п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Тагдыр
Жаштык, мастык деп бекеринен айтылбаса керек. Жибектин тагдырын угуп, жаштык кылып жашоосунан жаңылып калам деп ойлобосо дагы, бешенесине жазганын көрдү го деген ойго чектелесиң.

Жибек:
"Жигитим үчүн Ош базарда бир жума түнөгөм"

"Абдан сулуу, келбеттүү жигит болчу"
Жашоодо сүйүп калып каталык кетирип, жаңылышып жүргөн жаштарыбыз толтура эмеспи. Ошолор сыяктуу мен да сүйүү деп жашоомдо жаңылышкам. Ошол тагдырымды жаш кыздарга сабак болсун деп айтып бергим келди,- деп сөзүн баштады каарманыбыз Жибек. Эмир менен таанышканда мен болгону 7-класста окучумун. Ал маалда сүйүү деген түшүнүк менден алыс, куурчак ойноп жүргөн маалым эле. Абдан сулуу, келбети келишкен жигит биздин айылдын кыздарынын баарына эле жакчу. Экөөбүз кыз-жигит катары жүрүп калдык. Эмир биздин райондо жашагандыктан, жума сайын келип турар эле. Айлар жылга алмашып, мен мектепти бүтүп борбор калаабызга келип окууга тапшырганы даярдана баштадым. Күндөрдүн биринде үйгө атам аябай ачуулуу келди.

"Апасы колумду мал базардан сурап…"
Келип эле апамды урушуп кирди: "Кызың тигинин баласы менен сүйлөшөт экен, эмне башка жигит таппай калыптырбы?" деп эле үйгө ызы-чуу түшүп калды. Апама мени кошуп экөөбүздү тең урушуп жатты. "Токтот, ал менен болгон мамилеңди, ал сени эч убакта бактылуу кыла албайт, алардын үй-бүлөсүн көрүп эле жүрбөйсүңбү. Биз деле жакшынакай куда-сөөк күтсөк болбойбу?" деген сыяктуу сөздөрүн айтып жатышты. Мен үйдүн көзгө басар жалгыз кызы болчумун, мен төрөлгөндөн кийин апам ооруп калып, мен он алтыга чыкканда дарыланып атып инилүү болгонмун. Атамдын ачуусу келгенинин да себеби бар эле. Анткени, Эмирдин ата-энеси ажырашып кетишкен, атасы кайра-кайра үйлөнүп, турмуштан жолу болбой жүргөн. Атасы үч аял алып жатат, баласы жыргамак беле деп атамдын ачууланып жатканынын себеби да ошондон эле. Мындан тышкары, атамды мал базардан көрүп калган Эмирдин апасы менин колумду сураган экен. Анан атам ачууланып болушунча урушуп туруп кетип калыптыр. Бир чети менин дагы жиним келди: "Эмне мен мал белем, мал базардан колумду сурагандай",- деп. Бирок баары бир Эмир деп тургандан кийин, менин ата-энемдин урушуп жатканына көңүл деле бурган жокмун. Алдыга койгон максаттарды кыялданып, жашоодо эң бактылуу кыз болом, мен сөз жок Эмирге турмушка чыгышым керек деген ой мээмде турду.

"Ата-энемдин бутун кучактап ыйласам да болбой коюшту"
Бирок ошол күндөн баштап менин жашоом түп-тамыры менен алмашып кетет деп ойлогон эмесмин. Баары мен күткөндөн башкача болду. Кымызды суусаганга, кызды сураганга бер деген сөз бар эмеспи. Окууну бүткөн күндөн тарта биздин үйгө жуучулар келе башташты. Атам Эмирдин апасына аябай эрегишип калган экен, мени окутпай эле турмушка беребиз деп айтып жатканын угуп калдым. Өзүмдүн башка бирөөнүн колуктусу болуп жүргөнүмдү элестетип алып жанымды коёрго жер таппай калдым. Күндөрдүн биринде үйдө отурсам алысыраак туугандарыбыз болот деп эле жеңем бирөөлөрдү ээрчитип келди. Ал бизге эч кандай тууган эмес колумду сурап келген жуучу экенин жакшы билдим. Апамдар да көңүлдөнүп менден бир ооз сурабай туруп тагдырымды чечип жатканына күйбөгөн жерим күл болуп турду. Ата-энеме барып турмушка азыр чыккым келбей жатканын айтсам, кайра мени урушуп биз айткандай кыласың, кылбайсыңбы анда такыр окубайсың айылдын бир баласына берип салабыз. Анан отурасың мал багып, талаада иштеп деп ар кайсыны айтып оозумду жап кылып коюшту. Баш чанбайт, жакшы жердин баласы, жакшы балага турмушка чыксаң өзүңө эле жакшы, окууга өткөрүп коём анан окуй бересиң дешип ,такыр менин сөзүмдү укчу сөздөрү жок. Айлам кетип ата-энемдин бутун кучактап ыйлап, жалынып, жалдырасам дагы такыр болбой, токтот болду деп басып кетишти.

