п»ї

Тынай
Алыбаев:
"Уруш-талашы жок эле ушундай чечимге келдик"
"…Жашагым келет, жашагым" деп бир кездерде "Инсан" тобунда жаркылдап ырдап жүргөн ырчы, актёр Тынай Алыбаев биз менен "Инсандан" тышкары болуп жаткан жаңылыктары менен ой бөлүшүп кетти.

- Алгач акыркы жаңылыктарыңыздан айтып бересизби?
- Кадимкидей эле иштеп, чыгармачылык менен алектенип жүрөм. Азыр жеке иштеп жатканыма байланыштуу жаңы ырларды жазып, өзүмдүн жаңы репертуарымды чогултуп жатам. Алдыга көп жаңы максаттарды коюп, ошол оюмду ишке ашырайын деп жан аябай эмгектенип жаткан учурум.
- "Инсан" тобунда ырдачу элеңиз, эмне себептен улам ырдабай калдыңыз?
- Эми ар бир нерсенин өзүнүн убактысы болот экен. "Инсан" тобу тарап кетти деген көп сөздөр бар, бирок андай эмес. Иштеп жатышат, жаңы ырчылар менен. Эч кандай уруш-талашы жок эле бири-бирибизди түшүнүп, ушундай чечимге келгенбиз. Чыгармачылыкта ар кандай учурлар болот эмеспи, башта айтып кеткендей, өзүмдүн оюмду ишке ашыруу үчүн топтон чыгып кеттим. Топтогу кесиптештерим менен мамилебиз дос бойдон эле калды, кээ бир жерлерде эски топ менен келип катышып бергиле десе, чогуу эле барабыз. Бир чети мен өзүм эле бул чечимге келген жокмун, ушундай кылсак кандай болот деп чогуу чечишкенбиз.
- "Жаңылбас жаак болбойт" дейт, убагында бир жолу жеке турмушуңуздан жаңылып калдыңыз эле. Азыр ошол келинчегиңиз менен мамилеңиз кандай?
- Мамилебиз жакшы, дос катары сүйлөшүп турабыз. Ал азыр Кытайда жашайт, үй-бүлөсү бар, бир кыздын энеси.
- Билишибизче, жаңы киного тартылдыңыз, сиз үчүн башкы каармандын ролун жаратуу оордук туудурган жокпу?
- Албетте, роль жаратуу кыйын. Режисёрдун оюнда эмне бар экенин билбейсиң, актёр болгондон кийин эпизоддо режиссёр эмнени көрүп жатканын түшүнүш керек да. Бул кино башкы ролду ойногон экинчи кином болуп жатат, буга чейин эпизоддордо да ойногом. Бул киного тартылууга Токтосун Жакыпов деген жаш режиссёр сунуш киргизип, сценарийин көрсөтүп, "кандай дейсиң?" деп калды. Сценарийин карап көрсөм аябай жакшы экен, анан мен тигиндей киного тартылат элем деп кыйын болуунун кажети жок. Өзүм жаңы киного кирип жаткандан кийин, мындай-тигиндей деп бой көтөргөн жокмун. Макул болдум дагы иштешип калдык. Жаш фотографтын ролун жараттым. Жакында экранга чыкса эл тараза, көрүп анан айтышат да, "кыйраттың же кыйраткан жоксуң" деп. Билбейм эми болор иш болду, менимче, жакшы эле болду болуш керек, бул да болсо тажрыйба да.
- Азыркы учурда көптөрү эле бир-эки жолу киного тартылып, андан кийин өздөрү кино жаратып жатышпайбы, сиз дагы кино тартам деген оюңуз жокпу?
- Эми кино тартыш үчүн алгач адамда кызыгуу болуш керек, акча каражат, жакшы техника керек. Мындан тышкары, фантазия керек, мунун баарын бир эле киши кыла албайт. Анан ар бир эле адам менимче өзүнүн колунан келген ишти кылса, майын чыгара кылат деп ойлойм. Жөн эле тырышып ары-бери чуркай берген деле болбойт го. Колумдан келбеген ишти жасап койсом, эртең такшалып калган режиссёрлор көрсө айтат:"Тынай жөн эле койсо болмок, андан көрө ырдап эле жүрө бербейби",- деп.
- Киного тартылып жаткандагы кызыктуу окуялардан айтып бересизби?
- Кызыктуу окуялар көп эле болду. Кино көбүнчөсү аянтта тартылды. Күн ысык, анан ошол жерде шоро саткан эженин шоросун биз эле түгөтүп жаттык окшойт.
- Роль жаратып жатканда көпкө чейин аткара албай, сиз үчүн оорчулук туудурган кадрлар болдубу?
- Албетте болот да, өзүм такшалып калган актёр болбогондон кийин. Кээ бир жерлеринде образ эле эмес, бир сөздү айта албай калып, кайра-кайра тарткан учурлар болду.
- Кесибиңиз ашпозчу эмеспи, ошол кесибиңизди аркалап кафе же ресторан ачам деген оюңуз жокпу?
- Убагында аркалап иштеп жүргөм, кудай буйруса, ачам деген оюм бар. Караштырып жатам, бул суроону азыр.
- Жан дүйнөңүз эмнеге жакын, музыкагабы же актёрлуккабы?
- Музыкада мен өзүмдү кененирээк сезем. Колумдан келет деп ойлойм. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп коёт эмеспи, ошон үчүн киного тартылып же дагы башка нерселерди үйрөнүп алуу бул турмушта тоскоолдук деле кылбайт болуш керек. Сунуш түшүп жаткандан кийин, режиссёр сага ишеним артып жатса, ошол ишеничин актаганга аракет кылыш керек. Ыр дүйнөсүн аркалап келе жатам, азырынча мага жетиштүү, балким, кийин кызыгуу пайда болуп калса, анан көрө жатарбыз.


Алиса Сапарбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??