п»ї

Мойну менен дем алып, ийне менен тамактанган Сезим
Турмуш бул-таштак жол. Анын үзөңгүсүнөн тайып кетсең ошол замат жашооңду караңгылык, көрүнбөгөн туман каптап калат. Биз бүгүн республикалык байтапканага баш бакканыбызда эшиктин алдынан арык чырай, кара тору келген орто курактагы Динара эже тосуп алды. Саламдашып эле, мени комада жаткан Сезим аттуу кызды көргөзгөнү жөнөдү. Ал кыздын таэжеси болоорун да тааныштырып кетти. Кирсем, эки аял киши керебетте олтурушуптур. Алардын көздөрүндө жаш, жүздөрүндө муңдуу өкүнүч. Биздин редакциябызга "Сезим деген мигрант кызды Москвада машина сүзүп кеткен, эки айдан ашып калды, эсине келе келе элек" деген маалымат түшкөн. Биз ушул маалымат менен байтапканадагы Сезим тууралуу жакындарынан окуянын төркүнүн угалы деп барганбыз. Алар менен учурашып, дароо эле терезе жакта жаткан Сезимди карадым.Ошондо мен арык бир сөлөкөттү, оозу менен дем ала албаган, мойну терең оюлган, кызыл кекиртеги аңырайып көрүнгөн, кош кареги гана кыймылдаган жанды көрдүм. Сезимдин абалы биз туйгандан таптакыр башкача болуп чыкты. Сүйлөбөйт, кыймылдай албайт, кишини да тааныбайт. Көргөн көзүмө ишене албай, сүйлөөгө дарманым жетпей, далбастап туруп калдым. Сезимди айланчыктап турган таэжелери ыйлап жиберишти. Аларды токтотууга чамам жетпей, "Баары жакшы болот" деп үмүттүн шооласын жандырууга аракет кылдым. Чоң таэжеси Элмира көзүнөн аккан ачуу жашын токтото албай, оң колу менен аарчыды да, оор үшкүрүк, кайгылуу ый менен кызыл канга оролгон Сезимдин тагдырына сүңгүп кирип, окуя кандай башталгандыгы туурасында айтып баштады.

Ушул бейтапканада мындан жыйырма жыл мурун Сезимдин апасы инсульт болгон
...Мындан жыйырма жыл мурда Сезимдин апасы ушул эле бейтапканада башынан катуу жаракат алып, бир жак капталы иштебей калган. Ошол убакта бул кыздын ата-энеси ажырашып кетишет. Бул апасында, ал эми байкеси менен эжекеси атасында калып калышат. Апасы менен Сезим таянелерине кетип, Сезимди таэжеси багып чоңойтот. Кыз чоңойгон сайын ар ким куда түшүп келе берет эмеспи. Окууну бүтүп, бойго жеткен Сезимге да ар кайсы тараптан куда түшкөндөр көбөйөт. Анан үстүнө, өзү чырайлуу кыз болсо. Өзүлөрүнүн туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, "Мен апама үй куруп бербейинче, турмушка чыкпайм" деп, Москвага иштегени кетет. Сезимдин оюнда ал жактан көбүрөөк акча таап келүү болот. бул 2011-жыл эле. Ал жакта контейнерде сатуучу болуп, дүңүнөн кийим сатып иштечү. 24- октябрь күнү, таңкы саат төрттөр чамасында Сезим жумушка жөнөйт. Эшик караңгы, жумушу саат беште башталмак экен. Люблина деген метронун жанында чоң жолдон өтүп бара жатканда зуулдата айдап келе жаткан унаа уруп кетет. Тез жардам келгиче, Сезим ошол жерде кызыл ала кан болуп жатыптыр. Анан бейтапканага жеткиргенден кийин, чөнтөгүндө өзүнө тишелүү документтерин таап алышып, Москвадагы туугандарын чакырышат. Бизге кабар келгенде, кичинесинен багып чоңойткон таэжесин жибердик. Ал Сезимди карап, ал жакта эки жарым ай жүрдү. Москвада дарыланып жүргөндө ал жактагы дарыгерлер "Айыгышы мүмкүн, бирок майып болуп калышы ыктымал" деп айтышыптыр.

Мойнун чуңкур кылып оюп, ашказанын ачып коюшту
Жаңы жыл башталганда 4-январь күнү Сезимди учак менен Бишкекке көп каражат менен алып келдик. Бул жакка келгенде эки ирээт операция жасалды. Мына үч ай болоюн деп калды, бирок дагы деле эс-учуна келе элек. Эми башына, кызыл өңгөчүнө, ашказанына дагы үч жолу операция жасайбыз деп жатышат. Абдан оор болушу ыктымал, Сезим аны көтөрө албайт дешет. Өзүң деле көрүп жатпайсыңбы, кекиртегин чуңкур кылып оюп коюшкан. Себеби, оозунан дем ала албайт, ал жерден ичинен чыккан какырыктарды тиги аппараттын жардамы менен сордуруп, тазалап турабыз. Ичин карасаңар, мына бул жагын да аңырайтып ачып салган, оозу менен тамактана албайт, ушул жерден ашказанына саат сайын тамак куюп турабыз. Жакшы болуп, айыгып кетсе деген гана үмүттөбүз.

Алардын мыйзамы боюнча сүзгөн киши күнөөлүү эмес
Сезим "Бул жактан каттоодон чыгып, Москвага окууга тапшырам, ал жактын жарандыгын алам" деген учурда ушундай жол кырсыгына кабылып калбадыбы. Ким сүзгөнү да табылган, бирок алардын мыйзамы боюнча күнөөлүү эмес экен. Мамлекет тарабынан эч жардам болбоду. Дары- дармектерин жакындары каржылап жатышат. Сезим, бүгүн же эртең айыгып кетчү дартка чалдыккан жок. Кайсы күнү айыгат, кудай буйруганы деп турабыз. Бир адам кароого жетишпейт, жок дегенде үчө-төрттөн карайбыз. Үй-бүлөбүздү таштап, бардык туугандар Сезимдин жанындабыз.

Апасы кызынын мындай абалда экенин билбейт
Апасы өзү оорукчан. Ал кызынын мындай оор абалда экенин билбейт, ага айткан жокпуз. Эгер кызынын мындай абалын көрсө, инсульт болгон апасы кайра ооруп калбасын деп, бул жакка келгенде бир жолу гана көрсөттүк да "Сүйлөгөнгө болбойт экен, кызың жакшы, айыгып кетет" деп, андан бери көрсөтө элекпиз. Эки-үч күндө батирге чыкканы жатабыз. Жашаганга үй да жок. Ал жакка эле айына тогуз миң сом төлөйбүз. Азыр биз ооруканада жатканыбыз үчүн күнүнө 4 миң сом коротобуз. Москвадагы байкеси жардам берип жатат. Атасы жактан туугандары да жардам берип жатышат.

Мекендештер, жогорудагы жыйырма эки жаштагы Сезим аттуу кыздын
эртеңки келечегине кайдыгер карабасаңыздар 129052 БИК 1290522120020182 И-1071 эсебине акча каражатын
жөнөтсөңүздөр болот.
Жылдыз Абдыкерим кызы
abdykerimova1993mail.ru






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??