п»ї
 Таанышуу жарыясы


Бейиш эненин таман астында
"СУРИЯ" кайрымдуулук фондунун төрайымы
ОСМОНКУЛОВА Сурия Адашкановна:

Эл арасында
Эгиз таланттуулар көп...
Бүгүнкү күндө баатыр энелердин саны азайып бара жатат. Жашоо шарты оорлогонгобу, же жөн гана баланын күлкүсүнөн да карьера артыкпы, айтор, жыл өткөн сайын жубайлардын бир бала менен күн кечиргендери аз эмес . Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт демекчи, бир учурда эгиз же үч эм төрөп, аларды торолтуп гана тим болбостон, жөндөмүн өстүргөн энелердин саны саналуу. Талантын таптап, бир тамчы суудай окшош балдарды кыргыз элинин келечегине даярдаган апалардын аракетин текке кетирбей чоң жүктү мойнуна алып, кыргыз жерин жалгыз түрө кыдырып, эгиздерден таланттууларды тандап, колдоо көрсөтүп келген Сурия Адашкановнаны кепке тарттык.
- Эл арасынан эгиз таланттарды алып чыгууңузга эмне түрткү болду?
- Эгиз балдарды алып чыгып, алардын жөндөмүн баалап, жардам берем деген оюма да келген эмес. Буга чейин жетим, жесирлерге колуман келген жардамымды берип кайрымдуулук фондумду иштетип келгем. Эки-үч курдай катары менен түшүмө аксакал кирип, "эгиздерди алып чык, алардын талантын таптап чыгышың керек" -деди. Көп деле маани берген жокмун. Кызыгы, түшүмдө эгиздер менен аралаша берем. Эң акыркы жолу түшүмдө беш эм төрөптүрмүн, эртең менен түндөгү түшүмө таң калдым: "Кантип эле беш баланы бирдей төрөсүн", - деп. Бир жерде конокто отуруп, жанымдагы байбиче менен сүйлөшүп калып, түшүмдү айтсам, "Кызым, бул аян түш, сага жол көргөзүп, аян берип атат, жолум ачылсын десең ушул ишти колуңа ал", - деп менин түшүмдү жоруп берди. Негедир ошол күндөн баштап ушул ой башымдан кетпей койду. Баштаганымда аябай кыйналдым. Эл арасынан эгиз таланттууларды табыш, алар менен бир чечимге келиш кыйынга турду. Болгон күчүм менен эркимди жыйнап, акыры болгон эгиздердин, үч эмдердин арасынан таланттуусун сууруп чыктым.
- Оор жүктү мойнуңузга алыптырсыз, жардам бергендер болдубу?
- Ар бир дубандын жергиликтүү администрациясы моралдык жардамдарын беришип колдоо көргөзүп жатышты. Ал эми каражат жагын өзүм мойнума алдым. Кыргызда аял үйгө ташынат дейт эмеспи, а мен болсо бул долбоорду баштаганы үйүмдөн сыртка ташыдым. Жолдошум түшүнүктүү болгондуктан, менин кылган иштеримди туура кабыл алып, жардамдышып турду. Түшүнбөгөн адам болгондо бул долбоорум ишке ашмак эмес. Карыз болуп кыйналсам да эгиз балдардын катылып жаткан жөндөмүн элге тартууладым.
- Балдардын конкурска катышуууга келгендерди кабыл алып элге тартууладыңызбы же ...
- Жок, алардын баарын кабыл алган менен кандай жөндөмү бар экендигин кастинг аркылуу тандап, атаандаштар арасынан суурулуп чыккандардын гана талантын элге тартууладым. Сүрөтчү кыз Данакан Адашканова, диктор Анаш Кадырова, музыкант Курмангазы Азыкбаев, ырчы Саламат Садыковалар калыстар тобунда болуп, тикеси менен тик туруп, мага жөндөмдүү түгөйлөрдү тандоого жардам беришти. Алардын тандоосу менен 50дөн ашык эгиздердин жыйырма беши гана биздин талапка жооп беришти. Аяктоо концертимде көрүүчүлөр ушул түгөйлөрдүн талантына күбө болушту.
- Демөөрчүлөрүңүз кимдер?
- Бул долбоорума колдоо көргөзүп, колунан келген жардамын бергендер болбой койгон жок, алардын ичинен депутат Жылдыз Жолдошева 20 миң сом бөлүп берди. Социалдык коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишова жазган долбоорумду өзү тууралап, 181 миң сом грант жеңип берди. Ошол гранттын негизинде бардык дубанды кыдырып, айыл жергесиндеги катылып жаткан таланттууларды, болгондо да эгиздерди таап келдим. Бир жерге барганда эгиздин түгөйү Батма апа эгиз төрөп, уулун эгиздин түгөйүнө үйлөнтүптүр. Болгону эгиз небере гана жетишпейт. А балким, буюрса, эгиз неберелүү да болуп калаар.
- Акыркы таланттар конкурсунун жыйынтыгында келечекте эгиздер айылы болот дедиңиз эле...
- Эгиз, үч эм таланттарды издеп жүрүп, кыргыз элинде куюп койгондой окшош түгөйлөрдү жолуктургандан кийин эгиздер айылын куруп, айылдын ичин жалаң эгиздер толуктап турса кандай керемет болоор эле. Азыр ушул долбоордун үстүндө иштеп жатам. Жогору жактагылар колдоо көрсөтүп, айылды курууга жер берсе, эгиздей окшош үйлөрдү курдурууга аракетимди жумшап баштайт элем.
Көп эм төрөлгөн кызыктуу фактылар
o Австриянын жашоочусу Шейнберг аттуу айым 27 жолу төрөт үйүнө барган. Баатыр эненин жашоосу 69 баласы менен өткөн. Бул бактылуу үй-бүлөнүн балдары бир курактагы, тең чамалаш болгондуктан кошуналары "бир туугандар бала бакчасы" деп аташкан. Себеби, айым төрт жолу төрт эмден, жети жолу үч эм жана 16 жолу эгизден көз жарган.
o Австриялык аял 11 жолу көз жарып, чоң үйгө жайгаштырууга мамлекеттен жардам сураган. Бул айым эгизден үчтү, үч эмден алтыны жана төрт эмден эки жолу көз жарган.
o Испаниялык койчу Хозе Пулидого испан эли "Ата жылы" наамын 107-жашка чыкканда ыйгарышкан. Анткени, ал үч жолу жолу үйлөнүп, 36 балалуу болгон. Биринчи жубайынан 13, экинчисинен 11, ал эми үчүнчүсүнөн болсо 12.
o Судандык Бишара Мохаммед эль Шайеб 70-чи жылдардын аягында ата салтын улап, мурда куда түшкөн аялдарына бир жылда үйлөнүүгө мажбур болгон. Тактап айтканда, төрт аял алып, бир жылдан кийин төрт аялы тең бир учурда эгиз уулдарды төрөп беришкен.
o Сидней шаарындагы Королев деп аталган төрөт үйүндө 19-жаштагы Жеральдина Бродерик деген жаш эне тогуз эм төрөп, акушерлерди кызыктуу окуяга кабылткан. Тарыхта калган 1971- жылдын 13-июнуна караган түнүн Королев төрөт үйү жакшылыктын жышааны катары эсептешет. Тилекке каршы тогуз наристенин экөө эненин кыйналуусунан өлүү төрөлгөн.

