п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Апта ичиндеги маданият жаңылыктары
"Кыргыз жаштары эң таланттуу жаштар" деди жаштар министри
8-11-декабрь күндөрү Москва шаарында болуп өткөн Жаштардын тарыхый-маданий сессиясында Кыргызстандан барган жаштар делегациясы эң мыкты деп табылды деп билдирди "Кабар" маалымат агенттигинде болгон пресс-конференцияда КР жаштар министри Алиясбек Алымкулов.
Делегациянын курамы 12 адамдан туруп, алардын баары өз өнөрлөрүн көргөзүшкөн.
КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү Эрнист Талкановдун айтуусунда сынактын жыйынтыгы менен Кыргызстандан баргандардан 2 лауреат, 5 дипломат болушкан. "Биз бардык сынактарга активдүү катышып, суроолорго жооп бердик жана КМШдан барган 6 өлкөнүн ичинен алдыңкы болдук",- дейт кубанычын жашырбаган Э.Талканов.

ЖОЖдордо окутуу акысы туруктуу болмокчу
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 13 - декабрь күнү көптөгөн жаштардын кайрылуусун эске алып, мындан ары ЖОЖдордо окутуу акысын көбөйтпөө тууралуу буйрукка кол койду.
Бул боюнча өлкөдөгү бардык ири окуу жайларынын ректорлоруна күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин окуу акысын 2011 - 2012- жыл үчүн көбөйтүү жөнүндөгү буйруктарын жокко чыгаруу боюнча атайын буйрук берилди.


Токмок шаарынын жаштарына куш кабар
14-декабрда Токмок шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаш активисттер жана "Глобал" бейөкмөт уюмунун катышуусунда жаңыдан капиталдык ремонттон өткөрүлгөн "Смарт - клуб" жаштар борборунун ачылуу аземи болуп өттү.
КРдагы Америка өкүлчүлүгүнүн пресс - кызматынын билдирүүсү боюнча алар бул клубдун ачылышына финансылык жардам көрсөтүшкөн.
Борбор кыш мезгилинде көптөгөн иш чараларды, атап айтсак, лидерлик сапат жана компьютердик технологиялар боюнча тренингдерди, туристтик жүрүштөрдү, улут аралык ынтымак жана чыр - чатактын алдын алуу боюнча ачык сабактарды өткөрмөкчү.
Борбор Токмок шаарынын жаштары үчүн дүйшөмбү- жума күндөрү эшиги ачык.


"Жаштар поэзиясынын антологиясы" жарык көрдү
13 - декабрда Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада Маданият жана маалымат министрлигинин көмөгү менен жарык көргөн "Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясынын" бет ачары болуп өттү.
Бет ачар аземине КР Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев, КР Жаштар иштери боюнча министри, КРнын Баатыры Алиясбек Алымкулов, жазуучулар Мелис Абакиров, Сагын Акматбекова жана поэзия күйөрмандары катышышты.
Топтомго 20 жаштан 45 жашка чейинки көпчүлүккө таанымал, ошондой эле мезгилдүү басма сөзгө чыгармалары жарыяланып жүргөн таланттуу жаштардын чыгармалары киргизилди.
Китептин түзүүчүсү чыгармачыл жаштардын "Нурборбор" адабий борборунун жетекчиси Нурлан Калыбаев.
"Маданиятсыз улуттун келечеги караңгы" дегендей, чыгармачыл жаштарга көрсөткөн мындай жардамдары үчүн жыйнакка ырлары кирген авторлор Н.Шакиевге жана Н.Калыбаевге ыраазычылык билдиришти.

Даярдаган Н.Осмонова




Ким кимге окшош?
Гу Чжун Пёго окшош
эмес кыргыздар,
Гу Чжун Пё окшош өзү кыргыздарга
Корейлердин кино чеберлери тарткан "Мыкты жигиттер" көркөм тасмасын Кыргызстанда беш миллион калк болсо, ошонун бардыгы көрүп чыкты бейм. Айтор, аталган кинонун тартылуу сюжетине гана кызыкдар болбостон, андагы башкы ролду жараткан Гу Чжун Пёну туураган, ага окшошкусу келген кыргыз жигиттерин көчөгө чыксаң бардык коомдук жайдан, аялдамалардан көрөсүң. Мейли эми аларга тийишпей эле коёлу десек, кайра эле аласы түшкөн шымдарды кийип алып жүргөндөрүн көргөндө ачуу чындыкты аралаштырып чымчылагың келет. Уят, намыс мындай турсун, эл арасында уят болбогудай кийинип жүрүү маданиятынан кабары жок жаштарды көргөндө өзүң да ыңгайсыз абалга кабыласың. Уялбагандан өзүң уял дейт. Ал го мейли, көчөдөн бир көрөсүң да көздү жуумп коюп көрмөксөн болуп өтүп кете бересиң. Антейин десең сахнада да мындай кейипкерлер, Гу Чжун Пёнун каармандары аз эмес. Өзгөнү ээрчиген өзүн унутат дегендей, биздин жаштарыбыз, кыязы, аты аталган актёрго окшошкусу келет го.Кыздарыбыз болсо анын сүрөтүн кол телефонунун башкы фонуна коюп алып, "менин жигитим ушундай болсо" деп кыялданышат. Бирок, биздин жигиттер Гу Чжун Пёго эмес, тескерисинче, Гу Чжун Пё Кыргызстандын мырзаларына окшошуп алган десек жаңылбайбыз.


