п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

экран жылдыздары
"Большие люди" долбоорундагы боорду эзген
Осмоновдор
Майраш, Сыймык Осмоновдордун үй-бүлөсү "Большие люди" теледолбоорундагы эң эле популярдуу үй-бүлө. Алар кыргыздын салт-санаасын заманбап көрүнүш менен күлкү тартуулап келишет. Алардын эфирден сырткаркы жашоосу тууралуу маектештик.


Саламат жөнүндө:
Чүй областынын Кемин районунда төрөлгөм.
Төрөлөрүм менен ата-энем Кара-Көл шаарына көчүп келишкен.
Ошол жактан орто мектепти аяктагам.
Музыкага кызыгам.
Сүйгөн тамагым - оромо.
Мектепте химия сабагынан качып кетчүмүн.

Саламат Алиев: "Шеф: Опей, Саке, сенсиңби?"-деп...
- Саламат, тамашаларды кантип жаратасыз?
- КВНде ойноп жаткан соң, тамашаларды кантип жаратыш керектигин үйрөтүшөт. Үйрөтпөсө деле тамаша жаратуунун ыкмаларын үйрөнүп калат экенсиң. Тамаша жаратуу да өзүнчө бир кесип болуп калат. Жашоодогу ар кандай окуяларды, кырдаалдарды тамашага айлантканга аракет кылам.
- Бирөөнү катуу тамашалап, таарынтып алган күнүңүз болсо керек?
- Ар бир тамашаны чыгарган сайын психолог болуп калат экенсиң. Ар бир адамдын мүнөзүнө карап анан тамашага салабыз. Таарынтпаганга аракет кылабыз.
- Көшөгөнүн артында эл билбеген кызыктуу учурлар болот эмеспи. Эсте калганынан бирди айтып кетсеңиз?
- Өзүм шашпай, акырындан жүргөн кишимин. Бир жолу Аскат сүйлөп жаткан. Ал бүткүчөктү мен сахнага чыгып калышым керек болчу. Ортодо он беш секунддук гана убакыт бар. Ал айтар сөзүн бүтүп кетип калды. Эл күтүп калса деле, мен сахнанын артынан шашпай кийинип чыгып бара жатсам, топтогулардын бардыгы мени жаман көздөрү менен карап турушса деле, мен шашкан эмесмин.
- Эрмек сиздин боюңуздун кичинесине асыла берет. Боюңузду өстүргүңүз келеби?
- Жок, көнүп калгам. Мага көп деле байкалбайт. Ага маани бербейм.
- Бирөөгө алданган күнүңүз болгонбу?
- Ооба. Андай күндөрүм көп болгон. Бирок, баары майда-чүйдө. Аябай эсимде кала турганы болгон эмес.
- Казакстанга көп барасыз. Кандай сыйлыктарыңыз бар?
- Казакстанга университетте окуп жүргөндө КВНде ойноп баргам. Ошондо, "Мыкты КВНчи" деген наамды ырчы Дильназ
Ахмедиеванын колунан алгам.
- "Сумерки" аттуу ролигиңиздерде элди "мырк" кылып көрсөтөсүздөр? Жалпылап айтып кетсеңиз?
- "Мырк" деген түшүнүк менен жупуну кийинип алган, же болбосо орус тилин билбеген адамдарды чагылдыралы деген эмеспиз. Биз ал жерде инсандардын ички дүйнөсүнүн начардыгын көрсөткүбүз келген. Бул маселе Кыргызстандагы эң оор жагдайлардын бири экенин роликти жаратып бүткөндөн кийин билдик. Айылдан жаңы келип, "мен орусча билбесем "мырк" турбаймынбы" деген суроолор да болушу мүмкүн. Биз андай түшүнүктү берген жокпуз. Бай болуп кычырап, Жип минип жүрсө деле, ал "мырк" болушу ыктымал. Биз өзүн туура эмес алып жүргөн, кишиге зыян келтирген адамдарды "мырк" деп көрсөткөнбүз.
- Кызыктуу учурларга кабылгансызбы?
- Машина айдап бара жатсам, жолдон бир ГАИ кызматкери токтотуп калды. Машинадан түшсөм: "Сиз, чектен чыгып айдап кетип бара жатасыз. Документтериңизди көрсөтүңүз",- деди. Мен күлүп жайнап: "Байке, мен "Большие людиде" ойнойм. Мени көрсөңүз керек, тааныйсыз да ээ",- десем, ал бетин бетон кылып: "Жок, билбейм бар тиги шефке",- деп өзүнчө кыйын. Шефине барып документтеримди берсем, бир карап эле: "Опей, Саке, сенсиңби?-деп машинасынан түшүп, мени менен кучакташып учурашып: "Кел, номериңди берчи?"-деп таанып калды. Мени токтоткон байкени чакырып: "Эмне бул жигитти тааныбайсыңбы?" десе, тиги байкуш чыдабай кетти окшойт, мени карап: "Э бирок, өлө жагат да силердин ойногон тамашаңар",- деп жатпайбы. Аскат мага чалып: "Мени тааныбай эле акча сурай беришет",- деп таарына берет. Мен: "Большие людиде" ойнойм дебейсиңби" десем, ал:"Айттым, тааныбай койду",- деп калат. Чындыгында, таанылбай калат экен. Ал жакта башка каарман-жеке жашоосунда башка. "Машинага олтурардын астында "парик" кийип алып, атайын жол эрежесин бузсамбы?"- деп Аскат күлүп калат.



