п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Энергетика министри Аскарбек Шадиев элди алдап…
"Республика" фракциясынан Аскарбек Шадиев Энергетика министри болгондон бери абал жакшырган жок. Буга чейин "электр тармагындагы коррупцияны муунтуп атабыз, мындан ары элдин жарыгы өчпөйт" деп сөз беришкен. Көрсө, элди алдашыптыр!
Сууктун күнү региондордо, айыл жергесинде электр жарыгы бат-баттан өчүп, элдин күнүмдүк турмушуна чоң залал тийгизишүүдө. Бул жаатынан алганда, бакиевдик режимдегиден эч айырма жок. Эми Аскарбек мырза өз ишин тарталбаганы аз келгенсип, амбициясынын ойгонгонун кара, дагы да министрлик кресло үчүн чуркап, жанын үрөп жүрөт.


Маданият
Каттани бийликтегилердин былыгын бирден чукуйм дейт
Генерал Өмүрбек Суваналиев коён жылын жакшы өткөрүп алайын, Жаңы жылдан кийин өкмөттүн былыгын чукубасамбы маңызда даярданып жаткан учуру.
Бүгүнкү бийликтин кадр саясаты боюнча катачылыктары, социалдык көйгөйлөр, элдин турмушунун оорлогону, азык-түлүккө, күйүүчү майга болгон баанын өскөнү, кыскасы, экономикалык жактан кургуйга кеткенибизди ачык айтып, элдин көзүн ачууга белсенип жаткан чагы. Өмүрбек мырзанын өкмөттөгүлөрдүн былыгын канчалык чукуурун Жаңы жылдан кийин көрүп каларбыз.


Киночулар кинематография агенттигинин жоюлушуна каршы
Кинематография агенттигинин жоюлушуна каршы чыккан киночулар 19-декабрда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошту. Анда аталган агенттиктин жоюлушу менен кайрадан жанданып иштей баштаган аракеттин баары жок боло тургандыгын айтышууда.
"Бир жыл ичинде 20 жылдан бери ишке ашпай жаткан иштер жасалды. Кыргызстандагы кинотеатрлар калыбына келтирилип, кинолор тартылып, көркөм-эксперттик кеңеш түзүлдү. 2010-2011-жыл ичинде "Кыргызфильм" студиясынын материалдык-техникалык базасы жаңыланып, эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу мамлекет тасмалардын тартылышын каржылады"- деп жазылган кайрылууда.


А. Атамбаевдин айланасы акаевчилерге толуп, эми бакиевчилерге өттү...
Атамбаев быссымылда дегенде эле ээрге кыйшык отурганына эл өзү күбө. Анысы аз келгенсип, өзүнүн жанына Акаев менен Бакиевди жыргатпагандарды ишке алып, элди дагы бир жолу ойго салып турган кези.
Алгач эл президенттин кадрлары - Ш.Атаханов, Ж.Сатыбалдиев, А.Сегизбаев, Ф.Ниязов сыяктуу акаевчилер болсо, андан кийин А.Карашев, У.Марипов сымал бакиевчилер менен Атамбаевдин айланасы толууда. Кызык, эски шефтерин жарга түрткөн береги чиновниктер Атамбаев үчүн күймөк беле? Булар элге да күйбөйт, себебин билебиз, элдин ырыскысы уурдалып, криминалдык бийлик Кыргызстанды курутуп баратканда унчугушкан эмес. Анан кантип ушулар мамлекетти оң жолго бурушат?


Суталиновдун адвокаты УКМК жүйөөсүн негизсиз деп эсептейт
7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан Мурат Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев УКМКнын "Суталинов чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деген жүйөөсүн негизсиз деп эсептейт.
Анын билдиришинче, коопсуздук комитеттин тергөөчүлөрү жетекчиликке жагынуу үчүн гана Суталиновго мындай кине тагып, камакка алышкан. Бирок Улуттук коопсуздук комитети Мурат Суталиновдун чек арадан мыйзамсыз өткөнү аныкталганын билдирүүдө. 14-декабрда Суталинов 7-апрель боюнча соттук жараянга келип, сот аны үй камагына чыгарган. Эки күндөн кийин аны УКМК камакка алган.


Кытайда өткөн дзюдо боюнча гран-приде Кыргызстандык спортчу Ч.Мамедов бешинчи орунга чыкты
Кытайда өткөн дзюдо боюнча гран-приде кыргызстандык спортчу Чыңгыз Мамедов бешинчи орунга чыкты.
Маалыматка ылайык, биздин спортчу 90 кг салмактагы категорияда күч сынашып, казакстандык жана украиналык спортчуну жеңип, жарым финалдык оюнда россиялык Кирилл Денисовго жеңишти алдырып жиберген. Мелдешке бардыгы болуп 61 мамлекеттен 400 спортчу катышкан. Беттешүүлөр 17-18-декабрь күнү өткөн.


Казакстанда кырдаал тынчый элек
Жекшембиде Маңгыс-Тоонун борбору - Актауда жүздөгөн киши борбордук аянтка чогулушту. Өткөн аптада полиция менен кагылышта мерт болгондор 15ке жетти.
Казакстандын Башкы прокуратурасы Жаңы-Өзөндө мерт болгондордун саны 14кө жеткенин билдирет. Прокуратуранын тизмесинде 11 гана кишинин аты-жөнү жазылган. Алардын ону эркек, бирөө аял. Ал эми калган үч сөөктүн кимдиги такталып жатканы айтылат. Расмий маалыматка ылайык, 90го чукул адам жарадар болгон. Укук коргоочулар мерт болгондордун саны расмий маалыматтан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтууда.
Белгилей кетсек, 16-декабрь эгемендик майрамы тополоңго айланып, кагылыштын биринчи күнүндө кеминде 10 киши набыт болгон. Маңгыс-Тоо облусунун губернаторунун расмий өкүлү Жанна Ошыбаева: "Жаңы-Өзөн шаардык бийлиги шаардын тургундарына жана ишинен айдалган мунайчыларга бир аз болсо да майрамдык маанай түзүп берели деп аянтка боз үйлөрдү тигип, арча отургузган эле. Бирок буга мунайчылар жини келип, тополоң уюштурушту", - дейт.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??