п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Окумал
Иним экөөбүзгө бир катын.. .
Айгүл ШАРШЕН
(Башы өткөн санда)
- Алида, бас үйгө кир! - деди Жайлоокан.
- Азыр апа.
- Бол дейм.
- Азыр деп жатам го-о? - деп тултуңдай бери басты, - Эмне болот экен эми, жөн эле сүйлөшүп турам го?
- Сен али жашсың, балдар менен турганга болбойт.
- Эмне болмок эле…
- Уят болот кызым, балдар деген азыр жаман.
- Кереги жок, ушу силердин жапайы сөздөрүңөрдөн тажадым, азыр жыйырма биринчи кылым апа, мен каалаганымдай жашап, каалаганымдай басып көңүл ачуум керек!
- Андай болсо сен дагы эртең мени менен ишке чык, мага жардамчы керек болуп жатат, башканы алгыча сени иштете йин, өз кийим-кечеңе жарап калат, - деди Жайлоокан жөн салды гана, ал Айбектен уялды, кызынын айткан сөздөрү анын жан дүйнөсүн мыжыгып, жүрөгү зыркырап турса дагы сыртынан кенебегендей абалда токтоо сүйлөдү.
- Иштебейм.
- Эмнеге? - Жайлоокан кызын алая карады, - Аида экөөңөр мени багам дечү элеңер го, эми эмне болду, кызым?
- Айбек байке багат да сизди.
- Алида, эсиңе кел кызым, сени кечки мектепке сүйлөшүп жатам, сен окуйсуң, адам болосуң, - Жайлоокан Алиданы жакшы айтып ийге келтирмек болду.
- Мен окуй алам, Аида эжем үйрөткөн, акча санайм, гезит-журнал окуйм, башка эмне керек?
- Документ керек, кызым.
- Койчу апа, азыр акчаң болсо соода кылып жашаса болот, мага андай документтин кереги жок!
- Эмне болуп жатасыңар? - деп Аида кирди.
- Эчтеке болгон жок кызым, ишиң кандай?
- Эң сонун.
- Ошондой эле болсун, - деп Жайлоокан ичтен сыза улутунуп алды.
- Кабатыр болбочу Жакин, кыздарыбыз эстүү, кудай буйруса баары жакшы болот, - Айбек Жайлооканды тынчтандырды, - Андан көрө тамак жаса, байбиче.
- Азыр, мен жасай коём, апам кечке чарчады, - деп Аида тура калып өзү киришкенде Алида ага жардам берип кирди.Бир бөлмө батирде туруп Айбек өзүнчө ойлонуп алды, ал үй алганга деле кудурети жетип калган, иши жакшы, Жайлоокан андан акча сурабайт, экөө мечитке барып нике кыйдырып, анан чоң бөлмө алып кетишмек болду. Бардык шарты бар эки бөлмө үйгө кирип жашап калышканда, Аида бир аз эсине киргенсип токтоло түштү. Алиданы да апасы жокто түшүндүрүп, апасына жардам берүүгө сүйлөшүштү.
- Мага апамдын күйөөгө тийгени жакпайт, - деди Алида эжесине.
- Айбек байке жакшы адам турбайбы, көрдүңбү бизге жардам берип жатат, биз кайыр сурабай калдык, биз апамды уят кылбай жакшы жүрүшүбүз керек, Амина азыр жаш.
- Ооба, туура айтасың, эжеке.
- Сен экөөбүз апамды колдобосок, ким колдойт?
- Туура, биз апамды угушубуз керек, - деп экөө сүйлөшүп отурушту.
Аида жумушунда иштеп жүрүп Азиз менен таанышып калды, ал кызды чын жүрөгү менен сүйдү, бирок аялы менен бир кызы бар эле, эмне кыларын билбеди. Айбек Жайлоокан менен ынтымактуу жашап, анын өтө жумшак, боорукер, көп сүйлөбөгөн, ушак-айың менен иши болбогон аялды сыйлап өз жан дүйнөсүнөн орун берип, түбөлүк бирге жашоого ишеним менен кадам таштады, алар жумушка эрте кетип, кечинде бирге кайтышат.
- Жакин, сен мага жолукканыңа нааразы эмессиңби? - деди бир кечте колтуктап келе жатып.
- Жо-ок, эмнеге антип сурадың?
- Деги да, сени кыйнап койбодум бекен дейм да.
- Эч кандай кыйналганым жок, бу тагдыр деген кызык тура, кээде ойлобогон нерсе болуп кетет экен, - деди Жайлоокан ойлуу.
