Атай Өмүрзаковдун он миң евросун Темир Сариев талашып атабы?
Кыргыздын туусун бийик көтөрүп, кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан таланттарыбызга келгенде эле, кыргыздын мыйзамы бузулбай иштеп калганына таң каласың. Миллиондогон салыктарды төлөбөгөндөргө деле бийликтегилер унчугушпайт. Темикебиз, бийликке келе албай эле турган окшойт, чү дегенде эле Атай Өмүрзаков менен Гүлжигит Калыковдун чөнтөгүнө кирип-кире элек акчасынын он пайызын өкмөткө тапшыруусун талап кылууда.

"Бийчи Атай Өмүрзаков жана ырчы Гүлжигит Калыков алган акчалай сыйлыгынын он пайызын кирешеден алынуучу салыкка (подоходный налог) төлөшү керек", - деп билдирди. Эки жигит чет өлкөдөн акчалай сыйлык алгандыгы жана ал өлкөдө кирешеден алынуучу салыкты төлөгөндүгү тууралуу тастыктоочу кагазын (справка) алып келишкен. Белгилей кетсек, Атай Өмүрзаков Чехиядагы таланттар сынагынан биринчи орунду алып, 100 миң евро утса, жакында эле болгон "Евразия жылдызы" сынагынан Гүлжигит Калыков биринчи орунду алып, 30 миң доллар менен сыйланышкан.
Жоомарт Сапарбаев, ЖКнын депутаты:
"Гүлжигит, Атайды коюп, миллиондогон атка минерлерден салыкты чогултуп алалычы"
- Темир Сариев Атай Өмүрзаков менен Гүлжигит Калыковдун алган акчалай сыйлыгынын он пайызын өкмөттүн киреше алып келүүчү салыгына берүүсүн талап кылып атат. Буга сиздин оюңуз кандай?
- Бул эки жигит Кыргызстандын атын таанытып, Кыргызстандын имиджине чоң салым кошкондугу баарыбызга белгилүү. Билбейм, эмне себептен мындай маселени көтөрүп чыгып жатышат. Башка өлкөлөрдү карасаңар, ошондой эле атактуу спортчулар акча утканда салыгын төлөшөт. Бизде мындайды жөн эле коюшса болмок. Биринчиден, салык салаарда жок дегенде өзүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзүп берсек жакшы болмок. Мамлекеттин жардамы жок утуп, мамлекеттин жардамы жок ушундай жеңишке жетишип жаткандан кийин салык салуунун кереги жок. Бул менин жеке оюм. Өнүккөн өлкөлөрдө албетте, мамлекет чоң салымын кошот. Ошон үчүн алар салыгын алат. Биз эки жигитке жардам көрсөтпөгөндөн кийин аларга салык салып кереги жок го дейм. Кыргызстандын атын чыгарып жаткан жылдыздардан албай, биринчи миллиондогон салыктарды төлөбөй жүргөн атка минерлерден алып алалычы.
Атай Өмүрзаков:
Биз берген салык кайда кетет,
түшүнгөн жокмун?..
- Темир Сариев өкмөттүн бюджетине оң пайыздан киреше алып келүүчү салыкты төлөйсүзбү?
- Салыктарды ушинтип сала берсе, Кыргызстанда таланттуу жаштар калбай калат го. Мен оң миң евро бергенге каршы эмесмин. Бирок, өсүп келе жаткан таланттуу жаштар кандай болот, билбейм. Аларда Кыргызстандын атын чыгарып келдим деген стимул жок болуп калат го. Биз берген салык кайда кетет, түшүнгөн жокмун. Өзүбүз утуп алаарда жардам сурабагандан кийин мындай салык төлөөнү жөн эле коюшса болмок.
Канат Култаев:
Бизден салык сурай турган болсо, каршы эмеспиз
- Бул маалыматтан чынында кабарыбыз жок экен. Сизден угуп жатам. Эгерде, чындап бизден салык сурай турган болсо биз каршы эмеспиз. Бирок, кийинки жаштарга жөн гана ийгилик каалап, же анча-мынча чыгымын каржылап коюшса жакшы болот. "Евразия жылдызы" сынагына барган каражаттар өзүбүздөн кетти. Эгерде келечек жаштар да ушундай конкурстарга бара турган болсо, жок дегенде жол киресине кеткен каражатты чыгарып коюшса, жакшы болмок деген ойдомун.
Жылдыз Абдыкерим кызы




