п»ї

Обон почта
ОП-197-01. Саламатсыздарбы, "Обонушка!" Аваз Акимовдун табышмагынын жообу: 4 чымчык, 3 чырпык! Айкөкүл
ОП-197-02. Карек албай жолуңду күндө караймын,/ Неге мынча мен өзүңө багындым./ Эми сени кайдан табам билбеймин,/ Кусадармын келчи, сени сагындым!/ Акын
ОП-197-03. Кол кармашып сени менен жүрбөдүм,/ Сенден башка мен эч кимди сүйбөдүм. /Суктанып көбү жүрүшкөн, /Бактылуу ошол күндөрүм./ Келеби эми кайрадан, /Көз жумуп кайра ачкыча, /Эки жыл өттү арадан! / Акын Алымбек
ОП-197-04. Салам, "Обон!" Мага Джеки Чан тууралуу маалымат берип коёсуздарбы? Пери
"Обондон" жооп: Джеки Чан 1954-жылы, 7-апрелде Гонконгдо Чарльздын жана Лили Чандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал жети жашка чыкканда, ата-энеси Австралияга жумушу менен көчүп келишип, Джеки Чанды Пекиндин опера мектебине беришкен. Ал жактан бийлегенди, актёрдук өнөрдү жана ырдаганды үйрөнгөн.
ОП-197-05. Сыймык аке, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен куттуктайм! Сизге каалоорум: Чың ден соолук, узун өмүр, бакыт, байлык, ишиңизге ийгилик каалайм! Ар дайым асманыңыз ачык, жылдызыңыз өмүр бою өчпөсүн! Эмнени тилек кылсаңыз, Алла Таалам ошол тилегиңизди орундатсың! 0557959ххх
ОП-197-06. Салам, "Обон!" Кыргызстандын абасын, кыздарын, тоолорун сагындым го. Алга, кыргыз! Шымкенттен Айба
ОП-197-07. Апам Шарапатка, инилерим Эрлан, Нурлан, Баатырбекке жана эжем Наргизага салам! Мен силерди жакшы көрөм! Өмүрүңөр узун болсун!
Нарындан Жылдыз
ОП-197-08. Менин дүйнөдөгү эң кымбат алтындарым болгон жолдошум Бекмурза жана уулум Алихан. Силер таза ден соолукта узак өмүр сүрүп, менин бактыма ар дайым эсен болушуңарды кудайдан тилейм! Гүлсүнай
ОП-197-09. Таран-Базар айылында жашаган атам Курал, апам Наржамалга салам! Сиздерге чың ден соолук каалайм! Кызыңар Адина 97
ОП-197-10. " Обон" жана супер СМСчилерге: Бүгүн үйүңүздөргө бирөөлөр барат, көрүп таң калбаңыздар. Мен сиздерден сурабай эле дарегиңерди берүүгө туура келди. Сиздердикине өмүр бою калабыз дейт. Алардын аттары: ден соолук, ыйман, кубаныч, байлык, оомат, махабат, сабырдуулук, саламат! Айпошка 96
ОП-197-11. Бүгүн мен бир адамды жолуктурдум, Ал адамды чындап катуу сүйүптүрмүн. Элеси көз алдымдан кетпей жатат, Жүрөктү абдан катуу эзип атат. Кантемин эми аны кайдан табам, Жок дегенде, болмок атың сурап калсам! Айпошка 96
ОП-197-12. Караңгыда гүл үзбө, балким, тикенеги бар! Билип билбей кыз сүйбө, балким, сүйгөнү бар! 0773570ххх
ОП-197-13. Дос кыздарым Нурпери, Жаңыл Мырза, Элзада, Гүлшайыр, Нурсулууга чоң салам! Мен силерди жакшы көрөм! Ар дайым бар болгула! Бактылуу болгула! Казармандан Айпошка 96
ОП-197-14. Салам, "Обон!" Саламатсыздарбы, супер СМСчилер. Менин атым Айпери, Казармандан болом! Бардык Кыргызстандыктарга салам! Бар болуңуздар! Айпошка 96
ОП-197-15. Токмок шаарында жашаган Гүлжан, мен сени сүйөм! 0770138ххх
ОП-197-16. Замандаш, айтчы! Кыз сүйсө мүмкүн эмеспи? А неге жигиттер сүйсө мүмкүн? 0773707ххх
ОП-197-17. Салам, "Обонушка!" Иса Өмүркуловдун азыркы сүрөтүн бергилечи? 0771533ххх
ОП-197-18. Салам, "Обон!" Иса Өмүркулов жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы, сураныч! 0771533ххх
"Обондон" жооп: Туулган жылы-1995-жыл. Туулган жери-Бишкек шаары. Түпкү теги-Кара-Балта шаарынан. Билими-Кыргыз-Славян университетинин юридика факультетинин студенти. Бош убактысында футбол ойнойт, фортепьянодо обон чыгарганды жактырат. Кыздардагы баалаган сапаты-жөнөкөйлүк, сулуулук. Алдыга койгон максаты-Кыргызстанды таанытуу.
