п»ї
 Таанышуу жарыясы


Бегиш:
"Азырынча сүйүү мага келе элек"
"Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу-мурду кыбырайт" дегендей, чыгармачыл чөйрөдө Бегиш деген жигит пайда болгон. Айтор, бул жигиттин өзүнө эмес, сөзүнө кулак салсак, ырларынын сөзүн да, обонун да өзү жазып, сөз тапкыч чечендиги байкалат.

- Бегиш, ыр өнөрканаңа баш баксак. Качантан бери чыгармачылык менен алектенип келесиз?
- Эки жыл болуп калды. Эки жылдан бери ийгиликке аттанып келе жатам. Юридикалык колледжде окуп жаткандан баштап аралашып калдым. Кичинемден кызыккан кесип. Негизи, чоң сахнага 1-класста окуп жүргөндө Бишкекте болуп өткөн "Жаштар таланты" деген конкурска катышып, биринчи орунга татыктуу болгондо чыккамын. Ал убакта толкунданганым эсимде жок.
- Бегиштин жеке жашоосуна кызыкдар болгон күйөрмандар көп? Киндик кан тамган кичи мекениңиз туурасында айтсаңыз?
- Ош областынын Алай районунан болом. Үй-бүлөмдө жакында эле толуктоо болду. 23-ноябрда карындаштуу болдум. Мен, ата-энем жана карындашым болуп шаарда турабыз.
- Келбетиңиз, турган турпатыңыз кыргыздарга окшобойт. Каныңызда бөлөк улуттун аралашмасы барбы?
- Жок. Мен кыргыздын баласымын. Чоң атам, чоң апам да кыргыз.
- "Көл толкуса көбүгү жээгине чыгат, эл араласаң таланттуусу четинен чыгат" демекчи, элден суурулуп талантыңызды көргөзүп келе жатасыз. Колдоо көрсөткөн бирөө-жарым бардыр?
- Көмөк көргөзгөн адамдар, биринчиден, Мирлан Саткынбаев, Эрнест Жоошев деген ырчы балдар бар, ошолор. Өзүм ырчылык кесипти баштагандан бери менин жанымда жүргөн ар тараптан жардам берген дос балдарым бар. Ошолор мага көп көмөк көрсөтүшөт.
- Мирлан Саткынбаев экөөңөр келишимдин негизинде иштейсиңерби?
- Экөөбүздүн ортобузда кагаз түрүндө келишим жок. Бир ой, бир максат менен жүргөндүктөн, кагазы жок, ага-ини катарында иштешип келебиз.
- Кайсы бир күнү сөзүңөрдөн жаңылып калсаңар, ортоңордо маселе жаралбайбы?
- Реп жаатында урушуп, кайра жарашуу деген нерсе же түшүнүк жок. Мирлан менин продюсерим жана ошол эле убакта менин жакын досум. Анын мага тигил жакка барба же бул жакка барба деп тыюу салган күндөрү болгон эмес. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай жаңжал болбойт деп ойлойм.
- Мурунку Бегиш менен азыркы Бегиштин айырмачылыгы эмнеде? Балким, "жылдыз" оорусу менен ооруп жүргөндүр?
- Мен өзүмдү атактуу деп деле сезбейм. Өзүмө атактуу болгонум көрүнгөн деле жок. Мурдагы Бегиш менен азыркы Бегиштин айырмачылыгы жок. Андагы Бегиш кичинекей болчу. Азыркы Бегиш чоңоюп иштей баштады. Жашоого, дегеле музыкага болгон көз караштары өзгөрдү. Тааныганы да, тааныбаганы да мага "жылдыз оорусу менен оорудуң" деп айткан жок. Болгону убакыт өткөн сайын чоңойдум. Жашоого болгон түшүнүгүм гана өзгөрбөсө, мурунку Бегишмин.
- Жазган ыр саптарыңызды акындарга текшертесизби же "ар ким өз көмөчүнө күл тартат" демекчи, өзүңүздү сөз чеберимин деп эсептейсизби?
