Обон почта
Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүз­дөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаа­га батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-202-01. Cалам, "Обон!" Мен Ысык-Көлдөгү Көк-Мойнок 1-ге салам жолдойм. Нурзат 97
ОП-202-02. Нурзат эже, тоодо эс алганды жакшы көрөсүзбү? 0772447ххх
ОП-202-03. Бүткүл Кыргызстан тынчтыкта жашасын. Алайдын патриоттору, алга! Акс. Окси
ОП-202-04. Салам, "Обонушка". Талант байкеге суроо: Ошко качан концерт бересиз? Азыркы учурда кайдасыз? Рахмат, сиздерге "Обонушка". 0779919ххх
ОП-202-05. Нурлан Насип байке, мен сизди чексиз сүйөм. Мүмкүн болсо бир чалып коюңузчу, сураныч. Кулчиева Нуризат
ОП-202-06. Салам, достор! Мен алтындай апама жана Жаркынбек байкеме салам жолдойм. Нуризат
ОП-202-07. "Обон", калемиңер курчуй берсин. Болливуд жылдызы Приянка Чопра тууралуу маалымат бергилечи. 0773353ххх
"Обондон" жооп: Приянка Чопра 1982-жылы 18-июлда Индиянын Джамшетпур деген аймагында туулган. Кесиби боюнча актриса. Драма, мелодрама, комедия жанрындагы кинолордо роль жаратат. Биринчи киного 2002-жылы тартылган болсо, акыркысына 2012-жылы тартылды.
ОП-202-08. Гүлнур, туулган күнүң менен куттуктайм. Ар дайым ден соолукта бол! Айнура
ОП-202-09. Мен сүйүктүү акем Айбекке салам жолдойм. Мен сизди сүйөм! Токтайым 96
ОП-202-10. Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы мектеп лицейинде окуган Миңжашар, Айбек, Темирлан жана 11-б классына өзгөчө салам жолдойм. Алмазбек
ОП-202-11. Салам, достор! Каролина- 95 таанышып албайлыбы? Макул болсоң, мага СМС жазчы. Саку
ОП-202-12. "Ленин Пик" тобуна салам.Эмне жок болуп кеттиңер? Аксынын Итогар айылына чоң салам. 0773921ххх
ОП-202-13. Сүйүү бул неге мынчалык кыйын болот. Мен эми сүйүү эмне экенин билип жатам. Мен сени чексиз сүйөм, Асал кыз! Максат- 92
ОП-202-14. Салам, "Обон!" Көпүрө-Базар айылына салам. Нурлан Насипке да, салам. Садыркул кызы Саламат
ОП-202-15. Салам, "Обонушканын" жалпы жамааты, окурмандары жана СМС-чилери! Кандай жүрөсүздөр? Накуля
ОП-202-16. Менин саламым ата-энеме жолдонот. Иса жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Бегимай- 97
ОП-202-17. Сүйүктүү жарым Розаны 22-январь туулган күнү менен куттуктайм. Мен сени сүйөм! Жолдошуң Субаш.
ОП-202-18. Классташтарым, ар дайым бар болгула! Класс жетекчим Рахматова Айнагүл эже, сизге дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди каалаймын. Бизди жакшы жакка үндөп жүрө беришиңизге тилектешмин. Чика
ОП-202-19. Акылай, Алена, Аскат, Айка, Сүймөнкул, Семетей, Амантур жана башка Ж.Б Карасартов атындагы орто мектептин 9-класстарынын баарына, салам. Чика
ОП-202-20. Чоку болот тоолордун бийик жери,/ Чокудай бол кыргызымдын жигиттери/. Чок кармаган кол менен бийик бол деп,/ Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени/. 550980ххх
ОП-202-21. Салам "Обон". Италия кино жылдызы Моника Беллуччи жөнүндө жазгылачы.
"Обондон" жооп: Моника Беллуччи 1964 -жылы 30-сентябрда Италиянын Читта-ди-Кастелло шаарында жарык дүйнөгө келген. Кесиби боюнча актриса жана модель. Алгачкы жолу 1990-жылы кино дүйнөсүнө баш баккан.