ОП-197-19. Арманым ашып-ташып орду толбос,/ Шариятта бул сүйүүгө күнөө койбос./ Ак сүйүүмдү эми жалгыз сага арнасам,/ Өмүрдө экөөбүздө арман болбос! /Накуля
ОП-197-20. Жактырдым мен күлүп сүйлөп караганың,/ Жүрөктөн эч бир айла табалбадым./ Өкүнөм эмнегедир бир нерсеге,/ Эмне үчүн, бир аз эрте карабадым!/ Накуля
ОП-197-21. Рахат байке, 7-декабрь туулган күнүңүз менен! Иниңиз Чынгыз
ОП-197-22. Бегимай Бекбоева азыр гастролдоп, күйөрмандарына ыр майрам тартуулап жүргөн кези. Ырчы кыз Бегимай Эсенгулова менен Бегимай Бекбоеванын фамилиялары техникалык себептерден улам алмашып кеткендиги үчүн, ал маалыматка тактоо киргизип коюуну эп көрдүк.
ОП-197-23. "Обонушканын" супер СМСчилери, жалпы жамааты жана окурмандары, сиздерге чоң салам! "Обондун" кабарчысы Келсин эже, кайда жок болуп кеттиңиз? "Обондун" такай окурманы Накуля
ОП-197-24. Ак куу учат сүйүү тоосун этектеп,/ Сени сүйдүм го "жалгыз мени сүйөт" деп. /Эч убакта ойлонбогун, алтыным,/ "Мени таштап башка менен кетет" деп!/ Накуля
ОП-197-25. Салам, "Обон!" Менин саламым Ат-Башы районунун Бирлик айылынын 9-"А" классына жолдонот. Бар болгула! Бай болгула! Бактылуу болгула! Классташыңар Нүргүл
ОП-197-26. Саат жебеси токтоп калган көрүнөт,/Тогуз болбой оюм онго бөлүнөт./"Алоо, жаны" деген сөзүңдү укканча,/ Сагынычтан көздөн жашым төгүлөт! /Накуля
ОП-197-27. Менин саламым Токмок шаарында иштеп жаткан Асановдорго жолдонот. Бар болгула жана ишиңер алдыга жылсын! Кызыңар Нургүл
ОП-197-28. Сыртка кар абдан жаап жатат, Ар бир жааган кар сени сагынганымды айтып жатат. Менин сүйүүм кардай таптаза. Накуля
ОП-197-29. Жакты мага сүйлөгөнүң, күлгөнүң,/ Жакты мага бир мүнөздө жүргөнүң./ Сүйүп калдым аз мүнөттүн ичинде,/ Кечирип кой катуу тийсе сөздөрүм!/ Каныкей 96
ОП-197-30. Алыскы Ала-Бука районунун Осмоналиев мектебинин 9-"Б" классына супер салам! Каныкей 96
ОП-197-31. Досторум, Айка, Нуриза, Бегайка, мен силерди жакшы көрөм! Каныкей 96
ОП-197-32. Салам, "Обон!" Менин саламым Токмокто жашап жаткан чоң атам Бердишке, чоң апам Чачыкейге, таенем Гүландага жолдонот. Чоң ата, чоң апа жана таене, бат айыгып кеткиле! Биздин маңдайыбызда жаркылдап жүрө бергиле! Небереңиз Нүргүл
ОП-197-33. Тариэлге: Сагындырып сенин жамалың,/ Көңүлүмдү сага бурамын./ Өмүрүмдө сага жолуккан,/ Түбөлүк бактыма ыраазымын! / Жазел 90
ОП-197-34. Тариэлге: Жагымдуу үнүң, сүйүүгө болгон көз карашың жүрөгүмдү арбап алды. Сени сүйөм! Жазел 90
