п»ї

Убагында "БОМЖ" болуп, азыр кайра "БОМЖдарга" жардам берген Муса
Кээде жашоо сени асманга, бийикке алып учса, кээде сени жерге алып урат. Азыр кимсиң, мурда ким элең, келечекте ким болосуң, ал бир жараткандын жана өз колуңда эмеспи. Арактын артынан түшүп, үй-бүлөсүн таштап кетип, ар бир жерде жүз грамм арак үчүн жумуш жасап, оор күндөрдү башынан өткөрүп, кайра жакшылыктан үмүт үзбөй жакшы жашооого умтулуп, азыр убагында өзүнө окшоп адашып кеткен жарандарыбызга жардамын берип келе жаткан Муса байке өзүнүн тагдырын айтып берди.

"Кырсыктан кийин аракка берилип кеттим"
"Мен 1958 - жылы төрөлгөм"- деп баштады каарманыбыз Муса байке. Айылда мал багуу менен балалыгымды өткөрдүм. Окууну бүтүп армияга барып келгенден кийин милиция болуп иштеп калдым. Жакшынакай үй-бүлө күтүп, эл катары жашап, иштеп жүргөн күндөрүмдүн биринде кырсыкка кабылып, ошол кырсыктан кийин менин жашоом түп орду менен алмашып кетти. Балким, тагдырымдын катуу соккусунан улам башыма түшкөн оор сыноону көтөрө албай калдым окшойт. Жумуштан бошоп калып, эмне кыларымды билбей, ичимдикке бериле баштадым. Күнүгө үйгө мас болуп келем, мас болуп келгенден кийин ар кандай сөздөр козголуп, уруш-талаш көбөйө берди. Аялым экөөбүз такыр тил табыша албай калдык. Бир жагынан аялым да кулагымдын кужурун ала берип, менин арак ичип кеткениме себепкер болуп калды болуш керек деп ойлоп кетем. Аягында баарынан тажадым, аялым менен мындай жашоо болбосун билгенден кийин, ажырашып кетирип жиберейин десем балдарым турат, балдарымды талаага таштагым келген жок.

"өкүрүп-бакырып ыйладым"
Мен үчүн тынч эле үйдөн чыгып кеткен оң көрүнүп, бир аз кийимимди алып үйдөн чыгып кеттим. Көчөгө чыгып мага окшоп ичип жүргөндөргө кошулдум дагы, жашоомду уланта бердим. Арадан бир канча жыл өтүп, кызым бойго жетип турмушка чыккан экен. Кыргыздын салты бар эмеспи: ачуу басар, калың төлөө сыяктуу. Ошолорун кылышканы барганда кызым мага бир балык берип жибериптир, "атам кайда болсо дагы таап, бул балыкты бергилечи менин атыман" деп. Балыкты мага алып келип беришкенде, отуруп алып ыйладым. Эми кызымдын келечеги кандай болот? Атасы аракеч экен деп сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп калабы деп. Анын болушары жалгыз мен болсом, менин болсо түрүм бул, кудай мага жардам берчи, ушул арактан кутулушума деп жардам сурап бакырып-өкүрүп отуруп алып ыйладым. Ушул аракты ичким келбейт, бирок ичпей калсам эле жүрөгүм оозума тыгылып, калтырап кайра эле арак издей баштайм. Ошо менен коёндой окшош күндөрдү өткөрүп жүрө бердим. Бирок ошол маалда кудайдан жардам сураганымды такыр токтоткон жокмун.

"Кызым кучактап ыйлап, үйгө келишимди суранды"
Күндөрдүн биринде аялым, бала-чакам болуп келишиптир, ал маалда мен селсаяк болуп калганыма бир нече жыл болуп кеткен. Бир туугандарымды, кайын-журтумду кошо ээрчитип алыптыр, үйгө алып кетебиз деп. Мен: "Барбайм, барганда кайра эле башталат да баягыдай уруш-талаш, андан көрө бул жакта тынч эле жашай берем",- дедим. Кызым мени кучактап алып: "Ата, үйгө эле кайтыңызчы, биз сизди сагындык, арагыңыз эле болбосо сиз аябай жакшы кишисиз"- деп ыйлап жибергенден кийин макул болуп, үйгө барып кайрадан жаңы жашоону баштоону чечтим. Ушундай абалга аялымдын тили жеткирсе, кайра ошол абалдан аялым сууруп чыкты. Үйгө барып жашап калдым. Кудай жалгап, аялым оңолуп калыптыр. Мен дагы кудай жалгап, ичпей калдым. Үйдө чакан күркө бар болчу, арак, тамеки, насывай, майда-чүйдө оокат-аш сатып соода кылчубуз. Мен үйгө кайтып келгенге чейин жүрөгүмө бир кубаныч келип жүргөн болчу, бир нерсе таап алып аябай кубана тургандай болуп жүргөм.

