п»ї
 Таанышуу жарыясы


ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ

24-январдан 31-январга чейин

КОЙ
(Кундуз Канатбек кызы)
Кой жылдызынын астында төрөлгөндөр бул жумада өтө чечкиндүү болбосо, иштин бары тескерисинен чыгат. Көп эмгектин артында, таттуу ийгилик тураарын унутпаңыз. Жуманын биринчи жарымы тынч өткөнү менен, экинчи жарымы өтө эле окуялуу болот.
Акча. Топтогон акчаңызды ден соолугуңузга жана буюм сатып алууга кетиресиз.
Ден соолук. Бул жумада бутуңузга көбүрөөк көңүл буруңуз. Тайгаланып, кокустатып алышыңыз мүмкүн.
Сүйүү. Сүйүү жаатында эркектер кыз-келиндер менен тил табыша албайт. Эгер сүйүүңүздү сактап калгыңыз келсе, унчукпай сеники чын деп турганыңыз жакшы.
Букачар
(Салкынай Воинова)
Букачарлар бул аптада байланышып, таанышуулар менен убакыт өткөрүшөт. Кошунаңыздан кызыктуу жаңылык угуп, сүйүнөсүз.
Акча. Бул апта бизнести өркүндөтүү үчүн өтө ыңгайлуу.
Ден соолук. Букачарлар бул жумада ден соолук жактан эч кандай кабатыр болушпайт.
Сүйүү. Сиз сүйгөн, сиз эңсеген адам менен романтикалуу кечеге же киного барасыз.
ЭГИЗДЕР
(Нурзада Жолдошева)
Эгиздер үчүн өтө ийгиликтүү жума болбосо да, ар бир адам өзүнө ыңгайлуу кылып алганга болот. Жуманын башталышында бардык жоопкерчиликти өзүңүздүн мойнуңузга аласыз.
Акча. Кимдир бирөө сизге көп убакытка карызга акча берип, аптанын экинчи жарымында сиз жакшы буюм же машина сатып алышыңыз ыктымал.
Ден соолук. Ишемби күнү эшикке чыкпай эле койгонуңуз жакшы, тумоолоп калышыңыз мүмкүн.
Сүйүү. Жактырган адамыңыз сизди ыңгайсыз абалга калтырып кетиши мүмкүн Баарына даяр туруңуз.
БӨЙӨН (Каныкей)
Чыдамыңыздын жоктугунун айынан көп нерседен куру каласыз. Үйүңүздөгү бардык жумуштарды так аткаруу менен, жакындарыңыздын ыраазычылыгына арзыйсыз.
Акча. Бул жума сиз акча албай эле, карызга акча бересиз.
Ден соолук. Ар кандай мээни чаккан пикирлерге көңүл буруп, маанайыңызды чөгөрбөй эле коюңуз. Сиздин корогон нерв клеткаларыңыз кайра калыбына келбейт.
Сүйүү. Жуманын экинчи жарымында издеген, жакшы көргөн адамыңызды таап, сүйүнөсүз.
АРСТАН
(Жылдызбек Турсунбаев)
Буга чейинки кылган эмгектериңиз, жасаган ишиңиз менен бийликке оңой жетесиз. Болгону, жетекчилик тараптан айтылган сөздөргө же берилген тапшырмаларга түз карап коюңуз.
Акча. Акча жагынан бул жумада эч кыйналбайсыз. Чыгаша канчалык чыкканы менен андан эки эсе киреше кирет.
Ден соолук. Чуркап жүрүп, бир аз чарчаганыңыз менен, жакын адамыңыз ал чарчоону бат эле кетирет.
Сүйүү. Сүйгөн адамыңызга ишенип жүрө бербей, сиз да кандайдыр бир кадамдарга барганыңыз жакшы.
БИЙКЕЧ (Эрлан Андашев)
Бийкечтерге өтө эле ийгиликтүү жума болуп, маанайлары майрамдагыдай болот. Тушуккан маселелерге тике карап, ойлонуп чечиңиз. Жумушуңуздан көтөрүлөсүз. Жуманын экинчи жарымында жакшы жаңылык угасыз же алыс сапарга кетесиз.
Акча. Жуманын ортосунда, ири киреше кирип сүйүнөсүз.
Ден соолук. Ден соолук жаатында эч кандай маселе болбойт.
