п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

пайдалуу кеңештер
Уйку тууралуу үч сөз

Уйку пайдалуу, бирок доктурлардын айтуусуна караганда, 20-40 жаштардагы айымдар суткасына болжол менен 7-8 саат укташ керек. Жайында бул көрсөткүчтөн азаят. Ал эми кышында бир-бир жарым саатка көбөйөт, анткени, организм көбүрөөк уйкуну талап кылат. Уктаардан мурда таза абада 10 мүнөттүк сейилдөө абдан пайдалуу. Жылымык, бирок ысык эмес сууга чайканып, же бутуңузду жууп алсаңыз ашыкча болбойт. Кимде-ким уктай албай кыйналып жатса, денесине акырын массаж жасап койсо деле болот. Бирок бүт денеңизди жышып жуубаңыз, аны эртең мененкиге калтырсаңыз болот. Кечки жуунууга 15-20 мүнөт калганда бут кийимди, колготкини жана байпакты чечип алып үйдө басыңыз. Дарыгерлердин айтуусуна караганда, бутту жуугандан кийин колду өсүмдүк майы менен майлап, акырын массаж жасасаңыз чарчоону басат. Өсүмдүк майында көптөгөн пайдалуу витаминдер бар, мисалы Е, аны буттун таманынан манжаларга чейин сүйкөңүз. Жакшы уктоонун дагы бир себеби, чачты жыгач тарак менен тароо болуп эсептелет. Мындай 2 минуталык массаж чачтын терилеринин кан айлануусуна жакшы шарт түзүп берет жана стресстен арылтат.

Уктоочу бөлмөнүн температурасы 18 градус болууга тийиш. Кичинекей терезени ачык койгон жакшы.Таза аба кирип турган бөлмөдө гана жакшы эс алууга болот. Денеңизди кыскан кийимди жатарда кийбей эле коюңуз. Уктоочу кийимиңизге синтетика кошулбай, дене дем алып турууга тийиш.

Тынчы жок уйкунун дагы бир себеби бул курсактын ач жана ток болушуна байланыштуу. Уктаарга бир жарым, эки саат калганда тамактануу керек .Кызыл чай же кофе ичүү болбойт. Аларды жаңы кайнатылган көк чайга же жылуу сүткө алмаштырсаңыз болот.


Кээ бир адамдар уктатуучу дарылар жардам берет деп ойлойт, бирок андай эмес. Андан көрө азыркы айтылган кеңештерди колдонуңуз.Бул кеңеш жакшы уктагандарга да, уктай албай кыйналгандарга жардамы тийет.




Булак көрсөң, көзүн ач
Курал Чокоев, ырчы:
Кичи мекени- Панфилов району, Партсъезд айылы
Туулган жылы- 1987-жыл
Билими- Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун бүтүрүүчүсү
Хоббиси- спорт, футбол

"Ким чоң бакырса, ийгилик ошонуку болуп жатат"
Орой-орой оп майда, Оро толсун оп майда. Эгиндери сизге пайда, Топондору бизге пайда,- деп Курал Чокоевдин ырдаганын уксаң керемет. "Боло турган азамат, болоттон кылыч байланат" демекчи, бүгүнкү маегибиз сахнанын жөн гана жанган жылдызы эмес, чыныгы искусствонун чебери Курал Чокоев болмокчу.


