п»ї
 Таанышуу жарыясы


Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат
Атактуулукка жетиштин эң кыска жолубу?
Карганы туурайм деп каздын буту сыныптыр дегендей, Голливуд жылдыздарынан үлгү алып, биздин ыр дүйнөсүндө эмгектенген ырчыларыбыз кино тармагына ооп кетишүүдө. Ал эми кинонун жүзү болгон актрисаларыбыз ыр дүйнөсүнөн жылуулук издеп, орун алмашууга өтүштү. Атың чыкпаса жер өрттө дешип, ырчы деген ат менен калууга көнбөй, кино жаатын каптаган ырчыларыбыз жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" көркөм фильминде ала качууга дуушар болгон шаардык кыздын образын жеткире аткаргандыгы үчүн Асема сыйлыктарга ээ болуп, актриса деген атак менен кетип бараткан. Бат эле элди таңкалтырып, ырдап чыга келди.
"Кайып булак" кино тасмасындагы бардык каармандарды ошол учурда жылдыз болуп турган ырчылар ойногон. Бактыгүл Бадыева, Урмат Усенов, Сема, Замир Мырза, Неля, Ильяз Абдразаковдор алгачкылардын болуп, жапырт кинодон өздөрүн сынашкан.
Жаныш Кулманбетовдун "Кандуу сүйүү" киносу Чыңгыз Мырзаевдин актерлук чеберчилигин ойготтубу, же киного тартылган жактыбы айтор, актерлук кесипти да аркалап калууда.Болгондо да башкы ролдордо ойнойт.
Жигиттердин жүрөгүн кабынан козгогон "Импульс" тобунун солисти Алиман казак жергесинен киного тартылып, тажрыйба топтоп келген окшойт. Кыргыз фильм менен бирдикте тартылган Россиянын "Гаишнигинде" ойноп, ырга көп көңүл бурбай кетти.
Геннадий Базаровдун кыска метраждуу фильминде Айгеримдин киного болгон табити ачылды. Удаалаш кинолорго тартылуу менен бирге өзү да кино жаратууга баш оту менен киришкен учуру.
Кино жараткан кай бир режиссерлор киносу менен акча табууну көздөп, элди тартып, кызыктыруу максатында сахнадан күйөрман топтоп алган ырчыларга башкы ролду сунушташат. Анткени, киного чыгымдалган каражаттарды актап, аз да болсо киреше киргизүүгө аракеттенишет. Ал эми жогорку билими бар кесипкөйлөрдүн арасынан жаш кино жылдызын таптап чыгам дегендер жокко эсе.