80-жылдардын
Гу Чжун Пёсу
Жакында эле алтымыш жаштын кырына чыккан Түгөлбай Казаковдун мындан бир топ жыл мурунку сүрөтүн тим эле көргөндүн көзүн суктанткан 80-90-жылдардагы кыргыз Гу Чжун Пёсу деп атап койсок болчудай. Бул эки сүрөттү бир-бирине салыштырсак, анда ким кимди туураганы деле билинбей калган сыягы.


Гу Чжун Пё Жолдубайга түспөлдөш
Мыкты диктор жана ырчы Жолдубай Кайыпов арабызда жок болсо да, анын дал ушул сүрөттөгү жаркын элеси дагы да болсо кыргыздын жүрөгүндө сакталуу. Ошол кезде чачын кыйгач тарап, атактуулуктун туу чокусун багынткан жаш жигиттин мындай сүрөтүн чындап эле Гу Чжун Пёго окшоштурган болсок, анда жаңылгандай болобуз. Жок, Гу Чжун Пё кыргыздын залкар, таланттуу диктору Жолдубай Кайыповго түспөлдөш болгон десек жарашчудай.


Тураповдун турпаты-чыныгы кыргыз урпагы
Ала-Тоого суктанган Тураповдун турпаты чыныгы кыргыз урпагын чагылдырат. Айтайын дегеним, К. Тураповдун койкоюп түшкөн сүрөтүнө саресеп сала турган болсок, чынында, кыргыздын мыкты жигити десек болчудай.


Гу Чжун Пё Ибрагимдин күзгүсүн колдонот
Балам, балам, жан балам,
Айланайын, садагам.
Элим аман болсун деп,
Атыңды койдум Эламан,-
деген уккулуктуу ыры менен 90-жылдардын эстрада жылдызы болгон Ибрагим Жунусовдун күзгүсүн корей актёру Гу Чжун Пё колдонгону байкалат. Дегеним, киного тартылар алдында биздин архивде сакталган материалдардын бардыгын казып чыгышканбы, түшүнүксүз. Боюнун узундугу гана болбосо, Гу Чён Пё биздин эле Ибрагимдин чач жасалгасын "парик" кылып кийип алгандай. 19 жаштагы жаш жеткинчектин сүрөтүнө көз чаптыра турган болсок, ким билиптер ошол учурда кыргызда ушундай Гу Чжун Пё бар экенин. Чачын сыйда тарап, сахнага кадам таштаган Ибрагим Жунусов эми минтип креслодо аткаминер болуп олтурган кези.

Гу Чжун Пёдой сүйдүр кызды, Гүлжигиттей ырда ырды
Жаш ырчыларга "сиз Гу Чжун Пёго окшош экенсиз" десек эле, "ой, бул менин өзүмдүн стилим" деп андан ары кылчактап жооп таба албай калышат. Эгер алар биздин

жогорудагы ата аталган кыргыз Гу Чжун Пёлорун билишсе, анда дароо эле мен Гу Чжун Пёну туураган жерим жок, болгону таланттуу агаларымды туурадым деп шыр жооп беришмек. Эми азыркы 2009-2011-жылдагы кыргыз Гу Чжун Пёсу деп Гүлжигит Калыковду айтсак болот. Жигит болсон Гу Чжун Пёдой кыздарды сүйдүрө бил да, Гүлжигиттей жандуу үнүң менен ырдаганды бил. Бийкечтердин эсине салсак, эгер кимде ким Гүлжигиттин келинчеги боломун десе, анда азыртадан эле эрте күндү кеч кылбай "чач тарачтын" окуусун бүткөнү дурус. Анткени, Гүлжигиттин чачын күндө үтүктөп жасап турушу абзел.


Тамашага салган
Жылдыз Абдыкерим кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??