Бегимай АСЫЛБЕКОВА:
Кайын журтум мени менен
Сыймыктанышат
- Саламатсызбы Бегимай, куш бооңор бек болсун! Келиндик милдетти кандай өтөп жатасыз?
- Рахмат! Абдан жакшы өтөп жатам.
- Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт го?...Эстен кетпеген бир кызыктуу окуяны айтып берсеңиз?
- Тоюбуз болуп жатканда келинди алып киришкенде эки жаш бардык үстөлдөргө барып, туугандарына ийилишет го. А казактарда эки жаш кирип барып, алып баруучунун жанына турушат экен. Элдер биздин эки жагыбызга турушуп, карашышат. Анан алып баруучу биздики боюнча жар-жар айтат, бул жакта алып баруучу ""Бир салем" деп айтат экен. Алып баруучу ар бир "Бир салем" деген сайын мен жүгүнүшүм керек болчу, а биздин маңдайыбызга табак коюп коюшат экен. Жүгүнгөн сайын элдер ага акча салышат экен. Анан эң кызыктуусу, алып баруучу бат сүйлөгөндүктөн мен аны жакшы түшүнбөй жолдошума: "Менин колумду жүгүнчү жеринен бекем кысып тур!",- деп акырын шыбырадым. Ошентип, 20 жолу жүгүндүм.
- Казактын кайсы тамагын катыра жасап жатасыз?
- Жолдошум тамак ылгабайт, кандай тамак жасасам да баарын жейт. Болгону, тамак этсиз болбошу керек. Тамактарыбыз деле окшош. Болгону биздин күлчөтай бул жакта беш бармак экен. Кыскасы, ар кандай тамактарды жасап, жолдошумду кубантып жаткан учурум.
- Кайнене, кайнатаңыз кандай кишилер, сиздин чыгармачылыгыңызды кандай кабыл алышты?
- Кайненем менен кайнатам аябай жакшы кишилер. Ак көңүл, дайыма күлүп жүрүшөт. Ырдаганымды билишкенден кийин досторуна мактанып: "Биздин Бегимай келинибиз ырчы кыз" деп айтып беришет.
- Канча убакыт сүйлөштүңүздөр?
- Бири-бирибизди эки жылдай тааныдык.
Үч ай сүйлөшүп жүрдүк. Экөөбүздү жакындан тааныштырганда ал мени дароо эле жакшы көрүп калыптыр, анан досторуна: "Мен баары бир Бегимайга үйлөнөм" деп айткан экен.
- Качан наристелүү болоюн деп жатасыздар?
- Азыр эмес. Биз бул жагын кое туралы деп чечтик. Бирок, кайненем телефон чалган сайын: "Болгула, батыраак" дей берет. Эми аны кудай буйруган күнү деп ойлойбуз.
- Мекенинизди сагындыңызбы? Эмнеге казак жигитине турмушка чыктыңыз?
- Мекениме бир айда бир жолу барып турам. А эмнеге казак жигитине турмушка чыктыңыз деген сурооңузга төмөнкүчө жооп берем. Бул нерсе буйруктан болду деп ойлойм. Руслан мени өзүнүн таза ойлору, таза жүрөгү, адамгерчилиги, менин үй- бүлөмө болгон жакшы мамилеси менен тартып алды.
- Кайын журтуңуз сизге кандай мамиле жасап жатышат?
- Кайын журтум мага аябай жакшы мамиле кылышат. Русландын байкесинин үч жаштагы баласы бар. Ал Русланга караганда мени жакшы көрөт. Телефон чалган сайын: "Бегимай, я тебя люблю! Когда придёшь?" деп калат. Аны угуп алып, жолдошум тамашалап таарынымыш болуп коёт.
- Жолдошуңуз канча бир тууган? Фамиляңыз Эсенгулова эмес Асылбекова болуп жүрөт го?
- Жолдошум төрт бир туугандын экинчиси. Кайнагам жана эки кайним бар. Ооба, фаимилямды Асылбекова кылып өзгөрткөм.
- Чыгармачылыгыңызды токтотосузбу же кайра сахнага чыгасызбы?