Дамира
СААЛИЕВА


o Тасма жылдызы
Нуриза Бурханова, актриса:
"Атам, апам биз кичинекей
кезде эле ажырашып кетишкен"
Өзү жаш болсо да, бир нече кинотасмаларда башкы ролдорду жогорку деңгээлде аткарган Нуриза Бурханова менен актёрлук чеберчилиги жана жеке жашоосу боюнча маек курдук.
- Нуриза, сени "Кызыл көйнөкчөн" тасмасынан кийин көптөр таанып калышты, ал киного кандайча тартылып калдың эле?
- "Туңгуч" театрынын астындагы эки жылдык студиясында окучумун. Бир күнү Кыргызфильмде кастинг болуп атат дегенинен барсак, "Кызыл көйнөкчөн" киносуна кастинг болуп атыптыр. Кыздарды 18 жаштан баштап, кабыл алышат экен. Эмнеси болсо да барып катышып көрөйүн деп, катыштым. Анда 15 жашта болчумун. Бир күнү эле "Нуриза, биз сени киного алдык" деп телефон чалып калышты. Өзүм да таң калдым. Эң алгачкы тартылган тасмам Актан Арым Кубаттын уулу Кубан Абдыкалыковдун "Кумурсканын жолу" деген тасмасы болгон. "Кызыл көйнөкчөн" менен "Кумурсканын жолу" кинолоруна бир маалда өтүп калып, кайсынысын тандаарымды билбей калгам. Бирок, эки киного тең тартылууга жетиштим. "Кумурсканын жолу" тасмасында оорукчан баланы сүйүп калган кыздын ролун ачып бердим десем болот. Ал кино кыска метраждуу болгондуктан, фестивалдарда көрсөтүлдү.
- "Кызыл көйнөкчөн" тасмасында мистика көбүрөөк эмеспи, өзүң корккон жоксуңбу?
- Биздики күн менен түн алмашып калган. Түнкү бирден баштап, эртең мененки төрткө чейин тартылабыз. Тоонун үстүндө жалгыз үй бар болчу. Анан караңгыда башка бөлмөгө кире албай аябай коркком. Токойдо жалгыз калган жеримде да, качан менин артыман келип, өлтүрүп коюшат деп корктум. "Кызыл көйнөкчөндөгү" эң акыркы эпизоддо терс каарманды машина сүзүп кеткен жеринде, коркконуман үнүм чыкпай калган. Жигитим өлгөндө ыйлай берип, токойго келгенде ыйлаган жеринен ыйлай албай, жашым түгөнүп, режиссёрдон уруш жегем.
- Сени зордуктаганга аракет кылып аткан жери бар эмеспи. Өзүңдүн жашооңдо андай учурга кабылган эмессиңби?
- Жок, кудай сактасын. Андай нерсе кинодо гана болгон.
- Режиссёрлор тараптан сунуштар түшүп атабы?
- Албетте, көп эле сунуштар түшүп атат. Жамал Сейдакматованын "Тагдырдын өгөй балдары" киносунда башкы ролду ойнодум. Темир Бирназаровдун да "Баарын кайрадан баштайлычы" деген жакшы тасмасына түштүм. Анда дагы экинчи башкы ролду ойнодум. Андан тышкары, "Талас-Бишкек-2" киносунда да тартылып атам.
- Азыр актёр-актрисалар ыр жагына өтсө, ырчылар тескерисинче актёрлукка өтүп атышпайбы. Сенин да сахнага чыгып ырдасам деген кыялың барбы?
- Ырга шыгым жок. Актёрлук тармак менен эле кетем. Жакында эле "Тунгуч" театрынын астындагы эки жылдык студиясын бүттүм. Буюрса, театрларга иштеп баштайын деп атам.
- Сен үчүн спектакль менен кинонун кайсынысын ойногон кыйыныраак?
- "Тунгуч" театрына жаңыдан окуп баштаганда эле Чыңгыз Айтматовдун "Кетпечи, бугу эне" деген чыгармасындагы кыздын ролун ойногом. Мен үчүн спектаклда ойноо абдан кыйын болду, ошентсе да режиссёрдун айтканын так аткарып атып, болгон кыйынчылыктан чыктым. Жүрөгүмө экөө тең жакын. Театрда ойноп атканда, кемчилик кетип калса, көп билинбейт. Ал эми кинодо болсо, ар бир кемчилигин, катаң оркоюп көрүнүп калат.
- Кайсы актёр же актрисанын талантына таазим кылып, кумир тутуп келесиң?
- Албетте, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов, Шайыргүл Касымалиевалардын талантына таазим кылам. Шайыр эже менин кумирим. Ал эже менен бир кинодо ойносом деген кыялым бар. Бирок, сиз менен киного тартылгым келет деп өзүнө айта элекмин.
- Кинодон башка дагы эмнеге кызыгасың?
- Кино жүрөгүмө жакын. Ошентсе да, билимимди өркүндөтүп, финансы жаатында кесип алам. Кинодо режиссёрду күтүп отурбай, башка тармакта да эмгектенем буюрса. Эки жакты тең бирдей алып кетем деп ойлойм.
- Эми жеке жашооңо кичине токтоло кетсең, канча бир туугансың?
- Эки бир тууганбыз. Байкем Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинде 2-курста окуйт. Апам жеке ишкер, атам менен биз кичинекей кезибизде эле ажырашып кетишкен. Ошентсе да апам, татыктуу тарбия берип, атанын мээримине да муктаж кылбай чоңойтту десек болот.
- Сойку кыздын ролун сунуштасачы?
- Ойлонуп көрөм го. Кино тармагы канчалык өнүгүп атканы менен, баары бир андай ролдор да болбой койбойт. Андай ролду аткаргандан кийин элдер "Бул чыныгы жашоосунда да сойку экен" деп ойлоп калышат. Мага эмнегедир көбүнчө боор ооруткан роль туш келип калат. Кастингге барганда келбетиңе да карайт. А меники терс каармандын ролуна туура келбейт болуш керек.
Төлөбүбү Касымалиева




Блиц анкета:
Толук аты жөнү -
Нуриза Бурханова;
Туулган жылы - 1995-жыл;
Кичи мекени - Баткен облусу, Сүлүктү шаары;
Учурда - Евразия уинверситетинин колледждик бөлүмүндө 1-курста окуйт.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??