п»ї
 Таанышуу жарыясы


Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны:
"Ыр деген мындай болбойт..."
Шоу бизнесте Арсен деген ысым бар экени жана бул ысым жаштар арасында абдан популярдуу экени баарыбызга белгилүү. "Сезим мени азапка салды" деп ырдап жүргөн ырчы жигитибиздин "Сезим" деген ырын адистин көзү менен карап, сынга алып көрдүк.

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны:
"Мындай ырлар артыбыздан келе жаткан жаштарды "мутант"кылат"
Сөзү Качкынбаеваныкы, обону Ниязовдуку дейт, мен тилекке каршы, экөөн тең билбейт экемин. Поэзия деген адамдын кабыл алуусунда биринчи мээге келет, мээ ойлонот да, бул ырбы же ыр эмеспи, кабыл алсамбы же кабыл албасамбы деп. Кабыл алгандан кийин жүрөккө жетет да, анан жүрөктү толкундата баштайт. Ал эми музыка, обон деген башкача болот. Обон алгач жүрөккө жетет, анан мээге кетет. Ал эми бул ыр азыркы жаштарга мүнөздүү нерсе. Ырында же татыктуу сөз жок же музыка жок, же обон жок. Анан көбүнчөсү батыштан, чыгыштан же биздин коңшу өлкөдөн уурдашат. Анан сөз таба албай эле ушундай сөздөрдү жаздырып жатышпайбы. Мисалы, бул ырдын муунун, сөзүн кара, уйкаштыгын, маанисин кара. Мында бир нерсени айтайын деп жатат, туура. Бирөөнү сүйүп калыптыр дагы ошону жоготуп алуудан коркуп, ички нерсесин айталбай, көздөрүн ала качып жатканын айтыптыр. Анан ыр дегендин баарын ушинтип кара сөз түрүндө ырдай берсе, ырдын касиети кайда калат? Кыргыз деген сөзгө жыгылган, жөндүү сөз айтса баш көтөрбөй басып кеткен. Мындай ырлар биздин аң- сезимибизди, азыркы артыбыздан келе жаткан жаштарды "мутант" кылат. Кундуз деле жакшы акындар менен кеңешип алса болмок экен. "Тагдырым сүйүү менен сынады" дейт. Бул жерде айтайын деген ойду ырга салганда, бул жанагы таяк таянып бараткан буту сынган кишидей болуп турат. "Жалындаган сүйүүмдү айталбаймын, жан биргем жоготуп сени алуудан корком" ушинтип кантип кыргыз сүйлөйт. Жөн эле мындай угуп көрсөң, жигитиңе же кызыңа жоготуп сени алуудан корком деп айтып көрчү. Эмне деп талтаңдап жатасың дейт да. Минтип айтат да: "Сени жоготуп алуудан корком". "Жалынын жүрөгүмдүн байкабадың сен" дейт. Эмне жүрөктүн жалыны алоолонуп көзгө көрүнүп турат бекен? Ал деген башкача сезим менен берилет да. Кайырмасы болсо жөн эле сөздөрдүн жыйындысы болуп калган. "Башканы сүйгөнсүң аны билем, өзгөрбөс сезимим бар өзүң деген..." Башканы сүйгөнүн билсе, анан эмне булардын очогун бузгусу келип жатат.

