п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Окумал
Иним экөөбүзгө бир катын.. .
Айгүл ШАРШЕН
Жанызак@басма
(Башы өткөн санда)
- Ошентсе дагы мен балалуу аялмын, сизге оор болуп калаар, балалуу өрдөк талпынса, балапандар чуу болот, баласыз өрдөк талпынса, жез канаты куу болот дегендей…
- Кам санаба, кыздарды экөөлөп тарбиялайбыз, сен мени түшүнсөң болду, - деп Айбек ага бир топ таттуу, аялдардын көңүлүн көтөрөр сөздү айтып жүрүп көндүрдү. Айбек түрмөдөн чыгып келип иштеп жүргөн эле, ал киши өлтүрүп отуруп келген, үй-бүлөсү түрмөдөн келгенче аны күтпөй аялы күйөөгө тийип кеткен, балдарын ала кеткен экен. Айылга барып жаңылыкты угуп чыдай албай шаарга баса берип иштеп жүргөндө, Жайлоокан жолукту. Бирок Жайлоокан дагы адамдардан көңүлү калганга чын дили менен ишене бербеди. Турмуштун буркан-шаркан түшкөн шары аны кайрадан бир эркекке баш байлоого аргасыз кылды. Аида менен Алида апасына катуу таарынып сүйлөшпөй жүрүштү, Амина болсо Айбекти аталап көнүп кетти, кыздарына түшүндүрө албай Жайлоокан абдан кыйналды, Айбек аларга күндө таттууларды, тамак-ашын алып келип жагынууга аракеттенет, ага карабай мурчуюшуп өздөрүнчө тамактанып апасын кекетип жүргөндө:
- Кыздарым, силер мени түшүнсөңөр боло, мен жалгыздыктан өтө кыйналдым, атаңар өлбөгөндө мындай болмок эмес, айла канча, минтип баспайм деген жолду басып, көрбөйм дегенди көрдүм, эми силер чоңойдуңар, - деди улутуна Жайлоокан.
- Күйөөгө тийбей эле койбойт белең, өзүбүз багат элек го? - деп Аида бултуң этти.
- Эмнеге күйөөгө тиесиз? Дагы төрөп алсаңыз кыйналасыз, Аминанын атасындай болуп таштап кетип калсачы? - деди Аида ыйламсырай, - Биз акча чогултуп үй алып алсак жакшы жашайт элек да.
- Кечиргиле садагаларым, Айбек андай эмес, ал бизди таштап кетпейт, - Жайлоокан кыздарына жалооруй карады, - Мени кечиресиңерби?
- Апа, кечирим сурабачы, - Аида апасын кучактап калды.
- Бизди кечириңизчи апа, - деп Алида дагы жанына келди.
- Мына, мен келдим, - деп Амина эшиктен кирип апасы менен эжелеринин кучакташып ыйлап турганын көрүп делдейе туруп калды, көптөн кийин, - Апа, эмнеге ыйлап жатасыңар?- деди суроолуу тигиле.
- Жөн эле кызым, кардың ачтыбы, жүргүлө бирдеме жасап ичели, - деп кыздарын колтуктай өйдө болду. Ошол күнү кечинде Айбек тамак-ашты толтуруп алып келди.
- Кана кыздарым, бүгүн апаңардын туулган күнү, майрамдайлыбы? - деп аларга жадырай карады.
- Оой, мен өзүмдүн туулган күнүмдү деле унутуп калыпмын,-деп Жайлоокан күлүп калды. Чынында, отуздан оогуча бир да жолу туулган күнүн белгилеп көргөн эмес экен же паспорту да жок, болгону туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бекем катып алып жүрчү, ошону Айбек көрүп калган экен. Торт менен бирге койдун этин алып келип, өзү аш басмак болду.
- Кана кыздарым, силер мага жардам бересиңерби? - Айбек Аида менен Алиданы карады, - Бүгүн апаңды жумуш жасатпайбыз ээ? - Бири-бирин карап калган кыздар ушул ирет Айбекке ыраазы боло карап кубанычтуу:
- Ооба, биз макулбуз! - деп жарыша айтты.
- Азамат кыздарым, анда ишке кириштикпи? - деп Айбек эт туурап кирди. Ошол күнү Жайлоокан өткөн күндөрүнүн ичинен дегеле кубанарлык бир дагы күн болбогонун эстеп ыйлап турду, эч кимге айтылбаган, жүрөгүндө катып жашай берчү өкүнүчү, арманы күч эле. Элес-булас билет, алты-жети жашта экенинде атасы таң эрте туруп алып уйкуда жатканда кытыгылап ойготуп алып: "Кызым, туулган күнүң менен, ар бир күнүң жаңы аткан таңдай бейкут, таптаза болсун, сен кызым бактылуулардын бактылуусу болосуң, тура гой, кызым",- деп ой- боюна койбой көтөрүп чыгып дасторконго алып келип, апасы даярдаган таңкы тамакты ичишкен эле. Ошол жылы эле атасы өлдү, кийинки жылы апасы оорубай туруп өтүп кете берди, бала эмеспи ата-энесинин кандайча өлгөнүн деле билбеди…
- Апа, тамак даяр! - деп Аида кирип бетинен өптү, - Туулган күнүң менен, апа!
