п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Легендарлуу адамдар
Кең далылуу, кымча бел, кыргыздан чыккан баатырлар
Каба уулу Кожомкул баатыр 1888-жылы туулган. 68 жашында каза болгон. Өзүнүн көптөгөн адамгерчиликтүү иштери жана атагы алыска угулган балбандыгы менен Кожомкул өзүн кылымдарга даңазалап кетти. Кыргыз макалында айтылгандай "Өткөндү билбесең, келечекти көрө албайсың" дейт эмеспи.

От чачкан арстан
Өткөн кылымдын башында Кожомкул эми гана ысмы оозго алына баштаган кез эле. Бирок анын даңкы бүтүндөй Суусамыр өрөөнүнө жайылып кеткен болчу. Узун бойлуу, кең далылуу жигитке кара күч жагынан теңдешер адам чыкпай калган. Аны менен жекеме-жекеге чыгууну каалагандардын саны барган сайын азайып бараткан. Дал ошол маалда жаш балбанга Токтогулдан чакыруу келет. Ал жердин бир байы той берип жаткан болот. А кайсы кыргыздын тою күрөшсүз өтмөк!
Кожомкул Токтогулга чейин бир нече күн жөө жүрүш менен келет. Жолдо келатып боорукер адамдардын берген тамагы менен тамактанып, шамалдан капчыгайларга кирип корголойт. Ошентип келатып тобокел деп ошол аймактагы бир белгилүү манаптын боз үйүнө кайрылууну чечет. Боз үйгө кирип келген жаш уланды тиктеген манап ордунан атып туруп, оозунан сөзү түшүп жалдырап туруп калат. Кандайча өзү биринчи саламдашып жибергенин да байкабаган манапка ал кеткенден кийин чекчеңдеген аялы "Эмнеге жаш баланын алдында ыргып турасың?" деп кекетет.
- А сен эмне анын артындагы жаркырап от чачып турган арстанды байкаган жоксуңбу? -деп сурайт, араң жаны өзүнө келген бай.
Ким билсин, балким бул баатыр тууралуу айтылып калган легендалардын бири чыгар. А балким чындыктыр. Асман күчтөрү жөнүндө биз эмне билмекпиз? Кандай болгон күндө да Суусамыр өрөөнүнүн эли буга ишенишет.
Кожомкулдун турган турпатынын өзү эле арстанды элестетип турганы чындык. Ошол жолку Токтогулда баатыр чоң атакка ээ болот. Ал бардык баатырларды жеңип, байдан 50 кой жана бир нече жылкы соорунга алат. Алган байгесин ошол жерде эле кедей-кембагалдарга таркатып берет.

Кармаштар
Азыр эч ким Кожомкул канча жолу жекеме- жеке күрөшкө чыкканын так айтып бере албайт. Бирок бир нерсе анык: өткөн кылымдын 20 - жылдарында Кыргызстанда ага тең келер баатыр болгон эмес. Алардын бири - казак баатыры Чолок балбан менен болгон беттешүүсү өзгөчө болгон. Бул күрөш боюнча көп айтылып, жазылган. Бирок Кожомкул баатыр адегенде күрөшкө чыккысы келбегенин көбү биле беришпейт. Коркконунан эмес, тек гана ал мезгилде Кожомкул болуштук кеңештин төрагасы кызматында иштеп турган үчүн эл алдына белине чейин чечинип чыгуудан тартынган. Бирок Кожомкулду ошол жерде тургандар өлкө намысы үчүн чыгып берүүнү суранып туруп алышат. Беттешүүнүн 23-мүнөтүндө Кожомкул жеңип чыгат. Беттештен кийин эки баатыр дос болуп калышат. Казакстандык баатыр бир жолу Кожомкулду Иван Поддубный менен жекеме-жекеге чыгууга чакырат. Бирок кыргыз баатыры макул болгон эмес. Андан башка да казактын атактуу баатыры Кажымукандын өзү Кожомкул менен беттешүү үчүн келгенде биздин баатыр, биринчиден, эл достугун, экинчиден, жашы Кажымукандан кичүү экендигин айтып, беттешүүдөн баш тарткан.
Баатырдын күчү жөнүндө көптөгөн мисалдар айтылып келет. Алардын ичинде бирөө өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Ал 30 - жылдарда болгон. Суусамырлыктар тиричилик иштери менен Чүй өрөөнүн карай атчан жөнөп калышат. Бирок Төө - Ашуунун белинде тоо жолуна чоң боз үйдөй болгон таш кулап, жолду бөгөп калган болот. Эмне кылсак болот деп баштары каткан суусамырлыктар Кожомкулду чакырууну чечишет. Ал келгенден кийин жердештеринен үйдөй болгон таштын жанынан чуңкур казууларын суранат. Адамдар араңдан зорго дегенде аңды казып бүтүшөт. Аң чындыгында шумдуктуу чоң өлчөмдө казылган болот. Анан Кожомкул ишке киришет. Ал үйдөй болгон ташка аркасын салып олтурат да, аны казылган аңга карай түртө баштайт. Кыймылдай баштаган таш акырындык менен жылып олтуруп, аңга кулайт. Кубанган суусамырлыктар баатырды кучактап, ыраазылык айтышат. Кожомкулдун мурдунан кан атып кетет.

