п»ї
 Таанышуу жарыясы


Омар-маданияттын мыктысы
Абдан аракетчил, таланттуу ырчы Омар жакын арада Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында келген коноктордун оозун ачырып, жагымдуу үнү менен концерт бергени баарыбызга маалым. Омарды "Алтын үн" деп атаган Алла Пугачёвадан биз деле кем калышпайбыз дегенби, айтор, ошол концертинде "Маданияттын мыктысы" деген наамды КРнын Эл артисти Кыргызбай Осмонов өз колу менен Омарга тапшырган. Дайыма ийгиликтерди багынтып арыш таштаган Омар дагы да болсо мазмуну күчтүү ырларын жаздырып, чыгармачылыктын бийик чокусунда жүргөн кези.


Арсен күйөрмандарын сүйүнттү
Таластын жигити болсо да, жөнөкөй мүнөзү менен айырмаланган Арсен чыгармачылыктын үстүндө "Кыргыз элин даңктайлы" деп патриоттук ыр жазды. Ырдын сөзү Кундуз Качкынбаеванын калеминен куралса, обону Арсенге тиешелүү. Андан тышкары, Арсен күйөрмандарына жакын болуш максатында өзүнүн сайтын ачкан. Ал жерде Арсен туурасындагы маалыматтардын бардыгы камтылган. Кошумчалай кетсек, жаш ырчы Арсен азыркы учурда жаңы альбом чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.


Жигит болсоң, Гүлжигиттей күлүк бол
"Евразия жылдызы" конкурсуна катышуу үчүн Казакстанга кеткен Гүлжигит Калыков 3-декабрда өз талантын көргөзүп, калыстардын алкыш сөзүнө арзыды. Белгилей кетсек, Гүлжигит Калыков аталган сынакта Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" жана Роза Рымбаеванын "Алия" деген ырын ырдап, казактардын оозун ачырды. Эми дагы алдыдагы мамлекеттерге барып, ушундай керемет үнү менен авазын созуп, элди таң калтыра турган болсо, Гүлжигит күлүктөрдүн күлүгү аталмакчы.




  Бойдок маек

Аваз Акимов:
"Чеснок" жыттансам да, кызымды өпмөкмүн"
"Айылдашым сулуу Айганыш, Ай жылдыздай көктө жайнаңыз" деп, айылдык кызга ашык болгон ырчы Аваз Акимовго кыздар туурасында соболдорду узатканбыз. Бирде уялып, бирде күлкүсү келип, онтоп жатып жооп берди.

- Кыздар сизге сүйүүсү тууралуу кеп кылса?
- Жашоодо андай нерсе болгон. Түшүнүү менен кабыл алганга аркет кылам. Бизде "кыздар биринчи сүйүүсүн айтпаш керек" деген түшүнүк бар. Мен буга каршымын алар деле адам, ичиндегисин кудурети жетсе айтса болот. Азыр эми бардык эле кыздар айтып калбадыбы, "мен сени жакшы көрөм" деп. Бирок, эң биринчи кыздар, өзүнүн жакшы көз караштары же жакшы сүйлөгөнү менен сүйүүсүн билдириш керек.
- Ар бир эле муун моданын жаңысын кастарлап, эскисин чанат. Сизде кыз тандоо модабы?
- Жок, мага мода эмес. Жаңы кыз, эски кыз деп бөлбөйм. Менде андай түшүнүк жок. Мага өзүмө окшогон, "тең теңи менен, тезек кабы менен" дегендей, жөнөкөй кыздар жагат. Эң негизгиси, мээримдүү, акылдуу, жылдыздуу кыз болсо болду.
- Сүйүүнү кумар эмес, өнөргө айланткан жигит гана аялды чындап бактылуу кыла алат. Сизде мындай сапат барбы?
- Сүйүү деген сөздүн ичинде көптөгөн махабат сезимдери катылган. Анын ичинде чыныгы сүйүү, ошол ашыктык кумары дагы бар. Сүйгөндөн кийин сөзсүз кумар болот. Мен бир кызды сүйсөм, аны кумарга, бакытка бөлөй алам.
- Бир көрүп сүйө аласызбы, же "он беш минутада чечилбеген сүйүү, өмүр бою чечилбейт" деп жүрө бересизби?
- Бир көрүп сүйүү дегенге ишенем. Ал кыздын өзүнөн дагы таасир этет. Ал кандай көз карашта болот. Эгер ал мени жакшы көрбөсө, артынан ээрчигим келбейт.
- Махабат майданында ат чабышып көрдүңүз беле?
- Өзүм жетем деген кызга жетериме көзүм жетет. Мен көңүлүмө туура келген кыз таппай жатам. Ал учур келгенде атым күлүк болот. Бирок, жакшы сөздөрдү сүйлөшүп жүргөндө арнай албай, уяла берем. Алгандан кийин жакшы сөздөрдү айтам.
- Аябай ажарлуу бийкечти көрүп калдыңыз, жүрөгүңүздүн согуусу кандай болот?
- Сулууларга бардыгы кызыгат болуш керек. Сулуу кыздарды көргөндө жүрөгүм баштагыдан бир аз тезирээк иштеп калат. Барып таанышкым келбейт жөн гана, "ии, сулуу кыз экен" деп ойлоп коём. Менин көңүлүмө туура келсе, жөнөкөй кыз болсо таанышам.
- Кызыңызды өпкүңүз келип жатат. Бирок кечинде сарымсак жеп алгансыз?..
- Сагыз чайнап алмакмын. (Күлүп) "Чеснок" жыттанып жатсам деле өбө бермекмин. Өзүмдүн кызым болгондон кийин жийиркенбейт болуш керек. Биринчи айтмакмын: "Эгер жийиркенбесең өбөйүн, жийиркенсең өппөй эле коёюн",- деп. Бирок өпкүм келип жатса, өбө бермекмин. Кызымдан уялбайт деле болчумун.
- Айылдашыңыз Айганышка келдиңиз, кабанаак күчүгү сизди кубаласачы?..
- Андай болсо иттин кичине-чоңдугуна карамакмын. Чоң ит болсо качмакмын, же бир кычыкка бекинип калмакмын. Кичинекей болсо, коркпой эле үйүнө чейин кирип бармакмын.


Жылдыз Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??