п»ї

Атын атаса, куту сүйүнөт
Искусстводогу Борбиевдер
Ар кайсы тармакта эл үчүн эмгектенип келген талант ээлеринин окшоштук жактары кайсы десеңиз,ал-бирдей фамилияны алып жүргөнүндө. Эл сыймыгы болгон кыргызымдын кыраан уулдары сиздердин көз алдыңыздарда.

КРнын Эл артисти, кинооператор Нуртай Борбиев
Жүрөгү кино деп согот
Талант даарыган өнөр ээси, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, оператор Нуртай Борбиев "Айыл кайрыктары", "Ак илбирстин тукуму", "Азият", "Маңкурт", "Сүйүү закымы" тасмаларын, ондон ашун даректүү фильмдерди тарткан. С. Каралаев жөнүндө "Манасчы" аттуу даректүү тасмасы көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыктуу болду. Г. Базаровдун "Саманчынын жолу" тасмасында Ашыраалыны ойносо, "Көчө" тасмасында тиш доктур Жалилди катыра аткаргандыгы жалпыбызга маалым. Эзелтен элибиз азилге жакын эмеспи, Жалилдин образы да юморго бай. Нуртай агай шакирттерин көзү менен эмес, жүрөгү менен көрө жана сезе билиши шарт деп тарбиялап келет. Буга чейин жүрөгү кино деп соккондон улам жаш операторлорго болгон өнөрүн үйрөтүп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда театр жана кино факультетинде эмгектенди. Азыр ардактуу эс алууда.


Кыргыз ССРинин искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер Эркин Борбиев
Мыкты кинодраматург
"Кыргыз керемети" аталган кыргыз киносунда мыкты сценарий жазган Эркин Борбиев экени талашсыз. Кыраакы актёр Б.Бейшеналиев "Шашки вон!" деп чакырык салган каарман эсиңиздедир. Ал эми "Атадан калган туяк" тасмасычы. Дал ушул тасмалардын сценарийин таасын чагылдырган Эркин мырза. Союз маалында саналуу гана профессионал киносценаристтер бар эле. "Аял жакшы эр жакшы, катын жакшы хан жакшы" дегендей, жубайы профессор Рахат Ачылова. Бул үлгүлүү үй-бүлө коломтонун отун өчүрбөй, бири-бирине эриш аркак болушуп, ынтымакта өмүр сүрүп келишет.


КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев
Азыркынын Барпысы
"Кечээ кирдиң сен түшүмө менин, жанымда сен жаш келин…", "Түйшүгүң да, азабың да өзүм тартайын, чындап сүйүп калдым кызды сага бир тууган…", "Бегимай сулуу сактаган тазасы барбы сүйүүнүн?" Ушул сыяктуу ой берметтерин тизмектеп, обондуу ырларды элине тартуулаган обончуну тааныбаган жан жоктур. Бул өнөр адамынын тоонун мөлтүр булагындай жанга жагым обондору кимге жакпасын? Айтылуу Барпы акындан кийин ырларында аялзатынын сулуулугун ашкере сүрөттөгөн Берадор мырза деп билемин. Кантсе да анын сырдуу кайрыктарын эстрадабыздын дөө-шаалары ырдап жүрүшөт. Жакшы ыргак аксаңдаган ойлорго дайым эле балдак болуп бере албайт эмеспи. Ал эми бу обончунун ырларынан эркин рифмаларды да учуратууга болот. Ал эми жакшы хирург бычак менен нервди чырпып өткөнүн даана сезгендей, Бек мырзадай мыкты обончу да ыргактын желаргысын сезе алат. Мындан ары да күйөрмандарын таң калтырган "Эркелетип эми жүрөсүң, уулуңду сен мага окшогон" өңдүү ырларды жарата беришине шек жок.


Эненин көөнү балада
Бир убакта Мажит десе, эл: "Аа, биздин ырчыларды катыра окшоштуруп туураган пародист бала го" дешип кары-жашы дебей концертке келгендердин агымы укмуш болчу. Айтылуу куудул Кабыл Бөрүбаевдин уулдары таланттуу чыгышты. Атанын уулу болуш да оңой-олтоң иш эместир. Ошол Абдырашитов Бекжандын (Мажит) балалык баёо кезине сапар тарттык.

