п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

"Кыз-Бурак" тобунун курамы өзгөрөбү?
"Кыз-Бурак" тобу өзүнүн уясынан канчалаган таланттуу ырчы кыздарды тарбиялап, аларды көктөмгө учуруп келген. Жаңы жылда "Кыз-Бурак" тобунун курамы жаңырабы деген суроого аталган топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова төмөндөгүчө жооп берди: "Биз бул Жаңы жылды жылдагыдан башкача кылып тосуп алууну чечтик. Тактап айтсам, "Кыз-Бурак" тобунун курамы өзгөрбөйт. Болгону Жаңы жылда жаңы ырлары жана жаңы костюмдары менен КТРде, ошондой эле, ЭлТРде боло турган концерттерге катышат. Азыркы убакта төрт чыгарманын үстүнөн иштей баштадык. Биздин жаңы ийгиликтерибизге кыргыз элим күбө болот"- деп, чыгармачылыктын чыйыр жолунда талыкпай эмгектенип келе жаткан КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова маалымдады.


Мирландын балдары бийиктикке талпынат…
"Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт" деген накыл сөзгө шайкеш келген ар бир ишти жогорку деңгээлде аткарган, бычакка сап болчу жигиттердин бири Мирлан Муратовдун окуучулары жаңы клиптерди, ырларды жаздырып бүтүштү. "Сагынычтын жакында эле "Кыргызстаным" деген патриоттук ыры жазылып, ага Бишкектин чет жагындагы бир айылдан клип тартып келдик. Ырдын мазмуну өтө жогорку деңгээлде берилген. Сөзү Кудрет Тайчабаровдун калем сабынан жаралса, обону Өктөм Сапар уулунуку. Мындан тышкары, Асель Кадырбекованын да "Жаным" чыгармасына клип тартып бүттүк. Кошумчалай кетсек, Асель азыркы учурда ырчы Добр менен дуэт ырдоого даярданып жатат", -дейт балдарынын ийгилигине көмөк көрсөткөн продюсер Мирлан Муратов.


Илгизге күтүлбөгөн сүйүнүч болду
"Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй болбойт" демекчи, кыргыз сахнасындагы ырчылардын каймагына кирген жаш ырчы Илгиз Абдалиевге Сыймык Бейшекеев агабыз "жакшы адам жакшы ырчынын камын ойлойт" дегендей, өз капчыгынын каржылап клип тарттырып берип жатыптыр. "Абдан толкунданып, сүйүнүп жатам, учурдан пайдаланып Сыймык байкеге ыраазычылыгымды билдирем"-деп, Илгиз Абдалиев сүйүнүчтүү кабарын билдирди. Жагымдуу жаңылыгын биз менен бөлүшкөн Илгизге ыр дүйнөнүн бийик сересинде болуп, мыкты чыгармаларды жарата беришин каалайбыз!


Назира Бердигулова Ардак грамота менен сыйланды
"Манас жаңырыгы" телеканалынын "Алтынчы күнү кечинде" телеберүүсүнүн алып баруучусу Назира Бердигулова 8-декабрь телевидение күнүндө Ардак грамота менен сыйланды. Өз ишин мыкты билип, жигердүү иш-аракеттерди кылгандыгы үчүн каналдын башкы директору Токтогазиев Темирбек өз колу менен тапшырды. Н.Бердигулова сөзүнө кыстарып: "Алтынчы күнү кечинде" эми нукура кыргыздын жүзү менен боз үйдүн ичинде болот. Башкача айтканда, Караколдон өзүмдүн капчыгыма ылайыктап бир боз үй сатып келдим. Колдоо көрсөткөн адамдар бар. Бирок атын атоонун кажети жок",- деп айтып кетти. Аны менен катар "Мен сүйгөн карагат" кинотасмасынын экинчи бөлүгү тартыла тургандыгын кошумчалады.


Жылдыз Абдыкерим кызы




Адистин көзү менен
Азыркы учурда өзгөчө стили менен жаштардын арасында оозго илинип калган жаш ырчы жигитибиз Амир Аскаровдун "Алдадың" деген ырын адистин көзү менен карап көрдүк.