ОП-202-22. Талант байке, кирип келген Жаңы жылыңыз менен! 2012-жыл сизге жакшылык, ден соолук алып келсин. Бир гана сизден сураныч. Мен сиздей куудул болгум келет. Менин атым Данияр. Жардам бере аласызбы? Эгер мени кабыл алсаңыз, мага чалып коюшуңузду өтүнөм. Мени сахнага чыгарат деп ишенем. 0770267783
ОП-202-23. Кайдасын, издей берем,/ Күтөмүн үмүт менен./ Көңүлүм оорутсаң да,/ Жүрөктөн сүйүп келем./ Зарина
ОП-202-24. Болчу, жалгыз менин сүйгөнүм,/ Жаным деп, түбөлүк айтып жүрөйүн./ Сүйүктүүм, менин сүйүктүүм,/ Чын жүрөктөн сени сүйөмүн./ Зарина
ОП-202-25. Мен сени бир көргөндө эле сүйүп калгам. Бирок сен мени эмес,менин курбумду тандадың. Аттиң, арман. Сени сүйүштөн эч тажабайм. Бирок муну эч кимге айтпайм. Сага да айта албайм. Ортоңорго түшкүм келбейт. Айнагүл
ОП-202-26. Күнүгө маршруткадан көрсөм дагы өзүңдү,/ Карай албайм жалтанып карагаттай көзүңдү./ Назик болгон коңур үнүң угууга,/ Өтүп кетсе болобу, деп качырамын өзүңдү./ Күлкүчү
ОП-202-27. Салам, "Обон!" Мага индия актёру Шахрух Кхан жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Нурзат- 97
"Обондон" жооп: Индиянын белгилүү кино жылдызы Шахрух Кхан 1965-жылы 2-ноябрда Нью- Дели шаарында туулган. Окуусун да ушул жерден аяктаган. Киноактер, продюссер жана телеалпаруучу катары таанымал. Алгачкы тасмасына 1988-жылы тартылган. Аялы Гаури экөө 1991-жылдан бери Мумбай шаарында жашайт. Арьян аттуу уулу жана Сухана деген кызы бар.
ОП-202-28. Мен эң жакшы көргөн бөлөлөрүм Шамбетова Мээрим, Шамбетова Мунара, Касенбаева Асел, мен силерди жакшы көрөм жана кичинекей Мирада, Аселге салам. Айпери
ОП-202-29. Сагынамын, сени дайым сагынам,/ Карагаттай көздөрүңө багынам./ Сени эле, сени дайым сүйөм деп,/ Айткан сөзүң кармабадың, таарынам./ Айко, жаным, Ли Мин Хону сүйбөй эле койчу. Азиз
ОП-202-30. Мен саламымды Саку тайкеме, Меку жеңеме жана балдай таттуу Айперишкага жолдойм. Үй-бүлөңүздөр бекем болсун. Ортоңуздарда дайыма сүйүү жана бактылуулук өкүм сүрсүн. Айка
ОП-202-31. "Түнкү белес" радиосунун ди-джейи Максатка салам жолдойм. Тунук эфир каалайм. Дайыма элге жагымдуу маанай тартуулап жүрө бер. Гуля
ОП-202-32. Салам, "Обон!" Саламымды Дордой базарында иштеген Мирбек байкеге жолдойм. Мен сизди күнүгө сырттан карап эле көрүнбөй качып кетем. Бир жолу да, жаныңызга барып сүйлөй албадым. Чай саткан кыз.
ОП-202-33. "Обон" түрк сериалындагы Эзелди аткарган актёр тууралуу билсек кантет. Мейизкан
ОП-202-34. Биздин кыргыз киносу да өнүгүү жолуна түшүптүр. Азыркы чакта аябай жакшы кыргыз кинолорун көрүп калдык. Туугандар менен олтуруп, уялбай эле көрсөң болот. 0779456ххх
ОП-202-35. Жездем Бакыт менен эжем Венеранын 28-январь удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайм. Жашоодо жамандык көрбөй, узак жашагыла. Анара
ОП-202-36. Манты самсыга жүрөгүн арнаса, макул болбой, пельменге турмушка чыгат. Муну уккан манты, лагманга муунуп өлүп калат. Чика, Акталаадан
ОП-202-37. Замир Казакбаев ушунчалык сонун да. Бүт келбети жарашкан, өзүнө. 0778765ххх
ОП-202-38. Салам, менин сүйүктүү досторум! Мен силерди сүйөм. Азред, Марат качан келесиңер? Гузаля
ОП-202-39. Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылынын тургундары атам Жайыкбаев Бекбосун, апам Доолосова Гульсун, сиңдим Чодонова Айзадага чоң салам деп, Бекбосунова Айпери.
