п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Обон почта
ОП-198-01. Бак ичинде ачылган гүл сымалсың, / Жаным, мени ойлонтуп сагынтасың. / 0773685ххх
ОП-198-02. Кантем, жаным, сүйөрүмдү билбесең, / Кантем, жаным, сүйбөймүн деп тилдесең. / Сүйбөсөң да, жаным, сени сүйөмүн, / Бир өзүңдөн сүйөм деген ширин сөзүң күтөмүн!/ Орозбек
ОП-198-03. Көңүлүмдү буруп турду жамалың, / Мен сүйүүмдү кантип сага ачамын. / Бул жашоодо бир өзүңсүз кыйналдым, / Жашоомо жарык болчу, досум менин. / Орозбек
ОП-198-04. Мага жакты сырдуу сенин мүнөзүң, / Жүрөгүмдү багындырдың сен өзүң. / Мага жакты сүйкүмдүү бир күлгөнүң, / Сен деп жашап калды, жалгыз менин жүрөгүм!/ Орозбек
ОП-198-05. Жүрөгүмдү бир таарыныч өйкөйт дайым, / Ошол күндү эстегенде кейийт дайым. / Ошол күндү унутпай да, унута албайм, / Жүрөгүмдө түбөлүк сактайм дайым!/ Орозбек
ОП-198-06. Эй, досум, айлар, жылдар өтүп барат, / Жылдар өтсө балалык чак эсте калат. / Кайгырып, муңайган күндү эстесем, / Жүрөгүмдү бир таарыныч өйүп салат. / Орозбек
ОП-198-07. Аксы районунун Сыны айылындагы 96-жылкыларга чоң салам жолдойм! Жайнагүл 96
ОП-198-08. Жагымдуу сенин үнүң жүрөгүмдү багындырды, / Жаным, сени ойлонтуп сагындырды. / Сенин үнүң бардыгынан башкача, /Башка кыздарды көңүлүмдөн калтырды!/ Орозбек
ОП-198-09. Элесиң өчпөйт дайым жүрөгүмдөн, / Келчи, эркем, көңүлүмдү чөктүрбөстөн. / Дайым мен элесиңди эстей берем, / Сагынтпай келчи, эркем, күттүрбөстөн!/ Орозбек
ОП-198-10. Айпери, сага салам! Окууларыңа ийгилик! Бар бол! Рая
ОП-198-11. Салам "Обонушка!" Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!
ОП-198-12. Салам "Обонтай!" Келе жаткан Жаңы жылыңар менен куттуктайм! Жалпы 96ларга жана 97лерге салам! Бар болгула, бай болгула. Аксылыктарга өзүнчө салам. 0559353ХХХ
ОП-198-13. Сезим ыйлап, жаным сыздап негедир, /Жүрөк дартым күчөп барат токтобой. /Жан дүйнөмдү каптагансыйт караңгы, /Бир да күнүм жакшы күнгө окшобой. /Күлө карап байкасаң да сыртымдан, /Ичте күйгөн жалын отту сезбейсиң. /Качандыр бир сезимимди түшүнүп, /Балким, мени кийин-кийин эстээрсин. / Асе
ОП-198-14. Айнура Салахидиновага: Жан, сенин сезимиң жүрөктү эзип, мени бүтүн жүдөттү. Нурданган сүйкүмдүү жүзүңдү унута албай мен жүрөмүн, -дейт кайгырган Сагыныч 88.
ОП-198-15. Айнура Салахидиновага: Көз караш улам кысылат, /Ачуу жаш улам сызылат, /Жүзүмдү сылап жаш агып. . .
ОП-198-16. Айнура Салахидиновага: Ачуу жаш агат сызылып, /Көңүл ыйлайт тырышып, /Жакшы көрөм дегенсип, /Жүрөгүм ыйлайт кысылып. /Арданбаган ар кыял, /Баштады айтып арманын. / Сагыныч
ОП-198-17. Салам. "F-4" сериалындагы Ким Сан Бом жөнүндө жазыңыздарчы, суранабыз! 0779546ХХХ
"Обондон" жооп: Ким Сан Бомдун чыгармачылыктагы аты-Ким Бом.