- Рахмат, садагам, - Күлүмсүрөй көз жашын аарчыды.
- Кана-кана, төргө отур апасы, - Айбек дагы кирип келип Жайлооканды өөп күлө карады, - Бүгүн сени абдан сыйлайбыз, эртеңден баштап кайра өз кызматыңа өтөсүң.
- Рахмат, Айбек, менин ата-энемди эсиме салдың, сен болбосоң бүгүн менин туулган күнүм экенин эсиме түшмөк эмес.
- Буйруса, мындан ары ар жылы майрамдай турган болобуз ээ, кыздарым? - деп Айбек кыздарга карады, - Апаң бүгүн отуз бирге гана чыкты, - деди да табакка үймө кылып плов көтөрүп келип ортого койду.
- Рахмат-рахмат, бүгүн бир төргө отуруп калайын.
Аз да болсо бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп кубанып отурду, анын көз алдында дале ата-энеси, балалык чагы, таежесинин уу сөздөрү, анын балдарынын уруп-кордогону эсинен кетпейт. Айбек Жайлоокан менен чын дили менен жашоого бел байлаган эле, аны сезип туруп сезмексен болуп: "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" болуп, күдүк ойдон чыга албай жүрдү. Мусадан айрымасы жумушу бар, чоң жумуш болбосо да ар бир кафелерге ич май ташып берип, сооданын көзүн таап алган. Аида чоңойгон сайын ойсоңдогон кыз болду, кээде Аида бир жигит менен бир бурчта сүйлөшүп турса, Алидасы бир жагында турчу болду. Айбек жокто Жайлоокан эки кызына минтти:
- Чоңоюп мени азап-шордон куткарат десем, силер кайра түйшүккө сала турган болдуңар.
- Апа, бизди эми ойлобой эле жата берчи, биз эми чоңойдук, өзүң айткандай биз эмнени көрдүк? Эми биз ойноп күлөбүз да.
- Акыры өз бактыбызды табабыз, - деп экөө тең кебин уккусу келбей ичкери кирип кетти.
- Кудайым ай, бул азапты көргөнчө ата-энем өлгөндө неге өлбөдүм, кыздарым эстүү чоңоюп менин оорумду колдон алат экен деп ойлодум эле, - деп Жайлоокан көз жашын сыгып алып үйгө кирди, дагы деле жаман айтпады, Амина болсо сегизге карап тыкылдап калган. Баягыдай кайыр сурашпайт. Айбек менен Жайлоокан иштеп, Аида бир кафеге официантка болуп иштеп калды. Он үч жашар Алида менен Амина үйдө калат, жаш болсо да бою узун болуп өскөн Алида өтө шок, балдар менен таанышып сүйлөшүп тура берет. Ошол күнү дагы Алида бир жигит менен турган, ээрчишип келе жаткан Айбек менен Жайлоокан аны көрүп калышты.

(Уландысы кийинки санда)




Аздек НАМАЗБЕКОВА
Жашынмак
(Башы өткөн санда)
Мен ойлочумун, кайнежеме каалаган көйнөгүн алып берип, курортторго эс алууга жиберип, көңүлүн таап алам деп. Башында жакшы эле аракет кылып, акчамдын көзүнө карабай базарга ээрчитип барып, көзү түшкөн нерсенин баарын сатып берип жүрдүм. Сырдашып, ага жагуунун айла-амалын бүт эле кылдым.Акча кимди гана азгырбайт! Мурунку аялы иштебей үйдө олтурчу, мен болсо жакшы табам.
- Эжемдин кыялына бир да аял чыдабайт го деп коркуп жүрсөм… Сен жактың,-деп Кабак да күлүп калчу. Кандай болгон күндө да бир тууган да, эжесинин көзүн карап турганым үчүнбү, Кабак да менин айтканым менен болуп, менин көңүлүмдү оорутуп алам дедиби, келинчеги менен кошо кеткен кызына "барам"деген жок.
Бирок, биз кыздуу болгондон кийин эле эжебиз мени каарый баштады. Бала менен болуп, менин баштагыдай убактым да жок болуп калды да. Менин да жиним келип, качанкыга чейин көзүн карап бөпөлөйүн деп уруша кеттим.
- Кетем, мен бул үйгө батпай калдым. Бул аялың мастаке! Ажардын баркын эми билдим! Мунуң, жылаандай болуп койнуңа оролуп жатып алып, каныңды соруп, сага уусун чачып атат!-деп Кабакка кыйкырып ыйлап, долуланып, "коюңуз"дегенине да көнбөй кетип калган.