ОП-202-40. Сүйүп сени жашап келем арманда,/ Сүйүп сени батып калдым жалганга./ Качан эми бул азаптар түгөнөт,/ Көтөрүүдөн чарчадым, башка салганга./ Аймира
ОП-202-41. Салам, "Обон!" Мен саламымды апам Айгүлгө жана атам Рамазанга жолдойм. Мен сиздерди абдан жакшы көрөм. Айназик
ОП-202-42. Агенттеги жана жашоодогу досум Нуржамал Абдимиталовага салам жолдойм. Жакшылык сени менен кошо жүрүп, бактылуу кыздардан болушуңа тилектешмин. Гузаля
ОП-202-43. Мен сени сүйөм, Амантур! Келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Экөөбүздүн сүйүүбүз түбөлүккө уланат деп ишенем. Азеля
ОП-202-44. Салам, достор! Курбум бир баланы жакшы көрчү. Башында анча маани берген жокмун. Кийин ага кантип берилип кеткенимди билбей калдым. Азыр же досумду, же ал баланы тандай албай, эмне кылаарымды билбей жүрөм. Жардам бергилечи, сураныч! Адинай
ОП-202-45. Корей сериалындагы балдарды сүйгөн кыздарга таңданам. Кыздан айырмасы жок назик жигиттерди кантип сүйөсүңөр, айткылачы кыздар? Бозулан
ОП-202-46. Менин сагынычтуу саламым Нарын областында жашаган апам Айкөкүлгө жолдонот. Сессияларым бүтүшү менен сиз тарапка бет алам. Айнура
ОП-202-47. Салам, "Обон!" Мен бир тууган байкем Айбекти 27-январь туулган күнү менен куттуктайм. Сизге кааларым узун өмүр, бакыт, таалай жана өчпөс сүйүү. Айко эже экөөңүз бирге болушуңарга тилектешмин. Айчүрөк 98
ОП-202-48. Мен Гүлжигит Калыковду жеңиши менн чын жүрөктөн куттуктайм. Сиз биздин сыймыгыбызсың. Бүт элибиз сени менен сыймыктанат. 0779734ххх
ОП-202-49. Ишенчи бул күндөр да өтөт, кетет,/ Бизге дагы бактылуу күндөр жетет./ Канчалык сени менен кыйналсам да,/ Ишенем, жыргал жашоо бизге келет./ Аман
ОП-202-50. Салам, "Обон!" Менин саламым жалпы кадырман кыргыз калкыма жолдонот. Баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик! Айпери 95
ОП-202-51. Мен "Нон-Стоп" дуетиндеги Максат байкени сүйүп калгам. Бирок айткандан корком. Чынын айтканда Чолпон эжеден корком. Гулина
ОП-202-52. Менин саламым сүйгөн кызым Мээримкага жолдонот. Жаным, сени жакшы көрөм, таарынсаң да, мен чалганда албасаң да. Жоомарт
ОП-202-53. Кызык, фонограмманы алып салса, кимдер калат экен. Тойлорубузга эч кимди чакыра албай калбайбызбы? Бизде баары эле ушинтип ырдашат го. Аскарчик
ОП-202-54. Салам, "Обонушка". Бактыгүл Бадыева эже, эмнеге көрүнбөй кеттиңиз? Биз сиздин жаңы ырларыңызга күбө болгубуз келет. Дамир
ОП-202-55. Салам, "Обон!" Менин эң жакшы көргөн ырчым Нурлан Насипке чоң салам. Эркелетсемби деген ырыңыздын клиби жакшы тартылыптыр. Сизге ийгилик! 0779461ххх
ОП-202-56. Аруу таза тилектерим арнайын,/ Бир өзүңдү капага мен салбайын./ Ушул келген бир күнчөлүк жашоодо,/ Ак сүйүүмдү бир өзүңө арнайын./ Данчик 94
ОП-202-57. Борбор калаабыздагы №5 гимназиянын жалпы жамаатына салам жолдойм. Бардыгыздар бул жашоодо өз ордуңуздарды табышыңыздарга тилектешмин. Бакыт
ОП-202-58. Кыргыздын намысын коргогон Гүлжигит Калыковдун жеңиши анын жөнөкөйлүгүндө болду деп ойлойм. Себеби ата, энеси карапайым адамдар экен. "ЕврАзия жылдызы" Гүлжигит болгондо бир гана мен эмес, кыргыз эли кубанса керек. Футбол фанаттардын кумирлери жеңишке жеткенде сүйүнгөндөрүн эми түшүндүм. Гүлгаакы
