п»ї

Атамбаев кимди тандайт?
Экс-президент Роза Отунбаев кызматтан кеткени менен мансап кумарынан чыга албай, өз таасирин жоготкусу келбеген жагдайлар байкалууда. Маселен, ТИМ жетекчилигине Руслан Казакбаевди калтырууну көздөп, көшөгө артынан тескери оюнга кирип кетти.
Таластык апчеси менен азыркы министрдин өткөндөгү жоругун көрбөдүкпү, жаңы шайланган президенттин инаугурациясына М.Саакашвилини чакырып салышып, А тамбаевди Орусия бийлигине жаман көрсөтүштү. Тилекке каршы, Р.Казакбаевдин канча кемчиликтери болсо да, РИО таласташтыруу саясатын токтотподу. ТИМге инисин сактап калуу менен америкачыл саясатын уланткысы келип, Кыргызстандын тышкы саясатындагы багытын, позициясын арабөк абалга, эки анжылыкка түртүп аткан чагы. Андыктан, азыр бизге коалициянын куралышы менен жаңы министрдин көз караштарын тандоо зарыл. Маселен, Р.Казакбаев түркчүл-америкачыл позицияда болсо, ал эми дасыккан дипломат Аликбек Жекшенкулов улутчул, ошондой эле тышкы саясатта орусиячыл көз карашты жакын тутарын билебиз. Эл аралык саясатта мамлекеттин кызыкчылыгын туура жана түз багытта алып кетүү зарыл, ал үчүн Кыргызстандын эң башкы дипломатын тандоодон жаңылбаш керек. Эми Атамбаев мырза кимди туура көрөт, көрө жаталык...


Россияда дагы деле митинг күчөп атат
Сыныктан башкасынын баары жугуштуу эмеспи, митингге чыгуу эми Россияга да жугуптур. 4-декабрда болгон шайлоого нааразылар Москванын борборундагы "Манеж" аянтына митингге чыгышты. Бул жакта оппозиция да, оппозицияга каршылар да чыгып, эл уу-дуу болуп жаткан кези. 12-декабрда Путинди колдогон бир канча миңдеген демонстранттар аталган аянтта жүрүштү. Алар бир эле Путинди колдоо максатында гана эмес, конституция күнүнө да чогулушкан. Белгилей кетсек, Россиянын конституциясынын негизделишине быйыл 18 жыл болду. Саясий серепчи Павел Салиндин айтуусунда, "Путин өзү жана ага иштеп жаткан саясий технологдор азыркы кырдаалдан олуттуу жыйынтык чыгарышы керек. Антпесе, мартта Путин да азыр "Бирдиктүү Орусия" кабылган абалда калышы ыктымал. Эгерде марттагы шайлоодо экинчи айлампа жөнүндө сөз болуп калса, Путин үчүн бул чоң катастрофа болот", - дейт.


16-17 жашында эне болгон кыздардын саны өсүүдө
Азыр мурунку ата-бабалардын салтын улаппы же "махабат" сезимдери эрте ойгонгондонбу, кыздар эрте эле эне болуп, эмчек эмизип жатышат. Айрыкча Кыргызстандын түштүк аймагында 16-17 жашында эне болгондордун саны өсүүдө.
Сентябрдан баштап, Ош шаарында гендердик саясатты ишке ашыруу, аялдардын зомбулукка кабылышын азайтуу боюнча долбоор иштей баштады. Аталган коомдук бирикменин жетекчиси Бактыгүл Тургенова нын айтымында, акыркы жылдары 16-17 жашка чейинки эне болгондордун санынын өсүшү байкалгандыгын айтып, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп өттү.


Ахматбек Келдибеков кызматтан кетти
Канча күндөн бери элдин көңүл борборунда турган төраганы кызматтан кетирүү маселеси 12-декабрь күнү кечки саат 21:00дө аягына чыкты. Тактап айтканда, атамекенчилердин топтогон материалдарынан улам, депутаттардын тыткынында калган ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков арызын жазып кызматтан кетти. Мындай окуядан кийин эл жетекчиликтен саясий стабилдүүлүктү талап кылышы керек. Менин кызматтан кетишим саясий белги. Маселе спикерликте же болбосо "креслону" сактап калууда эмес, маселе биздин айланабыздагы оюнда, - деп билдирди өзүнүн сөзүндө Ахматбек Келдибеков .


"Свет аке" фильми эки эл аралык сыйлыкты жеңип алды
Кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын "Свет аке" фильминин эл аралык маанидеги ийгилиги дагы эки сыйлык менен толукталды. Бул тууралуу "Республика" партиясынын маалымат кызматы билдирди.
Эл аралык алтынчы "В кругу семьи" ("Үй-бүлө кучагында") кинофестивалында "Свет аке" режиссёрлук иш үчүн "статуэтка Святых Благоверных Петра и Февронии Муромских" сыйлыгын жеңип алды. Фестиваль Екатеринбург шаарында (Россия) 2011-жылдын 3-7-декабрында өткөн. Калыстар тобунун төрагасы белгилүү кинорежиссёр Кшиштоф Занусси болду. 1-4-декабрда Францияда өткөн "Отран тоо фестивалы" аттуу 28-кинофестивалда фильм башкы сыйлык - "Grand Prize Jose Giovanni" гран-приге татыктуу болду. Бул кинофестивалда жаратылыш, тоолор, тоо спорт түрлөрү тууралуу фильмдер көрсөтүлдү.


В.Шевченко профессионалдык бокс боюнча аргентиналык спортчу менен беттешет
Кыргызстандык спортчу, бир нече жолку чемпион Валентина Шевченко 17-декабрда Перу мамлекетинин Лима шаарында профессионалдык бокс боюнча эл аралык турнирге катышат.
Бул тууралуу тай бокс федерациясынын басма сөз катчысы Гүлнара Тиллебаева билдирди. В.Шевченко аргентиналык спортчу менен беттешет. Бул мелдеш биздин спортчу үчүн профессионалдык бокс боюнча 20-беттешүү болуп эсептелет, ал буга чейинки мелдештердин баарын жеңип келген. 2010-жылы ал Латын Америкалык чемпионду жеңип, Интерамерикалык чемпион наамына ээ болгон.


Эл аралык чемпионатта кыргызстандык боксёр алтын кубоктун ээси болду
9-декабрда Кыргызстанда болуп өткөн кикбоксинг боюнча эл аралык чемпионатта биздин боксёр Алексей Федосеев алтын кубоктун ээси болду. Бул тууралуу КР кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов билдирди.
Анын айтымында, Алексей Федосеев Украина чемпиону Константин Коскин менен беттешип аны жеңип алган, финалдык оюнда Москванын чемпиону Амирбек Алиев менен болгон беттешүүдө аны артта калтырып турнирдин чемпиону аталды.Турнирге Украина, Россия, Казакстан жана Кыргызстан спортсмендери катышкан.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??