- Кайгырба Жакин, мындан ары биз жакшы жашайбыз, эмки жумада акчамды топтосом үй алалы, ээ?
- Менин кошо турган акчам жок да, Айбек.
- Кереги жок, сен менин жанымда болсоң болду, - Айбек аны өзүнө тарта кысып койду.
- Рахмат сага, үч кызыма карабай туруп жүк көтөрүүгө баш байладың, менимче бардык эле эркек сенчелик кадамга бармак эмес, ыраазымын сага, - деп күйөөсүнө башын жөлөп жылмайып алды.
- Мен сени жактырдым, көңүлүмдөгү аял сенсиң, экөөбүз бул дүйнөнүн кайыгын чогуу айдайбыз, сени эч нерседен кем кылбай багып алам, жаным, - Экөө жай басып аялдамага келишип андан өтүп аркы өйүздөгү кабат үйлөрдү көздөй жөнөштү. Жайлоокан ошол кезде кош бойлуу экенин сезбеди, анткени ал эч бир талгак болгонун да билчү эмес, качан гана ичи кыймылдаганда сезип калчу. Алар ээрчише киргенде Аида тамак жасап, Алида сиңдисине арип үйрөтүп жаткан.
- Кызым, бүгүн эрте келдиңби? - Жайлоокан Аиданы көрүп эле суроо узатты.
- Ооба апа, эрте чыктым, чарчадыңыздарбы?
- Чарчадык кызым, мен жуунуп чыга калайын.
- Ооба, сергип каласыз, тамак дагы даяр, Айбек байке дагы жуунуп алсын, мен дасторкон даярдай берейин.
- Каралдым десе, менин атам да, энем да силерсиңер берекем, өзүңөргө тың болсоңор эле болду, кудай бак берсин, - Жайлоокан ваннага кирип кетти. Айбек андан кийин жуунуп чыкты, чогуу отуруп тамактанып отурганда:
- Ата, мага шоколад алып келген жоксуңбу? - деп калды Амина.
- Аа-а, мен таптакыр унуткан турбайынбы, - Айбек күлө чөнтөгүнөн жыйырма сом алып чыгып берди, - Эртең өзүң алып же ээ?
- Ооба, атам жакшы.
- Байке, мындан ары бербеңиз, мен сабак окутайын десем көңүл бурбайт, - Алида күлө карады.
- Анда мага эртең жакшылап санап, тамгаларды айтып бербесең шоколад жок, жарайбы?
- Макул, мен окуйм эле, тамганы таанып калбадымбы? - Амина моюн бербей тамакка кашык салды.
- Күбөлүгү жок кандай кылам билбейм, Аида экинчи класс боюнча окубай калды, Алиданы болсо окута албадым, эми мунун күбөлүгү жок, - Жайлоокан телмире ойлонуп калды.



(Уландысы кийинки санда)





Аздек НАМАЗБЕКОВА
Жашынмак
(Башы өткөн санда)
- Көздөрүң эмне киртийип калган?-деди жолдошум чай үстүндө.
- Ой, таң атканча уктай албай кыйналып чыктым.
- Эмнеге?
- Эмнеге дегениң кандай? Карабашыл киши жоголуп атса…
- Бир Асан кайгы эле аялсың да! Түндө эле айтпадым беле, аның күйөөсү менен уруша кетип, кайда кеткенин айтпай кетип калды деп. Таарынычы жазылганда келет. Кайда бармак эле?
- Андай болбосочу? Мен азыр Кабакка чалып, сурайын, э? Болбосо, дайынын сурап койгон жок деп атат го,-дедим да, күйөөм "чалбай эле кой"деп ийбесин деп шашкалактай, түндөгү чоочун номерге чалып калдым.
- Жок, Аздек, келген жок. Жумушунан саат беш кырк беште чыгып кетиптир. Кайда барып, эмне кыларымды билбей башым маң болуп турам-деди Кабак. Үнүнөн кыйналып, чарчап турганын байкадым.
- Сиз эки жакка чуркасаңыз Нуркызды жалгыз калтырбай, мен алып кетейинби? -дедим, жок дегенде кызын карап болсо да жардамымды көргөзөйүн деп ойлой.
- Рахмат, кызымды кечээ сабактан кийин кайнежем алып кеткен. Алардын Нуркыз менен тең уулу бар. Экөө чогуу ойногонго кызыгып, кээде дем алыш күндөрү ал жакта болот. Бала неме оор кабыл алат го деп, айткан жокмун. Кайнежемдер эле айтып ийишпесе? Алар да ыйлап, жаман болуп атышат.