ОП-202-59. Менин саламым Лейлек районунун Кулунду айылына жолдонот. Бар болуңуздар, бай болуңуздар. Гуля
ОП-202-60. Көл жээгинде мен болсом,/ Көлгө чөккөн сен болсоң./ Кайык менен сүзүп барып,/ Калак менен башка чаап ойносом./ 0771475ххх
ОП-202-61. Эмне үчүн ырчылар сүйүү жөнүндө эле ыр чыгара беришет? Башка нерсе жөнүндө чыгарса болбойбу? Махабат
ОП-202-62. Мен аябай жакшы ырдайм. Бирок, ырдап чыкканга акчам жок. Эмне кылсам болот? Достор мага кеңеш бергилечи. Айдай
ОП-202-63. Менин досторум Нурка, Бахти, Бемаларга чоң салам. Гуля
ОП-202-64. Эмне мынча тагдырыбыз татаал эле,/ Бир жүрөккө ушунча муң батаар беле./ Сагынып кыйын турмуш өтөсөм да,/ Тагдырдын таразасы катаал беле./ Кыйынчылык жашоом эч түгөнбөдү,/ Жанчылган жүрөк дарты бүтөлбөдү./ Сен болсо кете бердиң байлык үчүн,/ Сезбестен сага болгон сүйүү күчүн./ Жей
ОП-202-65. Кыргыз элимдин мурдатан келген каада-салтын сактап, урпактарга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз. Ошондуктан, милдетибизди биле жүрөлү, мекендештер. Патриот
ОП-202-66. Салам, "Обонушка". Мен сиздерди жакшы көрөм. Баарыңыздарга ийгилик! Жаңы кадамыңар мени абдан кубантты. Алдыга карай умтула бергиле. 0556542ххх
ОП-202-67. Менин сүйүктүү эжем Жанатка, жездем Токтобайга жана балдары Анара, Рамазан, Солихке чоң салам. Баарыңарды жакшы көрөм. 0709766ххх
ОП-202-68. Салам! Баарыңыздарды кирип келген Жаңы жылыңыздар мене куттуктайм. Айша
ОП-202-69. Менин кумирим Гүлжигит Калыков жеңишке жеткени майрам болду. Уккулуктуу үнү, жанга жагым жүзү кимди болбосун арбап алат эмеспи. Айше
ОП-202-70. Бизге бактылуу балалык тартуулаган ата-апабыздын удаа келген 23-январь туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Биз сиздерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Балдарыңыздар, Адина, Марат
ОП-202-71. Салам, достор! Мен сиздерге бакыт, таалай каалоо менен бирге, досум Мирбекти 21-январь туулган күнү менен куттуктап кетмекчимин. Бактылуу бол, досум. Жаныңа барып айта албайм. Мен сага капа эмесмин. Бирок жаныңда тура албайм. Адина экөөбүздүн ортоңорго түшкүм келбейт. Бир кездеги кан досуң, Азим
ОП-202-72. Салам, достор! Мен КНУнун жалпы студенттерине салам жолдойм. Айрыкча журналистика факультетине. 0709645ххх
ОП-202-73. Салам, Чадуля! Батыраак сакайып кет. Курбуң
ОП-202-74. Элина Абай кызы, мен сизди сүйөм. Сиз үчүн жашоомду деле бергенге даяр болмокмун. Эгер мени да сиз сүйгөнүңүздө. Абды
ОП-202-75. Салам, "Обон!" Мен саламымды бардык туугандарыма жолдойм. Султанова Гуля
ОП-202-76. Эмнеге сүйгөн ушунчалык кыйын. Мурда бир сулуу кызды бир көрүп эле сүйүп калгам. Азыр болсо андан сулуусун миң көрсөм да, сүйө албадым. 0779763ххх
ОП-202-77. Салам, достор! Мен жигитим Аликти 24-январь туулган күнү менен куттуктайм. Аймира
ОП-202-78. Мен агам Ысманды 27-январь туулган күнү менен куттуктайм. Сизге кааларым чын ден соолук, узун өмүр жана өчпөс бакыт. Назгул жеңем экөөңөр бактылуу өмүр сүргүлө. Гуля
