п»ї

Нена:
"Жолдошум жети бир туугандын кичүүсү"
Кыргыз сахнасындагы тамашакөй ырчы айым Нена, кыргыздын патриот жигиттеринин бири, Коргоо министрлигинде иштеген Майрамбек аттуу мырзага турмушка чыкты. Бир үй-бүлөнүн мүчөсү болгон Нена келиндик милдетин кандай аткарып жаткандыгын өз оозунан уктук.

- Ак жоолук салынып турмуш жолуна аттанышыңыз менен куттуктайбыз?
- Рахмат!
- Нена айым келиндик милдетин кандай өтөп жатты болду экен?
- Жакшы. Чынын айтканда, аскер кызматындагыдай эле экен. "Кыздын барар жери күйөө дегендей", келиндик кызматымды үйдөгүдөй эле өтөп жатам. Үйдө кандай жумуш аткарсам, ошондой жумуш кылып жатам. Келин атка конуп, ак жоолук салынып жүргөн чагым.
- Жолдошуңуз менен кандайча таанышып калгансыз?
- Ал менин күйөрманым болчу. Мен иштеген жерге келип музыкамды угуп, мага көз салып жүрчү экен. Ошентип экөөбүз таанышып калганбыз.
- Канча жыл сүйлөшүп жүрдүңүздөр?
- Жолдошум менен таанышканыма бир жылдан ашып калган. Жарым жыл жөн эле дос катары сүйлөшүп жүрдүк. Жарым жыл жигит-кыз катарында сүйлөштүк. Бири-бирибизди жакындан таанып, жакын болуп калганбыз. Жыйынтыгында, ак жоолук салынып, келин болуп калдым.
- Кайнене-кайнатаңыз кандай адамдар?
- Абдан жакшы адамдар. "Кайын-журту жакшы болсун" деп кызга бакыт тилесең, ошол орундалат экен. Тилекке каршы, кайнатам жок, кайненем бар. Бирок, кайнатам аябай жакшы, орду менен жүргөн киши болгон экен. Жолдошум үй-бүлөдө жети бир туугандын эң кичүүсү болот. Төрт кайнежем, эки кайнагам бар. Бардыгы абдан жакшы адамдар. Турмушумдун башы жакшы башталды,аягына чейин жакшы болот.
- Сиздин чыгармачылыгыңызга тоскоолдук кылышпайбы?
- Жок. Тескерисинче, "газетаңа интерьвюларыңды бербейсиңби же болбосо ырдабайсыңбы" деп, менин чыгармачылыгымды колдоп турушат.
- "Муз Ободон" кетпейт турбайсызбы?
- Турмушка чыккан күнү кечинде кайра эле "Муз Обону" алып бармакмын. (Күлүп) Жок, ал жактан кетпейм.
- Жолдошуңуз кайсы кесиптин ээси, кайсы тармакта иштейт?
- Жолдошум Коргоо министрлигинде иштейт. Ошол себептен, ал жөнүндө көп маалымат жарыялаганга болбойт.
- Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!


Жылдыз Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??