п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жаргылчак
Лира Урманбетованын чыгармачылыгына жана кийинүү стилине көз карашыңыз кандай?
Асмандагы жылдыздардай эле биздин шоу-бизнесте да ырчылар абдан көбөйдү. Ошолордун арасында өзүнүн ордун таап калган жаш, таланттуу ырчы кызыбыз Лира Урманбетованы жаргылчакка салып көрдүк.

Нурдөөлөт Копоев, алып баруучу, актёр:
"Анын стили кичине заманбап"
Лира менен бир-эки сапар тойдо сүйлөшүп калгам. Аябай берилип ырдап киргенде эле, тойдогу отургандар кайра кайра суранышып ырдатышкан болчу. Ошондо аябай иштешкенбиз. Анан той бүткөндөн кийин эле "байке, гимнди коюп коёсузбу? деп койдурткан. Тойдо отурган элдердин баары гимн бүткөнчө ордуларынан туруп турушкан . Ошондо Лиранын патриот кыз экенин байкагам. Жайында бир киного чогуу тартылып калдык, ошондо айткам "сен чет мамлекетке эле кетпейсиңби?" деп. Себеби, анын жүрүш-турушу, стили көбүнчө заманбап, Американын жылдыздарынын катарына кошулчудай түрү бар. Өзү болсо адам катары тамашакөй, бир нерсе айтсаң боору эзилгенче күлүп, үлгүлүү үйдөн тарбия алган кыз. Ал эми үнүндө сөз жок. Тойдон элдер кайра-кайра суранып ырдатып жатканда баа берип калгам. Анан болгону стили кичине заманбап,аны кээ бирлери жактыра беришпейт экен. Ар бир адамдын табити ар кандай эмеспи. Мага жагат.


Догдурбай Урманбетов, атасы:
"Көз карашым жакшы эле"
Чыгармачылыгы боюнча айтканда, өзү аракет кылып атат. Азыркы заманга жараша заманбап ырларды жаздырып, мындан тышкары, англис тилиндеги ырларга да көңүл бөлүп жаткан маалы. Эми музыканын тили бир эле да, ошон үчүн азыр эки жакка тең көңүл бөлүп, аракеттенип жатат. Ал эми стили боюнча айтсам, жаштардын кумирлери болот эмеспи, Лира Шакиранын ырларына таасирленип жүргөндөй. Мен деле көп тыюу салган жерим жок. Көз карашым жакшы, жардам берип колдоо көрсөтүп жатабыз. Буйруса, жакында Америкага кетет, Америкадагы Дина деген продюсери менен эки жылдык келишим түзүп койду.


Гүлнара
Тойгонбаева, ырчы:
"Эч кандай баа бере албайм"
Чынын айтсам, бул кызды мен тааныбайт экенмин. Менимче, ал Кыялбек Урманбетовдун туугандарынан болуп кетет болуш керек. Анан ырларын да укпаптырмын, ошон үчүн эч кандай баа бере албайм.


Замир Казакбаев, ди-джей:
"Тааныбасам кантип баа берем?"
Тааныбайт экенмин, балким, ырларын уксам тааныйт болушум керек. Көрүп эле жатпайсыңарбы, азыр кыргыз эстрадасына күнүгө бирден ырчы кошулуп жатат. Анан бул кызды тааныбасам кантип баа берем? Эми бул кыз ырдап чыгып жатса, ырчылык өнөр оңой эмес да. Балким, аракет кылып жатат болуш керек.


Жамиля Муратова, ырчы, композитор:
"Мүчөнү көрсөткөнгө жараша, дене сулуу болушу шарт"
Мен бул кызды жакындан тааныбайт экенмин. Бир жолу клибин көргөм, чынын айтсам, мага жаккан жок. Аябай эле ачык, тири укмуш тартылган клип экен. Анан жарым жылаңач болуп чыгуу биздин менталитетке ылайык эмес деп ойлойм. Бул кыз вокал менен иштеши керек. Себеби, билими жок экени билинип эле турат. Вокалдан сабак алып музыкалык сабатын жойсо бир нерсе чыгар. Бардык эле нерсени билим менен жасаган жакшы да. Албетте, ойлогон ойду ишке ашырган жакшы. Ошону ишке ашырыш үчүн бий, үн,келбет, образ- бардык тарабынан талапка жооп бериши керек. Анан дене мүчөнү, биринчиден, көрсөтүш үчүн да мүчөсү сулуу болуусу шарт. Кичине арыкташы керек, бий ийримдерине катышып дене мүчөсүн оңдоп алып, анан көрсөтүш керек деп ойлойм. Ал эми бул кыздыкы-жөн эле жапайычылык.


Байыш Момунов, ырчы, тамада:
"Жарым жылаңач ырдаганы биздин менталитетке туура келбейт"
Мен ал кыз менен жакындан тааныш эмесмин. Бирок чыгармачыл адам болгондон кийин анча- мынча жерлерден көрүп калгам. Бул кызды бир-эки концерттен көргөм жана клиптеринин кээ бирлерин көрүп калганмын. Эми ырдаганын айтсам, азыркы заманбап ырлар деп айтсам болот. Бирок аны биздин эл түшүнүшү кыйын. Себеп дегенде, жарым жылаңач ырдаганы биздин менталитетке кичине туура эмес келип калат. Ал үчүн элди кичине көндүрүп туруп, анан ушундай стилге түшүшү керек деп ойлойм. Чыгармачылыгы жакшы, аракети бардай көрүнөт. Бир чети
Урманбетов деген биздин белгилүү, таланттуу адамдын кызы да.


Г. Садыбакасова, КРнын Эл артисти:
"Тааныбайт экенмин"
Мен мындай кызды таанымак тургай укпаптырмын. Ошондой кыз барбы бизде? Билбейт экенмин.


Алиса Сапарбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??