п»ї

  Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктары

Орус кемпирди бутка тепкен Назым, күйөөсүнөн чийки тамагын каткан Гүлзинат
Жоругуң жолдо калсын деп бекеринен айтылбайт да. Адам болгондон кийин ар кандай учурларга кабылып калат эмеспизби. Бул саныбызда сиздерге белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарын билип бердик.

Алишер Тоотаев, ырчы:
"Бир сом акчабыз жок, трОЛлейбустан 96 сом өндүргөнбүз"
Студент кезимде группалаш, жоктон бар кылган аябай тапкыч бир досум бар болчу. Экзаменден чыгып курсагыбыз ачка, акчабыз жок. "Эмне кылабыз курсак ачты, сенде акча барбы?"- деп сурасам жок дейт. Менде да жок деп ойлонуп отуруп калдым. Анан эле досум: "Жүрү, Ош базарына барып бир аябай курсак тойгузуп келели",- деп калды. "Ой, сен жаңы эле сураганда акчам жок деп жаптадың беле"- десем, "Жүр дегенде жүрө бербейсиңби"- деп калды. Макул деп троллейбуска түшүп алдык, ал кезде троллейбус эки сомдон болчу. Жанагы билет саткан орус аял билет алгыла деп келе жатат, мен болсо тигинин акчасы бар, төлөйт деп турам. Ал кезде орусча да жакшы билбейбиз. Анан эле орус аял келип: "Билет алгыла"- десе, тиги досум аялдын көзүнө карап: "Сизге жаңы эле жүз сом бербедикпи, эмне унутуп калдыңызбы, сиз кайра бизге токсон алты сом беришиңиз керек. Сизди күтүп жатпайлыбы?"- деп ишендирип салса болобу. Тиги аял түшүнбөй эле аны бир карап, мени карап, мен болсо күлкүм келип күлө баштасам досум бутка тээп коёт, "жөн тур" деп. Ошентип орус аял бизге 96 сом берип, биз болсо жетчү жерибизге жетпей эле түшүп алып, күлүп жатабыз. Бир сом акчабыз жок, ошентип акча өндүргөнүбүз эсимден кетпейт. Кийин ошол акча көпкө чейин жеткен.
"Урушуп келе жатып, "люкка" түшүп кетип…"
Бир жолу дагы сабакка барбай калып, жолдон агайыбыз кармап алып урушуп келе жаткан. Биз жанында башыбызды жерге салып, күнөөлүү киши болуп унчукпай келе жатканбыз. Анан эле үнү чыкпай калды, карасак агайыбыз жок, ары карап, бери карап эле таппай калдык. Көрсө, агай бизди аябай катуу урушуп келе жатып, кудукка (люкка) түшүп кетиптир да. Араң тартып чыгарып алып, же күлөрүбүздү билбейбиз же агайга эмне деп айтарыбызды билбей кызыктай абалда болгонбуз.


Назым Меңдибаиров, актёр:
"Жаш кыздын жүрөгүн түшүргөм"
Турмушта кызыктуу окуялар көп эле, негизи. "Кара жолтойго" тартылып, кино ошол маалда аябай элдин оозунда болуп жаткан болчу. Бир жолу "Учкунга" барып калдым, ал жак сегиз кабат эмеспи. Анан лифт менен көтөрүлүшкө туура келип, лифтке түштүм. Үстүмдө кара куртка, чачым узун, көз айнек тагынып алгам. Лифттин ичинде болсо күзгү бар экен, күзгүнү карап тургам, бир маалда бир кыз түшүп калды. Мени көрүп эле бешинчи кабатка чейин бир ордунда катып эле калды. Бешинчи кабатка чыккандан кийин күлүп жатпайбы, жүрөктү түшүрөсүз да деп. Көрсө, ал мени көрүп алып коркуп жаткан экен да.
"Бутка тээп туруп, бут кийимин кийип алыптырмын"
Дагы бир жолу мындай окуя болгон. Жайкы бут кийимдер чыкты эле го, үстүн чаптап койгон. Ошондой сандал сатып алып троллейбуста келе жаткам (он жыл мурун). Күндүз, киши көп, тыгылып баратсам, сандалымдын чаптап койгон жери чыгып кетип жатпайбы. Бутум менен издесем, бирөө кийип алыптыр, анан бутка тээп-тээп кайра өзүм кийип алдым. Аңгыча троллейбус токтоп калып түшүп кетип карасам, бир бутумда кызыл, бир бутумда кара тапичке. Көрсө, ары жакта отурган орус кемпирди бутка тээп-тээп туруп, анын бут кийимин кийип алыптырмын да. Кайра троллейбусту такылдатып жатып түшсөм, орус кемпир: " Менин бутумдагы тапичкемди уурдап кетишти, бул кимдики?"- деп издеп жатыптыр. Барып: "Меники, келе бериңиз?" десем, "Сен эмне мени бутка тээп туруп, тапичкемди кийип кетесиң?" деп, урушуп эле калды. Балдар азыркыга чейин айтып калышат: "Сен керек болсо бутка тээп туруп алып аласың да",- дешип.