Индиянын буйволдорунун эти коркунучтуу
"Кыргызстанга Индиядан буйволдун этин алып келүүгө болбойт, анткени анын этинде ооруну алып жүрүү коркунучу жогору", - деп жер жана агрардык комитетинин, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча суроосунда депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Депутат андан сырткары, Айыл-чарба министрлигине биздин өлкөдөгү малдардын этин Казакстанга экспорттоону токтотуу тууралуу суроону чечүүсүн суранды. Кенжебек Бокоевдин айтымында, кыргыз фермерлери кой, уйлардын эттерин Казакстанга контрабандалык жол менен жиберүүгө аргасыз болуп атышат. А ал малдардын эттеринин ордуна, биз Индиянын буйволдорунун эттерин алып келип атабыз. Ар кандай оорулар менен ооруган малдар болсо, биздин жарандарга жугуу коркунучу турат, - деп кошумчалап кетти.

Жакында манасчылар үйлүү жана жеңил унаалуу болушат
Жакында "Улуу баян" коомдук фонду тарабынан 6 манасчыга турак үй, 7 манасчыга жеңил унаа белекке берилет. Бул тууралуу аталган фонддун директору Бакыт Романов 23-январда билдирди.
Б.Романов билдиргендей, 6 манасчыга турак үй алуу үчүн 17 млн сом бөлүнгөн. Алар: Талантаалы Бакчиев, Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Замир Баялиев жана Самак Көчөрбаев. Ал эми манасчы Сапарбек Касмамбетов, Назаркул Сейдракманов, Кубанычбек Алмабеков, Салимбай Турсунбаев, Алимбай Маатов, Тилек Асанов, Калим Мамадалиевдерге жеңил авто унаа берилет. Бул үчүн 2 млн 400 миң сом каралган. Ошондой эле үч жаш манасчы Өмүрбек Токтогулов, Нурбек Калыбек уулуна жана Дөөлөт уулу Үмөткө шыктандыруу жана стимул берүү үчүн алардын жаш курагына жараша акча каражаттары тапшырылат. "Биз биринчи кезекте манасчыларыбыз менен жолугуп, сатып ала турган үйлөрдү жана унааларды караштырып тандайбыз. Үй алуу үчүн ар бир манасчыга 50-60 миң доллар бөлүштүрдүк. Алардын талабына, табитине жана тандоосуна жараша алып берүүгө аракет жасайбыз. Эгерде жетпей калса, дагы каражат кошобуз деген ишенич бар", - дейт Б.Романов.

Оштук дыйкандар Кытайга барып окуп келишет
Билим алуу үчүн ким кайда гана барбаган. Быйылкы жылдын эсебинен биздин Ош облусубуздун 4 дыйканы Кытайга барып, жасалма шартта (теплицада) жашылча өстүрүүнү үйрөнүп келишет.
Бул тууралуу БУУнун өнүгүү программасы боюнча долбоордун жетекчисинин орун басары Чынара Арапова бүгүн облус губернатору Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда маалымдады. Облустук бийликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аймакта жер-жемиштерди жасалма шартта өстүрүү жаатында дыйкандар заманбап билимге муктаж болгондуктан аларды атайын окуудан өткөрүү долбоору иштелип чыккан.

Дыйкандарга быйыл жазгы айдап-себүү маалында күйүүчү майдан көйгөй жаралбайт.
Январдан баштап, Кыргызстан боюнча Американын "American got a talent", Орусиянын "Минута славы", ошондой эле "British got a talent" жана "Украина мае Талант" конкурстарынын анологу болгон "Кыргызстан менин таланттарым" долбоору старт алды.
19-январда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан 200 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен өкмөттүн алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 оңдоп-түзөтүү колониясынын отряд башчысы, 1968-жылы туулган И.Н. кармалган.
Учурда "Улуу баян" коомдук фонду Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондунда сакталып турган "Манастын" үчилтиги боюнча жазылган 84 вариантын басып чыгаруу ишин баштады.
Оштогу "Ыйык Ата-Журт - Ош" фондунун "Призма" борбору мектеп окуучуларын улуттук тестирлөөгө акысыз даярдап жатат.
Катуу сууктан Нарын облусунун айрым жерлеринде 23-январдан тарта мектептер убактылуу бир жумага жабылды.
"Түндүкэлектр" ишканасынын башкы директору Нурлан Кайдуев жана техникалык директору Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда визасыз каттам тууралуу келишим 10-февралда күчүнө кирет.
Ички иштер министрлигинде айрым структуралар жоюлуп, кызматкерлердин саны азаят. ИИМде жана анын аймактагы башкармалыктарында иштегендердин баары эгерде кыскарууга туш келсе, доосу жоктугун тастыктаган документке кол коюп беришти.
Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондорунда 24-январь күнү үч саатка чейин электр жарыгы өчүрүлөт.