- Чыгармачылыкты убакыт көрсөтөт. Бирок, жолдошум бул жактан сага жакшы ыр жаздырып, клип тартып, телевидениелерден беребиз дейт. Мен өзүм бир аз эс алайын деп чечтим.
- Кыргызстанга келип жашоо оюңузда барбы?
- Биз Алматыда жашайбыз. Кыргызстанга конок катары жакындарымды көргөнү барып турам. Бишкекте жашай албайбыз. Себеби, Русландын бизнеси жана башка иштери Алматыда жана Астанада.
- Жолдошуңуздун кайсы сапаты сиздин жүрөгүңүздү жипсиз байлады?
- Жолдошумдун бардык эле сапаттары жагат. Баарын өз убагында кылганы жана маселелерди оңой чечкени жагат. Дайыма күлүп жүрөт. Абдан аракетчил мырзалардан.
- Казакстанга көнүп калдыңызбы?
- Ооба, азыр көнүп калдым. Бул жакка алгач келгенде эч ким менен берилип сүйлөшө албай, жакындарымды сагынып кыйналгам. Азыр баары жакшы, досторду да таптым.
- Продюсериңиз Динара эже менен түзүлгөн келишимиңиздер эмне болду?
- Динара эже эң биринчиден, мени жакшы көргөндүктөн менин бактылуу болушумду каалайт. Ошол үчүн мени бактылуу болсун деп коё берди. Учурдан пайдаланып, Динара эжеге чоң рахматымды айткым келет. Ал мага өз апамдай кам көрдү.





Чыр дөбө
Мирлан Муратов:
Жашырган-да эмне,
чындыкты айтыш керек
Мурунку саныбызда кеңсебизге ырчы Мирлан Баековду чакырып, эмне себептен "Алтын үн -2011" долбооруна катышпай калгандыгы туурасында өз оозунан укканыбызды гезит бетине маалымдаганбыз. Мирлан Баеков маегинде сынак болор күндүн жылдырылганын кошумча айтып коюшпагандыгына нааразылыгын билдирген. Бул маалыматты окуган Мирлан Муратов бизге байланышып төмөнгүчө жооп узатты:

- Жашырганда эмне, чындыкты айтыш керек. Муз каналда иштеген Гүлүмкан Табалдиева деген кыз бар. 17-декабрь күнү түнкү саат 01:20 чамасында Мирлан Баеков бизде иштеген Гүлүмканга телефон чалып: "Концерт кандай өттү?" - деп суроо узатып, жообун уккандан кийин трубканы коюп койгон. Эгер күнөө бизден кетсе, эртерээк байланышка чыгып, өзүнүн маселесин айтып койбойт беле?
- Гүлүмкан Музканалда иштейби?
- Ооба. Ал камеранын артында гана иштейт. Мирлан Баеков ошол күнү мага телефон чалган деп ал мага 17-январь күнү айтты. Андан кийин мага Мирлан Баеков өзү деле байланышкан жок да. Анан күнөө эмнеге бизде болмок эле.
"Алтын үн- 2011" сынагына тандалып алынган он эки ырчы туурасында биздин гезит "Бириң эр да бириң шер, "Алтын үн" болчу кимиңер?" деген макаланы жазып чыгарган. Ооба, ал жерде сексен үч ырчынын мыкты деген он эки ырчысы СМС добуш менен финалга өткөндүгү жөнүндө маалымат камтылган. "Кызыл өрүктү" катыра ырдаган Мирлан Баеков кайсы бир концертте "Кызыл өрүк" эмне болду?" деген алып баруучунун суроосуна, "Ал "Абрикос" болуп бышып калган" деп жооп берген эле. Мирлан Баеков "Алтын үнгө" келбей калганда спорт сарайында олтурган калың эл "Кызыл өрүктү" ырдап жүрүп, "Абрикоско" тили өтпөй калганбы? Мирлан Баеков эмнеге келбей калды?"- деген күйөрмандары анын жоктугуна түшүнбөй калышкан. Айып сынакты уюштурган режиссер Мирлан Муратовдон кеттиби же сынактын өтөр күнүн кошумча сурап койбогон ырчы Мирлан Баековдон кеттиби, аны окурман өзү талдап алаар.
Жылдыз
Абдыкерим кызы