Сүйүү. Сүйүү үчүн курмандыктарга барган адамга жоолугасыз.
Тараза (Атай Өмүрзаков)
Жуманын биринчи жарымында көп күч жумшай турган ишке киресиз. Бир темп менен жүрө берсеңиз алыс узабайсыз. Кесиптештериңиз сизге сылык мамиле кылып, жуманын ортосунда жакшы жаңылык күтүп турат.
Акча. Жуманын ортосунда сизге жакшы сунуштар түшүп, үйүңүзгө акча келет.
Ден соолук. Таразалар булл аптада оору эмне экенин билбейт. Ошондой болсо да, сууктан сак болуңуз.
Сүйүү. Бойдок таразалар, аптанын соңунда түгөйүн табышат.
Чаян (Эрнис Кыязов)
Чаяндар бул жумада жалаң гана позитивдүү маанайда, жакшы иштерди аткарып, жакшы адамдар менен гана баарлашат. Тоскоолдуктарга тушуккуңуз келбесе, көңүлүңүз чаппаган адам менен сүйлөшпөй койгонуңуз дурус.
Акча. Акча жаатында да чаяндар бул жумада көп кыйналбайт. Киреше кирип, чыгашасы азыраак болот.
Ден соолук. Чаяндар бул жумада оору дегенди билбейт.
Сүйүү. Жакындарыңыз жакшы адам менен тааныштырышат.
Жаачы (Жанар Акаев)
Жаачылар бул жумада бир нече тоскоолдуктарга тушугат. Ал тоскоолдуктар өздөрүнүн гана жеке жашоосу менен байланышта болгондуктан, жумушуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Сиз жөнүндө айтылган пикирлерге маани бербестен, өзүңүздүн ишиңизди кылып жүрө берсеңиз, аптанын аягында сизге жамандык каалаган адамдар өздөрү кечирим сурашат
Акча. Акча жагынан аптанын башталышында кыйналганыңыз менен жума ортосунда баары өз нугу менен кетет.
Ден соолук. Өтө олуттуу оорудан качканыңыз меен, тумоолоп калышыңыз мүмкүн.
Сүйүү. Жакын адамыңыз алыста жүргөн болсо, жуманын экинчи жарымында күтүүсүздөн келип, сизди сүйүнтөт.
Текечер
(Эрнест Бөрүбаев)
Текечерлер көксөп жүргөн кыялдарын бул жумада орундатууга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өзүңүздүн ички туюмуңузга ишенип, иш кылсаңыз, баары сиз ойлогондой болот.
Акча. Акча жагынан бир топ кыйынчылыктар болот. Бирок, кимдир бирөө жакшы жардам берет
Ден соолук. Үй иштери менен алек боло бербей, ден соолугуңузга карап жүргөнүңүз жакшы.
Сүйүү. Сүйүүдө туруктуу адамды таап, келечек жөнүндө ойлоно баштайсыз.
Суупери
(Насыйкат Кабылдаева)
Бул жумада сууперилер ар кандай чектөөлөрдөн арылышат. Ишиңизде өтө чоң жоопкерчиликти мойнуңузга алып, катуу иштей баштайсыз.
Акча. Адамдар менен баарлаша билгениңиз, капчыгыңызга жакшы киреше алып келет.
Ден соолук. Сууперилер жаңырган аптада баш ооруга кабылат. Бирок, ал көпкө созулбайт.
Сүйүү. Сүйүүдө чечкиндүүлүгүңүз жакшы жардамын берип, таарынышкан адамыңыз менен табышасыз.
Балыктар
(Гүлнара Тойгонбаева)
Балыктардын окууга болгон кызыгуусу артып, окуп жаткан окуусунун майын чыгарышат. Жыйынтыгы жакшы жумуш жана жакшы маяна менен аяктайт.
Акча. Жума күнү кошумча кирешелер кирип, сүйүнөсүз.
Ден соолук. Жакшы иштеген адамга кимдин кана көзү өтпөйт. Бул жумада жаман көздөрдөн алысыраак жүрүңүз, ооруп калышыңыз ыктымал.
Сүйүү. Сүйгөн адамыңыз, сиздин маселеңизди чечип берип, кубантат.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??