- "Бир таш тоо эмес, бир баш эл эмес, бир кесип өнөр эмес" деп, "Талаш тагдыр" кино тасмасында актёрлук өнөрүңүздү көргөзө алдыңыз? Башкы каармандын ички дүйнөсүн чагылдырып берүүдө оорчулук болгон жокпу?
- Бул кино кыска мөөнөттүн ичинде тартылды. Ошондуктан толук өзүмдү ача алдым десем болбойт. Бирок, киного өзүмдүн жан дүйнөмдү бердим. Өзүмдүн жеке ролума толук канааттанган жокмун. Кино жалпысынан кызыктуу эле көрүнөт. Бул элдин сынагында деп ойлойм.
- "Балык иримчил, кары ырымчыл, жаман арызчыл" демекчи, сиздин "Евразия жылдызына" нааразы экениңизди угуп калгам. Ошол туурасында айтып берсеңиз?
- Биз таяк жеген сайын күч алабыз. Кудайга шүгүр, таяк жеп эле келе жатабыз. Бул жашоо мунсуз кызыксыз экен. Интрига деген сөз бар. Эгер мындай өз ара атаандашуу болбосо, бул чөйрө кызыксыз болуп калмак. "Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет" дейт. Менин деле төө минер кезим келет. Мен ага өзүмдүн талантым менен эле катыштым. Бирөөдөн суранып, бирөөгө жагынып, анын койнуна кирген жокмун. Болгонун болгондой, калпын "калп" деп, чынын "чын" деп айтып жаткан кезим. Эгер ошондой болсо болгон. Мен ал нерсени оюмдан чыгарган жокмун.
- Бадалдуу жерде сайгак көп, ырчылардын арасында айгак көп. "Куралга караганда Гүлжигит деле жакшы ырдайт. Ага атаандашпай эле койсо болмок" деген сөздөр бар. Сиздин ой- пикириңиз?
- Мен Гүлжигитке жеке жашоомдо атаандашкан жерим жок. Атаандаштык чоң ийгиликке алып барат. Чыгармачылыкта атаандашуу бул өзүнчө керемет. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы, саламыбыз түз достук мамиледебиз. Бирок чыгармачыл атаандаштык болуп туруш керек. Албетте, өсүү үчүн.
- Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү болот. Аның сыңарындай, Сөң-Көлгө Куйручуктун 145 жылдыгына барган ырчылар жандуу үнү менен ырдай албай койгондугун маалымат булактарынан окугам. Ал жердеги калың элге ырчы аттууларды уяткарбай, Тынай Алыбаев экөөңүздөр абалдан алып чыккан экенсиздер го?
- Колдон келгенин көрсөттүк. Ооба, Тынай байке экөөбүз ырдап, элдин көңүлүн алып келдик. Карапайым эл ырчыларды көргөндө кубанышкан, азыр жакшы маанай тартуулап ырдашат турбайбы деп. Биз келип ырдабай, чарчадык деп жатып алсак болбой калмак. Ырдагысы келбегендер ырдаган жок. Ким ырдады, ким ырдаган жок айтпай эле коёюн.
- Мурда Нурлан Мамакеев менен иштешчү элеңиз. Азыркы продюсериңиз Замира эже менен кандайча иштешип калдыңыз?
- Буга чейин эки-үч продюсер менен иштештим. Замира эже менен иштешкенден бери көп пайдасы болду. Кыска мөөнөттүн ичинде эл оозуна алынып калдым. Замира эже менин атым менен акча табайын деген максаты жок, же мен Замира эжени алдап кетейин деген оюм жок. Азыр айткан сөзүнө туруп, жардам берип келе жатат.
- Балким, сиздин айтпай калган оюңуз бар чыгар?
- Азыр кыргыз музыка чөйрөсүндө накта таланттуу адамдар көрүнбөй калып жатат. Ар бир адам өзүнүн деңгээлине жараша иш кылса жакшы болмок. Чоң -чоң залкар адамдар артта калып жатат. Ким чоң бакырса, ийгилик ошонуку болуп жатат. Негизи, таланттуулар көп жутунбайт. Таланттуу адамдар артта калбаш үчүн кыргызымдын жигиттери өзүнүн алкымына жараша умтулса жакшы болмок. Болбосо, ушунчалык ырдап, сахнага чыккысы келип жатышса билим алышсын, өнүгүшсүн. Артисттер-элди тарбиялачу адамдар. Элге кандайдыр бир эстетикалык, этикалык тарбия бериш керек. Өзүбүздүн жакшы жактарыбызды көрсөтүшүбүз керек.
Жылдыз Абдыкерим кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??