Кесиби-актёр, туулган жылы-07. 07. 1989, бою-181см, салмагы-63кг, билими-Кёнбок мектеби, Чунан университети
ОП-198-18. Салам "Обон!" Э. Карасартов орто мектебинин 96-жылкыларына ысык салам! Силерге чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм! Чика
ОП-198-19. Салам, "Обон!" Супер СМСчи Жанарага чоң салам. 0777318ХХХ
ОП-198-20. Биздин супер саламыбыз алыскы Тогуз-Торо районунун Азамат уулу Калдыбай орто мектебинин 9-классынын чүрөктөй сулуу кыздарына жолдонот. Аралдын 94-жылкылары
ОП-198-21. Мен сиңдим Курманбек кызы Айперини 14-декабрь туулган күнү менен куттуктайм!-деп эжең Айчүрөк.
ОП-198-22. Аваз Акимовго: Сүйбө дедиң сүйөрүмдү билип туруп, /Сүйүктүүм деп сүйлөгөнүм угуп туруп. /Суук сөзүң көкүрөккө кадалгансыйт, /Сүрдөп турган жүрөгүмө канжар сайып. / Ай
ОП-198-23. Салам "Обонушка!" Нурлан Насип жөнүндө жазгылачы, сураныч. Таңсулуу 96
ОП-198-24. Фарида, 23-декабрь туулган күнүң кут болсун! Жыпара
ОП-198-25. Досум экөөбүз уруша беребиз, бирок кайра эле жарашабыз. Жок урушпайбыз, бири-бирибизди таарынтып алабыз. Мурда көп учурда мен таарынтчумун. Анткени, мен аны анда түшүнбөйт элем. Бирок мен аны жакшы көрөм жана сагындым. Вика
ОП-198-26. Шамалды-Сай шаарчасында жашаган сүйүктүү эжем Абдумаликова Динараны 19-декабрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эжеме узун өмүр, чың ден соолук каалайм! Бегайка
ОП-198-27. Өзгөндөн Махабатка ысык салам!Бар бол, бай бол, -деп эжең Гүлгаакы.
ОП-198-29. Сүйүктүү ырчым Мирбек Атабековду келе жаткан Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм!Ага каалаарым: чың ден соолук жана чыгармачылыктагы арбын-арбын ийгиликтер. Алиман
ОП-198-28. Жаным Азретке: Көл жээгинде мен болсом, /Көлгө чөккөн сен болсоң, /Кайык менен сүзүп барып, /Калак менен башка чаап ойносом. / Сенин балтушкаңдан
ОП-198-29. Эжем Аземанын 23-декабрь туулган күнү менен куттуктайм! 0709152ххх
ОП-198-30. Жалал-Абад шаарындагы досум Жаркынга салам жолдойм. Кытайга жакшы барып кел! 0709890ххх
ОП-198-31. Салам, "Обон!" Менин саламым Кыргыз Улуттук университетинде окуган Айнурага жолдонот. Алик
ОП-198-32. Азиге: Мен сени чындап сүйдүм. Сен үчүн эмнелерге гана даяр элем. Бирок сен таза, тунук сүйүүмдү булгадың. Алоолоп жанган сүйүү отун өчүрүп, аяр жүрөгүмдү музга айланттың. Гузел
ОП-198-33. Салам, "Обонушка". Питбуль жөнүндө маалымат берип койгулачы, сураныч. 0705896ххх
ОП-198-34. Кыргызымдын суйкайган сулуу кыздарына чоң салам! Кызыл - Кыядан Мирлан
ОП-198-35. Барат-барат неге ооруп жүрөгүм, / Сени сүйүп, сени гана күтөмүн. / Бактылуу мен боло албашым сезсем да, / Сени самап, сен деп жашап жүрөмүн. 0778956ххх
ОП-198-36. Менин саламым алыскы Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын тургундарына жолдонмокчу. Абдилазиз
ОП-198-37. Ош базарында иштеген Айнураны 18-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Соодаңыз жакшы болсун! 0779567ххх
ОП-198-38. Курал Чокоев жөнүндө жазгылачы, сураныч. Айшакан
ОП-198-39. Мурда "сүйүү адамга бир жолу келет" деген кепти уксам, айткан адамды мыскылдуу жылмая карап койчумун. Ал кезде мен үчүн жашоо башкача болчу. Сүйлөшкөн кызым менен уруша кетсем, "дүйнөдө кыздан көп эмне бар" деп өзүмдү жоошутуп койчумун. Бирок мага дүйнөдөгү көп кыздар эмес, жалгыз гана ал керектигин абдан кеч түшүнүпмүн. Мелис
ОП-198-40. Салам, "Обонушка". Менден Алга айылындагы Максим Горький орто мектебинин 11-б классынын окуучуларына чоң салам. 95тер, барсыңарбы? 0770208ххх
ОП-198-41. Балким, бардыр сенин сүйгөнүң, анда айтсаң, жаным, сөздүн чынын, маңдайыма жазган кызга үйлөнөйүн. Али