ОП-197-35. Саламатсыздарбы, менин сүйүп окуган, гезитимдин жалпы жамааты. Мен бүгүн сиздерге жаңы кошулдум! Орозбек 95, Кыш-Абат
ОП-197-36. Атай Өмүрзаков, сен азаматсың! 0773104ххх
ОП-197-37. Сүйүү бул- азап экен! Сүйбөсөм сага ыр жазат белем! Дүйнөдө кыйын турбайбы, Махабат, сүйүү азабын тарткан. Марипа, сүйбөсөм сага колум сунбайм, Чын сүйөм сен мага туура түшүн. Сүйүп сага жетпесем, анда мен өлүмдөн да башым тартпайм! 0778735ххх
ОП-197-38. Ойлоном ар дайым сени сагынганда,/ Эч качан сени алмаштырбайм башкаларга./ Башка адамга тамашалап сөз айтсам да,/ Ак сүйүүм арналат го жалгыз сага! / Накуля
ОП-197-39. Салам "Обон!" Ишенаалы Арабаев атындагы КМПУнун филология факультетине 1996-жылы тапшырып, 2001-жылы ЗФК-53 группасын бүтүргөн группалаштарыма ысык салам! Арадан билинбей он жыл өтүптүр, баарыңарга ийгилик! Жаңы жылда жакшы ийгиликтерге жетишиңерди каалайм! Курсташыңар! Улан, Баяз, Талант, Гүлзат, Замира, байланышкыла! Ысык-Көлдөн Алтынбек
ОП-197-40. Кыргызстанымдын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм. Кыргызстаныма ийгилик каалаймын! Дархан
ОП-197-41. Аваздын табышмагына жооп: топ чырпык, топ чымчык жок калат! Бекжан
ОП-197-42. Салам, "Обон!" Менин саламым, Оштогу тагам Алмазга, жеңем Аселге, сиңдим Маликага жана сүйүктүү иним Жони, Маликус, өмүрүңөр узун болсун! Бактылуу болгула! Эжеңер Айка
ОП-197-43. Нурлан Насипке: Сырдуу карап алыстарды байкаймын,/ Көңүл менен сени издеп шашпадым./ Күнү менен сүрөтүңө термелип,/ Жашап жүрөм эгер аны сен билсең! / Нура, Ош
ОП-197-44. Нурлан Насипке: Айталбай сага болгон сезимдеримди,/ Жазалбай сени издеген кезим менин./ Чексиз сүйүп сен деп дагы турсам да,/ Баш ийдирди таза сезимдер эркиме. /Нура, Ош
ОП-197-45. Нурлан Насипке: Сүрөт тиктеп кадалып сени издеп,/ Сүйгөн жүрөгүм саргайып келет дегдеп./ Айта албай чырмалып сага деген,/ Кыялдар да сени издейт мени менен!/ Нура, Ош
ОП-197-46. Нурлан Насипке: Сагынамын сени дайым арзуудай,/ Кабылдаганмын сени сүйүп жаңылбай./ Аруу сезим коштоп биздин өмүрдү,/ Тунук сүйүүм арнадым мен өзүңө!/ Нура, Ош
ОП-197-47. Казармандагы Макмал орто мектебинин, 10-"Е" классындагы Гүлзара, сени сүйүп калдым! Бирок неге мынча таш боорсуң?! Бир жигит
ОП-197-48. Мен Үмүт акеме чоң салам айтам! Беку 96