Аскат тууралуу:
Ысык-Көл областындагы Балыкчы шаарында төрөлгөм.
1-классты окуп бүткөндөн кийин, үй-бүлөбүз менен шаарга көчүп келгенбиз.
1993-жылдан бери шаарда турабыз.
Ар кайсы мектептерди алмаштырып окуп жүрүп, 9-классымдан тартып КВНде ойноп баштадым.
Сүйгөн тамагым - Экстрим Бафало Тако.
Мектепте дене тарбия жана сүрөт сабактарынан каччымун.

Аскат Табалдиев:
"Мени красавица эжешка кыл" деп тапшырма бердим
- Аскат, айтсаңыз,
Саламаттын келинчегинин ролун аткарган кандай экен?
- Мен үчүн абдан күлкүлүү. Образды экөөбүз ойлоп тапканбыз.
- Боёнуп алганда кыздардан айырмаңыз жок болуп калат. Ким боёнтот?
- Бул долбоор башталгандан баштап биз менен иштеше баштаган тажрыйбалуу гримёрубуз бар. Ал бизге ар кандай макияж жасап берет. Мен долбоор башталганда ага: "Мени красавица эжешка кылып бер" деп тапшырма бердим. Мага ушундай образ жаратып берди.
- Жиниңиз абдан катуу келгенде, күчүңүздү Саламаттан чыгарасызбы?
- Сьемка болуп жатканда жинимди Саламаттан чыгарам. Акырында болбой калган кадрлардан байкасаңар керек. Жашоомдо өзүм чыдамкай жигиттерденмин. Ошондуктан, эч кимдин жинине тийбейм, эч кимден жинимди чыгарбайм.
- Негизги идея кимге таандык?
- Бир бала бар, ошол экөөбүз ойлоп тапканбыз. Биздин образды башында актёрлорду чакырып, ошолорго сунуштаганбыз. Алардын түшүнүгү баары бир театр болуп калыптанып калган. Түпкү максатыбызды жеткиликтүү, түшүнүктүү кылып ачып бере алышкан жок. Ошондуктан, кайра Саламат экөөбүз ойноп калдык.
- Сьемка болуп жатканда кызыктуу учурлар көп эле болсо керек?
- Ар бирөөбүз ар башка каармандарды жаратабыз. Сьемка болуп жатканда күлкүнү токтото албайсың. Кээ бир учурларда бир роликти он ирет тартканга аракет кылабыз. Мен аткарып жатканда менин ойногонума күлүп жиберишет. Ал жарабай калат. Кайра башынан тартканга туура келет. Аларды "ыңгайсыз абалдар" деп рубрикаларыбызга кыстарып кетебиз. Бир күлүп алгандан кийин токтотуш абдан оор. Кадрдын артында абдан көп кызыктар бар. Мен келин болуп рол жаратсам, жеке жашоомдо эркек бойдонмун.
- Көчөдөн көрүп калып тамашалагандар болгонбу?
- Көлдө шортик-майкачан болуп эс алып жүргөнбүз. Очки тагынып, панама кийип алып балдар менен кетип бара жатсам, кол чатыр сатып олтурган балдар:"Эже, зонтик керекпи?" деп мени тамашалап жатышпайбы. Аларды карасам уялып кетип калышкан.


Жылдыз Абдыкерим кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??