ОП-198-42. Биз билели апалардын кадырын, / Берер элем мүмкүн болсо өмүрүмдүн жарымын. / Алыс кетсең көргүм келип өзүңдү, / Чынын айтсам апакемди сагындым. / Элдияр 92
ОП-198-43. Мен Аксы районунда жашаган байкем Элдиярды Жаңы жылы менен куттуктайм! 0779942ххх
ОП-198-44. Аксы районуна караштуу Кербен шаарында жашап жаткан менин кымбаттуу жубайым Зинатты 16-февраль келе жаткан туулган күнү жана Жаңы жылы менен куттуктайм! Сүйүктүү жолдошуң Шабданов Элдияр Акуналиевич
ОП-198-45. Ар адамда бирдей болот жалгыз жүрөк, / Ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт. / Ошол үчүн ал сүйүүңдү кармап алгын, /Сен сүйсөң сени менен отко күйөт. / Элдияр 92
ОП-198-46. Салам, "Обон!" Мен силердин жалпы жамаатыңарга ысык салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик! Элдияр 92
ОП-198-47. Салам, "Обон!" Мага дүйнөдөгү эң сулуу баланын сүрөтүн көрсөтүп коёсуңарбы? 0550557ххх
ОП-198-48. Ишенип кой сени сүйгөн элем, / Ишеничке ылайык сүйүү эмес экен , / Сүйүүмдү оюнчук кылган жигит, / Махабаттын убалына калбаса экен. / 0772737ххх
ОП-198-49. Салам, "Обонушка. " Баарыңыздарга ысык салам, ишиңиздерге ийгилик! Ошондой эле сүйгөн ырчым Иса Өмүркуловко салам. Нарындын ырчы кызы Айганыш
ОП-198-50. Салам, "Обон!"Аксыда Жеңижок мектебинин жалпы окуучуларына, мугалимдерге жана досторум Диля жана Лунага салам жолдойм. Токтайым
ОП-198-51. Ойго келген ырларды жаратамын. / Талантыма түрткү бол, жаратканым. / Токтобостон ырларды жаза берем. / Тилегиме жетем деген үмүт менен. / Элдияр 92
ОП-198-52. Атай, талантыңызды бүтүн Кыргызстан баалабаса да, бүт дүйнө баалайт! Өнөрүңүз өркүндөй берсин! Караколдон
ОП-198-53. Бир көрүп бир кыз сени жактырды. Бирдик айылындагы 94-жылкы Нурсултанга ысык салам. Айсулуу 96
ОП-198-54. Сүйө билсең сүйүүнүн сыры терең. / Сүйүүдөн жаралыптыр адам деген. / Адамдык касиетин сактайм десең. / Эч качан ойнобогун сүйүү менен!/ 0779413ххх
ОП-198-55. Бакыт деген дайым баштан кетпесин. / Ойлор деген жүрөгүңдү эзбесин. / Баарынан да жер жүзүндө адамдар. / Бирин- бири таштап алыс кетпесин!/ 0779413хх
ОП-198-56. Баарыңарга күн нурундай жылуу мээрим, гүл сабындай назик сезим, турмушта соолубас сүйүү каалайм. "Обонушка", сага ийгилик! Айко
ОП-198-57. "Обонушка", мен сени ар дайым сүйүп окуйм. Алга! Алга! Алга! Мен сени мененмин! Сага ийгилик! 0773073ххх
ОП-198-58. Алыс кетсең алсырадым, / Жалгыздыкка мен байланып. / Аргасыздан ыр жазамын, / Сени гана сагынып. / Талант
ОП-198-59. Издеп келем түгөйүмдү бул дүйнөдөн, / Жолуксам дейм мен эңсеген жүрөгүмдөн, / Туш болсом келечекте сүйгөнүмө, / Жүрөгүмдү берер элем түбөлүккө. / Таке
ОП-198-60. Менин бардык акелериме, эжелериме, инилериме, карындаштарыма, жеңелериме, жезделериме, ата-энеме ысык салам! Элдияр 92
ОП-198-61. Бир күн келип жетелешип жүрөрмүн. / Бактым тапкан бир кызды мен сүйөрмүн. / Бактылуу күндөрдү бирге өткөзүп, / Кудай берген өмүрүмдү сүрөрмүн. / Элдияр 92
ОП-198-62. Жүрөк ыйлайт өткөн күндү элестетип, / Кайрылып келеби деп ошол сүйүүм. / Ал адамдын жаман оюн билгенде, / Сүйбөйт элем жүрөк менен аны сезип!/ Элдияр 92
ОП-198-63. Салам, "Обонушка". Алтыным, неге сени көрдүм экен?/ Көргөндө неге көңүл бөлдүм экен. / Азгырган элесиңе куштар болуп, / Азыр да алоолонуп күйүп кетем. / Айбарчын 97
ОП-198-64. Менин сүйүктүү ырчым, жаным Ильяз Абдыразаковко чоң салам! Бегимай
ОП-198-65. Салам, "Обончик". Аксынын Кой-Таш айылындагы 97лерге, досторума чоң салам жолдойм. Аксыдан Гүлбарчын
ОП-198-66. "Обон", мага Роберт Паттинсон жөнүндө маалымат бергилечи, суранам! Айдай
"Обондон" жооп: Роберт Паттинсон
Кесиби-актёр, өзүнүн аты-Роберт Дуглас Томас Паттинсон.