ОП-197-49. Рахат, 7-декабрь туулган күнүң менен куттуктайм! Ден соолукта, бол! Мен сени сүйөм жана сыйлайм! Айгерим
ОП-197-50. Гүлдү үздүм, карап үздүм,/Арасында тикен калбады./ Жигит сүйдүм, бирди сүйдүм,/ Жүрөктө арман калбады./ Айгүл
ОП-197-51. Колду сунуп башка жигитти кармадым,/ Ак сүйүүмдү башка жигитке арнадым./ Бирок мен аракет кылсам да,/Сен сүйгөндөй сүйө албадым, ардагым! /0773965ххх
ОП-197-52. Кайраты жок киши ашык боло албайт. Тобокелге бел байлаган гана ашык боло алат! Туурабы, достор! Айгүл
ОП-197-53. Тогуз-Торо районунун Арал айылынын тургуну атам Жеңишбек, апам Венерага салам! Сиздер балдарыңыздардын убайын көрүңүздөр! 0770264ххх
ОП-197-54. Мен Казарманда жашаган эжем Элгиза, жездем Эсенбекке, байкем Эдуга, сиңдилерим Айка, Фатималарга чоң салам жолдойм! Эллада 95
ОП-197-55. Салам, "Обон!" Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы А. Абдраимов мектебинде иштеген Сейдалиева Уулжан эжеге жана ошондой эле 10-"В" класста окуган классташтарыма салам! Эллада 95
ОП-197-56. 42 -Маданият орто мектебинин 11-"Б" классына салам! Жазгүл
ОП-197-57. "Обондун" жалпы жамаатына чын ден соолук каалайм! Калемиңер курчуй берсин! Перизат
ОП-197-58. Салам, "Обон!" Ишенген сен менин жүрөгүмсүң, / Жашоомдо түбөлүк сүйгөнүмсүң!/ Сүйбөсөң да мен сени сүйө берем, / Жүрөгүмдү жалгыз сага арнап келем!/ Мен сени сүйөм, аравандык Марат! Сени сүйгөн Күкү, Ош
ОП-197-59. Жумгал районундагы Баш-Терек айылына чоң салам! Адилет
ОП-197-60. Салам, "Обон!" "Обонушканын" жалпы жамааты! Сиздерден сураныч, Эмил Балтагулов менен ырдаган Эрнис деген бала жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы? Алдын ала рахмат!
Накуля
ОП-197-61. Узак жолдо талыкпастан, чарчабастан,/ Баса бергин эч нерсеге карабастан./ Күчтүү болгун өнөрүңдү өргө чапкын,/ Жалкоолук бүт алаамга тарабастан!/0779923ххх
ОП-197-62. Салам! Менин жакын досум Акуга чоң салам! Ар дайым бар бол! 0557959ххх
ОП-197-63. Мен туугандарыма салам жолдогум келет! 0779108ххх
ОП-197-64. Кандай максат-тилектериңди бир кылды,/ Кандай ойдо сизге мени туш кылды./ Таарынасыз, тартынасыз күнүгө,/ Балким, ошол болсо керек түшүнсөм./ Гүзел 91
ОП-197-65. Айнура Салахидиновага: Колум жетпейт, билем анын себебин,/ Оюм жетет аралык жок дегеним./ Кыялым бар, бирок алыс аралык, /Түшүнбөдүм айтчы жаным, себебин!/ Гүзел 91
ОП-197-66. Айнура Салахидиновага: Уйкум качты, ар кандай ой, суроолорго,/ Жооп издеп жазам шашып түн ортодо./ Гүзел 91