Эгиз саясатчылар
Польшанын мурунку президенти Лех Качинскийдин өзүнө куюп койгондой окшош түгөйү бар. Бир тууган Качинскийлер 1949- жылы жарык дүйнөгө келишкен. Бири-биринен айырмасы жок кызыл эт наристелердин эч ким элдин жүгүн көтөргөн эр азамат болоорун ойлобосо керек. Эгиз уландар 1962- жылы режиссердун көзүнө түшүп, "Айды уурдаган экөө" аттуу кино жомокко тартылат. Убакыттын өтүшү менен эгиздер ээрчишип, саясат айдыңында ат салышат. Көптөгөн кыйынчылыктарды басып өткөн бир туугандар 2001-жылы "Акыйкат жана укук" саясий партиясын түзүп, бир жылга жетпей Варшава шаарына Левша мэр болуп иштеп калат. Кылган кызматы менен эл көзүнө түшүп, 2005-жылы Лех Качинский Польшадагы президенттик ат салышуудан жеңип чыккан. Ал эми Ярослав Качинский болсо бул учурда бир тууганына колдоо көрсөтүп, саясий партиянын иштерин колуна алып, өлкөнүн бир учун чоюп турат. Польшанын тиреги болгон Лех Качинскийдин өмүрү кыска экен, Смоленскийдеги авиакырсыктан каза болуп калган.
Дамира СААЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??