Ошону менен Кабак канча барса да келбей койду. Алысыраак туугандарынын үйүндө жашайт. Азыр катташпайбыз.
Ушул себеп болдубу, же эмне түшүнө албайм, Аздек, бирок Кабак кийинки жылдары такыр эле өзгөрүп кетти. Мен ага деле кайыл болуп, кызым бакчага барып калгандан бери кайра иштеп алдым. Элден кем калбасын деп кымбат машине алып бердим. Азыр чоң, эки кабат үй салып атабыз. Сыртыбыздан караган кишиге баары эле сонундай көрүнүшү мүмкүн, бирок…
"Үй-бүлөсүн бузуп тийдим эле, кичинекей кызын чыркыратып келинчеги ыйлап кеткен"деп жан кишиге айтпаганым менен, азыр башка бирөө менен жашап жүргөнүн билгенден бери, ойлончу болдум. "Келме кезек…"деген ушул окшойт да! Башка эркек калбай калгансып ак эткенден так этип жүрүп чыксам, эми жашоомду эптеп кетейин деп болгон аракетимди кылгам да. Меникилер менен жакшы катташып, атам-апамдарга:
- Кабактын туулган күнү, чалып куттуктап койгула? -деп турам. Эс алууга чыккан сайын эле атам чакырат, барабыз. Бирок бир досу өткөндө бузуп:
- "Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт"дегенди билесиңби?! Насыйкат деп, кайын-журтуңан эле чыкпай калдың да?! Жалгыз эжеңден баш тартпай, үйүңө алып келип бакпайсыңбы!-деп айтыптыр. Ошондон бери мага көп ачылып сүйлөбөй, экөөбүз таарынышып жүрүп жазылдык. Эмне кыларымды да билбей калдым. Үй-бүлө курган үй кургандай эле экен. Пайдубалынан бери өзүң куюп, өзүң тургузуп, чатырын жапсаң, анда өзүң бапестеп салган үй сага жакшы үй болуп берет да. Эгер өзүң салбасаң, анда кай жеринде тешиги бар, билбейсиң. Турмушка чыкканда деле ошондой тура. Мен пайдубалы туруп, үстү жабылып калган бир үйгө эле ээлик кылып, канчалык кооз парда тагып кооздобоюн, баары бир кай жеринен жарака кеткенин билбеген сыңары, турмушум минтип ураганы турат. Биринчи болгонго эч нерсе тең келбейт экен. Кабак кызуу болгон сайын "мобул күзгүнү Ажарка экөөбүз издеп жүрүп сатып алганбыз. Бул шымды Ажар экөөбүз атайын барып тиктиргенбиз. Мен аны сүйөм!" деп сүйлөнүп чыгат. Соо кезинде оюндагысы, мас кезинде тилинде деп, ал биринчи аялын жоктоп жүргөнүн, мени менен жашоо жаман болбогону менен, баары бир биринчи кыз алган жарына жетпээримди мен деле түшүндүм. Төркүнүмө сыр бербей, ушунун баарын ичиме жашырып жашап келатам. Мага чала! Мына, эми Нуркызым экөөбүздү таштап, кайсы күнү басып кетет деп ичимден ириң өтүп, күн кечирип атам.
Бир сыйра бышактап ыйлап алган Насыйкатты эмне деп соороторумду билбей, айлам кеткен ошондо.
- Апа, үйгө кеттикпи? Атам чалып атат?-деп кызы кирип калбаганда дагы кандай кеп айтып, канча олтурары белгисиз эле.
- Сага төгүлүп, жеңилдеп калдым,-деген коштошуп атып, күлүмсүрөй жашын аарчып.
Мына, жатып алып, ошол күндү, Насыйкаттын айткандарын эстеп, кандай жыйынтык чыгарарымды билбей аттым. Жашырганда эмне, ал кеткенден кийин ичим муздагансып, өзүмдү жаман сезгем. Ошонун баарын ойлоп, кирпик какпай таң атырдым да, баары бир уктай албаарымды түшүнгөндө туруп кеттим. Газга чай коюп, стол үстүн чайга даярдап, ашканада жүрүп да эси-дартымдын баары Насыйкатта болду.
- Омээй, сага эмне болгон?! Башыңа чөп сындырыш керек го, менден биринчи туруп алыптырсың?-деди күйөөм күлө бага ашканага баш багып. Демейде ал биринчи туруп, чай коюп, анан мени ойготчу да. Мен да жөн туруп кетпей эркелеп, "көзүмдөн өп, эми мойнумдан өп?"деп айласын кетирип анан турчумун. Анан бүгүн менин ашканада жүргөнүм күйөөм таң кала тургандай эле көрүнүш болуп атпайбы!








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??