ОП-197-67. Айнурага: Эч нерсеге көңүл келбей таң атарда, /Чыгып тиктеп алыскы аймактарды./Үшүгөндө кайра кирип жылууланып,/Тиктеп турам таң аткандай айланамды./ Гүзел 91
ОП-197-68. Нурлан Насипке: Алыстагы сүйгөнүмдү эскерип,/ Жүрчү болдум аны тез-тез мен эңсеп!/Сиз үчүн даяр болуп баарына,/ Жада калса жаным берем сурасаңыз! / Нура, Ош
ОП-197-69. Нурлан Насипке: Жашап жатам сен бар үчүн ушул аалам, Жашап жатам сени менен ушул заман! Нура, Ош
ОП-197-70. Марат, эгерде мен деп соксо жүрөгүң,/ Ишенип кой, мен да сени сүйөмүн! /Күкү
ОП-197-71. Тозок экен сүйүүсү жок жашаган,/ Көрбөй калдым түндүн жылдыз нурларын./ Дүйнө кезип келген окшоп сапардан,/ Таппай калдым турмушумдун ыргагын!/ Күкү 92
ОП-197-72. Турдалы кызы Толгонай, мен сени жакшы көрөм! Окууларыңа ийгилик каалайм! Гүзел 91
ОП-197-73. Урматтуу "Обондун" окурманы Пери, Бек Сын Чжоуну эмне сүйүп калдыңбы? Сенин СМСиңди окуп абдан кызгандым! 0770502ххх
ОП-197-74. Күндүр-түндүр ой дайрасын кечемин, /Периште деп өзүңдү ыйык сеземин./ Айдай болгон жамалыңа жалынып,/ Кусалыктан азап чегемин!/ Ули 96
ОП-197-75. Кардай аппак сага сезимим, /Сүйө албастыр менче башка адам./ Аруу жан деп таза, кол жеткис, / Артык баалайм сени башкадан!/ Ули 96
ОП-197-76. Ырчы Омардын чыгармачылыгына албан ийгилик! Дайыма Кыргызстандын намысын коргоп, талантыңды тартуулап жүрө бер! Мен сенин чыныгы күйөрманың болом! Тахмина
ОП-197-77. Айнура Салахидинова, сен эң мыкты ырчысың. Сага бардык жакшылыктарды каалйбыз. Биз сенин ырларыңды үй-бүлөбүз менен жакшы көрүп угабыз! Көлдөн Шумкар
ОП-197-78. Жалал-Абаддык досторго чоң салам! Акылай
ОП-197-79. Салам, "Обон!" Менин сүйүктүү ырчым Омарга жана досум ырчы Исага чоң салам! Дина 95
ОП-197-80. Сыймык Бейшекеевге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм! 0779315ххх
ОП-197-81. Кеңештик 88-жылкы досум Эрниске салам жолдойм! 0779315ххх
ОП-197-82. Саламатсыздарбы, мага Мирбек Атабеков жөнүндө маалымат жазып коёсуздарбы? Айпери
"Обондон" жооп: Толук аты-жөнү- Атабеков Мирбек Бообекович. Туулган жылы-1986-жыл, 11-август. Туулган жери-Талас областы. Жылдыз белгиси-арстан. Хоббиси-музыка жазуу, бильярд ойноо. Адамдагы жактырбаган сапаты-эки жүздүүлүк жана чыккынчылык. Урааны-"Эмне болбосун баары жакшылыкка!" Жактырган саны-1 жана 7. Көп колдонгон сөзү-"буйруса". Үй- бүлөлүк абалы-бойдок.