Алгачкы төрага
Кожомкул Совет бийлигин кубануу менен каршы алган. Баатыр өзү да далай жолу бай-манаптардын эшигинде арзыбаган акы үчүн алардын оту менен кирип, күлү менен чыккан. Ал эмгектен коркпосо да, алардын кедей - кембагалдарды теңсинбеген мамилеси менен келише албаган. Ал Суусамыр өрөөнүндө 20 жыл бою колхоздун председатели болуп иштеген. Ал адамдар менен жумшак мамиледе болуп, алардын көйгөйлөрүн өз убагында чечип берген. Аз-аздап Кожомкул тың чарбакерге айланат.
Жүрөктүн үшүн алган 1937- жылдардын эпкини баатырга да тийип, НКВД желдеттери Кожомкулду коңшу колхоздун төрагасынын үсүнөн арыз жазууга мажбурлашат. Албетте, баатыр буга макул болбойт, анысы үчүн өзү түрмөгө түшөт. Аны алып кеткени эки солдат келет. Кожомкул экөөн тең бийик көтөрүп, аябай силкилдетип туруп: "Шайтансыңар. Алып баргыла" дейт. Бир жылга жакын убакыт Жумгалдын түрмөсүндө олтурган баатыр ал жерде да адамгерчилик бийик сапаттары менен абийир күтөт. Түрмө анын мүнөзүн кээ бир адамдардай болуп жаман жакка өзгөрткөн эмес, Совет бийлигине да каршы болгон эмес, мунусу үчүн калк арасында дагы да чоң сый - урматка ээ болот.
Согуш жылдарында ал жердештери үчүн чоң тирек болот. Ал мыкты мергенчи да болгон үчүн баатырдын жары Акмадай күн сайын ал атып келген аңдын этин кедейлер үчүн бышырып берип турган. Канча адамды баатыр түмөдөн куткарбаган дейсиң! Бечара колхозчу аял үйүндө ачка олтурган балдары үчүн бир чака буудай уурдайт, аны дароо жеткирчү жерге жеткиришет, а баатыр ортого түшүп өзүнүн буудайын берип, тиги байкушту куткарат.

Махабат
Суусамырлыктардын
Кожомкулга болгон ызаатынын чеги жок эле. Бир жолу алар баатырга ... экинчи аял табууну чечишет. Себеби, баатырдын биринчи аялы Акмадай арыкчырай, назик аял болгон. А жердештери баатырдан баатыр тукум алып калууну каалашкан. Ошентип алар коңшу айылдагы Тооке баатырдын узун бойлуу, сөөк - саактуу кызын баатырга кудаламак болушат. Айылдаштары канчалык Кожомкулдун кулагынын кужурун алышпасын, баатыр буга такыр макул болбой коёт. Ошондо гана айылдаштары баатырдын махабатка бекемдигине тан беришет.
Баатыр айрыкча балдарды жакшы көргөн. Өзүнүкү, жаттыкы деп бөлгөн эмес. Айылдагы кичинекей балдар - кыздардын баарын билген. А мектепте жакшы окугандарды кийин жогорку окуу жайына тапшыруусуна жардам берген. Ал балдар - кыздардын арасында кийин Кожомкулдун көзүнүн тирүүсүндө айылга келип, мугалим болуп иштегендери болгон. Тилекке каршы, Кожомкул өзү чала сабат адам болгон. Окуп, бир аз жаза билгени менен иш кагаздары менен иштей алган эмес. Бир жолу күлкүлүү окуя болгон: баатыр мөөрүн жоготуп алат. Көп ойлонуп олтурбаган Кожомкул бир арызга мөөрдүн ордуна өзүнүн баш бармагын басып коёт. Райкомдо бул Кожомкулдун бармагы экенин дароо түшүнүшүп, арызды унчукпай кабыл алышат.
Кожомкулдун оорусу жана каза болушу туурасында ар кандай ойлор айтылып жүрөт. Суусамырлыктардын өздөрүнүн айтуусу боюнча бир жолу баатырдын тамак ичкен идишине кандайдыр бир жандык түшүп кетет. Ошондон кийин ашказаны ооруй баштаган баатырга Фрунзенин дарыгерлери да жардам бере алышкан эмес. Баатыр өзү да жакында каза табарын сезгендей, ооруканада көп жаткан эмес.



