п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Талант Анарбаев уулдуу болду
Атына заты жарашкан таланттуу куудул Талант байкебиз 8-декабрь күнү кечки саат сегиз жарымдарда балканактай уулдуу болду. Кубанычы койнуна батпай турган байкебиз 4 кг салмакта төрөлгөн уулуна азан чакырып Элтуран деген ысым ыйгарды. Кудай буйруса, кыркы чыккандан кийин жээнтек той берем деп турган убагы.


Юля Руцкая жаңы топ ачты
Көптөн бери көрүнбөй кеткен ырчы кызыбыз Юля
Руцкаяны кайда кетти десеңиздер, Юля Македонияда өткөн "Еврофест- 2011" сынагында баш байгенин ээси болуп, мындан тышкары, Молдавияда болуп өткөн "Новалатинитас" эл аралык сынагында экинчи орунду утуп алып кубанып жүргөн кези. Американын "Ким бар бул дүйнөдө - 2012" деген энциклопедиясына ырчы кыздын өмүр баяны киргизилиптир. Бир нече айдын ичинде ушундай чоң ийгиликтерге жетишкен ырчы кызыбыз "Adagio" деген топ ачты. Жаңы топтун ачылыш аземи 16-декабрь күнү болуп өттү.


Омар жаңы ыр жаздырды
Жаш, таланттуу жигитибиз Омар Жаңы жылга карата "Кыргызстан" деген жаңы ыр жаздырып бүттү. Буйруса, жакында клип тарттырып, өзүнүн күйөрмандарына сунуштайм дейт жана ошондой эле азыркы учурда Жаңы жылга карата ар кандай чакырууларды алып, Алматыга чейин барып талантын тартуулап жүргөн учуру. Мен үчүн быйыл эң жакшы жылдардын бири болду деп кубанып турган ырчы жигит кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап кетти.


Асель тойго кетип жатат
Таланттуу ырчы кызыбыз А. Касымова жаңы ыр жаздырып бүттү. Азыр телерадиолорго бергенге убактым жок болуп жатат дейт. Мындан тышкары, 23-декабрда иниси үйлөнүп, Ошко кетип жаткан ырчы кыз 2012-жылы Бишкекке келип жаңы ырларын угармандарына тартуулайт деген ойдобуз.


Алиса Сапарбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??