ОП-197-83. Салам, "Обон!" Менин атым Чынара! Мен өзүмдүн эң жакшы көргөн досторум Айка, Эля, Маха, Алина, Акылай, Жайна, Алтынай, Назиге ысык салам айтам! Бар болгула! Чика
ОП-197-84. Дайыр Исмадияров жөнүндө толук маалымат берип койгулачы? Бая
"Обондон " жооп: Толук аты-жөнү-Исмадияров Дайыр Эсенбаевич. Туулган жылы-1986-жыл, 16-июль. Туулган жери-Ош областынын Өзгөн шаары. М. Нурбаева атындагы №3 орто мектебин бүтүрүп, К.И.Скрябин атындагы КАУ "Профессионалдык окутуу" факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Кыргыз шоу-бизнесине биринчи кадамды 2008-жылы жасаган. Жылдыз белгиси-бөйөн. Фобиясы-жылан
ОП-197-85. Кыргызстаным мен үчүн ыйык мекен!/ Өнүгүп, өсө бер деп тилеп келем!/ Кыргызстаным өнүгүп, гүлдөп калса,/ Жаратканга мен ыраазы болор элем!/ Элдияр 92
ОП-197-86. Маратка: Сүйдүм мен, сүйгөнүмдү билбедиң,/ Азап тартып сени ойлоп, кыйналганымды сезбедиң!/ Бирок мага табышмаксың, жаным!/ Кимди ойлоп, кимди сүйгөнүңдү билбедим!/ Күкү, Ош
ОП-197-87. Болду эми сүйүүдөн көңүл калды,/ Эмнегедир сүйө албадым башка жанды./ Бул дүйнөдө чын жүрөктөн сүйө турган,/ Сүйгөнүнө күйө турган адам барбы?/
Элдияр 92
ОП-197-88. Биз билели апалардын кадырын,/ Берер элем өмүрүмдүн жарымын!/ Алыс кетсем көргүм келип өзүңдү,/ Чынын айтсам апакемди сагындым!/ Элдияр 92
ОП-197-89. Туугандарымдын баарысына салам! Бардык мени тааныгандарга, "Обондун" жалпы жамаатына салам! Элдияр 92
ОП-197-90. "Миң Кыял" радиосунун ди-диджейи Уланга чоң салам! Сенин кереметтүү үнүң бүт Кыргызстанга жаңырып, булбулдай болгон үнүң эч качан өчпөсүн! Айкөкүл
ОП-197-91. Салам, Жазел! Сенин ырларың укмуш! Сага ийгилик каалайм! Шакира, Ош
ОП-197-92. Амантур жээниме: Туулган күнүң сенин куттуу болсун!/ Ар дайым сен ыйлабастан күлүп жүр!/ Арнадым бир өзүңө ушул ырды,/ Тайкеңден ушул сага белек болсун!/ 0779942ххх
ОП-197-93. Апа, сизди айга, күнгө теңеймин!/ Ак сүтүңдү актаймын деп келемин!/ Кандай нерсе болсо дагы, апаке!/ Жүрөк менен дал ошону сезесиң!/ Элдияр 92
ОП-197-94. Дос болсоң сен досторуңду барктагың!/ Дос деген ыйык сөздү сактагын!/ Дос жөнүндө жаман сүйлөп ар дайым!/ Досторуңду жаман сүйлөп сатпагын!/Элдияр 92
ОП-197-95. Эгерде бир-бирибизди сүйүп калсак,/ Махабатка жалындап отту жаксак./ Бул дүйнөдө сенден башка сүйгөнүм жок./ Бактылуу күндөрдү бирге тапсак!/ Элдияр 92
ОП-197-96. Жүзүңдөн күлкү кетпеген,/ Сүйүп калдым эми мен!/ Суктанып сага жигиттер, /Сүйүүсүн арнап жетпеген!/ Элдияр 92
ОП-197-97. Жаман экен сүйгөнүңдөн ажыраган,/ Менин өзү тун сүйүүм кайда калган!/ Канча жолу сүйөмүн деп айтсам дагы,/ Жалгыз калып ошол кызга жетпей барам!/ Элдияр 92
ОП-197-98. Жашоо деген өтө та таал кыйын нерсе,/ Жакшы болот аны дагы жеңе билсе!/ Ар нерсеге ар кандай жолдор менен, Ошого багынбастан чыга кетсе!/ Элдияр 92
ОП-197-99. Апа деген бул дүйнөдө теңдешсиз зат,/ Апалар жок бул дүйнө токтоп калат!/ Апалардын кадырын билбегендер,/Кудайдын алдында жаза алат!/ Элдияр 92
ОП-197-100. Мирбек, мен сени эч унута албай жатам! Мен сени күтөмүн! Сенсиз жашоо жок! 0778536ххх
ОП-197-101. Достор, Жаңы жылыңар менен! Айгүл 96
