п»ї

  Сиз кимсиз?

Адам болуш аста-аста, жаныбар болуш бир паста
"Сиз кимсиз?" деген жаңы рубрикабыз биринчи жолу башталды. Заманыбыздын көрүнүктүү инсандарынан кайсы жаныбарды жакшы көрөрлүгүн сурап алдык. Өзүлөрүнө жаккан он жаныбардын аттарын айткандан кийин, "Сиз кимсиз?" деген сурообузга жоопторун коюп, жандуу тил менен сүйлөттүрдүк. Кээ бирөөлөрүнүн кулк- мүнөзү чындап эле ошол жаныбарга окшошуп калган сыяктуу. Шайырбек Араповду башкалар "көпөлөк" деп ойлошсо, ал эми Нурзат Токтосунова өзүн "тоту куш" деп ойлойт экен. Келиңиздер анда, жумушта же болбосо үйдө же уктап жатканда кимиси кайсы жаныбарга окшошуп кала турганын төмөндөгү жооптон окуп билсеңиздер болот.


Нурзат Токтосунова: "Чынында, топозмун"
- Сиз үйдө кимсиз?
- Кабыланмын.
- Сиз коомдук жайда кимсиз?
- Жылкымын.
- Тамак жеп жатканда кимсиз?
- Анда аюумун.
- Уктап жатканда кимсиз?
- Жыланмын.
- Досторуңуздун арасында кимсиз?
- Итмин.
- Жумушта кимсиз?
- Карышкырмын.
- Жалгыз калганда кимсиз?
- Чөөмүн.
- Сиз өзүңүздү ким деп ойлойсуз?
- Мен өзүмдү тоту куш деп ойлойм.
- Сизди башкалар ким деп ойлошот?
- Кой.
- Сиз чынында кимсиз?
- Чынында, топозмун.


Шайырбек Арапов: " Башкалар мени көпөлөк деп ойлошот"
- Сиз үйдө кимсиз?
- Жылкымын.
- Сиз коомдук жайда кимсиз?
- Итмин. Анткени, ит адамдын досу да.
- Тамак жеп жатканда кимсиз?
- Көгүчкөнмүн.
- Уктап жатканда кимсиз?
- Торгоймун. Анын сайраганы жакшы.
- Досторуңуздун арасында кимсиз?
- Арстанмын. Ал күчтүү, ошол үчүн.
- Жумушта кимсиз?
- Павлинмин. Ал канатын жайганда абдан кооз көрүнөт.
- Жалгыз калганда кимсиз?
- Бүркүтмүн.
- Сиз өзүңүздү ким деп ойлойсуз?
- Тыйын чычкан…
- Сизди башкалар ким деп ойлошот?
- Көпөлөк…
- Сиз чынында кимсиз?
- Чындыгында, илбирсмин.


Гүлжигит Сатыбеков:
" Коомдук жайда коёнмун"
- Сиз үйдө кимсиз?
- Атмын.
- Сиз коомдук жайда кимсиз?
- Коёнмун.
- Тамак жеп жатканда кимсиз?
- Анда бүркүтмүн.
- Уктап жатканда кимсиз?
- Карышкырмын.
- Досторуңуздун арасында кимсиз?
- Коймун.
- Жумушта кимсиз?
- Бугумун.
- Жалгыз калганда кимсиз?
- Кирпимин.
- Сиз өзүңүздү ким деп ойлойсуз?
- Илбирс деп ойлойм.
- Сизди башкалар ким деп ойлошот?
- Төө.
- Сиз чынында кимсиз?
- Мен пилмин.


Жанэл: " Тамак жеп жатканда пилмин"
- Сиз үйдө кимсиз?
- Арстанмын.
- Сиз коомдук жайда кимсиз?
- Леопардмын.
- Тамак жеп жатканда кимсиз?
Анда пилмин.
- Уктап жатканда кимсиз?
- Жирафмын.
- Досторуңуздун арасында кимсиз?
- Бегемотмун.
- Жумушта кимсиз?
- Пантерамын.
- Жалгыз калганда кимсиз?
Анда итмин.
- Сиз өзүңүздү ким деп ойлойсуз?
- Крокодил деп…
- Сизди башкалар ким деп ойлошот?
- Бабёр.
- Сиз чынында кимсиз?
- Чынында, ак аюумун.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??