п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Оркестрдын коштоосунда ырдашат"
"XXI кылымдын жылдыздары" долбоорунун уюштуруучусу, маданияттын мыкты кызматкери Сагын Ниязалиева:

"Репертуарды тандоодо катуу талапты коёбуз"
- Бул долбоор канча жылдан бери өзүнүн атын жоготпой келе жатат?
- "ХХI кылымдын жылдыздары" долбооруна, буюрса, быйыл 15 жыл толду. Бул долбоор 1997-жылдан бери тынымсыз иштеп келе жатат. 15 жыл ичинде 800дөн ашуун ырлар ырдалды. Жөнөкөй ырлар эмес, биздин классикага айланып калган залкар акын, обончуларыбыздын ырлары жаңырды. 100дөн ашык ырчы мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыкка ээ болушту.
- Жылдагыга караганда кандай өзгөчөлүгүн айта аласыз?
- Репертуарды тандоодо биз үчүн катуу талапты коё билүү маанилүү нерсе. Былтыркы жылы катышуучулардын көптүгүнөн улам атайын дуэт ырдаттык. Быйыл жылдагылардан өзгөчөлүгү Мэрия тарабынан түзүлгөн оркестрдын коштоосунда жандуу үн менен ырдашмакчы.


Музыкалык редактор Жээнгүл Исакова:
"Ар бир ишти жогорку
деңгээлде алып кетиш кыйын"
- Техникалык каражаттары жакшы жабдылганбы?
- Биз өсүү жолундабыз, себеби, мурун техникалык каражаттарга көз каранды элек. Азыр кантсе да заманбап техникаларды колдонуп калбадыкпы. Ар бир ишти жогорку деңгээлде алып кетиш кыйын. Кагаз маселеси, уюштуруу маселеси өтө оор экен. Биздин топ бул концертти уюштуруш үчүн жарым жыл мурун киришишет. Кыргыз музыкалык маданиятында долбоордун кошкон салымы жакшы жөрөлгө деп айтсам болот.


Элмара Турсуналиева:
"Ырчылар 3 этаптан өтүүдө"
- "ХХI кылымдын жылдыздары" долбоорунда эмгектенип келесиз. Аталган долбоор боюнча эмнелерди айта аласыз?
- "ХХI кылымдын жылдыздары" долбоору КТРКда эң көп өмүр сүргөн долбоор. Ырчылардын мындан аркы өнүгүшүнө стимул берген долбоор катары каралат. Көпчүлүк чыгармачыл адамдар үчүн биздин долбоорго катышпай калуу- жаңы жылга кирбей калгандай таасир калтырат экен. Мамлекеттик деңгээлдеги фестиваль деп атасак да болот. Анткени, КТРК, мамлекет тараптан жана башка коомдук бирикмелер тарабынан катышуучуларга атайын сыйлыктар ыйгарылат. Ошол сыйлыктардын негизинде көпчүлүгү "КРнын Эл артисти", "КРнын Эмгек сиңирген артисти" наамдарын алып жатышат.
- Ыр ышкыбоздорунун табити кандай?
- Эл азыр агы кайсы, карасы кайсы билип калышты. Бир жолу жалаң жаштар катышкан салтанаттуу кече алып барып калдым. Эски ырларга жакын экенин жашыра алышпады. Элдин табити да классикада жашап келген ырларды тандоо экен. Той-топурларда да ошол ырларды ырдашат, ким эле "90-60-90 менин фигурам" деп ырдасын.
- Улуу муун менен кичүү муундагы ырчылар пикир келише алышпайт дегенге кандай карайсыз?
- Ал жөн гана биздин коомчулукта жаралган ой. Чындыгында, улуу муундагы ырчылар жаштардан ырдап чыккан ырчыны, "жакшы ырдайт экен. Кандай бала болду экен?" деп издеп таап таанышып, мындан аркы өнүгүшүнө акыл-насаатын айткандар да жок эмес. Нурлан Насип деген жигитти оркестр менен ырдаганга үнү жетет деп өзүбүз продюсери Канат Кадыржан менен байланыштык. Ал баланын табиятынан берген үнү бар. Сапар Эркебаев, Айжамал Кабылова жана башкаларга өзүбүз байланышып долбоорго чакырдык. Ырчылар 3 этаптан өтүүдө. Маэстро Бакыт Тилегенов үндөрүн көзөмөлдөп турат.
- Кызыктуу окуяларга туш болбой койбосоңуз керек?
- 1996-жылдарда бүт бардык нерсе талон менен берилчү. Ошондой кыйын учурларда да концерт берип жүрдүк. Сахнадан "Акун" компаниясынын атынан бир каптан ун бергенибиз эсимден кетпейт. Азыр бизге күлкү болгону менен, ошол убакта эл кадимкидей "эми жазга чейин жашашат экен да" деп кабыл алган.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??