ОП-197-102. Салам, "Обончик!" Мен кыргыз элимдин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! Айгүл
ОП-197-103. Нурзат эже, кайсы бир гезитке берген маегиңизде "Мен ыйлабайм, жашоо улана берет" деп айтыпсыз. Бардык эле аял заты балалуу болгусу келет! Турмушка чыгайын деген оюңуз барбы? 0777776ххх
ОП-197-104. Айла канча тагдырыма таарынам,/ Көктү тиктеп кудайыма жалынам./ Жанга баткан жалгыздыктан кыйналып,/Элес болуп түркүн ойго кадалып!/ Дарина
ОП-197-105. Салам, "Обон!" Нурзат эже, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бериңизчи? Кайсы жердин кулуну болосуз? 0777776ххх
ОП-197-106. Салам, "Обон!" Мен Нурзат Токтосунова эжеге ийгилик каалайм! Турмушта эмнелер гана болбойт экен! Нурзат эженин сөздөрү мага күч берди! Дарина
ОП-197-107. "Обон", "Күүгүм" тасмасы жөнүндө жазгылачы, сураныч! Айдай 96
ОП-197-108. Улан, мен сени чексиз сүйөм! Сүйүүмдү сезер бекенсиң! Ардагым, арманым, жүрөгүм! Бактылуу бол! Айкөкүл
ОП-197-109. Мирбек Атабековдун чыгармачылыгына ийгилик каалаймын! Мен сени чындап жакшы көрүп калдым! Айпери
ОП-197-110. Сүйүүм болдуң жүрөгүмдө жашаган,/ Ырым болдун дептеримде жазылган. /Канчалык сени унутууга тырышсам да,/Унута албай сени гана ойлодум!/ Расул
ОП-197-111. Салам, "Обон!" Мен силерге ийгилик каалайм! Ошону менен бирге Кыш-Абат айылындагы Мамат Ташбаев атындагы орто мектебиндеги жалпы 95терге салам! 0773685ххх
ОП-197-112. Баткен областына караштуу Рават орто мектебинин 1994-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө чоң салам! Досуңар Наргиза Элбек кызы
ОП-197-113. Кара-Суу районунун Отуз-Адырында жашаган жаным Аскатка чоң салам! Сизди сүйөм! 0779813
ОП-197-114. Салам, "Обон!" Айнура жеңе, Тариэл байкем менен бактылуу болуңуз! Кайын сиңдиңиз Асел 98
ОП-197-115. Салам, "Обон!" Мен эжем Махабатка, агам Адылга, сиңдим Динарага салам жолдойм! Ар дайым бар болгула! 0773619ххх
ОП-197-116. "Обон", бар болгула! Биз-супербиз! Алга! 0770378ххх
ОП-197-117. Саламатсыздарбы, Нурзат эже! Сиз мага абдан жагасыз! Ден соолуктарыңызга, иштериңизге ийгилик! Жалал-Абаддан Курманжан
ОП-197-118. Салам, "Обон!" Мен Кочкордо жашап жаткан ата-энеме салам жолдомокчумун! Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен! Атабыз Рысбек, апабыз Жылдыз, дайыма ден соолукта болуңуздар! Уулуңуз Ислам, кызыңыз Дилбара
ОП-197-119. Жашоомдун жарыгы, жүрөгүмдүн жарымы, жылуу, жагымдуу сөздөрүң, жанымда жылмайып жүрчү, жылмайган жылуу жүзүңдү көрсөм дейм! Жаным, жанымда жоксуң, жалгыздык жарына жыгылдым. Жалбарам жараткандан жанымда жүрүшүңдү! 0778373ххх
ОП-197-120. Сага дагы не дейин,/Ойго батып Марипа, сен жөнүндө эстеймин!/ Карагаттай мөлтүрөгөн сенин көзүң/, Сенсиң го өмүрлүккө жан жолдошум!/ 0778735ххх
ОП-197-121. Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын Ш.Абдылдаев атындагы мектептин 2001-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө (1984-жылкы класташтарыма, "чычкандарга") салам жолдойм жана келе жаткан Жаңы жылыбыз көптөгөн ийгиликтерди алып келсин! 0554 08 68 ХХ







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??