- Ырларымды акындардыкына салыштырбайм. Өзүм жазганды элге тартуулай берем. Эч кимге текшертпейм. Акындар же ыр жазган кишилер менен сүйлөшүп иштешкен эмесмин. Алар тараптан сын-пикир да уккан жокмун. Эми жашасак дагы көрөбүз. Өмүр бою өчпөй кала турган ырлар аз. Ар бир адамдын өзүнүн жактырган ыры болот. Ыр жазуу мага жаккан нерсе. Жагып жаткан нерсени жарата берем.
- Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот. Бир убакта жөнөкөй адам элеңиз. Эми минтип асманда жанган жылдызга айландыңыз. Кайсы бир күнү бүлбүлдөгөн шам чырак болуп калуудан коркпойсузбу?
- Бул убакка чейин ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Утурумдук өзүмө жаккан хобби катарында көрчүмүн. Буйруса, Жаңы жылдын башталышы менен киришем. Азыркыга чейинки жазылган ырларым терең ойлонуп жазылган ырлар эмес. Музыкалык билимим жок болсо да, эки жылдын ичинде көп нерселерди үйрөндүм.
- Көчө акыны менен дует ырдоону өзүңүз сунуштагансызбы, ошондой эле, Арман менен кандайча таанышып калгансыз?
- Көчө акыны экөөбүз доспуз. Экөөбүздүн ортобузда достук мамиле бар. Андан башка эч нерсе жок. Сүйлөшүп жатып бир чечимге келдик, анан ырдап калганбыз. Арман өзүнүн ырчылык кесибин баштап жаткан убакта, мен дагы баштап жаткан болчумун. Экөөбүз тең чыгармачылык кадамдарды бир баштаганбыз. Ортобузда достук мамиле болгондуктан, ырлар жаралып калган.
- Арзыган кызыңыз барбы?
- Жүрөгүмө абдан катуу жаккан бийкеч жок. Эч ким менен сүйүү мамилесинде болгон эмесмин.
- Ат мингендики, тон кийгендики, эр элдики дейт. Жигит катары аскер кызматын өтөгөнсүзбү?
- Эки жыл болот, аскердик кафедрада кызмат өтөп жатам. Жумасына бир жолу барып ал жактан марш тепкенди, автоматты колдонгонду үйрөнөбүз. Аскердик дүйнө дагы өзүнчө кызыктуу. Ошол дүйнөнүн эң негизги касиеттерин үйрөнүп жатам.
- Аруу сезимдерге оролгон балалык кезиңизге көз чаптырсак?
- Мектепке бара элек кезим болчу. Көк-Жар кичи районунда жашачубуз. Жолдун четинде канал бар эле. Досторубуз болуп чогулуп, ошол каналга түшүп, анан күн ысык болуп кайнап турган мезгилде таштын үстүнө чыгып алып, күнгө кактанып капкара болуп күйүп калчубуз. Апам жумуштан келип күндө урушчу. Ата-энем азыркыга чейин ошол күндөрдү айтып калышат. 4-класска чейин тентек бала болчумун. Андан кийин токтолуп, шоктонбой калдым.
- "Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны" деген жакшы сөз бар. Эмне себептен атыңызды Бегиш деп атап алгансыз?
- Азамат Райымбеков деген досум бар. Ал азыр Нью-Йоркто Американын жарандыгын алып, ошол жакта жашайт. Башка балдар Бегалы десе, ал мени кичинекей кезинен эле Бегиш дечү. Чыгармачылыгымды ошол досум Америкага кеткенден кийин баштагам. Атымды кандай койсом деп ойлонуп жүрүп, ошол досумдун Бегиш деп атаганы жагып, ошондон улам Бегиш деген ысым менен чыгып жүрөм.

Жылдыз Абдыкерим кызы

abdykerimova1993@mail.ru






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??