Турдубек Чокиев, композитор:
"Кайрыктарында Атабековдун кайрыктары жүрөт"
Бул "Сезим" деген ырдын обончусу Ниязовду мен билбейт экенмин. Аткаруучусу Арсенди, баягы Юрмалага барып келбеди беле, ошондон улам билем. Обондо оригиналдуулук жокко эсе экен. Ал эми кайырмасында Мирбек Атабековдун кайрыктары жүрөт. Буга чейин деле сындап келе жатабыз, азыркы жаштар орустардын деле кайрыктарын алып жатышат. Бирок аранжировкасында изденүү бар, жакшы изденген. Ал эми обон жөнөкөй эле катардагы обон. Мирбек Атабеков деле он чакты ырларды жаздырып жүрөт. Ошолордун ичинен Ильяздын ырын ырдап койсо, хит болуп жатып калды. Ошондой эле "Таласымды" ырдады эле, анысы дагы. Эмне үчүн мындай? Анткени ал ырларда эски обондор бар. Батыштын обондорун уурдап ырдап чыкканда ал ырлар элге жакшы сиңбей жатат. Бизде азыр обончуларда жокко эсе болуп кетти. 70-жылдары жакшы бир толкун пайда болуп, жакшы обончулар чыккан. Кийинки он жылдын ичинде кыйратып обон чыгаргандарды көрө элекмин. Арсенге эле эмес, дагы жаңы чыгып келе жаткан башка ырчыларга айтып кетер элем. Репертуарларынын үстүндө иштешсе. Ар жагыңда эч нерсе жок болсо, кыйналба бир нерсе кылам деп. Менин айтаарым ошол.

Алия Ибраева




Казактын багын ачкандар
Акыркы убакта саясатчыларбыз казактын кыздарынын багын ачса, ырчы кыздарыбыз казактын жигиттерине турмушка чыгууда. Балким казак туугандарында кандайдыр бир сыр барбы? А дегенде эле ырчы менен саясатчыларыбызды колго алышчу болушту... Анда кеп казакбайлар менен казашкалар тууралуу болмокчу.

Казактын камкор
күйөө балдары
Буга чейин саясаттын казанында кайнап, кезинде кетменин чаап калган Анарбек Калматовдун көрөр көзү Анара эжебиз казактын кызы. Ушул тапта Юридикалык Академияда мугалим. Ортолорунда 2 бала бар.
Таңдайынан такылдаган үн чыккан саясатчы Адахан мырзанын кабыргасы да казак кызы. Баш кошкондоруна 20 жыл болду. Кайда барбасын, Адахан агабыз Агилаш жеңебиздин атын кошмой сүйлөй албайт экен. "Кырктан ашкандан кийин кыйын эркегиң да аялга кыл аркансыз баш ийет" деген чын белем, элдин айтымы боюнча үйгө барганда акебиз бөйпөңдөп калат дешет эй...
Алайда атагы чыгып, анча-мынча ушакка моюн бербеген Камчыбек Ташиев да бактысын казактан тапкан. Жеңебиз менен Орусияда табышкан. Камчыбек мырза менен Айгүл айымдын 3 уул, 1 кызы бар. Жубайы учурда үй кожейкеси. Камчыкең айымын эл көзүнө көрсөтмөк түгүл, ЖК га да жакын жолоткусу келбейт. Анткени, анын мүнөзүнөн көрүнүп турат.
Ажобуздан кийинки билерманыбыз Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси да казак кызы. Баарынан кызыгы Өмүрбек мырза Рита айым жөнүндө ММК га айтмак түгүл, жардамчыларын да сүйлөгөнгө тыюу салган. Үй-бүлөсү тууралуу жооп айткандан жаадай качкан Бабановдун кандай "но"су бар болдукен? Эмнеси болсо да күтө туралы.

Казактын келиндери
"Кыз Буракты" кыймылдатпай башкарган Кенже Дүйшеева кыргыз жигиттеринен жан шерик таппай жүрүп, ылайыгын казактын баласынан тапты. Учурда бир кыздын энеси болуп, бакыттын кучагында Талгат мырза менен балкып турган кези.
"Чын эле мен сени таптымбы?" деп безеленип ырдаган Бегимай Эсенгулова казактын байбачасы Русланга турмушка чыкты. Бир келген бактысына ыраазы болуп, азыр казак жергесинде келиндик милдетин аткарып жүргөн убагы.
Ал эми кыргыз элине эң сонун келин болгон акын эжебиз Майрам Керим кызы. Майрам эже кыргызга келин болгонуна сүйүнүп, бактысын кыргыздан тапканын да даңазалап ырдап кетти. Кандай улуттан келин болсо дагы Майрам жеңебиздей ыймандуу келин болсун.
Бегайым
ШАЙЫПОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??