Анарбек Ибраев,
КРнын эл артисти:
"Канчалык уксаң, ошончолук иренжийсиң"
Бул ыр жан дүйнөң жыргап уга турган ыр эмес. Биринчиден, обонун батыштыкынан алып туруп койгон. Бул жигит ошол тараптын обондоруна сугарылган. Эч кандай обонунда кыргызча жыттанган жери жок. Сөздөрү түшүнүксүз, эмне жөнүндө экени. Алдадың, кетип калдың, башка бирөөнүн колун кармадың-бул "түбөлүк тема". Ырды жакшылап уксаң, баш жагын угуп баштайсың дагы, андан аркысы туман болуп калат. Эч нерсе кабыл албайсың. Обондо эч нерсе жок, аранжировкасын да эптеп эле жазып койгон. Бизде азыр ушундай ырлар аябай көбөйүп кетти. Ушул ырды тойго эле алпарып угузуп көргүлөчү, угушат бекен, 100 % кепилдик берем, эч ким укпайт. Качанкыга чейин ушундай ырларды ырдап жүрө беребиз, мындай ырлар бизди жакшылыкка алып келбейт. Бул ырда угармандарды сүйүнтө турган, рахат ала турган эч нерсе жок. Жакшы ыр болсо бир укканда жок дегенде бир-эки сабын жаттап каласың, бул ырды азыр канчалык койсоң, ошончолук жийиркенесиң. Бул жигит мага таарынбасын, эгер кандайдыр бир нааразычылыгы болсо алып келсин. Жакшылап изденсин, обончу, композиторлор менен иштешсин демекчимин.

Жыргалбек
Касаболотов, акын:
"Халтураны талдаш мүмкүн эмес"
Мындай саптарды окуганда, жалаң катага толгон диктантты текшерген мугалимдей болуп жүрөгүң кысылып кетет. Халтураны талдаш мүмкүн эмес.

1-куплет
Махабаттын күнү бүткөнүн мен сезип калдым, (Кудай сакта!)
Кубанычтуу күндү кайгыга сен берип салдың, (Кубанычтуу күндү кайгыга берип салганы эмнеси? Анан бул эмне деген муун өлчөм?)
Менин сүйүүм сага түбөлүктүү дедиң эле, (Кыргыз да ушинтип сүйлөйбү?)
Көрүп калдым башка менен жүрдүң неге? (Өлдү, тиги байкуш. Эми актанып көрсүн эр болсо… )
(Муун өлчөмдөрү таптакыр сакталган эмес. Кыргызда мындай муун өлчөм жок).
Сүйүүмө тузак салбадың. (Сүйүүсүнө кантип тузак салышы керек эле? Түшүнсөм кудай урсун. Сүйүүмө тузак салбай койдуң деп таарынганы эмнеси?)
Сен алдадың, алдадың,
Махабат ырын жазбадың. (Ыр жазбай койсо эле алдаган болуп калабы? Же жазып берем деп убада бериптирби? Антип убада берген болсо айтыш керек. Мага арнап ыр жазам дедиң эле, жазбай койдуң, быкый экенсиң, ойнобойм сени менен деп. )
Жүрөк жалгыз, бир адамды тандап, сүйүп жүргүн! (Жүрөк жалгыз болгону үчүн эле бир адамды сүйүш керекпи? Көз экөө болсо, сөзсүз эки жакты карасак туура болобу? )
Сүйүү кымбат, аны дайым билип жүргүн! (Ма-айли, аксакал, сиздин бир ооз сөзүңүз деп айта турган киши жок. )
Сезим тапкын бакыт сени күтүп жүрсүн!.. (Сезим тапкын деп да айтылабы?)
(Бул саптар мурунку үч сапка карама-каршы келет)
Сезимим өчкөн жалындай… (Өчкөндөн кийин жалын болбойт да. Түтүнү же чогу эле калат.)
Сүйбөсөм эстебейт элем жалгыз сени, (Биринчи үч сөз төртүнчү сөз менен эмне байланышы бар? Сүйбөгөн кишини эстебейби? Жалаң эле сүйгөндөрүн эстей берсе, амнезия болуп калат го… )
(Кыргызда мындай муун өлчөм болбойт)
Сагынбай, (Кудай урду. Сагынат беле же сагынбайт беле? Түшүнүксүз)






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??