Туулган жылы-13. 05. 1886.
Туулган жери-Лондон.
Дебюту-2004-жыл "Нибелунгдар шакеги"киносу
ОП-198-67. Биз ата-энебизге салам жолдойбуз. Апа, ата, ден соолугуңар чың болсун, өмүрүңүздөр узун болсун. Саму, Айдок, Айнюк
ОП-198-68. Сен уктасаң мен уктабай эстей берем. Эстеп мен жүрөгүмдү эзе берем. Сени неге мынча сүйдүм экен? Же чын эле сенин сүйгөнүң мен белем? 0770627ххх
ОП-198-69. Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургундарын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктайм! Кымбат
ОП-198-70. Салам, "Обон!" Мен жигитим Алибекти 19-декабрь туулган күнү менен куттуктайм! Мен сени сүйөм, -деп сүйгөнүң Жазя.
ОП-198-71. Ала-Букадагы Замира эжеге чоң салам! Мен сизди сагындым. Батыраак келиңизчи, сураныч. Сиңдиңиз Самира
ОП-198-72. Мен саламымды булбулдай сайраган, "Тумар" радиосунун ди-джейи Аслан Адилбековго жолдойм. Айчүрөк
ОП-198-73. "НОН-СТОП", неге жок болуп кеттиңер? Мен силерди сүйөм жана жаңы чыгармаларды күтөм. Күйөрманыңар Гуля
ОП-198-74. Төмөнкү Ала-Арча мектебинин окуучуларына, мугалимдерине ысык салам. Айрыкча Эльма Бексултановага. 0709890ххх
ОП-198-75. Алихан, мен сени сүйчүмүн. Бирок жүрөгүмдү жаралаган бойдон кете бердиң. Мен сени жек көрөм, себеби, чексиз сүйөм. 0700564ххх
ОП-198-76. Менин модель болгум келет. Мага моделдер жөнүндө кененирээк маалымат берип койгулачы, сураныч! Аделя
ОП-198-77. Азелька, сени келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Суранам, мени кечирчи. Шалпаң кулак коёнегиң
ОП-198-78. Гүлжигит, мен сенин "Евразия жылдызынан" утуп кетишиңе тилектешмин! Мадина
ОП-198-79. Туугандар, айткылачы, бизде качан адилеттүүлүк өкүм сүрөт? Азыр баары жокто тууганчылык болуп кетти. Эми тууганы жоктор эмне кылат? Азбек, Ош
ОП-198-80. Ырчы Кайыргүлгө ысык салам! "Периштемди" аябай сонун аткарыпсыз. 0779053ххх
ОП-198-81. Апам Айша менен атам Жолдубайды удаа келген 23-декабрь туулган кундөрү менен куттуктайм! Бар болуңуздар, бай болуңуздар! Дайыма жадырап жайнап, биздин арабызда жүрө бериңиздер. Кызыңар Айтошка
ОП-198-82. Салам, "Обонушка". Казарманга чоң салам! Иният
ОП-198-83. Салам, "Обон!" Мага kg Элмурат жөнүндө сүрөтү менен маалымат берип койгулачы. Клара
ОП-198-84. Нурмат байке, "Жүрөгүм" деп ырдап, жагымдуу үнүңүз менен жүрөгүмдү ээлеп алдыңыз. Эми эмне кылам? Асел
ОП-198-85. Бактылуу балалык тартуулаган ата-энеме терең ыраазычылык билдиргим келет. Силер-менин жашоомдун мазмунусуңар. Гуля
ОП-198-86. Жүрөгүмдүн жарымы, жубайым Айсалкынга салам жолдойм. Келе жаткан туулган күнүң менен, алтыным. Жаның Азим
ОП-198-87. "Обондун" супер СМСчилерине супер салам! Айгүл
ОП-198-88. Салам, "Обон!" Мен саламымды дос кызым Айзатка жолдойм. Айзат, окуп калсаң мага чалып койчу. Айбек
ОП-198-89. КУУнун студенттерине салам! Баарыңарды келе жаткан Жаңы жылыңар менен куттуктайм. Айнура
ОП-198-90. Биздин таланттуу деген жылдыздарыбыз Мирбек, Омар, Бек Исраиловдорго чоң салам! 0771335ххх
ОП-198-91. Урматтуу бардык 7-класстар, силердин баарыңарга ийгилик, -деп Айназ.