Гүлзинат Суранчиева, ырчы:
"Көп эле тамактарды муздаткычка каткан
учурлар болгон"
Жашоомдо кызыктуу учурлар көп эле болгон. Бир жолу жаңы турмушка чыгып, жолдошума кечки тамак бышырайын дегем. Эмне бышырарымды билбейм, анткени, тамак бышырганды билчү эмесмин. Эптеп бир нерсе бышырсам, аным бышпай калып же даам-татымы жок бир кызыктай тамак болуп калды. Күйөөмө эми бул тамакты кантип берем деп уялып, муздаткычтын ичине катып коюп, кафеге барып тамак алып келип жолдошума өзүм бышырдым деп айткан болчумун. Кийин дагы көпкө чейин тамак бышырганды билбей аябай кыйналып, көп эле тамактарды муздаткычка каткан күндөрүм болду. Азыр болсо, кудайга шүгүр, үйрөнүп калдым.


Мирлан Жетигенов:
"От прыщей" деп турса, мен болсо "От бырышей" деп окуп…"

Эми айымдардын баары эле бетиме бырыш түшүп кетти дей беришет го, ошондон улам Алина эжеме бырышты кетире турган крем белек кылайынчы деп базарга барып калдым. Барып алып карап жүрөм, бырыш деген аябай мээме сиңип калыптыр, анан бир жерден бир крем көрүп калып жатпайымбы. Баасы дагы кымбат экен, алып окусам үч күндүн ичинде бырышты кетирет деп турат. Бул кандай крем болду экен, үч күндө эле бырышты кетирген деп, кымбатына карабай сатып алып, сүйүнүп үйгө келип, эжеме: " Кечинде меникине келиңиз, мен сизге сонун крем алдым, үч күндүн ичинде бетиңиздин бырышын кетирет экен",- деп чакырып койдум. Анан эжем келди. "Сиз сууга түшүп чыгыңыз, мен тамак жасай коёюн, анан кремди өзүм сүйкөп берем",- дедим. Негизи, бирөөнү кубандырганды жакшы көрөм. Эжем душтан чыккандан кийин, отургузуп алып бетине сүйкөп жатсам, эжем кремди алып "удаляет прыщей за три дня" деп окуп алып: "Мирлан, менде "прыщи" жок да",- деп жатпайбы. Мен кремди алып: "Эже, мына "удаляет прыщей" деп турбайбы"- деп алып, кайра токтоп калып жатпайымбы. Көрсө, мен "прыщь" деген сөздү бырыш кылып окуп алыптырмын да. Ошол жерден экөөбүз каткырып боорубуз эзилгенче, эки саат жөн эле күлгөнбүз.
"Башка ресторанга барып, догурунуп эле ырдай бериптирмин"
Дагы бир жолу мага жакшылык кылган аябай жакшы эже бар болчу, ошол мени бир тойго чакырып жатпайбы. "Мирлан "Алтын казынага" келип, менин атыман ырдап берип койбойсуңбу, акчасын төлөп берем",- деп. Анан мен: "Ой, эже, макул, сизге бекер эле ырдап берем" деп, эжеге "сюрприз" болсун деп жалгыз эмес, жаныма дагы бир ырчыны кошуп алдым. "Алтын казынага" барсак, белгилүү бир тамада байке алып барып жаткан экен, ал менен учурашсам, кимдин атынан келдиң дейт, тиги эженин атын айттым. Анан ал жерде 400-500 киши отурат, ким экенин тамада билип коюптурбу. "Шашып жаттым эле, мүмкүн болсо эртерээк ырдап кете берейинчи?" -десем макул болуп, барарым менен мени чыгарды. Ошондо Иса Өмүркулов той берип жаткан экен, анда ал адам мэр боло элек болчу. Анан чыгып эле куттуктап, эженин атынан келгенимди айтып ырдап, ал байке рахмат деп кошо бийледи. Анан бүткөндөн кийин чакырган адам келет да, эже болсо жок. Сыртта жүрүп көрбөй калды окшойт деп, дагы эки ыр ырдап бердим. Баягы чакырган эжем жок. Ошентип отуруп төрт ыр ырдап жибердим, ал эми эжем болсо дагы деле жок. Анан жаңы эле кеткени жатсам, эже телефон чалып калды: "Мирлан, чакырсам келбей койдуң, келип эле койсоң болмок. Менден эки ырыңды аядыңбы?"- деп жатпайбы. "Ой, эже, мен эки эмес, төрт ыр ырдадым, ишенбесеңиз азыр тамадага берейин"- десем, "Сен кайсы жакта жүрөсүң?"- дейт. "Алтын казынада" десем, "Сени "Алтын казынага" чакырдым беле?"- дейт. Көрсө, мен "Алтын сарай" деп жатса, "Алтын казынага" барып алып жөн эле догурунуп башка бирөөнүн тоюнда ырдай бериптирмин.


Алиса Сапарбекова









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??