Кожомкул жөнүндө:
Бою - 197 см (башка маалыматтарга ишенсек - 230 см)
Салмагы - 164 кг (башка маалыматтар боюнча - 303 кг)
Бут кийиминин өлчөмү - 52
Ал төрөлгөн айылга анын ысымы берилген. Айылдагы музейден баатырдын сүрөттөрүн, кээ бир кийимдерин көрүүгө болот. Ошондой эле ал көтөргөн зор өлчөмдөгү таштарды да көрүүгө болот. Айылдан алыс эмес жерде ал жергиликтүү жетекчинин мүрзөсүнө чейин көтөрүп барган 700 кг салмактагы таш да бар. Жана да ал жылкыны ийнине артып алып 100 м көтөрүп барган дешет. Караколдун күн чыгыш тарабындагы айылдын мазарына коюлган апасынын мүрзөсүнө баатыр 160 кг салмактагы ташты коюу үчүн ал ташты бир нече километр жердеги дарыядан көтөрүп келген.
Бишкектеги Спорт сарайы Кожомкулдун ысмын алып жүрөт.

Назгүл Осмонова





Сандан-санга

Нурак Абдырахмановдун өздүк комуз үйрөтүү ыкмасы

Сол колго тийиштүү эн белгилер:

- Кашаага алынган эн белгини ошол көрсөтүлгөн манжа менен кылдын үнүн чыгарбай бууп (б.а. манжанын жаздыкчасын жеңил тийгизип) токтотуп туру керек.
- Эгерде кашаанын жанына тире белги коюлса, анда бууп коюу ыкмасы ошол кылда жаңы нота жолукканга чейин же үн чыкпагыдай бууп ойнолуусу керек.
- Бул белги кадимкидей аткарылат. Бирок музыканы негизги өзөгүнө кошумча же жардамчы үн катары көңүлгө алынат. Албетте, музыканын негизги өзөгү таза эн белгилер менен туюнтулат.
- Мындай белги кадимки нотадагы улаштырып ойноо (легато) белгисин туюндурат. "+" белгиси турган нота андан мурда жазылган манжа менен тырмап же аймап коюу ыкмасы аркылуу оң колдун катышуусу жок ишке ашырылат.
- Көрсөтүлгөн эн белгинин тарабына удаалаш кошумча көрсөтүлгөн манжаны оң колдун катышуусу жок ирмеп коюу керек. Б.а. нахшлаг сыяктуу аткарылат.
- Көрсөтүлгөн эн белгини аткарарда кошумча көрсөтүлгөн манжаны оң колдун катышы жок ирмеп тартуу менен башташ керек. Б.а.кадимки нотадагы форшлаг сыяктуу.
- Берилген эн белгини бир нече ирет көрсөтүлгөн манжаны жеңил ургулоосу (удары) менен шөкөттөө керек.
- Бул белгини нахшлагжын жеңилдетилген түрү катары караса болот. Б.а. негизги нотага билинер-билинбес маанайда кооздук бериш үчүн колдонулат.
- Берилген кылды сол колдун бармагы менен бууп, үн чыгарбай туруу керек.
- Эгерде кашаанын жанына тире белгиси коюлса, анда ошол кылда жаңы белги жолукканга чейин же такт бүткөнгө чейин бууп чертүү улантылат.
- Көрсөтүлгөн манжаны бир аз өйдө-ылдый жылдыруу менен ойноо керек.
Үндүн созулуштары тууралуу
Созулуштарды туюндуруу үчүн кадимки нота жазмаларындагы белгилерди пайдалануу талапка ылайык. Себеби, музыкалык сабаты барларга дароо түшүнүктүү болот.
- Комуз музыкасында кылдардын термелүү мөөнөтү кыска болгон үчүн эң узак созулушту кадимки нотадагы жарым созулма белгисинен баштап биздин эн белгилерибизде жарым созулма белгини туюнтуш үчүн кадимки нотадагы төрт үлүшкө (доляга) туура келген бүтүн созулманы жазган сыяктуу таякчасыз эн белгини коюуну туура таптык. Себеби, бүтүн созулмага туура келгидей үлүшкө (1-и, 2-и, 3-ү4-ү) чейин созулушту камсыз кылууга көпчүлүк комуздардын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошон үчүн таякчасыз жазылган эн белгини жарым созулуштагы нота деп эсептеп, эң узак созулушту туюнтууну ошондон баштайбыз.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??