ОП-198-92. Эмне үчүн "Евразия жылдызына" Славян базарынан" орун алган Бек эмес, Гүлжигит барды? Аруужан
ОП-198-93. Ош шаарында жашаган Кыздаргүл эжеме салам жолдогум келет. Балдарыңыздын сый-урматына бөлөнүп, бактылуу жашай бериңиз. 0778633ххх
ОП-198-94. Мистер Улян, кандай жүрөсүң? Мени унутуп калган жоксунбу? Гуля эжең
ОП-198-95. Сагынычтан саргайып кетмей болдум го, каралдым. Качан келесиң биздин шаарга. Аяна
ОП-198-96. Бир көргөндө багынткан өзүң да, / Сен айткан таттуу сөзүң да, / Сулуусуң азап чегип мен ыйлайм. / Ашыктыктын отунда, / Максатыма жете албай сыздайм. / Түшүнбөдүм билсең дагы сүйүү күчүн. / Бир күн келер кезеги, / Кадырымды сезерсин. / Марипа
ОП-198-97. Салам, "Обон!"Курбум Алиева Асуманды келе жаткан туулган күнү жана Жаңы жылы менен куттуктайм! Мария
ОП-198-98. "Обонушка", мен сени дайыма сүйүп окуйм! Алина 96
ОП-198-99. Сүйгөндө сагынып сүйүү керек, / Сагынбаса сүйүүнү тыюу керек, / Бул сезим чындай болуп сыздап кетет, / Ошондуктан, акыл менен жазуу керек. / Анжели
ОП-198-100. Мен өзүмдөн кичүү бир баланы жакшы көрөм. Эмне кылсам болот, жооп берип койгулачы, сураныч! 0779129ххх
ОП-198-101. "Обон!" Жерге-Тал айылына жана классташтарыма, бир туугандарыма чоң салам! Элиза 97
ОП-198-102. А. Салахидиновага: Үйгө келем түркүн ойлор куралып,/ Чарчагандай сезимдерим тынч алып./ Колумдагы ак кагазга сырларымды ./ Бадырайтып мен өзүнчө ыр жазып./ Сагыныч
ОП-198-103 . А. Салахидиновага: Топтолуп сезимдерим баракка,/ Ээсин күтөт түн ортосу шашылтып./ Ошол убак тезирээк келсе деп,/ Шаша турам уктап калсам кечинде./ Сагыныч
ОП-198-104. А. Салахидиновага: Терезеге термелип күнүм өтөт,/ Күндөрүм ызы-чуунун арасында./ Сабак кылып лекцияны угамын,/Бирок аны түшүнбөстөн кыялдарды туямын./ Сагыныч
ОП-198-105. А. Салахидиновага: Ошентип кыялдарга берилип,/ Сабак бүтөт кадимкидей сезилип./ Бирок менин жан дүйнөмдө сезимдер,/ Умтулуп сизге шашат эзилип./ Сагыныч
ОП-198-106. Салам,Тариель! Мен сени сүйөм! Алтынай
ОП-198-107. Кара-Балта шаарынын тургуну Абдиева Алтынайды Жаңы жылы менен куттуктайм. Айбек
ОП-198-108. Саламатсызбы, Нурзат эже. Сизге, биринчиден, ден соолук,узун өмүр жана бакыт каалайм! Сиздин турмушуңузда болгон кайгыңызды тең бөлүшкөнгө даярмын. Күйөрманыңыз Гуля
ОП-198-109. Салам, "Обон!" Менин саламым Покровкадагы Күнканаев Мырза байкеге, Асел эжеге жолдонот. Айнура
ОП-198-110 . Досум Гүлмирага: Окуучулук күндөр өтсө өтөр,/ Достугубуз калсын эми түбөлүк./ Тагдыр бизди алып барат белгисиз жерге,/ Бирок досум алысташпай жүрөлүк./ Анжели







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??