Апасы Тамара Курбаналиева:
"Апа, үй меники болсо, башка төрөбө..."
"Кыйынчылыкта колбасага талгак болуп..."
Ал кезде Кабыл экөөбүз Оштун филармониясында иштечүбүз. 1993-94-жылдары элибиз кыйын кезеңде жашап жаткан кези эле. Бекжан 5 айлык бомда бар кезинде Бишкекке көчүп келдик. Курбум Айнагүл Ош базарында эт сатып иштечү. Кыйынчылыкта бекер отурбай, курбумдун жанында эт сатып иштеп калдым. Болгондо да колбасага талгак болгом да. Жаныбызда колбаса саткандардын жанынан өтсөм, "ооз тийгиле" деп кичинеден кесип берет. Дагы жегим келип, иштен чыгарда фартук тагынып алып өтөм, тааныбай калышсын деп. Кабылга айтсам, ал: "Мындай кыйынчылыкта колбасага да талгак болосуңбу?"-десе таарынып, эртеси күнү колбаса алып келсе жебей койгом. Болгону өзүм тойгончо жегим келчү да.

"Балабызды киши болбой калды дешти..."
Эт сатып жүргөндө чоң-чоң туштарды көтөрүп жүрүп, ичимдеги балам козголуп кетти. Айы жете электе 1995-жылы 6-ноябрда 7айлык болуп, 1кг 800 гр болуп төрөлдү. Асма укол сайып жатып, кыйналып төрөдүм. Негедир баламдын үнү угулбайт. Кантсе да энемин да, жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей. Кайнатам: "Бала чарчап калса, доктур соё электе чыгарып келгиле" -дептир. Доктурга мен: "Балам өлүк төрөлүп калдыбы?"-десем, доктур: "Ой, кызыксыз го, балаңыз тирүү"-десе кубанганымды айтпа. Ал убакта азыркыдай памперс жок, улам-улам жалаяктарын алмаштырып жаттык. Атайын вакуумда жаткан балдар глюкоза менен тамактанат экен да. Ошентип 2 ай болгондо ооруканадан чыгардык. Уулубуздун жаны бек болсун деп атын Бекжан койдук.

"Майып бала төрөп койдум..."
Кабыл уулуна эптеп тыйын таап, "Кичкинтой" сатып келет. 20 сомдук "Кичкинтойду" сатып алыш да кыйынга турчу. Балам жоош болду. Кеч басып, кеч тили чыкты. Баспай отура берсе, майып бала төрөп койгонмунбу деп өзүмөн-өзүм чочуп жүрдүм. Ошол маалда жаңы чыгып жаткан "Пикник" деген печеньени коюп койсом, момоюп жеп отура берчү.

"Ойдо жок жерде Мажит болуп..."
4-5 жаштарында атасынын баскан-турганын туурап калды. "Узун-кыска" долбоорунда ыраматылык Манас Бердибеков менен Кабыл аткарып калышты. Манас Бекжанды көтөрүп алып, сахнада сатира аткарчу. Мажит деп аталып калыштын да өз тарыхы бар. Манастар биздикинде сатирага даярданып жатышса, Манас: " Мажит, светти өчүр"-десе, Бекжан барып светти өчүрүп коёт. "Ушул балаң мындан ары Мажит болот",- деп калды. Ошондон тартып Мажит деген ат жабышты да калды.

"10 жашында концерт берди"
Ошол убакта эстраданын жаңы агымы пайда болгон эле. Ильяз, Султан, Мирбек, Сьездбек, Урмат- ошолордун баарын туурачу. 10 жашында Бекжан концертин элине тартуулады. Чакырылган ырчылардын баары келишип, колдоп ырдап кетишти. Султан: "Ушундай инимдин өнөрүнөн кийин кемчиликтеримди оңдоп калдым"-десе, Мирбек: "Мен Бекжандай маалымда эч нерсе менен ишим жок эле"-деп өз ойлорун ортого салышты. Концерттен түшкөн пайдага үй куруп алдык. Бекжан эң кичүүсү болгондуктан, үй сага калат десек, куудулданып: "Апа, үй меники экени ырас болсо, башка төрөбө",-деп калат.

"Көз мончоктун ак таштары жарылып..."
Көбүнчө ырым-жырымдарга ишенбейт болчумун да. Бекзат балам да ырдайт. Кайненем: "Өзүңөр эле ырдай бергилечи, балдарды чыгарбагыла",-дей берчү. "Ош базарында отургандарга көз мончок окутуп койгула, көз тийбесин",- деп көп айтчу. Ош базардагы көзү ачыктарга барып, көз мончокко дуба окуп жатканда көз мончоктун ак таштары жарылып кетсе болобу. Көргөн көзүмө бирде ишенип-ишенбей, ырым-жырымга ишенип калдым. Катуу көз тийиптир деп, үчүнчү ирет окуганда эч нерсе болбоду. Кайненем да неберелерине тумар чийип берген. Бир концертте Бекжан эрип катып калды. Кантсе да элдин назарында калган оор эмеспи. Эл жакшы көрүп таң калып караса да, элдин көзү тиет экен да.

Динара Асылбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??