"Түн жамынып үйдөн качып кеттим"
Жер көчкү жүрүп, мен болсо ааламда жалгыз калган адамдай абалда калдым. Эмирден башка бирөөгө турмушка чыкканча өлүп калган артык сезилди. Көрсө, ошол маалда сүйүүнүн сокур молдосу менен жетелешип жүргөн экенмин. Эмирге жолугуп арыз-арманымды айтайын десем, жанымда жок эле. Ал мезгилде азыркыдай болуп уюлдук телефондор да жокко эсе болчу. Шаарда жашагандарда эле болбосо айылдагыларда кайдан. Эмне болсо ошо болсун, мен өз бактым үчүн күрөшөм деген чечимге келдим. Үйдөгүлөр баары уктап жаткан маалда түн жамынып үйдөн качып кеттим. Эмирдин Ош базары жакта иштээрин билчүмүн. Университеттен чыгып базардан Эмирди издегени жөнөдүм. Базарга келип иштеген жерин бат эле таап алдым, бирок, тилекке каршы, Эмир жок эле. Зарыл жумуштары менен айылга кеткенин айтышты. Көрсө, мени үйдөгүлөр издеп Эмирдин үйүнө чейин барып, таап бер кызыбызды деп ызы-чуу чыгарып жатышкан экен.

"Ош базарында бир жума түнөдүм"
Ошо менен түнөгөнгө жерим жок Эмирдин жумушуна бир жума кечинде барып жатып жүрдүм. Бир жумадан кийин Эмир келип, экөөбүз жолуктук. Ызырынып жини келген сүйгөн адамым, унчукпастан бетке чаап жиберди да, колуман жетелеген боюнча автобекетти көздөй жөнөдү. Айтпаса да баарын толук түшүндүм, ал мени үйгө алып баратканын. Жолду катар мени урушуп "сенин эмне кылганын, кичине күтүп турсаң болбойт беле, ата-энең мени өлтүрүп коё таштады" деп урушуп баратты. Мен ага болгонун айтып берип, сүйөрүмдү айтып, Эмирсиз бир күн дагы жашагым келбесин айтып ыйлап бараттым. Үйгө келсек апамдар үйдө экен, мени көрө калып апам ыйлап жиберсе, ачуусу келген атам жаактан ары чаап жиберди. Ызы-чуу болуп атып акыры мен максатыма жеттим десем болот. Себеби, ошол күнү Эмир менин ата-энемден колумду сурап, бир жуманын ичинде алып кетмей болду. Ошол маалда максатыма жеткениме сүйүнүп, алдымда кандай жашоо турганын ойлоп да койгон эмес элем. Бирок баары мен ойлогондой болгон жок.

" жоолук салгандын ордуна…"
Менин ата-энем макул болгону менен өчөшүп калган Эмирдин апасы батасын берип, башыма жоолук салгандын ордуна каршы болуп туруп алды. Орто жолдо Эмир экөөбүз тең чайналып, кыйналып кеттик. Апасы каршы болуп жатканын уккан менин ата-энем да угузба аны деп чыгышты. Эмне болсо ошо болсун деп Эмир экөөбүз бир чечимге келдик дагы, ал мени өз үйүнө эмес чоң апасынын үйүнө алып барды. Ошо менен сүйгөн адамымдын жары болуп, көздөгөнүмө жеттим деп кубанганым бир жарым жылга эле созулду. Бир жарым жылдын ичинде Эмир мага көрбөгөндү көрсөтүп, каалаганындай калчап, билгенин жасады. Келин болуп барган күнү келип чаңытып кеткен кайненемди ошол боюнча көргөн жокмун. Биз шаарга көчүп кеткенден кийин эки күнгө жетпей айылдагы чоң тамын сатып, шаардын бир бурчунан мүрзөнүн жанынан үй алып келип алган эле. Ал шаарга көчүп келгени менин жашоом тозокко айланды.

"Ортодо Эмир да чайналып кетти"
Эки күндүн биринде эле коркуп атам, ооруп атам, өлгөн атам деген сөздөрдү айтып Эмирди чакыра берчү болду. Эмирдин кылык-жоруктарына бышып калгам, унчукпай кала берчүмүн, барып кел деп жиберип коюп. Кеткен күйөөм бир-эки жумалап келбей кала турган болгон. Үйгө келбесе, кайнатам урушуп, "кайда жүрөсүң, келбейсиңби үйгө?" десе, тигил жактан кайненем "жашаба, кетир" деген сөздөрдү айтып, кулаганын кужурун жеп, ортодо Эмир чайналып кетти. Келсе дагы чыр чыгарып, көрүнгөндөн кызганып мээмди чагып салар эле. Акыр аягы экөөбүздө жашоо болбосун билип эле турдум, бирок ушунча аракетим талаага кетип калабы, мен ажырашам деп тийген эмесмин деген ой менен, бардык кылыгына чыдап жүрө бердим.

"Таза сезимимди Эмир барктабай кетти"
Арадан бир жарым жыл өткөндөн кийин Эмир: "Ажырашалы, экөөбүздө жашоо баары бир болбойт",- деп айтты. Канчалык жалдырап ыйласам да болбой койду. Мейли убакыт келет, ошондо көрөбүз деп чыгып кеттим. Бирок турмушум бузулуп, бир күйөөдөн чыкты деген атка конгонум мени катуу кайгыга салды. Бир ай үйдөн чыкпай шыпты тиктеп жаттым. Эмир менин ага болгон аруу, балалык махабатымды барктабай кеткени, менин кийинки жашоомо чоң сабак болду деп ойлойм. Андан бери арадан беш жыл өттү, өзүм эңсеген кесиптин ээси болгом. Бирок чоң сүйүүгө кабылып калуудан корком,- деп сөзүн жыйынтыктады Жибек.

Алиса Сапарбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??