кетти.
- Криматалыктар менен байланышыңыз бар беле?
- Журналисттин бардык жакта байланышы болот. Журналист кимдер менен гана сүйлөшпөйт. Баары менен байланышта болушуң керек. Казакстанда аялдарды өлтүрүп жеп жүргөн маньякты Кыргызстандан кармап, түрмөгө отургузганда ага бир жума тамак алып барып берип, сүйлөшүп жүрдүм. Киши жегич менен кантип сүйлөшүп атасың дешип далайлар коркуп жүрүштү. Ошол сыяктуу журналисттер бардык жактан шыктуу болуш керек. Эркиндикти көбүрөөк берип, ар кимдин өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө жараша тапшырма берчүмүн.
- Бакиев өзүнүн командасына жөнөкөй адамдарды чогулткан эмес. Мүмкүн, сизди да кримчөйрө менен байланышыңыз бар үчүн өзүнүн командасына алгандыр?
- Андай болгон жок. Биз "Улут ордо" деген саясий чоң агым, чоң команда болчубуз. Алар "Жаңы Кыргызстан" деген агымда болчу. Мына ушул эки чоң агым бириктик. "Улут ордодо" 700 коом мүчө болчу. Эл бизди колдоп турган. Бизди Бакиевдер кошуп алууга аргасыз болгон. Революцияда элди көтөрүп чыгууда биздин ойногон ролубуз өтө чоң болду. Кийин бийликке келгенде бизди да бийликке чакырууга аргасыз болуп калышты. Ошондо Сарыгуловго Мамкатчыны, мага Маданият министрин берип калышты. Анда агенттик болчу. Анан мен боло албайм дедим. Мен администрацияда бир аз иштеп, мамлекеттик кызматтын сырын билгенден кийин барайын дедим. Анда кайсы ишти аласың дегенинен Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болсо барайын дедим. А Коомчулук менен байланыш Президенттин кеңешчиси да болот экен. Бөлүмгө байланышуу менен Президентке кеңешчи болуп калдым. Мен алардын бөлүштүргөнүнө аралашпай таза калганым ошондон да.
- Кеңешчи катары Бакиевге көзүңдү май басып атат деп айткан жоксузбу?
- Үч жыл кеңешчи болдум. Мен жана мага окшогондор Бакиевдин андай терс иштерге баруусуна каршы турдук. Акыркылардан болуп мен иштен кеттим окшойт. Ошондо баарыбыз кетип отуруп, мен архивге кеттим. Кетерим менен эле инисин "охранага", анан баласын алды. Кеңешчи болуп турган учурда андайларды ачык эле айтчубуз. Кечээ эле Акаевди ушинтип сындабадык беле, бул ишти жасабайлы дечүбүз. Бөлүм башчылыктан архивге жөн кетип калган жокмун. Айткандарын толук аткарып жүрсөм, мен деле жакшы кызматтарга кетмекмин да. Азыркы бийликте отургандардын баары менен ошол кезде чогуу барганбыз: Отунбаева, Атамбаев, Текебаевдер. Анан кайра алар революционер болуп кетишти да, мен аларга кошула албай калдым. Алар мени Бакиевдин кызматында акыркыга чейин турду деп жүрүштү. Архивде иштеп турганда кызматтан кет, бизге кошул деп жүрүштү. Ошондо мен саясатка аралашпай эле коёюнчу, архивдеги далай иштерди бүткөрөйүн дедим. Мен саясатка аралашканды жаман көргөн кишимин. Анан өздөрү бийликке келгенден кийин, мени кызматка чакырган жок.





Атактуудан анекдот
Атактуулардын "юморун" текшерүү максатында аларга бир шиңгилден анекдот айттырдык.

Рысбай Исаков, манасчы:
"Чымындар да канаттууларга киреби?"
Атасы баласы менен сүйлөшүп отурса, баласы атасына:
- Ата, чымындар да канаттууларга киреби?
- Ананчы! Ал келгин куштар сыяктуу да!
- Кандайча?
- Жайында пайда болот да, кышында кетип калат.
- Кышты кайда өткөрүшөт?
- Билбейм, эмне болду?
- Жайды деле ошол жакта өткөрө беришсе болмок...

Эрнест Бөрүбаев, актёр, куудул:
"Эркелетип, Гуля деп коюшат"
Кыз-жигит магазинге кирсе, уурулар магазинди тоноп жатышкан болот. Уурунун башчысы уурулугубузга күбө болуп калбасын деп ал экөөнү өлтүрмөкчү болот. Биринчи автоматты кызга такап: - Атың ким сенин?-десе, кыз: -Гуля- деп жооп бергенде, уурунун башчысы: - Анда сени өлтүрбөйм, себеби, менин апамдын аты да Гуля болчу деп автоматты жигит жакка бурат. Анда жигит: - Менин атым Гүлжигит, бирок эркелетип Гуля деп коюшат,-деген экен.


Мирбек Осмонов, телеалыпбаруучу:
"Коркконумдан да, уялганымды сураба"
Эки киши элик атканы тоого чыгат. Ал күнү жол болбой калып, кечинде тамак жасап, тоого чатырга конуп калышат. Кечинде жанындагы киши дааратканага чыгат. Таштын түбүндө отурса, артында карышкыр карап туруптур. Чуркап кирип бышылдап досуна айтат: "Ойлонуп отурсам артымда карышкыр карап туруптур, коркконумдан да уялганымды сураба",-дептир.


Талант Анарбаев, куудул:
"Акча көп үчүн бензинди 50 сом кылдык"
Баткендик, чүйлүк жигит көчөдө сүйлөшүп кетип атат. Чүйлүк жигит:
- Бизде эл кыйналып жатса, бензин 38 сомго чыкты, - десе, баткендик жигит:
- А бизде бензин 50 сомдон. Элде акча көп болуп атканына байланыштуу кымбаттатып койдук, - дептир.
Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??