ОП-202-79. Менин сүйүүм өчтү жанган чырактай,/ Кете бердиң, мени койбой ыйлатпай./ Жарат болсо жүрөктөгү өйкөгөн,/ Токтобой эч оорутууда чыдатпай./ Марипа
ОП-202-80. Сагындым жашыл дарак, ошол бакты,/ Келеби деп каранамын эки жакты/. Бирок эми күткөн менен сен кайтпайсын,/ Сен эми бактылуунун болдуң жары./ Арман
ОП-202-81. Байкем Чодонов Руслан Бекбосуновичке салам. Аба, мен сизди абдан жакшы көрөм,иштериңизге,окуунузга ийгилик деп, АЙПЕРИ БЕКБОСУНОВА
ОП-202-82. Салам, "Обон!" Мен Төмөнкү Аларча орто мектебинин окуучуларына жана мугалимдерине салам жолдойм. Зарипа
ОП-202-83. Максат, мен сени чексиз сүйөм. Бир күн келип, менин сезимдеримдин тазалыгын сезээрсиң. Бирок ойлончу, жаным. Кийин кеч болуп калышы мүмкүн. Мадина
ОП-202-84. Салам, "Обонушка". Кандайсыңар достор. Мен бардык студенттерди сессияларынын бүтүшү менен куттуктайм. Студентка
ОП-202-85. Кыргызымдын суйкайган сулуу кыздарына саламчиктер. Силер жок болсоңор, биз эмне кылмакпыз. Ошондуктан, жаркылдап жаныбызда жүргөнүңөргө рахмат. Адилет
ОП-202-86. Салам, "Обон!" Сиздердин гезит аркылуу ырчы Омарга сүйүүмдү билдирейин дегем. Омар байке, сизди кантип сүйүп калганымды өзүм да билбей калдым. 0779635ххх
ОП-202-87. Салам, Аскарик! Сени 21-январь туулган күнүң менен куттуктайм. Ата-энем каршы болгонуна карабай сени менен кетүүгө даярмын. Бир келген өмүрдү өзүм каалагандай жашагым келет. Мария
ОП-202-88. Салам, "Обон!" Мен сүйүктүү эжем Кымбатка салам жолдойм. 0709890ххх
ОП-202-89. Менин саламым жалпы Кордайдагыларга арналат. Арман
ОП-202-90. Мен сени, сенин көз карашыңды эч качан унута албайт окшойм. Уктасам түшүмдө, ойгонсом көңүлүмдө дайым сен. Айтчы жаным, сени кантип унутайын? Баатыр
ОП-202-91. Сүйүү, сүйүү дейсиңер. Кайда ошол сүйүү? Күтө берип чарчадым. Мурат 98
ОП-202-92. Нурмат Садыров, сиз менин жүрөгүмдү ээлеп алдыңыз. Канчалык сизди ойлобойун десем да ойлой берем. Сизди биринчи жолу байкемдин тоюнан көргөм. Ошондо эмнеге мени карап, жылмайып койдуңуз эле? Сирена
ОП-202-93. Салам, салам, салам кадырман кыргыз калкым. Мен баарыңыздарга бакубат жашоо каалайм. "Обон" аркылуу сиздер менен коштошуп, Турция элине жол тартуудамын. Сардар
ОП-202-94. Мен сүйгөн, убагында эч нерсеге карабай артынан барып, турмуш курган адам, мени эч ойлонуусуз таштап кете берди. Менде эми жалгыз баламдан башка эч кимим жок. Ушунчалык кайгырсам да эч качан кеткениме өкүнбөйм. Мени өкүндүрбөй турган адам, менин 2 жаштагы уулум Айбек. Мунара
ОП-202-95. Мен сени сүйөмүн деп айта албайм/, Сүйүүмдү башкага да арнай албайм./ Бул жашоодон тажап бүтүп айла жоктон,/ Түнкүсүн дагы тынчтанып мен уктай албайм./ Арман
ОП-202-96. Сагынам бир өзүңдү күнү-түнү,/ Ээлеп алып, алсыз кылдың жүрөгүмду./ Канчалык унутайын десем дагы,/ Унута албайм шаңкылдап сен күлгөнүңду./ Мира
ОП-202-97. Убагында сүйүү менен жакшы көрүүнү алмаштыра билиш керек. Мен жакшы көрүп жүрүп, сүйгөнүмдү кеч түшүндүм. Болгону бир-эки күн кеч, ал үйлөнгөндөн кийин. 0779725ххх
ОП-202-98. Салам, "Обон!" Мен сизди сүйөм, Мирбек Атабеков байке. Айзирек
ОП-202-99. Саламчик, туугандар! Жалпы Ош шаарыбызга саламдар болсун. Ардак