Мени "убакытты созбой милицияга барып кайрыл" дешти. Коё турсамбы, же бара берсемби, билбей турам,-деди, бош үн катып. Мага кайрылып атканы, же өзү менен өзү сүйлөшүп атканы белгисиз.
- Бир чети эртерээк эле кайрылганыңыз туура го. Ооруканалардан да издеп көрөлүбү? Мен чалайын. Кандай болгон күндө да жакшылыктан үмүт үзбөйлү,-деп кош айтыштым.
Шалдайып эле олтуруп калдым. "Тирүү болсо бир дайынын билдирет эле го?!"деп ойлоп алдым. Ошол ойдон үстүмө бирөө шыргалаң суу куюп жибергенсип ичиркенип, чыйрыгып чыктым. Көмөкөйүмө бир нерсе тыгылып туруп калгансып, көкүрөгүм буулугуп, ыйлап ийчүдөй абалга жеттим. Көзүн алаңдаткан күйөөм ордунан тура калып, мени кучактай берип:
-Аздеш, койчу эми, эмне болуп атасың? Өзүңдү кармачы?! Баары жакшы болот. Табылат. Мен бүгүн силерди айылчылатып келейин деп атпадым беле? Эмне кылалы? Күйөөсү эмне дейт?-деп өпкүлөп калды.
-Балдарды алып, Амандыкына барып келгиле. Балдары менен ойношуп, буктарын чыгарып келишсин. Мен ооруканаларга чалып көрөйүн. Башына ушундай мүшкүл түшүп атса, мага эмне деп карап олтуруп алганым болмок беле?!
Үйдө олтуруп, тез жардамдан баштап, бүт ооруканаларга чалып, сурамжылоомдон эч жыйынтык чыккан жок. Мен күткөндөй жооп ала алган жокмун. "Өлүп көрүптүрмүнбү…"дегендей, башыңа мурда-кийин мындай иш түшпөсө (түшпөй эле койсун!) эмне кыларыңды деле билбейт экенсиң. Бир ооруканадан кишини зааркантып, "өлүкканага чалып, же барып көрүңүз?" деди эле, аягына чейин уккум келбей, телефонду койгончо шаштым.
Кечинде Кабак өзү чалды. РИИБге кайрылып, арыз жазганын, алар Насыйкаттын сүрөтүн алып калышканын айтты. Мен ал учурда ойлобогондун баарын ойлоп, "балким, Насыйкат Кабактын жашыруун жашап жүргөн аялын издеп барып, экөө уруша кетип, тигил аял бирдеме кылып койгон жокпу?"деген чындыкка жакынбы, же, деп олтургам.
Бул учурда күйөөм менен балдарым келип калышты.
- Апо-ов, биз Аман атамдыкына барып, балык жедик. Эмир экөөбүздү атам карга оонатты,-деп уулум босогодон эле жар сала кыйкырып, жүгүрүп келип мойнуман кучактай, мага бой урганда, оюм чачырай, күлүп жибердим.
Баламды кучактай, жыттап алып, жыйрылып турган дене-боюм жазыла балкый түштүм. Жылмая жыла басып кичүү кызым жаныма келип, аны сол кучагыма кысып өптүм.
- Сизди сагынып кеттим. Экинчи сиз жок эч жакка барбайм. Эмирлер мага кар чачышты. Мен суу болуп ыйладым,-деп эми эле жаркып турган кабагын чытый, кызым даттанып калды.
- Ой, ыйлаак, ыйлаак,-уулум да жөн калбай, карындашын эликтей, чычалатып, экөөнү тыйып, жалынычым түгөнбөй, бал тилдерине маашыр болуп күлүп олтурдум.
Ара-чолодо жасай койгон тамагымды ысытып, баарыбыз кечки тамакка олтурдук.
- Эртең дем алыш болуп, ушинтип баарыбыз шашпай тамак ичип олтурганыбыз мага аябай жагат. Апа, эртең Нуркыздыкына барып келбейлиби? Атам болсо Аман атам менен мончого кетет,-деп калды улуу кызым.
- Ой, менин мончого барарымды кайдан билесиң?-деп күйөөм күлүп ийди.
- Жана уктум го, -деди кызым тыкылдай.
Мен болсо үйүбүздү күлкүгө бөлөгөн балдарыма ичим элжирей, көңүлүм ачылып, жадырай чай ичип аткам. Кызым "Нуркыздыкына баралыбы?" дегенде кайра Насыйкат эсиме түшүп, күйөөмдү карап калдым.

(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??