"Лоторея алып келип беришип…"
Тааныштар "балким, лоторея ойноп машина утуп алат болушуң керек, кел, биз сага лоторея алып келип беребиз, сен ойно" дешип, лоторея алып келип берген учурлар болду. Эч нерсе деле уткан жокмун, бирок баары бир эле жүрөгүмдө кубаныч жашап жүрдү. Көрсө, ал кубаныч аракты таштаганым экен, кудай чындап эле арыз-муңумду укту. Аракты таштагандан кийин, кыргызда жакшы сөз бар эмеспи "ишиң оңолбосо жер алмаштыр, андан оңолбосо атыңды, андан да оңолбосо анда аялыңды алмаштыр" деген. Ойлонуп көрүп жер алмаштырууну чечтим. Кыргыздар бекеринен айтчу эмес, ошону кылып көрөйүн дедим дагы шаарга кетип калдым. Бул жакка келип эки-үч ай жүрүп эсиме келдим дагы, кайра айылга барып үй-бүлөмдү шаарга алып келип алдым дагы, бул жакта жашап калдык. Шаардан кичи мекемеге орношуп алдым да, иштей баштадым.
"Селсаяктарга жардам берүүнү чечтим"
Бир жолу кетип баратсам бир байкуш бала жатат, аябай боорум ооруп жанына барып отуруп, арыз-арманыбызды айтышып ыйлап алдык. Анан жүрү үйгө деп ээрчитип алдым. Үйгө алып келип жуунтуп, кийимдеринин баарын өрттөп, ысык тамак бердим. Өзүм бир бөлмөлүү үйдө турсам, аны кайсы жагыма жаткырмак элем, кайра кеткен. Эртеси кетип баратсам баягы бала дагы мас болуп, жерде оонап жатат. Ошондон кийин мен селсаяктарга жардам бере баштадым. Сокулуктун Күнтуу деген айылына көчүп бардым дагы, чакан чарбага кароолчу болуп орношуп алдым. Анан мендей болуп убагында ичип кеткендерге жардам берейин деген ниетте мекеме ачкым келди. Башында баары күлүшкөн, "өзүң араң жүрүп аларды эмне кыласың?" деп.

"120дан ашык селсаякты адам катарына коштум"
Ошондон бери 120дан ашык селсаяк бактым, алардын кырктан ашыгын элдин катарына кошуп койдум, үйлөндүрүп койгон учурлар да болду. Азыр, кудайга шүгүр, жакшы жашап жатышат. Жаңы мекемени ачып жатканда жардам сурап өкмөткө кайрылгам, оюмду айтып, жок дегенде бир уй алып беришин сурадым эле, алар кайра бир уй эмес, бир эчки алып бере албасын айтышты. Бизди телевизордон көрүшүп, гезиттерден окуп калгандан кийин, элдер тарабынан жардамдар келе баштады. Бир жолу көлдөн бир апа уюн сатып, акчасын берип жибериптир, "уйду алып бара албайм, өздөрү сатып алышсын" деп.

"Кримчөйрөнүн балдары жардам кылышты"
Кримчөйрөнүн балдары келишип, өздөрү кой союп, бышырып, тамак-ашын даярдап берип кетишкен. "Ой, силер да жебейсиңерби?"- десек, "Жок, биз жегени келген жокпуз, болгону сиздерге жардам кылганы, сооп издеп келгенбиз",- дешти. Базарларга барып калсаң таанып калгандар бар да, картошка же башка бир нерсе сатып алып жатсаң ашыкча салып жиберишет. Ошентип, күндөрүм уланып жатат. Азыр, кудайга шүгүр, бир уюбуз, ондон ашык козу-улагыбыз бар. Айылдагы майда- чүйдө жумуштарга чыгып, иштеп тапкан акчабызга тамак-аш алып жашап келе жатабыз,- деп жыйынтыктады сөзүн Муса байке.

Алиса Сапарбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??