п»ї

Кызылча тамак ооруларына абдан жакшы дары
Кыштын ызгаарында тамак оорулары да көбөйө баштайт эмеспи. Анын бири ангина оорусу. Ангинаны көптөр үйдөн дарылап жүрүшөт. Ангина же тамак оорусунда кызылчанын кайнатылган ширеси жакшы шыпаа. Кээде ал күчтүү дарылардан да жакшы жардам берерин айтышат. Тамагыңыз ооруп калса, орточо кызылчаны алып, аны бир литр сууга жумшарганча бышырып, муздаганча коё туруп, анан сүзүп алуу керек. Күнүнө үч маал кызылчанын суусу менен тамакты чайкасаңыз, оору жоголот. Ошондой эле кызылчанын суусу ларингит менен фарингитте да жакшы таасир тийгизет. Ангина менен ооруган учурда пияз, капустадан компресс жасаса да болот. Ага 2 баш пияз, капустанын 5 чоң жалбырагын алуу керек. Пиязды сүргүчтөн өткөрөт. Анан капустанын ар бир жалбырагына пияздан алынган аралашманы салат. Мындан кийин ал жалбырактарды алкымга коюп, жылуу жаап коет. Бир аш кашык шалфейдин кургатылып, майдаланган жалбырагына бир стакан кайнак суу куюп, ороп, бир саат демдеп, анан сүзүш керек. Күнүнө бир нече жолу тамакты чайкап, аны менен катар 0,5 стакандан 3 маал тамакка чейин 15 мүнөт мурда ичсе пайдалуу.


Ак кан оорусуна байчечекейден өтөөрү жок
Байчечекей өсүмдүгүнүн тамыры пиязга тектеш өсүмдүк. Апрель айынын онуна чейин гүлү менен тамырын кошо алып, кургатып, жанчып, 100 гр. 0,5 кг балга аралаштырып, ак кан оорусуна чалдыккан адам күнүнө бир чай кашыктан 3 жолу сыркоосу сакайганча ичсе, байчечекей ак кан дартынан айыгып кетүүгө көмөктөшөт.
Же ак кан оорусуна чалдыккандар байчечекей гүлүнүн порошогунун бир аш кашыгын 0,5 л кызыл виного салып, үстүнө жүз грамм бал кошуп, 4-5 күн тургузуп, күнүнө тамактанардан жарым саат мурун бир чай кашыктан 3 ай ичсе дартына даба болот.


Окурмандан кат
Өткөн чыгарылышыбызда окурмандарга элдик медицинанын сырларынан биз менен бөлүшкүлө деп кат жаздык эле. Активдүү окурмандар каттарын жөнөтүп жиберишиптир.

Шакыйы кармагандарга кызгалдак гүлү жакшы жардам берет
oАпамдын шакыйы дайым эле кармай берип, кылбаган нерсеси калган жок. Акырында бир айылга барганда кызгалдак жакшы экен дегенди угуп калып, кызгалдакты кайнатып, башын жууп жүрүп, шакыйы көп кармабай калды. Башы да шумдук какач болчу, кызгалдак гүлү апамдын шакыйын гана кетирбестен, башындагы какачтарды жок кылды. Кызгалдак бир эле башка дары болбостон, беттеги сепкилди да кетирет экен. Жеңемдин төрөгөндөн кийин бетинде так калып калган болчу.
oАпам алып келген кызгалдактын тамырын алып майдалап, аны бир бөтөлкө аракка аралаштырып, 2 жума тургандан кийин бетине сүртсө, бетиндеги тактары кадимкидей жоголо баштады.
oКызгалдак бел кубатка да жакшы экен. Байкемдер көп жылдар бою балалуу боло албай жүрүштү эле, кызгалдактын тамырын майдалап аракка кошуп ичишкен. Жеңем да ичкен. Көрсө, кызгалдак суук тийгенди айыктырып, бел кубатка жакшы экен. Байкем да ичип алып, көңүлү жайдары болуп калды. Азыр жеңемдин боюнда бар.
Алина, Жалал-Абаддан.
Жүрөк ооруга петрушка жакшы
o Мен элдик медицинанын бир сырынан "Обон" гезитинин окурмандары менен бөлүшкүм келди. Биз кадимки күнүмдүк тамакка колдонуп жүргөн петрушкадан бир чай кашык алып, 250 грамм кайнак сууга салып, 30 мүнөт убакыт коюп коёсуз. Даяр болгондон кийин петрушканы сыгып алып, күнүнө 4 жолу 40 мл. ичип турсаңыз, жүрөктөгү шишиктерди азайтат. Жүрөгүңүз дайыма ооруса, лимонду чайга салып ичип, же кабыгын бат-бат чайнап жүргөнүңүз жакшы.
Замира, Таластан.

Балам төшөккө ушатып коюп атты эле, бал бергенден кийин оңолду
o Ар бир эне баласы үчүн күйөт эмеспи. Менин да жүрөгүмдү өйүгөн бир маселеден жакында кутулдум окшойт. Балам 6га чыкса дагы күнүгө төшөккө ушатып койчу. Доктурларга да алып барып, дарылатып көрдүк. Бир-эки ай жакшы болот дагы, анан кайра эле баягы. Анан иним таза бал алып келип калыптыр. Балдан күнүнө жатаарда бир кашыктан берип коюп атып, баламдын жижиңдиги токтоду.
o Бал бир эле жижиңге эмес, дагы көптөгөн ооруларга пайда экен. Кайненемдин кан басымы абдан эле жогору болуп кетип, күнүгө балдан чайга кошуп берип атып, бир жуманын ичинде кан басымы төмөндөп калды.
o2 жаштагы кызымдын колу күйүп калганынан, кайненем балды сүртүп атып, бат эле айыктырып койду. Андан сырткары бал табитти да ачып, шалдырагандарды кадимкидей күчтөнтөт экен. Ошондуктан, таза балды гана колдонсоңуздар, денеңизди чыңдап, боор, ашказан жана жүрөктүн иштешин жөнгө салат.
Жаркын, Таш-Көмүр







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??